АҢГЕМЕ

Осман Чевиксой (1951-ж.) – жазуучу, түрк адабияты боюнча методикалык китептердин автору. Түркиянын Чорум районуна караштуу Феруз айылында туулган.

Үстү клёнка менен жабылган үстөлдө сууга бышкан жумуртка, кичине табакта зайтун, короодон жулунуп келинген кресс-салат, петрушка, кашык салынган чайдын стаканы, жарымына чейин толгон шекер салгыч, бираз мурун наабайчыдан алынып келинген ысык нан жана ашкананын бир бурчунан ичкери кирген күндүн нурлары бар эле. Газдын кичине көзүндө үстү-үстүнө коюлган эки чайнек шуулдап, жаңы демделген чайдын жыты бөлмөлөргө текши жайылып жатты.

Дасторкондун башына отурган кары киши сакалы алынбаган бетин бырыштырды. Кечинде наар албай жаткан боюнча азыр да бирдеме жегиси келген жок. Бирок жебей чыкса болбойт да… Кечке чейин кур ашказан менен кантип жүрмөк, жүктү кантип ташымак? “Тизелериме күч болор” деген ой менен, өзүн кыйнаса да бир-эки үзүм бирдеме жегенге отурду. Стаканына шекер салды. Чайга колун сунуп, куйду. Каалап, каалабай аралаштырып отурганда аялы маңдайдагы булактан эки чака суу менен келип калды. Сууларды чоң желим битондорго бошотуп кайра кетти. Кызы көрүнбөгөнүнө караганда уктап жатса керек. “Чопчоң эле кыз” деди ичинен. “Туруп апасына жардам берсе эмне…” Чайынан бир ууртам ичти. Араң жутту. “Четинен сындырсамбы?” деп нанды карады. Чайынан дагы бир аз ууртады. Нары барбай койду. Иче албай турганын түшүндү. Мээси ортосунан бычак менен кесилгенсип лукулдап жатты. Башы айланып кетти. Көздөрүнүн астынан бир нерселер учуп жүргөнсүп чыбырчыктай түштү. Чыканактарын үстөлгө коюп, башын алакандары менен мыкчыды. Көздөрүн жумду.

“Эртең менен кызымды көрө албайм. Кыз бала түшкө чейин уктайбы? Эжесин такыр тартпаптыр. Эжеси апасына суу ташытпай, эртең менен мени жумушка узатчу эле. Бул кыз жалкоо болуп бүткөн тура…”

Ооруп калган учурларда бат жинденчү. Соо кезинде “Мейли, жатса жата берсин. Эртең бөлөк үйгө барганда, кааласа да жата албас” деп койчу. Туурасын айтчу. Кайын журт деген “күн” көргөзбөйт ко адамга. Мына эжеси… Үч баласы, таяк, сөгүш, уялганыңан башың жерге кирет… Ичкич шүмшүккө кайдан гана берди экен…

Көзүн ачты. Нанды кечке карады. Негизи чай, зайтун менен жаңы бышкан нанды жакшы көрчү. Колун сунду. Кичине чымчып үзүп алды, ортосуна бир зайтун коюп оозуна салды. Нандын үзүмү бара-бара оозуна батпай баратты. Эки жутум чай менен араң жутту.

Кечээ Айдынлык базарында көп иштеп, көп акча таап, абдан тердеп калган эле. Асыр намазынан кийинки төккөн жамгырдан башынан бутуна чейин суу болгон. Ооруп кала турганын билген, бирок көшөрүп, базар бүтмөйүнчө иштеген. “Ай келесоо баш десе…”

Аялы келди. Чакаларын коюп жанына отурду. Даярдап койгондору ал койгон боюнча турганын көрдү.

— Эчтеме жебепсиң го, — деди.

— Жей албай койдум, — деди киши.

— Жарым стакан чай менен иштей албайсың да…

Киши аялынын көздөрүнө терс карады.

— Үйгө суу киргизе албадык, — деди. — Карачы, суу ташыйм деп атып жаның чыкканы калды. Анан кыздын курсунун акчасы бар, телевизордун кредити, ашкананын эмерегинин… Барбасам болмок беле?

Бир заматта жинденип кетти да, дароо тынчтана түштү. Бөлөк үйгө барганда эле эжесинин тагдыры башына келбейт деп ким кепил боло алат. Мейли, эркелесин атасынын төрүндө. Жүз лира чыгарып берди. Анан аялынын жардамы менен чоң базар себетин аркасына көтөрдү. Үйдөн чыкты.

Артында себети барда автобустар да, маршруткалар да алчу эмес. Базар канчалык алыс болсо деле жөө барууга мажбур болчу. Кудайдан болуп бүгүн бара турган базары жакын эле. Дышкапы базарынын базар деген эле аты бар, болбосо үйүнүн эле түбү деп койсо болот.

Кызын ойлонуп баратты. Аябай эле эркелетип аткан жокпу?

Машинисткалардын курсуна жазылгандан баштап акча коротконду баштады. Эмне десең, курбуларынын арасынан уялып аткан имиш, кийим… Курбулары менен жолугат экен, акча… Бир жакка кыдырууга барышат экен, акча… Акча, акча… Бул кыз акча кантип табылып атканын билбейби, ыя? Мейли, акчаны бир жакка кой. Башы аман, таап атат, кызы бар экен, коротуп атат, ал эчтеке эмес. Жаагын жанып телефон менен сүйлөшүүлөр, үйдүн иштерине кайдыгерлиги, кооздонуп боёонуулары, каш-көзүн карартуулары, жалдырап ойлонуп отуруулары, телевизордон кинолорду көрүп атып ыйлагандары… Апасы балким байкабай аткан чыгар, бирок атасынын көзүнө булар шак этип эле бир тийер эле. Кызы курска бара баштагандан бери таптакыр өзгөрүп кетти. Чынында кызына сарсанаа болуп аткан. Кеч болуп калып, тизелерин кучактап калышын каалабайт эле.

“Курска жаздырдым, бирок түшкө чейин уктасын, боёнсун, ойносун, күлсүн деп жаздырбадым го. Окута албай калдым, жок дегенде машинке басканды үйрөнүп алсын дедим. Эртең эмне болуп кетерибизди кайдан билем. Иштеши керек болуп калса, колунда бир өнөрү болсун дедим. Жаман кылдымбы?”

Кечинде келгенде кызы менен сүйлөшүүнү чечти, он жетиге караган, сөздү түшүнө турган жашка келди го. Өзүн дагы, үй-бүлөсүн дагы ойлоштун учуру. Атасы күнүн көрсүн дечи, бирок өзүн да, атасын да уят кыла турган иш кылсачы… Аңкоолук бар ортодо, шайтан аралап жүрөт. Ушундай да болмок беле… Тизгинин тартып койбосо болбойт.

Бат эле базарга жетип келгенин байкабай калды. Жаңы эле соода башталып жаткан экен. Мындайда иш көп болбойт. Оорукананы базардан бөлүп турган дубалдын түбүнө чөгөлөй кетти. Басканга кичине көңүлү ачылгансып калыптыр. Тамекисин күйгүздү, бирок тарта албай койду, ыргытып жиберди.

Айылы эсине түштү. Эки өгүзү, өзгөнүн көзүн каратпаган талаасы, эшеги, ую, сегиз-он кою бар эле. Жапжакшынакай жашашчу. Аялычы, аялы? Бар нерсенин бузулганына ошол күнөөлүү… “Анкара” деп эле доңшоп калды го. Эчтемени билбейт, бирок “Анкарадан башка жакка барбайбыз” дейт. Кыздар чоңойгондо эрге тийишет имиш, эркек бала болбогон соң, топурагыңа мураскор жок болгон соң, кыштактын каарын эмнеге тартат экен? Анкаранын каары жок өңдөнүп… Анкарада кайгы жок, капа жок… Аялын такыр көндүрө албады. Акыры мунун артында да бир жакшылык бардыр деп болгон нерсесинин баарын сатып, Анкарага келип, барак үй сатып алышкан… Колунан эчтеме келбесе, буга ким жумуш берет да, ким нанын бермек? Хамал болгондон башка айла калган жок. Жашылча, жемиш жүктөгөн жерде биртопко иштеди. Карып калгандыктан, анын үстүнө оор жүктөрдү көтөрө албай калгандыктан базарга гана хамал болуп калды.

Базарда эл көбөйө баштады.

Турду.

Мээси дагы эле лукулдап атты, башы айланып, кускусу келет. Дубалга жөлөнүп бир аз турду. Анан алсыз, күчсүз кадамдары менен “Бош хамал!..Бош хамал!” деп кыйкырып базардын ичине кирди. Соолугу ордунда болбосо да, иши оңтоюнан чыкты. Алгачкы кардарын дароо алды. Аны жеткирип кайтып келгиче дагы бир жүк даяр экен. Кайра келди, үчүнчү жүк… Жүктөн мурун колу ачык аялдарга туш келиптир, жакшы акча тапты. Тердеп чыкты, тердегенде ичтейи ачыла түшкөнсүдү. Ашказаны бош болгондуктан, өзөгү үзүлө жаздап атты, мээсинин лукулдаганы азайды. “Иштеген сайын жаным жай алып атат” деп ойлоп койду ичинен. Ашказанына бирдеме барса да жакшы болуп калам го деди. Көфте[2] саткан Сейярга барды. Чейрек нандын ортосуна пиязы көп көфте салдырып жеп алды. Жанындагыдан чай алып ичти. “Бүттү” деди. “Өзөк жалгадык. Эми базар тараганча иштей алам…” Тамекисин күйгүздү.

Базардын кайнаган жеринен кийим-кечеси таза, бети-башы жакшынакай бир киши колунан кармады.

— Тайке, бошсуңбу?

— Ии… Бошмун.

— Мобуреки жакта 5 мүшөк ун бар. Жүз метр нары жакка жеткирилиш керек. Жүрү, элүү лира берем.

Элүү лира жакшы акча эле. Бирок мүшөктөр кеминде эле элүү килден болот. Көтөрө алат бекен? Уят болуп калса дагы…

Жумуш берейин деген киши акчасын аз деп атат ко деп:

— Жетимиш лира болсун, — деди. — Алыс деле эмес. Бияктан тиякка…

— Мейли, байкеси, — деди хамал ойлонбостон.

Кишинин артынан басты. Дүң соода кылган жерге барышты. Артындагы себетти түшүрүп, “быссымылда” деди да, беш мүшөктүн биринчисин артына койду. Кайрадан тиги кишинин артынан басты. Бир аздан кийин шишкебек менен пиде[3] саткан кенен кафеге келишти. Тиги киши жертөлөгө кеткен тепкичтерди көрсөтүп:

— Ылдыйга түшүр, — деди. — Каякка коёруңду көрсөтүп коюшат.

Хамал мүшөктү таштап чыгып келатып кафенин ичин бир карап өттү. Аялдар, эркектер, эрди-катындар, кыздар… Кафе оозуна чейин толо экен. Кээси оозун толтуруп жеп, кээ бирөөлөрү заказ кылган шишкебектери менен пиделерин күтүп, кээ бирөөсү кеткенге камданып эсеп сурайт. Ага бир аз мурун иш берген киши барып кассага отурду. “Бул жердин чоңу го…”

Бешинчи мүшөккө келгенде хамалдын тизелери титирей баштады. Бир бурчка отуруп беш мүнөт эс алууну ойлоду. Уурттарын толтуруп пиде, шишкебек жеген кишилердин элестери келе калды көз алдына. Дароо эс алгандан баш тартты. Ишин бүтүргөн соң кафеде отуруп эс алууну, анан бир “Адана шишкебегин” жегиси келди. “Кекиртек, кыйла жерге секиртет” дейт эмеспи. Жегиси келсе эмне кылмак эле анан?..

Дүкөнчү жардамчысы экөөлөп акыркы мүшөктү аркасына коюп беришти. Тышка чыга электе эле кыжаалат боло баштады. Мүшөк оорлошуп кеткенби, эмне балээ? Биринчи мүшөктөн экөөнү жүктөп салгандай…

Чынында мүшөк мурдагы эле мүшөктөрдөй болчу, бирок хамалдын кубаты кетип калган. Намыстанганынан таштап ийе албады. Басты. Тизелери титиреген сайын, буттары чалыштап, бир алдыга кетип, бир артка кетип, сендиректей баштады. Жыгылбайын деп араң басып баратты. Ушул мүшөктү таштап келсе, столго отурмак да, тамекисин күйгүзүп, “Официант, бир “Адана”, ачуурак болсун…” демек. Ууртун толтуруп жеп бүткөн соң, кассага барып “Акеси, аласа-бересем барбы…” деп сурамак. Бир “Адана” жетимиш лирадан ашпаса керек…

Бирөөнү сүзүп алды, тил укту. Үч кадам нары шилтээри менен дагы бир кишини жөөлөп кетти, муну катуураак сүзүп алды окшойт, жыгылайын деп аз эле жерден калды. Ышкырылткан сөгүш укту. Болгон күчүн, эси-дартын жыгылып кетпеш үчүн жумшап атты. Эч кимди карайын деген ниети да жок эле. “Көр болуп калыппы, карашсын өздөрү…”

Шишкебек жегиси келбей калды. Ушунча кыйналып тапкан акчасын эки чайнам этке кетиргиси келбеди. Ачуураак “Адана шишкебегинин” ордуна көфте жесе деле болот. Кечинде үйүнө барарда жарым кило фарш алат да, “айымча, Эймирли” демек аялына, “мына сага фарш алып келдим. Ачуурак кылып көфте жасай салчы…” Бул жерде жалгыз кекиртегин тойгузгандан көрө, үйүндө аялы, кызы менен чогуу жешмек. Ушунусу туура да.

Аялынын эртең менен айткандары эсине түштү. “Кыз кимдерге жолукканын билбейм? Азыр ким билет, кайсы кинодо жүргөнүн?..”

Жаны кыйналып кетти.

“Кыз баланы мынчалык бош кармагандын аягы жакшы болбойт. Ким менен жолугуп, каякка барып атат, сураш керек, караш керек. Эртең башыбызга иш түшсө, бизге эле түшкөн түйшүк да. Эң негизгиси – тыйыш керек. Үйдөн курска, курстан чыгып үйгө…  Беш мүнөт кечиктиби, сураш керек…”

Шишкебек саткан жердин алдына келип калды, жүгүн таштарына аз калган. Астында бир жаш кыз менен жигит ийиндерин ийиндерине, баштарын баштарына тийгизип, колдору менен белдеринен кучакташып, бири-бирине жабышып алып шашпай кетип баратышкан. Жаш жигит тиги жаш кызга түшкү тамак алып берейин деп бараткан го. Анча деле ач эмеспи, же жолун узарткылары келгенби, каалгый баратышты. Хамал алардай болуп шашпай баса албайт эле да… Алардын астынан өтүп, кафеге эртерээк кирейин деди. Эмне болуп кеткенин өзү да билбей калды. Буттары бирдемеге такала түштүбү, же башы айланып кеттиби, же бирөө артынан түртүп жибердиби, биле албады. Астынан өтөйүн деген жаштар менен чогуу жерге кулап түштү. Үстү-башын оңдонуп, кечирим сурайын дегенче болбой эле, аялдын сумкасы башына келип бир тийди.

— Көзүңдү карабайсыңбы, акмак чал!..

Бул ачуудан титиреген үн хамалга чоочун келбеди. Ар кечте уккан, тааныш, жакын адамынын – кызынын үнү эле.

Башын бурду. Көрдү. Кызы эле. Сумкасы менен дагы бир жолу чабайын деп даярданып жатыптыр. Чапсын деп көздөрүн жума салды. Күттү. Сумка башына дагы бир жолу тийген жок. Ошол жерде башынын талкаланышын, ошол жерде өлүп калышын тилеп турган эле ал. Көздөрүн ачканда оозун ачып карап турган эки кишиден башка эч ким жок эле. Кетип калышыптыр…

Ал күнү кечинде хамалдын кызы үйүнө келбеди.

Түрк тилинен которгон Салия ИБРАИМОВА

[1] Хамал – хамал, жүк ташыгыч.

[2] Көфте – котлетанын бир түрү.

[3] Пиде – улуттук түрк көмөчүнүн бир түрү, “түрк пиццасы”.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.