(Полемикалык саптар)

Улуттук адабиятыбыздын өсүп-өнүгүшүнө сересеп салган адам акыркы он жылда бизде роман жанры өнүгүүнүн жаңы шарына түшкөндүгүн, өткөн замандан бүгүнкү күнгө чейинки элибиз баштан кечирген турмуштун бардык оош-кыйыштуу учурларынан тартып анын фонунда жеке адамдын тагдырына дейре кылдат изилдөөдөн өткөзүүгө аракет жасоо менен мейли тематикалык, мейли проблематикалык (албетте, көркөм-поэтикалык сапатын да жогору тутууга далалат кылуу менен бирге) жагынан болсун жаңылануу абалын, мурда жеткен бийиктиктен өйдө көтөрүлүү аракетин баштан кечирип жаткандыгына күбө болот.

Арийне, жанрдын интенсивдүү өнүгүү процесси адабиятчы, сынчылардын, дегеле адабий коомчулуктун ага дамаамат көз салып туруусун, мындай чапчаң өнүгүштүн «кере таштаган арымы» кайсы да, «жаздым баскан кадамы» кайсы экенин жамы журт астында ашкере айтып туруунун зарылдыгын шарттайт. Тилекке жараша, кыргыз адабиятчы, сынчылары бул озуйпаны кандайдыр бир деңгээлде ийгиликтүү өтөп келатышканы ошо роман жазган жазуучуларга да, жамы адабий журтчулукка да маалым.

Биз да бул макалабызда өткөн жылы жарык көргөн, социалисттик коомубуздун өнүгүшүндөгү негизги этаптарды – Совет бийлигинин кыргыз жергесине орношун, Улуу Ата Мекендик согуш мезгилин жана азыркы учурдагы турмушту сүрөттөөгө арналган үч роман (С.Өмүрбаев. «Өрттүү кечүү».Ф., «Кыргызстан», 1984; Ө.Даникеев. «Көкөй кести».Ф., «Кыргызстан», 1984; К.Каимов. «Акырын күтпө». Ф., «Кыргызстан». 1984) жөнүндө кеп кылмакчыбыз. Чыгармаларды кепке тартууда алар Мекенибиз басып өткөн жолдун кайсы этабына багышталгандыгын эске алып, алгач жаңы доордун кыргыз жерине орношуна арналган «Өрттүү кечүүнү», анан «Көкөй кестини» сөз кылдык да, ал эми бүгүнкү турмушубузга арналган «Акырын күтпө» жөнүндө макаланын соңунда айттык. Анан калса, бул фактынын өзү эле кыргыз романчылары үчүн коомдук өнүгүштүн бардык этаптары, андагы оош-кыйыш учурлар ар качан көңүлдүн чордонунда турарын айгинелөөчү мисал да эмеспи.

*     *     *

Совет бийлигинин кыргыз жергесине орношунун алгачкы мезгилине арналган «Өрттүү кечүү» романында жазуучу С.Өмүрбаев басмачылар коогасын, алардын уюгу болгон Аман корбашы менен Баястан бектин  баш кесерлеринин кара мүртөз жосундарын, аларга каршы күрөшкөн Кызыл Аскерлердин, ак ниет жергиликтүү элдин иш-аракеттерин сүрөттөөгө, ошол аркылуу жыйырманчы жылдардагы жергебиздеги тарыхый абалдын кеңири панорамасын түзүүгө далалаттанат.

Ырас, роман жүрөк титиретерлик сценаларга, жек сур басмачылардын кордугун көрө муң-зарга  баткан карапайым элдин азаптуу күндөрү чагылдырылган эпизоддорго, Аман-Палван менен Баястан корбашынын желдеттеринин адам акылына сыйбаган канкорлуктары сүрөттөлгөн учурларга бай.

Алгач романдын жакшы жактары катары айтып койчу кеп: мында автор баштагы чыгармаларында көрүнүп келген башкы өксүктүн биринен — эпизоддуулуктан, фрагменттүүлүктөн кутулган. Ошондой пикирди — чыкты окуялардан алыс болуу натыйжада китептеги ар бир окуянын, эпизоддун романдын жалпы структурасындагы маани-маңызын арттырып, ушундан улам авторду анча маанисиз эле нерселерди, чыгарманын жалпы тулкусуна жуурулуша бербеген окуяларды көбүрүп-жабырып сүрөттөй берүү илдетинен куткарган.

Муну айтуу менен биз, албетте, С.Өмүрбаев чеберчиликтин туу чокусуна чыгып калды деген ойдон алыспыз. Жазуучуда дале болсо образ түзүүдөгү схематизмдин айрым бир көрүнүштөрү, стилдик алешемдиктер байкалбай койбойт. Айталы, ыктыярдуу отряддын командири Нуркул чыгармада автордун зор сүймөнчүлүгүнө бөлөнгөн каарман. Ырас, романда ал ак эмгеги менен күн көргөн, эл арасына адилдиктин үрөөнүн сепкен ниети таза адам, эмгекчил мураб катары сүрөттөлөт. Бирок, автор бизге улам-улам ал жөнүндө буларды кулакка куят: «Көкбашыдай гана эмес, бу Нуркулду кадимки сыйкырдуу жайчыдай да көрүшчү кээде;… тоо башынан булут кылайса, ошо булутту карап тилек тилеп кобурап ийген дыйкандык үнү мына: «Оу, Нуркул-көкбашы чыкты! Оу, Нуркул көкбашы жаан алып келгейсиң?!» (37-бет); «Демейде тээ, тоо башынан огдурулган булутту көрө койгон дыйкан ошо булутка жашынып, кишинин атын атап, булуттан кадимкидей тиленип жиберчү эле: — Оо, Нуркул аке келатат!.. Оо, Нуркул мураб башы келатыр!… Нуркул мураб башы-ы! Келе гө-өр!» (162-бет); «… эл тиги жамгырлуу булутту да …- Нуркул мураб башы-ы! Оо, Нуркул мураб башы келатыр!..- дешчү…» (163-бет).

Мына ушинтип, автордун аша ыклас коюп, бөтөнчө  эле сүймөнчүк менен сүрөттөөсүнөн улам бул образдын турпатына кандайдыр бир жасалмалуулуктун көлөкөсү түшүп, натыйжада, окурмандын дилинде ишенбөөчүлүктүн шооласы пайда болот. Албетте, бул жерде оң каарманды кандай да болсо элден бөтөнчө кылып, ал турсун сыйкырлап, Айга, Күнгө теңеп болсо да сүрөттөөгө ык койгон схематизмдин салакасы көзгө урунат.

Чыгармадагы өзөк окуяларга дамаамат катышкан экинчи адам топ үйүр басмачылардын корбашысы Аман-палван. Бул образ жөнүндөгү кебибизди башкачараак нуктан баштагыбыз келип турат. 1983-1984-жылдарда жарык көргөн романдарды талдоого алып, сынчы К.Эдилбаев «Жанрдын жаңылануу процесси» деген обзордук макаласын жарыялады. Анда ушул «Өрттүү кечүү» романы тууралуу да өзүнүн бир топ адилет пикирлерин билдирди. Айталы, сынчынын «… кийинки учурда прозада өтө суйдаң тартып бараткан пейзаждык сүрөттөөлөр менен сценалар» чыгармада бир топ арбын экендиги жөнүндө айтканы кимди болсо да муютпай койбойт. Бирок, ошону менен бирге макала айрым бир талаштуу тезис-жыйынтыктардан да кур кол эмес. Сынчы Аман-Палвандын революциянын атынан соттолуп жаткандагы учурун сүрөттөгөн эпизод корбашынын «моралдык-психологиялык абалын… толук көрсөтө албайт,- деп келип, сөзүн төмөнкүчө улантат: — Канчалык канкор,  мерес болсо да, Аман-палван адам пендеси болгондон кийин, ага деле пенделик касиеттер таандык ко. Жалаң өмүрдү чакмак кылып ойноону кумар туткан адам өлүм алдында турганда азгырма үмүткө жетеленгенине кантип өкүнбөй койсун?» («КМ», 1985-жыл., 14-февраль. 4-бет. Астын биз сыздык — С.А.)

Алгачкы сөз айтылган пикирдин экинчи жарымы жөнүндө болсун. Ырас эле Аман-палван жалаң өмүрдү чакмак кылып ойноону кумар тутукан адамбы? Чын эле ал буга чейин (амал менен колго түшкөнгө чейин) азгырма үмүткө жетеленип жүрдүбү? Албетте, жок. Сөз романга берилсин: «- Палван, мына куранды  көрүп турупсуз аа? Алланын буйругу менен асмандан Жабраил периште Мухаммад-алейсаламга түшүргөн куран бул… Сиз мага эмес ушу ыйык куранга кызмат кылгайсыз!…

Ушу тапта анда түк көз албай турган Палбанга мына бу эшен тиги өз колундагы куранды Жабраил-периштенин колунан азыр алып турган Мухаммед-алейсаламдын өзүндөй ыйык, баягыдан кереметтүү көрүндү…

— Куран жадымда, дин ислам — канымда, аулиям!

-Тиригимде дин исламдын кулумун!

— Аулиям! Дин ислам ишинен баш тартсам-кылычтын мизи, бараңдын огу урсун. Ыйык куран урсун!» (29,30, 31, 32-беттер). Анан, албетте, өзүнүн кандуу кылмышка жык толгон өмүрүн бүт ушул ишке сайып койду. Өмүрдү чакмак кылып ойноону кумар туткан жок. Ыктыярдуу отряддын командири Нуркулдун атасы Орозалыны жарып кеткен  канкордугунан кийин ага келген ой бул: «… Мына, ушинтип балчабектерге казат ачтым,- деп алды өзүнчө; анан ушул айдагы чаап-талаган айылдарды, андагы жат кишилерди көзүнөн өткөрүп бүтпөй жатты: — Алардын баары тиги балчабектерге жан тарткандар, кафирларга колтук ачкандар, аларга убал жок! Мусулманабаддын өкүмдөрынын амири ушундай, эшендин буйругу ушундай!» (33-бет). Анадан кийинки бардык кылмыштарын көөдөнгө бек орногон ушул кара санатай ою менен жууп жүрүп олтурду. 360 кызыл аскердин бирин койбой мууздагандан кийин: «- Мына, газават! Кафир балчабектерге газават! Энди ар биринин колуну-кол, путуну-пут жиликтеп чапың да, дайрага уруп-уруп ийиң, балчабектери тутуп алсын…» — дейт каары чыга. (238-бет) Пенделик касиеттер буга жат. Аман-палван — сөздүн эң жеткен маанисиндеги фанатик. Анан да, эң башкысы, бул жасаган иштерине, минтип өткөн өмүрүнө ал эч өкүнбөйт.

Ал эми сынчынын жогорку пикиринин биринчи жарымы жөнүндө айтарыбыз кыска гана: Аман-Палван — ниетиндеги оюн жасаган иши көрсөтүп турган каарман.

Китептеги стилдик алешемдиктер катары биринчи кезекте баяндоонун тигил же бул формасын «ишке тарткан» кездеги автордун эксперименттеринин оңунан чыкпай калган учурларын айтмакчыбыз. Мисалы, мейли басмачылардын тигил же бул айылды чаап кетүүсүнөн кийин болсун, мейли Кызыл Армиянын жоокерлеринин басмачылар менен болгон беттешүүлөрүнөн кийин болсун, иши кылып маанилүү бир окуядан соң ал жөнүндөгү автордук ойду, же ал окуянын уландысын элдин айың кеби, алардын сүйлөшүүлөрү, диалогу аркылуу берет жазуучу. Арийне, баяндоонун мындай ыкмасын колдонгону жакшы, бирок мындан аңгеме-маек куруп жаткан адамдардын өң-түсүн, сүйлөгөнүнө жараша кулк-мүнөзүн көрбөстөн, тек гана автордун өз сөзүнө, б.а. баяндоонун башкача эле бир формасына гана туш болобуз. Анан да бир табылган ыкма улам-улам эле кайталана берсе (26-27, 42, 48-54, 133-134, 140-141, 180-181-беттер ж.б.), ал аз келгенсип, бул сүйлөшүүлөр өзүнчө эле бир главалардын көлөмүнө чейин созулса, албетте, мындай диалогдор бир беткейликке ооп, окурмандын көңүлүн кайт кылат.

Ушул жерде романдагы дагы бир кенемте жөнүндө айта кетели. Бул таасир маселесине байланыштуу. С.Өмүрбаевдин чыгармаларындагы айтматовдук мотивдердин байкаларын, асыресе, «Бороондуу күндөр» романындагы айрым эпизоддор «Бетме-беттеги» окуяларды эске салып туратын адабиятчы, сынчыларыбыз өз учурунда туура баамдашып, адилет пикир айтып чыгышкан эле. «Өрттүү кечүү» романында ушундай көрүнүштүн экинчи бир мисалына дуушар болобуз. Апасынын жылуу канатынан басмачылар зордук менен жулуп кетип, чексиз муң-кайгыга баткан Асылкандын күкүк болуп кубулуп, ал гана турсун күндү жайлап, басмачылар бөгүп жаткан ушул жылганы селге алдырып, анан алыста калган апасына учуп барып: «Энеке! Энекебай! Тааныбай калдыңызбы? Мен-Асылканмын! Мен — мына келдим!!!»- деп айтууну эңсеген кыялы, Ч.Айтматовдун айтылуу «Ак кеме» повестиндеги баарыбызга маалым баланын балык болуп кубулуп, «толкундан толкун минип, толкундан толкунга секирип сүзүп», астынан чыккан Ак кемеге: «- Арыба, Ак кеме, мен келдим!» — деп учурашууну эңсеген кыялын эске салып туруп алат.

Ырас, Асылкан да жаштык кыялына салып тигинтип кыялга батса баткандыр, бирок, кеп бул жерде, биринчиден, ошол каармандын көөдөнүндөгү ойдун көркөм реализацияланышы өз алдынчалыкка ээ болбой жаткандыгында болсо, экинчиден, биз окурмандар, таасирленүүнүн чыгармачылык менен өздөштүрүлбөй, тек гана механикалык түрдө кабылданган формасына туш болуп олтургандыгыбызда.

Роман эки бөлүмдөн туруп, биринчи бөлүмдө негизинен Аман-Палвандын баш кесерлеринин кандуу иштерин баяндоого басым жасалса, экинчи бөлүмдө мүлдө Гава-Чаткал болушун, ары жагы Кара-Буура, Талас аймагын бийлеген Баястан бектин калың букараны кансыраткан бийлигине, ал бийликтин акыркы мөөнөтүнө багышталган. Анан эми ушу эки бөлүм негедир ширетилген темирдей жуурулушуп турбайт. Экинчи бөлүмдүн башталышындагы Борош жөнүндөгү, анын табияттын не бир катылуу сырларын билген даанышмандыгы жөнүндөгү узун сабак окуя бул бөлүмдүн өз алдынчалыгын ансайын бекемдеп тургансыйт. Натыйжада, эки бөлүм эки башка чыгармадай окулат. Бул кенемте бери эле болгондо жетектөөчү идеянын автор тарабынан өтө эле жалпы кабылдангандыгынан улам го деп ойлойбуз.

Бирок, жалпысынан алганда, сөзүбүздүн башталышында эскертип өткөндөй, бул романда жазуучунун эпизоддуулуктан арылышы, ошо жыйырманчы жылдардагы тарыхый абалдын көркөм панорамасын түзүүгө болгон далалатынын негизинен дурус ишке ашышы дегеле жалпы жазылыш деңгээли «Өрттүү кечүүнү» автордун буга чейинки чыгармаларынын дурусу катары эсептөөбүздү шарттап турат.

*     *     *

Акыркы жыйырма беш жыл ичиндеги кыргыз романынын өсүп-өнүгүшүнө дыкат көз салган адам адабий алгалоонун айтылуу бир белгиси болуп калган, жанрдын чектерин улам арылаткан чыгармалар маал-маалы менен болсо да жаралып, мындай «көзгө басар» китептер ириде окурман журттун өктөм талап-мүдөөсүн канааттандыруу менен адабиятыбыздын салттуу көрөңгөсүн уюткулантып, анын «эн тамгасы» катары кызмат өтөп келатканына баам түшөт. Арийне, бул пикирибиздин конкрет мисалы катары эң алды «Майдан», «Сынган кылыч», «Кылым карытар бир күн», «Мезгил» романдарын атап кетээр элек. Мына эми өткөн жылы жарык көргөн Өскөн Даникеевдин «Көкөй кести» аттуу романы өзүнүн козгогон орошон проблемасы менен, бу дүйнөнүн, андагы адам баласынын көйгөйлүү жашоо-тиричилигинин чүйгүн маселелери кырынан коюлуп изилдениш даражасы менен,  дегеле көркөм-эстетикалык баа-салмагынын  бараандуулугу менен улут адабиятыбыздагы орчун көрүнүш катары бааланды.

Ырас, чыгарма жарык көрөрү менен эле адабий журтчулуктун көңүл кушуна эгедер болуп, бир катар омоктуу пикирлерди пайда кылды. Бул кеп-сөздүн ичинен бөтөнчө К.Эдилбаевдин аталган обзорунда, К.Асаналиевдин «Көркөмдүктүн реалдуулугу жана иллюзиясы» (экинчи макала) («КМ», 4-апрель, 1985-ж.), К.Ибраимовдун «Көкөй кестинин» көркөм философиясы» («КМ», 20-июнь, 1985-ж.), А.Эркебаевдин «Ишеним менен жашагандар» («Советтик Кыргызстан», 13-июль, 1985ж.) деген макалаларында роман бир топ иш билги талдоодон өтүп, «дене боюндагы» ирдүү маселелер ар кыл өңүттөн, ар кыл деңгээлде баасын алды. Адабиятчылар а дегенде эле «Көкөй кестини» кыргыз романынын чектерин белгилүү өлчөмдө арылаткан жаңычыл чыгарма катары баалашты да, «…кыргыз романынын активинде, оң флангасында турган чыгармалардын катарында турарын»  (К.Асаналиев) айтышып, ага «роман-ситуация» (К.Ибраимов.), «роман-эксперимент» (А.Эркебаев) деген да жанрдык аныктамаларды беришти. Мунун баары, албетте, акыйкаттан айтылган пикирлер болчу.

Ырасында эле чыгарманын адаттан тыш жаңычылдыгы андагы козголгон ойлордун көркөм реализацияланышын мындай коёлу, жөн гана баяндалчу окуянын, географиялык чөйрөнүн өзүнөн эле баамга урунат. Мына, улар үнү угулган ак мөңгүлүү алыскы тоонун арасында, «төбөсү ачык эле бир көрдө» алты пенде өмүр сүрүүдө. Тек гана өмүр сүрбөстөн өкмөт берген ишти аткарышып, болгондо да, педанттык тактык менен аткарып жүрүшүүдө. А өздөрү ким? Үч келин, бир кемпир менен секелек кыз. Эркек танадан жалгыз Мурат. Мезгил болсо — улуу согуш убагы. Ырас эле адамдын адамдагы сыналчу жай да, адамдын адамдыгы экчелчү мезгил. Романдагы ар бир каарман мына ушул адаттын тыш чөйрөнүн бөтөнчөлүгүн, өзгөчө татаал убакыттын оор милдетин айныксыз, тээ жүрөк түпкүрүнөн сезишип, бул табияттын кара бет өжөрлүгүнө, бу мезгилдин жексурун мүнөзүнө өздөрүнүн ак дилден иштеген адилет мээнеттери, жашоо үчүн болгон көөдөндөгү ажайып нур-шооланын кумар-күчү жана да Улуу Жеңишке болгон зор ишенимдери менен каршы турушту.

Романдагы ар бир эпизод, ар бир сцена мындагы алты пенденин улуу духун, инсандык эбегейсиз зор дасмиясын ачып берүүгө багышталган. Жогоруда биз аттарын атап кеткен адабиятчы-сынчыларыбыз романдагы урунттуу учурларга, «ортоң колдой» болгон эпизоддорго кеңири токтолушуп, Айша ападан тартып Изатка чейинки ар бир каармандын мүнөз-табияты жөнүндө дурус эле сөз кылышты. Биз эми ал макалалардын кээ бириндеги айрым бир талаш пикирлерге гана токтолуу менен ошол аркылуу чыгарма жөнүндөгү өзүбүздүн оюбузду ортого сала кетсек.

«Көкөй кести» жөнүндөгү алгачкы сөз К.Эдилбаедин обзордук макаласынын үлүшүнө дал келгендиктен кеп учугун  ушундан баштайлы. Сынчы чыгарманын поэтикасы жөнүндөгү сөзүн улап келип: «… романдын туюнтуу ыкмасы монологдук формага басымдуу ыктап турганын көрөбүз,- деп адилет жыйынтык чыгарат да, андан ары: -… айрым учурда монолог формасы рационалдык ой жүгүртүүгө өтүп кеткени, натыйжада эмоция экинчи сапка сүрүлүп калып, чыгарма рационализмдин элементтерине дуушарланып калганы бар», — деп кебин аяктайт. (Көрсөтүлгөн макала. 5-бет). Ырас, Ө.Даникеев бул романында не деген гана «өнөрлөрдү» колдонбогон, ошолордун бири мына ушул баяндоонуну монологдук формасы. Бул форманы колдонуу, албетте, тек гана көп түстүүлүккө умтулууну билдирбейт. А тескерисинче, жазуучу бул аркылуу каармандын тигил же бул учурдагы ал-абалына, айлана-чөйрө, курчап турган дүйнө, дегеле аалам жөнүндөгү тээ жүрөк түпкүрүндөгү катылуу сырларына ортоктош болууга укук алат. Анан калса бул ыкма эмоцияны биринчи планда алып жүрүүнү да милдет кылып албайт өзүнө. Монологдо «бары жоктун баары» болот. Мунун пайда болуш, чыгармадан келип «орун алыш» чоо-жайы да ар түрдүүчө. Кээде каармандын тигил же бул абалдагы ой-санаасынан улам табигый түрдө «жылжып агып чыкса», «… внутренний монолог иногда способен формироваться «по собственной инициативе», благодаря духовным импульсам писателя. Только этим обьяснимы, по-видимому, яркие «нити» внутреннего монолога в произведениях писателей прошлого,- например, в романах Л.Толстого и Ф.Достоевского». (Альгимантас Бучис. Роман и современность. М., «Советский писатель», 1977, 197-бет).

Ал эми Л.Н.Толстой менен Ф.М.Достоевскийдин, өзүбүздүн төл адабиятыбыздан болсо У.Абдукаимовдун романдарындагы ички монологдордо, кайталап айтабыз, ар качан эле эмоция алдыңкы планга чыга бербейт. Тескерисинче, булардан рационалдык ой жүгүртүүнүн «тири укмуш» үлгүлөрүнө туш болобуз. Эгер дагы эле далилдин, дагы эле мисал көрсөтүүнүн  зарылдыгы туулса, анда биринчи кезекте Пьер Безуховдун Бородино салгылашуусу болор алдындагы жана андан кийинки, Раскольниковдун өзүнүн кайгы-муңга баткан оор турмушун баян эткен апасынын катын алгандан кийинки жана Качикенин аялы Чынаркандан келген ар бир каттан кийинки ички монологдорунун берилишин көрсөтүп кетмекчибиз.

Романга арналган абройлуу бул төрт макаланын ичинен ирдүүсү, К.Ибраимовдун «Көкөй кестинин» көркөм философиясы» аттуу макаласы. «Ирдүү» деген туюнтманы тек анчейин гана кооз сөз үчүн колдонуп жаткан жокпуз. Көркөм чыгармага ар тараптуу мамиле жасоо жана карапайым окурманга байкала бербеген анын не бир катылуу сырларын ары далилдүү да, ары ишенимдүү да кылып таржымалдап берүү менен бирге өзү да автордук ачык концепцияга, тунук ойго ээ болуп турган бул макала кыргыз адабий сынынын тарыхындагы «Ыйманбай жана кээ бир зыяндуу ата салттар», «Ак Мөөрдүн арманы», «Лирикалык ырдагы образ», «Типтүү каарман же …жасалма эксперимент.  (Жаш автор Ш.Эсенкуловго ачык кат)» аттуу туундулардын катарынан орун алчу эмгек.

К.Ибраимовдун «Көкөй кестинин» көркөм структурасынан орун алган «… автордун туюнтайын деген идеялык-эстетикалык концепциясына ичкериден стереоскопиялык сын-сыпат берип турган… сыйымдуу ассоциациялык мотивдер менен семантикалык моделдер» жөнүндөгү айткандары, айтып гана тим болбой аларды алаканга  салгандай кылып көрсөтүп бергени, биринчиден, роман катынган не бир асыл баа белгилердин башын ачып берсе, экинчиден, сын дегениң тек гана көркөм чыгармага жасалган комментария эмес өз жүзү, өз өңү бар төл чыгарма болуш керектигинин дагы бир мисалы. Ырас, канча болгон менен бу макалада да бир «бирок» бар. Бул чыгармадагы өзөктүк каарман Муратка байланыштуу. Болгон иштин баарына өзүн себепкер ойлогон Мураттын «…чыныгы, реалдуу зарылдык менен абстрактуу, жалпы зарылдыктын ортосундагы диалектикалык алака-катыштын оош-кыйыш кырдаалдарын ойдогудай аңдап ажырата албаганына» «жаштыгы, тажрыйбасыз тайкылыгы, чала сабаттагы жана алды-артын карабаган ашынган фанатизми аралжы болгонун» туура көрсөтүп келип, «Мураттын мунусуна эң алды менен анын эс талмалыгы, жарым жандыгы» себепкер болду дейт сынчы. (Көрсөтүлгөн макала, 5-бет.) Бул айтылган пикирдин биринчи жарымы канчалык кадиксиз чындык болсо, экинчи жарымы адилдиктен ошончолук алыс турат. Муну чыгармадан алынчу узун-узун цитаталар менен көшөрө далилдөөнүн зарылдыгы жок ко дейбиз.

Ал эми чыгарманы окуп чыгып, андагы оош-кыйыш тагдырларга күбө болгон соң ойго келчү бир нерсе бул: автор катаал согуш учурун, ушундан улам түзүлгөн адаттан сырт жагдайды өзүнүн дүйнөгө, адамдын адамдык касиети эмнеде экендигине карата болгон философиялык, адеп-актык, моралдык-этикалык көз караштарын  көркөм таржымалдоочу ыңгайлуу фон катары пайдаланган. Чыгарма бүткүл союздук роман менен чапчаң алакага чыгуу аркылуу кыргыз романынын алдыңкы чектерин кандайдыр бир деңгээлде ары узартып, анын сапаттык жаңы баскычынан кабар бере ала турган китеп.

Сапат демекчи… Ушул жерде кыргыз романынын сандык өсүшү менен сапаттык жылыштарынын ортосундагы али келишкис карама-каршылыктардын табиятын иликтөөгө багытталган бирин-экин пикирлерге токтоло кетүүнүн зарылдыгы пайда болуп турат. Сынчы А.Эркебаев өзүнүн «Романдын кези келдиби?» деген негизинен тың жазылган макаласында: «… современный киргизский роман переживает весьма противоречивый  период своего развития. Его дальнейшая судьба, успехи видяться нам… в решительном переходе многих авторов… от фрагментарности к идейно-эстетической цельности. Некоторые симптомы такого перехода уже ощущаются», — деп жазат. («Дружба народов», №1, 1985, 226-бет. Астын биз сыздык- С.А.).   Белгилүү сынчы К.Асаналиев өзүнүн жогоруда биз эскертип кеткен «Көркөмдүктүн реалдуулугу жана иллюзиясы» деген кеңири жазылган макаласында адабиятчынын бул пикирин: «… А.Эркебаев жетимишинчи жылдардын аягы, сексенинчи жылдардын башында жарыяланган кыргыз романдарына токтолуп келип, бул жанрда — «идеялык-эстетикалык бир бүтүндүккө» өтүүнүн «симптомдору» байкалат… деген жыйынтыкка келет,- деп «комментариялай» баштайт да,- Эгерде азыркы учурдагы кыргыз романында «идеялык-эстетикалык бир бүтүндүккө» өтүүнүн араң эле симптомдору байкалса, анда Ч.Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романы кай тарапта, кайсы чекте калат? (Башкасын айтпай эле коёлу)»,- деп барып токтойт. (Көрсөтүлгөн макала, 6-бет. Астын биз сыздык — С.А.) Көрүнүп тургандай, А.Эркебаев кыргыз романынын сандык өсүшү менен сапаттык жылышынын  ортосундагы карама-каршы көрүнүштөрдүн жоюлушу, дегеле романдын мындан аркы тагдыры менен ийгилиги көптөгөн авторлордун, асыресе жазмакерлердин, фрагменттүүлүктөн идеялык-эстетикалык бир бүтүндүккө чапчаң өтүүсүнө байланыштуу экенин, бул иштин айрым симптомдору байкала баштаганын айтып жатат.

Анан эми ушул  айдан ачык пикирдин бүтүндөй «азыркы учурдагы кыргыз романы» деген түшүнүк менен алмашылып калышына жол болсун! «Көптөгөн авторлор»  менен «азыркы учурдагы кыргыз романы» деген түшүнүк ортосунда ат менен төөдөй айырмачылык бар го. Анан да сөз көптөгөн жазмакер авторлор жөнүндө болуп жаткандан кийин, даңазалуу  калемгерибиз Ч.Айтматовду, асыресе, анын этаптык чыгармасы болгон  «Кылым карытар бир күн» романынын кепке тартуу, бери эле болгондо, олдоксондук. Алтынды аздектей билген оң.

Бул полемикада маселенин экинчи жагы да бар. Кеп К.Асаналиевдин кыргыз романындагы «эмбрионалдык фаза» жөнүндө айтканы тууралуу баратат. Өзүнүн сөзү менен айтканда сынчы бул аныктаманы өтмө маанисинде жана адабий окуя эмес, адабий көрүнүш да эмес, анчейин гана китеп болуп жарыкка чыккан (Биз: «Жазмакерлердин колунан чыккан» деп кошумчалар элек.) адабий фактыларга, «айрым учурларга» карата колдонгон. Ырас, адабиятчынын бул адилет пикирин «дегеле кыргыз романына» тиешелүү кылып «жалпылаштыруу» менен А.Эркебаев да так эместик кетирген.

Ал эми кептин ырасында эки автор тең, образдуу айтканда, бир эле бутаны мээлеп атышууда, болгондо да таамай атышууда. Дегенибиз, азыркы кыргыз романынын сандык өсүшү менен сапаттык жылыштарынын ортосундагы карама-каршылыктардын жоюлушу, биринчиден, «көптөгөн авторлордун фрагменттүүлүктөн идеялык-эстетикалык бир бүтүндүккө чапчаң өтүүсүнө» мунун симптомдору байкала баштаптыр) байланыштуу болсо, экинчиден, айрым учурда кыргыз романын «эмбрионалдык» абалда турууга аргасыз кылган анчейин гана китеп болуп жарыкка чыгып жаткан «романдардын» кескин азайышына байланыштуу. Ошентип, жанатан берки сөздөн көрүнүп тургандай, маселенин баары барып-келип эле айтылган кепти кимдин кандай түшүнүүсүндө экен.

*     *     *

К.Каимовдун бүгүнкү турмушубузга арналган «Акырын күтпө» деген романы жөнүндө макаланын соңунда сөз кыларыбызды жогоруда айттык эле. Кеп төркүнүн ушул чыгарма жөнүндө болсун.

Адабий сында туура белгиленгендей, чыгарма биздин  ушул азыркы күнүбүзгө арналып, асыресе, бүгүнкү учурдагы шаар турмушу, андагы тиричиликтин оош-кыйыш учурлары, балдарды тарбиялоо иши ж.б.у.с. учурубуздун орчун маселелери тууралуу кеп козгойт. Мына ушул маселенин көп кырдуулугунан улам мында бир туруп өз ишин ак иштеген, социалисттик менчик үчүн бүт жан дили менен күйүп-бышкан ак ниет адамдарга туш болсок, бир туруп «өзүм» десе жантыгынан жата калган, жалпы элдик иштин кызыкчылыгын жарым тыйынга баалабаган өзүмчүл, жеткен айлакер «түлкүлөргө» жолугабыз, а бир туруп бүт жүрүш-турушу, ой-мүдөөсү бүгүнкү коомубуздун моралына таптакыр карама-каршы турган зөөкүр, баш кесерлерге дегеле «чийинден чыккандарга» туш болобуз. Кыскасы, ошентип, биринчиден, автордун таянган турмуштук материалынын байлыгына күбө болсок, экинчиден, ушул реалдуу «пайдубалдын» негизинде айтып-дейин деген ой мүдөөсүнүн көп түстүүлүгүнө да кепил болобуз.

Адамдагы асылдык менен арамдык, мээрмандык менен зөөкүрлүк сапаттардын келишпес күрөшү чыгармада баштан аяк кызыл сызык менен өтөт. Мына бүт өмүрүн Ата-Журттун алгалашы, социалисттик коомубуздун «бутуна тура телгичип», андан ары өсүшү үчүн бүт өмүрүн, акыл мээнетин, ден соолугун зарп кылган Алым Абдиев кадырлуу эс алууга чыкты. Карыя өзүнүн жалындаган жаштыгын, күч-кайраты ашып-ташкан эр көкүрөк курагын арнаган замандын убайын көрө, ал замандын «ак төөнүн карды жарылган» бүгүнкү жыргалдуу учурунда өмүрдүн калган ушул бир аттам бөлүгүн тынч жашап, бейкам өткөрүүгө толук акылуу эле.

Бирок, тилекке каршы, андай болбой калды. Улуу уулу Асылбек институтту жаңы бүтүп, акыркы экзаменин тапшырган күнү көчө балдарынын колунан каза болду. Бул буга чейин бир калыпта өмүр сүрүп келген Абдиевдердин үй-бүлөсү үчүн катострофа болчу. Кичүү уулу Чеге болсо агасы Асылбектей акылдуу, боорукер болуп өспөдү. «Чеге үчүн тааныш менен бейтааныш, алыс менен жакын — баары бир, ыгына жүрбөгөнү менен жөөлөшөт» (48-бет). «Бала-чакасынын эч бирөөнүн начар жүрүм-туруму түгүл бир ооз чеки сөзүн жактырбаган» (9-бет) карыяга эми бул да өзүнчө проблемага айланды. Мына ушинтип, романдын сюжеттик өнүгүүсү башталганда эле «бүйүрүңдү кызытып», анан «Асылбектин ишин» изилдөөгө алган милициянын ага лейтенанты Карбозовдун, Асылбекти өлтүрүшкөн Борянын, Карлдын, Ожордун, акыркы экөөнүн аталары-министерствонун жооптуу кызматкери полковник Анатай Усеновдун, бүт өмүр бою айла-амал менен жашап келген Боромбай Тагаевдин, Гүлбаранын «сценага» чыгышы менен окуя андан бетер кызысууна өтө окурманды биротоло «оп тартып» кетет.

Арийне, мунун баары ала-сала үстөкө-босток сүрөттөлүп, жазуучу болсо улам бир жаңы окуянын артынан сая түшө көшөрө кууп олтурбайт, тескерисинче, мунун баары К.Каимовдун калемгерлик стилине мүнөздүү жайбаракаттыкта, салкын кандуулук менен баяндалып, ушул кыйды-чыйды окуянын жүрүшүндө да автор көбүн эсе басымды каармандын психологиясын ачып берүүгө жасап, ар бир кейипкердин тигил же бул учурдагы ой-санаасын, тилек-мүдөөсүн мүмкүн болушунча, кудуреттин жетишинче анализден өткөрүүнү эч көз жаздымда калтырбайт. Мына ушундан улам адабиятчы К.Асаналиевдин: «Көркөмдүк системасы жана аткарган «кызматы» боюнча бул роман («Акырын күтпө» — С.А.) бир жагынан детектив жанрына туура келсе, экинчи жагынан, кантсе да, психологиялык талдоонун тилкесинен өтөт»,- деген («Көркөмдүктүн реалдуулугу жана иллюзиясы». Биринчи макала. «КМ», 1985-жыл, 21-март) ою адилет пикир экенин эскерте кетмекчибиз.

Акыйкатта, К.Каимовдун бул чыгармадагы бир утушу дал мына ушунда — каармандын психологиясын ачып берүүдө. Бирок, адабиятчынын эми эле өзү айткан пикиринен («бир жагынан детектив жанрына туура келсе…») жанып, бир эле сүйлөмдөн кийин: «Чынын айтканда детективдик линия бул романда шарттуу… Боромбайдын үйүндөгү «табышмактуу сандык» жана» кооз төөнөгүчтүн» айланасындагы айрым көрүнүштөрдү эсепке албаганда, маска кийип тымызын иштеген кылмышкерлер, ойку-кайкы окуялар, куугун-сүргүн, атышуу ж.б.у.с. детективдик атрибуция жокко эсе»,- деп чынын айта астыңкы пикирин жокко чыгарышын кандай түшүнсөк болот? Анан ой туулат: деги бул роман не деген чыгарма? Кандай жанрдык алкакка бап келет?

Ырасында, Боромбайдын үйүндөгү «табышмактуу сандык» менен Асылбек апасын кубантыш үчүн сатып алган, кийин баш кесерлердин колуна өткөн «акак төөнөгүчкө» байланыштуу окуялар К.Асаналиев жирегендей «айрым көрүнүштөрдөн» эмес. Чыгармада жазуучу бул экөөнө чын ыкластан көңүл бөлүп, аларга байланыштуу эпизоддорду сүрөттөө менен окуяны кыйла табышмактата, окурманды бир топ кызыктырат (Айталы, уулунун бөлмөсүн тинтип жатып көптөгөн буюмдардын арасынан полковник Усенов акактуу төөнөгүчтү тапканы, кийин анын сырдуу жоголушу ж.б). Натыйжада, роман детективдик мүнөзгө ээ боло баштайт. Бул бир. Экинчиден, чыгармада милиция кызматкерлеринин иш аракети, алардын тынчы жок кызматтарынын ар түрдүү жактары да бир топ курч сюжеттик өнүгүүдө жүлүн кызытаарлык даражада берилген. Үчүнчүдөн, ошончолук эле «маска кийгендер» керек болсо, «Акырын күтпөдө» алар деле бар.

Романда тике эле минтип жазылат: «Аңгыча караңгы бурчтан маска тартынган үч жигит сомодой болуп суурулуп чыгышты. Бетмаңдайынан сунулган үч канжар жакындай баштады». (50-бет) Көрүнүп тургандай, бул романда детектив жанрынын табияты талап кылчу белгилерден бир топ эле бар. К.Асаналиев айткандай, алар чыгармада шарттуу түрдө эмес закондуу түрдө эле орун алышкан. Роман психологиялык маанайда жазылган детективдик мүнөзгө ээ. Бул экөөнүн «тараза баскан ташы» «Акырын күтпөдө» бирдей десек болот. Дагы бир айта кетчү кеп, сөз болуп жаткан бул маселе боюнча: «Чыгарманын сюжеттик өзөгү приключениялуу мүнөздөгү окуяларга негизделген»,- деп белгилөө менен жазуучу «психологиялык абалдарды таамай кармаганын» көрсөтүп, сынчы К.Эдилбаев чындыкка бир топ жакындап келген. (Көрсөтүлгөн макала, 5-бет).

Сүрөткердеги купулга толчу сапаттардын бири катары анын көңүлүндөгү ойго, көкүрөктөгү идеяга пайдубал болуп берген чыгарманын материалдык фактурасын мыкты билгендигин, муну дыкаттык менен изилдеп үйрөнгөндүгүн айта кетмекчибиз. Мейли «Акылбектин ишинин» артынан сая түшкөн ага лейтенант Карбозовдун ары түйшүктүү, ары жоопкерчиликтүү ишин сүрөттөп жатсын, мейли Чегенин кандайча оң жолго түшүп, агасын өлтүргөн жүзү каралардын бетин ачууда кантип Карбозовго «оң кол» дээрлик жигит болуп калганын баяндабасын, мейли Боромбайдын алдым-жуттум өмүрү жөнүндө кеп кылбасын, бардык учурда сөз салган турмуштук материалын калемгер нюанстарына чейин билерине күбө болобуз. Бул сөзүбүздүн бир мисалы катары чыгармадагы Алтынбек Сейтжановго эпизоддорду айта кетмекчибиз.

Бирок, муну менен биз роман таптакыр эле «төгөрөгү төп келишип калган» деген ойдон алыспыз. Чыгармада айрым бир «жаза баскан» жерлер жолукпай койбойт. Бул ошо өзү өтө дыкаттык менен өздөштүргөн турмуштук бай материалды автор ар качан эле керектүү жерге, чен-өлчөмүн сактай пайдалана билбегендигине байланыштуу келип чыккан өксүк. Мисал иретинде дале болсо ошо Боронбай Тагаевдин образына кайрылып көрөлү. Анын жеткен митайым, ашынган ач көз экени ал жөнүндөгү алгачкы эпизоддордон эле тастыкталып, коомубузду сүлүктөй соргон мите экендиги башында эле маалим болгон. Турак-жай канторасынын начальниги болуп иштеген учурун баяндаган окуялар менен ансайын бекемделген. Ошого карабастан Боромбайдын жүрүм-турумундагы, ой-мүдөөсүндөгү тескери сапаттарды ашкерелөөчү эпизоддорду автор улам-улам шыкай берет. Мына ошондуктан ал катышкан акыркы «сценалардын» бири болгон Элдар досунун үйүндөгү кылык-жоругу канчалык иш билгилик менен жазылбасын баары бир Боромбайдын портретине сүртүлгөн ашыкча боёкко окшоп турат.

Жалпысынан айтканда, К.Каимовдун бул китеби автордун жеке чыгармачылыгында тематикалык көп түстүүлүккө ээ болгону жана адамдын жан дүйнөсүн изилдөөгө карата ташталган дагы бир кадамы менен бааланса, жалпы адабий агымыбызда бир жылдын мыкты жазылган романдарынын бири катары эсте калат.

Мына ошентип, өткөн жылы окурман журтка тартууланган үч роман жөнүндөгү сөзүбүздүн соңуна чыгуу менен жыйынтык катары айтарыбыз, баштагы жылдардай эле анын камтыган турмуштук материалы кеңири, козгогон проблемалары ар түркүн болду, ошого карабастан адам жан дүйнөсүн иликтөө жаатына келгенде аталган үч чыгарма аркылуу жанр ырасында эле сапаттык багытын карай изденүүгө түшкөнүн көрө алабыз. Ал эми бу көрүнүш болсо, өз кезегинде, романдын улут адабиятыбыздагы өсүп-өнүгүш процессине оптимисттик маанайда көз салуубузду шарттайт.

«Кыргызстан маданияты», 1986, 13-март. 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.