СҮЙҮҮ БАГЫ

Сүйүү багы — багың ачам дедиңби,
Күтпөй жүрсөм күн көтөрүп келдиңби?
Кучак-кучак гүл үстүңө жыгылдым,
Гүлзарыңда мурда көрбөй жүрдүмбү?

Үстүмдөгү чечем кабат муңумду,
Үзүп салдым жүгөн болгон курумду.
Поэзия — туу көтөрүп баратам,
Из калтырып кетейин деп жугумдуу.

*     *     *

Чырмалып ойлорумдун желесине,
Чыгалбай түшүп кеттим тереңине.
Чуу салып, кайдан келдиң кызарган чок,
Чыйрыгам жылына албай илебиңе.

Кабынан сууруп алдың жүрөгүмдү,
Капыстан тузак жайып түнөгүмө.
Кадалып туруп алды тагдыр өңдүү,
Капилет атылган жаа жүрөгүмдө.

Дүрмөтүң кызыл чоктон октоп алган,
Дүйнөмө ууга чыгып олжо алган.
Дүрбөлөң ойлорумдан кутулайын,
Дос күтүп, шыралгыга тышта мерген.

*     *     *

Көрө алдыңбы махабаттын бейишин,
Көл үстүнө ак куулардын келишин.
Сага, мага таандык болчу көрүнүш,
Баш тартканбыз ачпай туруп эшигин.

Эки башка жолдо бардык түтүнгө,
Тандап алып айлансак да бүтүнгө.
Бири кемдей толбой турду дүйнө-ай,
Татымдары арзыбады өмүргө.

Күйүп өчкөн маңдайымда жылдызым,
Куштар элем издеп таппай ый-муңум.
Катуу жааган жамгыр, өткүн өңдөнүп,
Кайра жанбас өмүрдөгү бир шамым.

*     *     *

Эх, үмүттүн бир учкуну тамызгы,
Көөдөнүмдө тартылгансыйт сыбызгы.
Турагыңдан түтүн чыгып жатса да,
Чарк айланам, шоола түшкөн сызыкты.

Бир муштум эт согуп турат күн-түнү,
Ар бир кагыш оордоп барат ар түнү.
Колдон түшүп сынган өңдүү быркырап,
Сыныктары тилген сайын ый, үнү.

*     *     *

Кондуң эле бутагыма күтүп, жазым,
Көргөнүмдө баалагам сүртүп жашым.
Коругунда бакыттын сыйбай тургам,
Кантип сынды бутагым? Күтөм, жазым.

Кулагыма шыбырап айтчу эстүүм,
Алган жарым аманат чертилсин күүм.
Кайрыктарга элесиң сүңгүп кирип,
Ыр сабында маңызы – бүтпөс эргүүм.

*     *     *

Айланган тулку бойго канымдасың,
Согушу сол көкүрөк кабындасың.
Бөлө албайм аралашып толук сиңген
Тамыры көөп чыккан табындасың.

Сездиңби? Эки тагдыр бир жашаймын,
Чындыкка дал келүүсүн көп самаймын.
Согушу токтогондо баары бүтөт,
А бирок, айрылууну каалабаймын.

*     *     *

Жасалмасыз ак сүйүүнү дарт кылган,
Күнөөлөймүн көздөрүңө алданып.
Азыр турам мөлтүр тамчы, баары кеч,
Карегиңде ачуу жашка айланып.

Эми менден көрө албайсың издебе,
Сага тааныш боёгу бар издерди.
Күнгө оңуп, май боёгу ал күндүн
Эбак өчүп, жабылганын сездиңби?

Кемчиликке көздү жумуп турганда,
Кайра-кайра бут алдымда кирдейсиң.
Тегиз гүлдөп, гүлүм ачкан убакта
Бир силкинип, күбүлгөнүм билбейсиң.

2 Replies to “Нускат Манкушева: Ыр сабында маңызы – бүтпөс эргүүм”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.