Урматтуу Каныбек мырза, бул катты Сизге расмий мазмунда жазып отурганым жок. Тек гана тилектештик, санаалаштык жана достук маанайда жолдоону чечтим. Бул катты санааркап отуруп жазгандагым…

Адамзат тарыхында илим-билим эң башкы байлыктардын бири. А буга биздин калктын көңүлү анчейин! Биздин эл илим-билимди байлык санабайт. Эзелтен төрт түлүк малга, жылтыраган мүлккө саргайып санаа тартып келген пейил-куюнан кутула элек калкпыз али. Билимди мал-келге айырбаштап алуучу оокаттай көрөт бир. Сыртта 21-кылым экен дебейт. Жогорку окуу жайларда колоктоп жүргөн жаштардын баары эле билим артынан куугандар бекен? Жок. Мансап үчүн диплом алып коюу зарыл деген түшүнүктө жашаган кыргыз урпагы көбү.

Контрак жолу менен билим алуу дегенди далайы – билимди сатып алуу деп түшүндү. Тагыраагы – дипломду сатып алуунун оңой ыкмасы экен деди. Билимди алар отко күйбөс, сууга чөкпөс түбөлүктүү капитал деп эсептейт бекен? Кайдан! Айласын тапкан жол менен билим алсам, мансапка жетем деген кур чирендерди өстүрүп чыгарды эгемендик жылдар!

Пара берүүгө те качантан кынык алган элибизге контрактык негизде билим алуу майдай жакты. Жыргал көрдү. Тыйыныңды төлөсөң, мугалим баа коюп берет экен. Окууга айда-жылда бир каттап, ал аралыкта көртирилигин бүткөрүп жүрө бергенди – турмуштук ийгилик катары санаган чилистендин канчасын көрүп жүрөбүз. Билимге акыл күчүн короткусу келбеген жаш муун ошентип жамырап чыга келди. Ал эмес алардын алды коом башкарган, бийлик башкарган топторду түзгөнгө жетишти! Арасында мугалим болуп жүргөндөрү канча?! Илим жолуна илээшип да плагиаттык жол менен “ийгиликке” жетип, илимий даража, илимий тепкичтерге көтөрүлгөндөрүчү!

Мына ошолордун шары менен коомду каратаандай каптаган караңгылык, түркөйлүк чулгады. Билим берүү жана илим тармагындагы каршылыктарды, тоодой тоскоолдуктарды жараткан ошолор чоң күчкө айланып чыга келди бүгүн. Ошолордун кесепетинен илим-билим жаатында реформа жүргүзүү оңойго турбас! Себеби май-челпектен колдорун сууруп алгысы келбеген ошол күчтөрдүн башкаруу-көзөмөлү менен сабатсыз китептер, аттестаттар басылып чыгып, диплом деген ыйык документ далай кызыл кулактардын кирешелүү булагына айланган учурда Сиз Билим берүү жана илим министрлигин жетектөөгө келип отурасыз!

Мектеп партасында отурган көчөт балдары бүгүн билим уясынан алган тарбия-таалимин көчөдөн көрсөтүүдө. Рэкет, бандиттикке мектеп жашынан каныгып, чөнтөгүнө бычак салып жүрүп калышты көбү! Соңку отуз жыл аралыгындагы билим берүү системасы жапайы, жырткыч мүнөздөгү жаңы муунду тарбиялап өстүргөн кыргыз көчүн эми түз жолго салуу мүшкүлү Сизге жүктөлүп отурат! Ооба, Сизге дегеним, күч-кайратыңыз жетсе, билим берүү тармагын түп-тамырынан өзгөртүү милдети туру алдыңызда!

Илим-билимге анчейин маани бербей келген коомубузда Сиздин министрлик кызматка келүүңүзгө – мен бир эсе терең ишеним артсам, бир эсе кооптонуу менен ушул катты жолдоп отурганымдын дагы бир себеби, Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” чыгармасындагы кейипкердин азап-тозогунан да Сиз тарта турган азап-тозок, тоскоолдуктар кыйла оор, кыйла кыйынчылыктарды жаратаарын жалпы коомчулук да түшүнүүгө тийиш! Андыктан Сиздин баардык аракетиңиз коомчулук тарабынан түрдүү сындарга, түрдүү тоскоолдуктарга кабылышы толук ыктымал. Сиз эми ошонун баарына бекем туруңуз!

Мындан бир кылым мурдагы элдин шылдыңына кабылган биринчи мугалим Дүйшөндүн коомдогу абырою кандай төмөн болсо, бүгүн деле мугалим аттуулардын зоболосун бийикке көкөлөткөн коомду жарата алганыбыз жок! Мугалимдердин айлыгын көтөрмөк тургай, мугалимдердин абыроюн көтөрүүгө жарабас куруган бир эл болдук!

Мамлекетибиздин, элибиздин билим дөөлөтүн арттыруу буга дейре канчалаган министрлердин колунан келбеди?! Кыргызстандын эгемендик жылдарында кыйроого учураган билим берүү тармагы бүтүндөй соңку муундагы жаштарды гана эмес, жалпы улутту караңгылыкка кептеген мезгилде Сиз эми жалпы улуттун жүгүн, ишенимин актагай экенсиз!

Реформа жасай турган аруу тилектериңизди төөбастыга алып сындачу билермандар чыгат эми; билим берүү тармагындагы коррупциялашкан системаны талкалайм деген аракетиңизге тоскоолдук жараткан топтор пайда болот! Ал топтор тегерегиңизден жана Акүй, Көкүй тараптагы жемкорлор арасынан чыгат! Сиз алар үчүн эң ыңгайсыз, эң керексиз кадр болуп калышыңыз толук ыктымал эми!

Андыктан чөөлөрдүн талоонуна калгандай сезбеңиз өзүңүздү! Коомчулукта Сизди колдоор тилектеш, санаалаштар да табылат. Сиздин илим-билим тармагындагы күрөшүңүздү жалпы коомчулук да жапатырмак колдоого милдеттүүбүз!

Жаңы реформаны ишке ашырууда ийгилик коштосун Сизди! Беттеген максатыңыздан кайтпаңыз!

3 Replies to “Олжобай Шакир: Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковго достук кат”

  1. Зачем так пессимично? Не так черт страшен как его малюют- говорится в известной пословице. Министр человек не с улицы. Все проблемы ему очень знакомы, он знает куда и зачем пришёл. Мы ему пожелаем только успехов и удачи.

  2. Каныбек агайды деле тыңгылыктуу иштетишпейт болуш керек бийликтегилер, Олжобай айткандай тиягынан да, биягынан да чөөлөр талап, коррупцияга малынган топтор иштетпегенге аракет кылат деп ойлоймун мен дагы.

  3. Жүрөк сыздаткан кат экен Олжобай агай! Ыйлагым келет ушундай сазга батканыбызга!!!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.