Араб эл жомогу: Түлкү арстанды алдаганы

Бир күнү кечинде түлкү өзүнүн курсагы ачканын сезет да, үңкүрүнөн чыгып, токойдон бир балээ издемек болот. Эси оогончо издеп, өзөк жалгай турган эч нерсе таппай чарчайт. Кечээтен бери оозуна наар ала элек үчүн – арстанга оозундагы ырыскысын тарттырып жибергенин эстеп, жини ушундай кайнайт. Арстанга каарданат. Кечээ ал токойдон алыс эмес жерден бак башындагы өрдөктү жолу болуп уурдай качкан, бирок арстандын ырылдаганын угуп калды. Өрдөктү аргасы жок арстанга таштап, өзү безип кутулган. Агер арстан болбогондобу, кампайып тоёт эле да. Заары башына […]

Сабыр Иптаруулу: Кыргыздын аяны – Түш, баяны – Жомок

«Түш», «жомок» деген сөздөрдү эшиткенде, кыргыз баласынын эсине дароо «Манас» жомогу, аны айткан улуу жомокчулардын бейнеси келет. Бул тегинден эмес. Себеби, бул дөөлөттөрдүн ички табияты бири-бирине ажырагыс ашташкан. Түш да, жомок да сыр дүйнөсүнө кирет. Түштү адам уктап жатканда көрсө, жомокту өңүндө угат. Түш көбүнчө адамдын алдыдагы жашоосунан белги берип, аян түрүндө көрүнсө, жомок анын артта калган турмушунан кабар айтып, баян түрүндө жашайт. Демек, түштү – уйкудагы жомок, жомокту – өңдөгү түш деп сыпаттасак болот. Бул эки абалда тең адам […]

Нускат Манкушева: Ыр сабында маңызы – бүтпөс эргүүм

СҮЙҮҮ БАГЫ Сүйүү багы — багың ачам дедиңби, Күтпөй жүрсөм күн көтөрүп келдиңби? Кучак-кучак гүл үстүңө жыгылдым, Гүлзарыңда мурда көрбөй жүрдүмбү? Үстүмдөгү чечем кабат муңумду, Үзүп салдым жүгөн болгон курумду. Поэзия — туу көтөрүп баратам, Из калтырып кетейин деп жугумдуу. *     *     * Чырмалып ойлорумдун желесине, Чыгалбай түшүп кеттим тереңине. Чуу салып, кайдан келдиң кызарган чок, Чыйрыгам жылына албай илебиңе. Кабынан сууруп алдың жүрөгүмдү, Капыстан тузак жайып түнөгүмө. Кадалып туруп алды тагдыр өңдүү, Капилет атылган жаа жүрөгүмдө. Дүрмөтүң кызыл чоктон […]

Александр Куприн: Суламифь (уландысы)

ПОВЕСТЬ <<<<<< Башы Суламифь айтты: — Жаным, сен сан жетпеген аялдарды жана кыздарды билдиң, алардын бардыгы жер үстүндөгү эң сулуу делген аялдар эле. Жөнөкөй, билимсиз, денеси күнгө карала болуп күйгөн өзүм жөнүндө ойлогондо, уялып  да калам. Падыша жүрөгү элжиреп, эриндерин эриндерине тийгизип,  ыраазылык менен: — Сен ханышасың, Суламифь. Сен төрөлгөндө эле ханыша болуп төрөлгөнсүң. Сен сүйүүң күнөм санап кылчактабаган, пайда издеп убайым жебеген, менин жети жүз аялым, үч жүз барымта аялым болду, сан жеткис кыздарды билдим, бирок сендей эч ким […]