«Түш», «жомок» деген сөздөрдү эшиткенде, кыргыз баласынын эсине дароо «Манас» жомогу, аны айткан улуу жомокчулардын бейнеси келет. Бул тегинден эмес. Себеби, бул дөөлөттөрдүн ички табияты бири-бирине ажырагыс ашташкан. Түш да, жомок да сыр дүйнөсүнө кирет.

Түштү адам уктап жатканда көрсө, жомокту өңүндө угат. Түш көбүнчө адамдын алдыдагы жашоосунан белги берип, аян түрүндө көрүнсө, жомок анын артта калган турмушунан кабар айтып, баян түрүндө жашайт. Демек, түштү – уйкудагы жомок, жомокту – өңдөгү түш деп сыпаттасак болот.

Бул эки абалда тең адам өткөн менен келечектин, чындык менен кыялдын… кандайдыр бир чек ара абалына, жашоонун бейтааныш тилкесине туш келет. Алардагы адаттан тыш кубулуштарды, маалыматтарды аңдап-таануу, алардын төркүнүн туура туюмдап, чечмелөө зарылдыгы пайда болот.

Элибизде аларга карата өтө кастарлуу мамиле калыптанган («Түш чындык эмес, жоруса төгүн эмес», «Түш оңолбой, иш оңолбойт»). Жомок аздектелип айтылып, атадан балага мурасталып калтырылган:

«Байыркынын жомогу
Баштаса келер оролу.
Эзелкинин жомогу
Эстебесек болобу…»

(«Манастан»).

Тилекке каршы, бүгүн биз бул дөөлөттөрдүн жеке адамдын тагдырындагы олуттуу ордуна да, жалпы элдин жашоо-турмушундагы баа жеткис маанисине да жеткилең баа бербей келебиз.

«Түш» деген сөз эне тилибизде жыйырмадан ашык мааниде колдонулат:

  1. Уктап жатканда көргөн элестер;
  2. Күндүзгү убакыттын дал ортосу;
  3. Бир нерсенин ичине кирүү;
  4. «Аткар», «орунда», «жаса» деген сөздөргө маанилеш этиш сөз ж. б. Бул уңгудан жасалган сөздөрдүн бардыгына жогорудагыдай «чек аралык» маани гана мүнөздүү болбостон («түштөн мурда», «түштөн кийин»), аларга кандайдыр бир процесстин майнабын, натыйжасын, тыянагын сыпаттоо да мүнөздүү («түшүм», «түшүнүк», «түшүү» ж. б.).

Адатта, турмушта кездешкен окуялар кандайдыр бир тыянакты талап кылат. Адамдар аларга карата чыгарган тыянагын «акыйкат» деп түшүнөт. Чынында ал – чындыктын гана бир көрүнүшү. Акыйкат бирөө, чындык көп.

Акыйкат дайыма ортодо, башкача айтканда, карама-каршылыктар чектешкен, тогошкон, ашташкан жерде. Ошондуктан, эл түшкө, анын берген аянына аяр мамиле жасап, аны «мындай болбойт», «бул калп» деп четке какпастан, салты менен жоруп, ага кастарлуу, сыйлуу мамиле кылган.

Түштү жоруу – кубулушка турмуштук маани-маңыз берип, аны оң багытка буруу аркылуу адамдын дилин тазалоо («Түштүн башы казанбактай, мойну кылдай», «Түш бир айткандан, бир жоругандан бузулат»). Атүгүл, элде жакшы түштү «сатуу» жөрөлгөсү да бар. «Катын камыр түшөбөйт, эркек эшек түшөбөйт» – бул түштүн тандагычтык табиятын сыпаттоо. Түштү көрүнгөн эле адам каалаган учурда жорубайт, аны кыраакы, акылы тетик, тажрыйбалуу, таза, аяр адам жоруш керек. Болгондо да, аны таңга жуук, күн менен түндүн чек арасы – куланөөк кезде жоруган жакшы делет («Түштү түндө жорубайт», «Жаман түштү сууга айт, агып кетет»). Бул – алдыдагы күндүн жолун тазалоо. Ошентип, түштүн бардык эрежеси сакталса: туура айтылып, туура жорулса, адам түштүн ээсине тартуу берип (куран окуп, курмандык чалып, баабедин берип ж. б.), ыраазы кылса, түш түшөт.

Булар – ата-бабаларыбыздын түшкө маданий кубулуш катары маани бергендигинин айныгыс күбөсү. Бул – «болбогон нерселердин» жетегинде болуу эмес, бул – кубулушту таанып-билүү, иликтеп-үйрөнүү, анын сырын ачуу үчүн, баарынан мурда, аларга ишенүү, аларды сыйлоо керек экендигин нускаган турмуш сабагы. Эгер биз түштүн касиетин, түштө көргөн дүйнөнү жок деп эсептесек, анда күнүмдүк ыбырсыган тиричилигибиз менен эле коколой башыбыз, башкача айтканда, кара курсагыбыздын кайгысы калат. Башкасын айтпаганда да, түш – ата-бабаларыбыздын, ата-энелерибиздин, алыс-жакындарыбыздын арбактары менен алака-катыштын данакер-арачысы эмеспи.

Андыктан, жомок да, түш да, баарынан мурда, адамга – тирүүлөргө керек.

Психологдор: «Түш – адам өз турмушунда сезүү (көбүнчө көрүү) органдары аркылуу кабылдаган индивидуалдуу маалыматтын баш мээде (көбүнчө оң жарым шарда) эмоционалдуу, образдуу чагылган элестери», – деп канчалык кашкайта аныктаган менен, анын толгон-токой «сырдуу» касиеттери али катылганы катылган. Ал, балким, адамга жараткан тарабынан тартууланган, адамды айбандардан ажыратып чыккан касиеттүү кубулуштардын биридир? Мүмкүн, ал адам дүйнөсүнөн тыш, бирок, аны менен удаалаш жашаган аалам дүйнөлөрүнүн өзүнчө бир таризидир?..

Кандай болгон күндө да, адам түшүндө мезгил менен мейкиндиктин, а дүйнө менен бу дүйнөнүн, чындык менен кыялдын бардык тосмолорун «жоюп», өзүндөгү кандайдыр бир жаңы, абсолюттуу мүмкүндүктүн кыйырын ачат. Дал мына ушул учурда адамга өңүндө аңдай албаган акыйкат ачылып, түшүнөн улам туура чечимге келген, турмушу кескин өзгөргөн, ар кандай жөндөмү, өнөрү ачылган, аттиң, кээде кырсыкка туш болгон турмуштук фактылар жетишерлик.

Жомокчулук (азыркыча «манасчылык») – дал ушул түш көрүүдөн улам ачылган, адам табиятындагы эң купуя табышмактардын бири. Түш – эч кандай китеби, телевизору, интернети жок байыркы адам үчүн укмуштуудай баалуу, ары таңгаларлык, табышмактуу, уникалдуу маалыматтын булагы болгон. Анын жанында азыркы «технологиялык трюктар» менен «психологиялык триллерлер» шоона эшпейт эмеспи. Бирок, адам андан жүрөксүп калбай же делөөрүп кетпей, ар бир аянга, символго, деталга өз-өзүнчө маани-маңыз берип, аны турмуштун тутумундагы өз тууру бар рухий дөөлөткө айландырган. Балким, адам келечекте азыркыдан артык, өзүнөн акылдуу компьютерди да жаратышы мүмкүн, бирок, ал эч качан түш көрбөйт. Демек, андан жомокчу да чыкпайт. Ал мына дал ушуну далил түшүнгөн.

Элибиз өз өмүрү тууралуу өчпөс баянын түш менен, «Манас» жомогу менен байланыштырат. Болочок жомокчуга кандайдыр бир аян, сыр берилет. Аны айрымдар гана «кармап калат». Биз бул сырдын изин канчалык үңүлүп издебейли, тактабайлы, аныктабайлы, ал баары бир «ачылбаган сандыктагы бычылбаган кундуз» бойдон кала берет. Турмушта түшүндө жомоктун каармандары аян берсе, «Манас» айттырбай, тыйып койгондон улам же балага андагы оор аттарды энчилеп коюп, аларды көтөрө албай ар кандай илдеттерге чалдыгып, кыйналган, кээде жаздым болгон учурлар да кездешет.

Калк арасында касиеттүү адамдар жашап, алар окуунун же эмгектин күчүнөн эмес, аяндан берилген сырды бекем сактап, парз-милдетин так аткарып, керт башынын кызыкчылыгын акыйкаттын ак жолуна арнап коюшкан. Андай адамдар менен аралаш, бир заманда жашап да келебиз.

Андыктан, «Манас» жомогунун өзүн баалап, ал эми аны түшүнөн аян алып, айтып калуу салтын жокко чыгаруу – бүтүндү бөлүү менен барабар. Биз улуу дастанды канчалык кастарлап сыйласак, аны алып жүргөн адамдарды да, алардын кадыр-касиетин да дал ошондой эле урматтап сыйлашыбыз керек.

Улуу жомокто Манастын бойго бүтүшүнөн тартып дүйнөдөн өтүшүнө чейин түгөл түш көрүү, аян берүү менен коштолот. Айкөлдүн руху, улуу жомок менен аны айтуучулардын ортосунда тикелей, үзүлбөс байланыш бар. Андагы каармандардын атын, затын, арбагын ыйык тутуп, алардын эл мүдөөсүнө жуурулушкан иштерин даңазалап айтуучулардын албандарын эл чоң жомокчу, азыраак айткандарын жомокчу дешкен.

«Манастын» эмне, кандай мурас экендиги анын өзүндө айтылат. «Манас» – эл жомогу! Анын муундан муунга мурастап айтчу, муюп укчу жан баяны, жашоо сыры, аманат керээзи. А «жомок» деген эмне? Буга да чыгарма өзү жооп берет. Жомок:

«Жармы төгүн, жармы чын
Жанында турган киши жок.
Көбү төгүн, көбү чын
Көрүп келген киши жок» нерсе.

Демек, «жомок» түшүнүгүн эки мааниде туюмдоо керек: жомок жана жөө жомок. Жомок – чындык менен төгүндүн тутумунан, башкача айтканда, элдин көргөн жана көрбөгөн, билген жана билбеген, түшүнгөн жана түшүнбөгөн ой-туюмунун синтезинен жаралган баян. Анда элдин өткөнү менен келечеги, акылы менен сезими, арзуусу менен арманы… бир бүтүндүккө уюп, купуя, сырдуу маалымат катары жашайт.

Жомок – элдин эркин, учкул, канаттуу жан-дили. Чоң жомоктор ыр, жорго сөз, обон, кыймыл ж. б. менен коштолуп айтылгандыктан, жаттап калууга, эске сактоого өтө ыңгайлуу. Анын анча өнүкпөгөн түрүн «жамак» дешет. Ошондой эле, жомоктун учпаган, башкача айтканда, «шашпаган» түрү да бар. Ал – жөө жомок. Адатта, ал: «Илгери, илгери…» же «Бар экен, жок экен…» деп «парадоксалдуу» башталып келип, ырааттуу, жай, системалуу өнүгүп отурат. Бул түшүнүктөрдүн мааниси да абсолюттуу биримдикти туюнтат: «илгери» деген сөз бир эле учурда эки маанини: өткөндү жана келечекти билдирсе, «бар-жок» кош маанидеги бир бүтүн акыйкатты сыпаттайт. Себеби, жомокто айтылган маалымат кечээги эле күнгө тийиштүү эмес, ал – келечекте да кездешүүчү нерсе. Ошол үчүн «бүгүн көргөн эртең жок, ушундай тура дүйнө бок» делет.

Ушундан улам, «жомок» түшүнүгүнө берилип жүргөн: «Чындыкка негизделбеген, ойдон чыгарылган, апыртмалуу элдик оозеки чыгарма, фольклордук чакан жанр» деген аныктама, бери болгондо, бир жактуу. Бул кыргыз элинин дүйнө таанымындагы «жомок» дүйнөсүнүн арымын да, алкагын да, маңызын да, таризин да туура туюнта албайт.

Элибиздин кээ бир «кенедей», «кенже» деп аталып жүргөн дастандары айрым элдердин «дөөдөй» деген дөөлөттөрүнөн көлөмдүү болушу, баарынан мурда, алардын эрмек үчүн, көңүл ачуу үчүн гана жаратылбаганын жардап турган жокпу?

Чоң жомокчулар эзелкинин мурасын сактап, учурдун жолоюн тактап, келечектин жолун калчап, түбөлүктүүлүктүн түркүгүн түптөгөн көрөгөч, көсөм адамдар болгон. Бул мааниде аларды бүтүндөй бир маданияттын тулкусун өз боюна сиңирип турган, кубаттуу, касиеттүү адамдар, өнөр пирлери десе болот. Ошондуктан, алар ар түрдүү маданияттардагы даанышман, олуя адамдар сыяктуу (сенсей, гуру, лама) кыргыз маданиятынын куттуу өкүлдөрү болушкан.

Элдик рухтун эң улуу касиети байырлаган адамдар катары жомокчуларга карата айрыкча кастарлуу мамиле жасалып, ошонун өзү менен элдин биримдиги, бүтүндүгү, бөтөнчөлүгү, кадыр-касиети сакталып турган. Аттиң, кийинчерээк өткөндүн мурасына, ишеним-дөөлөттөрүнө текебердик менен мамиле жасалып, ыйыкты эмес, тыйынды, адамды эмес, буюмду сыйлоо көндүмү күчөдү. Жомокту көкөлөтүп, Жомокчуну таза унутуп койдук.

«Манас» сыны, касиети кандай изилденсе, Сагымбайдын, Саякбайдын сыны, касиети андан кем эмес изилдениш керек эле. Ошентип, айкөлдөрдүн аты ардакталбай, бейнеси унификацияланып, алп жомокчунун сүрөтү акчага түшүп, «таза эмес» нерселерге аралашты. Бирок, алар бизден али үмүтүн үзө элек шекилдүү…

Жакында эле айкөлдөрдүн арбагынын тирүүлүгүнө айгак болгондой, касиеттүү аялзаты Бүбү Мариям Муса кызы аркылуу кандайдыр бир керемет менен берилген Жайсаң Үмөт уулунун 8 китептен турган «Айкөл Манас» баяны колубузга тийди. Бул, бир жагынан, абалкы кыргыз кыйыры, аны калкалап-сактап келген асылдар, арбагы тирүү ата-бабалар, урпагын колдогон касиеттүү адамдар тууралуу, эл жомогунун эскирбестигин эскерткен аян болсо, экинчи жагынан, адам феноменинин дагы бир кырын, анын али ачыла элек дагы бир сырын күбөлөгөн күтүүсүз баян болду.

Элдин, өлкөнүн кадыр-касиети казынадагы кап-кап алтын-күмүштө, же кандайдыр бир кайталангыс кымбат оокат-мүлктө эмес, кеп калк ичинде кут даарыган аруу, асыл, айкөл адамдардын болмогунда! Адам жараткан нерседен анын өзү алдаганча баалуу, керемет, алдаганча сырдуу, маанилүү болуш керек. Бирок, бүгүн биздеги бука моюн, буура сан «кара күч» ээлери менен «кыдыр даарып, касиет жылоологон» акыл, өнөр адамдарына карата жасалып жаткан мамилени салыштырып, көрүлүп жаткан камкордукту карап туруп калкыбыздын келечеги, элибиздин эртеңи тууралуу тогуз толгонбой койбойсуз… Эми, бул тууралуу кеп өзүнчө болсун…

Ошол Жайсаң баянында «түш» тууралуу мындай айтылат:

«…Чырагым, уктуң беле уламышты,
Эки дос – бир пендени түзөт деген?
Кеткенде жалган жайдан – түбөлүккө,
Эки дос достук жибин үзөт деген?
Укпаган болсоң, демек, буруп назар,
Уламыш сөздү тыңда чындыгы бар.

Күнүмдүк бул жашоонун сырдуу аягын,
Көрөсүң өзөгүнөн шол баяндын:
Эки дос сенин тулку боюңдагы,
Экөөбүз, кел эмесе, талкуулайлы.
Акыл-эс, эркиң-күчүң, сезүү-туюм –
Аны сен жан-досум деп керек туюуң.
Абалтан алаканы Аалам менен
Адамдын акыл-эси жасап келген.
А тиги Жер энеде кала турган
Адамдын дене-досун жерден алган.
Бир пенде эки достон турат деген
Болумуш сөз төркүнү туура бекен?

Чырагым, эсиңе түй сөз аягын,
Чындыгы төгүндөлгүс бул баяным.
Жан-досту дене-достон бөлгөн күнү,
Жараткан ишке ашырат өз аянын.
Эки дос жөнүндөгү бул баяндын
Өзүңө эмнеликтен айтылганын
Далилдүү, бирок, баарың байкабаган
Бир сырды, болжолдоорсуң, четин ачсам.

Сезбестен сырдуу жагын бир дагы жан
Сергиткич куралындай пайдаланган
Дайыма уйку деген табышмактын
Дилиңе сиңдирип ук жандырмагын.
Улуу Күч жандууларга тартуу кылган
Уйкуну – кабар алчу кең Ааламдан.
Уйкунун кучагында калып дене,
Узайт жан өткөн чакка, келер кезге.
Жан-достун көргөндөрүн сапар артып
Дене-дос түштөн көрөт уктап жатып.

Чырагым, уйку деген табышмактын,
Чыгардым бар болгону чет-бучкагын.
Дене-дос, жан-дос жана уйку деген
Дарс айттым ишти баштап сени менен.
Ырчы «жомок» тууралуу буларды баяндайт:
«…Кылымдар уламышты улап келем,
Кынаптап ыр тизмегин кынап келем.
Ураган Улуу Дастан Ак Сепилин,
Урпактар, силер үчүн курап келем!

Жомок деп силер билген – бир чындыктын
Жоготпой бир да сабын ырдап келем.
Өткөрүп эчендеген доорлорду,
Кечээги чындык бүгүн жомок болду.
Жомокко айлантылган чындыкты шол
Журтума жеткирүүгө жардамчы бол.
Эрдигин элибиздин баяндаган,
Эр Манас жөнүндөгү Улуу Дастан…

Урпактар, кайрыламын баарыңарга,
Улуу сөз наркын билген карыңарга,
Улуулугун журтуңдун урматтай бил,
Доо кетирбей ар-намыс, салтыңарга!
Отурам көңүл буруп кечээгиңе,
Доордун эленип көр элегине.
Неликтен сакталганын талдап көргүн
Элеси Эр Манастын эл ичинде.

Арбагын Эр Манастын сыйлабастан
Чыкты го жалган дечү араңардан.
Айкөлдүн жашаганын төгүн дебей,
Тереңдеп издегиле дастанымдан.
Жалган деп төгүндөбөй жомокторду,
Жакшылап изилдесе өткөн доорду,
Ошондо көрөсүңөр, урпактарым,
Жомокто бар экенин чындык орду!»

Ошентип, акылы толуп, илим-билимге сугарылган 21-кылымда адамзат түшүндө эмес, өңүндө жаңы жомокту тыңдап отурат. Мурда «Жомокту түшүнөн аян алып айтат имиш» деп мыскылдуу жылмайгандар толтура болчу, алар азыр да көп. Ал эми бул баянды автор кайыптан кабар алып, кагаз бетине түшүрөт экен. Муну кандай деп түшүнөбүз? Бул, айтылып жүргөндөй, кыргыз эли аркылуу адамзатка берилген жаңы аянбы? Же бул адам табиятынын гана сырдуулугу эмес, аны курчаган аалам дүйнөсүнүн да табышмагыбы? Адам баласы жаратылыш койнунан бошонуп чыккан менен, адамзат али аалам койнунан төрөлүп түшө элек эмеспи. Неси болсо да, бүгүн адамзаттын дагы бир жаңы, ак таңы супа салып келатат шекилдүү. Эми биз бул «түшүбүздү» кандай жоруйбуз, кеп ошондо. Себеби, биздин эртеңки келечегибиздин эсеси дал мына ушуга байланыштуу болгон турат!

Аттиң, бул жарык көргөн китеп да «Айкөл Манас» деп аталыптыр. Эми баягы жосун дагы кайталанабы? Биз өткөндөн, өзүбүздөн сабак алган жокпузбу? Менимче, мукабага «Жайсаң баяны», «Кайыптан кабар» дегендей эле сөз жетиштүү болмок.

…Ошентип, боло жүргөндөй, а жолу да баары сөздөн башталган. Өткөн кылымдын башында «Манас» жомогу кагазга түшүп, китепке аты коюлду. Бирок, китеп – сөздүн туундусу. Ага ат берүү – адамга ат бергендей эле кеп.

Ошентип, Айкөлдүн атын айтуудан ийменип, «улуу сөз», «чоң жомок» деп келаткан элге эми ал «Манас», «Семетей», «Сейтек» деген китепке, башкача айтканда, буюмга айланып калды. Ыйык ысым «Манасты сатып алдым», «Манасты көрдүм» дегендей күнүмдүк күйпүлала сөзгө аралашты. Аны коштой «манасчы» деген кесипти билдирген жаңы сөз жаралды. «Кожожашчы», «Эр Төштүкчү», «Курманбекчи» деген сөз бүгүн кулакка кандай өөн учураса, адегенде, ал да ошондой кабыл алынды. Бирок, Манастын атын да, затын да ыйык туткан «советтик кыргыз эли» өзүнүн канындагы Манаска болгон ыйык сезиминен улам, «мындай болбойт» деп айта алган жок.

«Кулаалы таптап, куш кылган, курама жыйып, журт кылган» Айкөлдүн арбагын, Манастын ысымын минтип кор кылганыбыз аз келгенсип, «сары алтындай сактаган, көкүрөккө каттаган» эл жомогун «эпос» (грекче – «сөз») деп, элдик оозеки чыгарманын деңгээлине түшүрдүк. Келдибекпи, Тыныбекпи, Сагымбайбы, айтор, мурунку жомокчулардын кимиси болбосун, «Манасты» же башка элдик дастандарды «эпос», «кенже эпос» десе, түшүнмөк эмес.

Эл таанымынан жаралган, эл энчилеп берген атты – мейли эл аралык термин менен болсун – алмаштырып, бара-бара жокко чыгарууга эч кимдин акысы жок эле. Тегинден байыркы ыйыктарынын (апостол) таржымалы жазылган баянын жөөттөр жөн гана «Китеп» (грекче – «Библия») деп атабаса керек. Англистер Сагасын, арабдар Касийдасын, орустар Словосун («Слово о полку Игореве») «эпос» дей койбос. Ошентип, эл сабатын ачып, илим-билимге аралашкан менен, «өзүн сактаган ыйыгынан ажырап», көкүрөгү жабылды… Айкөлдүн ыйык ысымын бүгүн адам аттарынан тартып тиричиликтин бардык чөйрөсүнөн каалаганча кездештирүүгө болот. Аны мамлекеттик деңгээлде ардактоонун жеткен жери – бейнеси белгилүү бедизчи жасаган Манастын ат үстүндөгү жаракчан келбети түшүрүлгөн 1-, 2-, 3-даражадагы мамлекеттик ордендер болсо, жекече деңгээлде айкөлдүн аты алкоголдук ичимдиктерге чейин коюлду. Бул биздин жан дүйнөбүздүн канчалык майдалангандыгын кашкайта көрсөтүп турат.

Мурда «Манас» кыргыздардын бөтөнгө айтпаган жан жомогу болсо (эгер айтса – аларда да болмок), бүгүн ал жалпы адамзаттын кастарлуу кан жомогу болуп калды. Бирок, биз – анын урпактары – жомок наркын, жомокчу баркын өз деңгээлине көтөрүп, аны өзүбүздүн төл маданиятыбыздын төрөсү, рухий өнүгүүбүздүн өзөгү катары сактап кала алган жокпуз. Белгилүү чет элдик изилдөөчүлөр баш болуп, өзүбүздүн илимпоздор төш болуп, «Манасты» «эл турмушунун энциклопедиясы», «кыргыз рухунун туу чокусу» деп көкөлөтө көтөрүп туруп, анан «ырас, көп эпостон ири, бирок, көп баатырдын бири» деп, жерге таштап жибердик. Ошентип, жомок ээсиз, эл эссиз калды…

«Манас» – эл жомогу, элдин жашоо тумары, эскерип чакырар урааны! Жомокчу дастанды түшүнөн аян алып айтса, эл аны өңүндө муюп угуп отуруп жаратууга катышкан. «Манасты» «эпос» дегендер – андан фольклордук чыгарманы гана көргөндөр, «жомок эмес» дегендер – анын тексти менен тааныш эместер, «жөө жомок» дегендер – жомоктордун айырмасын туура түшүнбөгөндөр… Жомок түшүнүгү бизде маданият, руханият түшүнүктөрү менен үндөш. «Манас» жомогун – «Манас» маданияты, Эл руханияты деп түшүнүү туура.

Чын-чынына келгенде «Манаска» ар кандай аныктамалар, сыпаттамалар берилип жүргөн менен анын эл турмушун уюштуруудагы чыныгы ээлеген ордун, жеке адамдын жан дүйнөсүндөгү жана тагдырындагы аткарган кызматын анык, так, таасын чагылдырган аныктама бериле элек. Ага педагогиканын алпы Я. А. Коменскийдин «пансофия» (албан билим, алп акыл-эс) сыяктуу сыпаттоолор да туура келер эле. Бирок, элдин эзелтен келаткан эстүү салтын жерибейли, калктын албан акылын кемитпейли, дөөлөт кутун учурбайлы. Тескерисинче, аяндан берилип, ааламда теңдешсиз жаралган «Байыркынын Жомогу» адамзаттын акыл-эс казынасына да, рухий-маданий дүйнөсүнө да, көркөм-адабий айдыңына да өз затына барабар өз аты менен кирсин!

«Манас» менен кошо «жомок» деген маданий маанидеги чалкар түшүнүк, адабий жана маданий термин катары эл аралык илимий лексикага аралашсын! Ансыз улуу баяндын керемет куту да, купуя сыры да, кубаттуу күчү да сакталбайт. Аян касиети алсырайт… «Манастан» «жомок» деген сөздү бөлүү – элден анын рухун бөлүү менен барабар. Бул – биз аты-жөнүбүзгө жармашкан «-ов», «-ев», «-ович», «-евич» деген сөздөрдүн маанисин түшүнбөй эле, колдонуп жүргөндөй кеп.

Дагы бир собол. Биз «Манасты» жаттап айткандарга да, аларды жараткандарга да бирдей эле «манасчы» деген сөздү колдонуп жүрөбүз. Бул да натуура. Себеби, өнөр парасатына жараша салтта аныкталгандай, бирин чоң жомокчу, бирин жомокчу, бирин айтуучу, бирин аткаруучу дегенибиз жөндүү. Ошондо көзү өткөн улуу жомокчулардын арбагы да ыраазы болуп, көзү тирүүлөрүнүн болсо чыгар белеси, талпынар сереси айкын болот. Бир кезде «Биз жомокту чындыкка айландырууга жаралганбыз» деген күрөшчүл ураан да күчөгөн учур болгон. Жомокту жок кылуу – өткөндү гана эмес, келечекти да жок кылуу. Жомогу жок элдин жолу калпыс, түшү оңолбогон элдин түбү бошоң. Турмуш – жомогу менен толук, жашоо – түшү менен кызык.

Эл дегенибиз буту ача, башы бүтүн эле пенделерден турбайт. Аны жомок эл кылып турат. Элдин тарыхый баскан жолу, башынан кечирген окуялары, топтогон рухий дөөлөтү анын материалдык эстеликтеринде эле сакталбайт, алар абстракттуу, рухий таберик таризинде да өз жашоосун улантат. Анын бардык сырын түшүнүүгө илимдин да чамасы чак. Андыктан, учур «Манас» дүйнөсү сыяктуу элдин пансофиялык рух байманасын – элдик билимдерин, диний ишенимдерин, рухий дөөлөттөрүн ж. б. – жуурулуштурган, «синтездеген» жаңыча өңүттөргө, көз караштарга, таанып -билүүнүн, изилдөөнүн жаңыча кыйырларына, каражаттарына муктаж.

Түш аяны жана жомок баяны дал мына ушундай уникалдуу чек ара мейкиндигинде өмүр сүргөн кубулуштарга кирет. Асыресе, алар тышкы дүйнө менен ички дүйнөнүн бөтөнчө бир айкалышынан жаралган кылдат, сырдуу мыйзамдар менен жашап, жөнгө салынып турса керек. Ошол сыяктуу эле, адам да бир эле учурда атага бала, балага ата катары чек ара тилкеде жашарын, демек, ага көндүм болгон социалдык ролдордон башка да бөтөнчө – данакерлик – милдет тагылганын эске ала бербейт. Бай Жакып ушуну түшүнбөй жүргөнүнө кейип, Жараткандан зарлап бала тилейт эмеспи.

Демек, адам, айрымдар ойлогондой, бул дүйнөнүн кожоюну эмес, болгону эзелкинин баянын эртеңкиге өткөрүп берүүчү данакер-жомокчу гана. Андыктан, биз «Адам ким?» деп аны таанып-билүүгө ат үстүнөн, тыштан суроо таштабай, «Мен киммин?» деп ичибизге, өзүбүзгө үңүлгөнүбүз алдаганча өрүштүү. Дене дүйнөбүздү эле жыргатып, булчуңубузду эле буркуйтпай, жан-дүйнөбүздү жаркытып, акыл-сезимибизди да аруулантсак, өз көрөңгөбүзгө уюп, өз көнөчөгүбүзгө буюрган ырыскыбызды өз салты менен кастарлап, сыйлап алсак, илгерки аталарыбыз менен илгеридеги балдарыбыздын үмүт-тилегин, ишеничин актаган болобуз. А бүгүн биз, чынында, акылы бар, ою жок, эрдиги бар, эси жок урпакка окшоп турабыз.

Жомокчу, азыркыча айтканда, мамлекеттик машинанын негизги атрибуттары (президенти, өкмөтү, соту, мыйзамчысы, акчасы, армиясы, чек арасы ж. б.) жок эле элди жалгыз өзү уютуп жана муютуп (топтоп, тарбиялап, теске салып, бириктирип, багыттап, баш коштуруп ж. б.) турган. Азыр бүтүндөй мамлекеттик уюштуруу жана башкаруу аппараты жасай албай жаткан ишти бир гана жомокчу аткарууга кудурети жеткен.

Жомокчу Айкөлдүн арбагына жасаган мамилеси менен элге баш болуп, эл Жомокчуга жасаган мамилеси менен журт болуп турган. Жомок бүтүндөй эл турмушунун туурун ээлеп, ал эми жомокчу анын туткасын кармап турган. Аны эл «шайлаган» эмес, Жараткан өзү «тандаган». Эл өзүнүн жомогу, жомокко жасаган мамилеси менен өзгөчө эл болуп, ошонусу менен башкаларга тең болуп жашаган. Азыр булардын ордун ким, эмне ээледи, аны айтып отуруунун зарылдыгы жоктур…

Менимче, бүгүн биздеги улам тереңдеп бараткан түндүк-түштүк, дин-илим, адеп-ыйман, аял-эркек, кары-жаш… жаракасын жомок гана бириктирип, жомокчу гана тескей алат!

Анткени, ар бир адам аларга карата өз мамилесин өзү аныктап, алардан өзүнө керектүү тыянакты өзү чыгарып, өзү өрнөк алат. Жомогунан ажыраган күнү элдин күнү бүтөт: жомок жол башы болуудан, жомокчу журт башы болуудан калат. Ошондуктан, жомоктун жана жомокчунун жашап турушу үчүн, эл аларга карата мамилесин түп-тамырынан өзгөртүүгө тийиш.

Жомок – бул Жараткандын элге жазып берген рухий конституциясы, жомокчу – муну жеткирсин деп эл ичинен тандап алган татыктуу адамы! Демек, биз бул жардыкка моюн сунуубуз керек. Ал аркылуу биз Жараткандын жардыгына, анын улуу кудуретине урмат көрсөткөн болобуз. Жомок аркылуу акылыбыз өсүп, жүрөгүбүз тазарат, Жомокчу аркылуу адамды сыйлоого үйрөнүп, өнөрдү барктоо жаралат. Ошол үчүн Жараткан эл тамырын жоготпосун, Адам улугун унутпасын деп, улам жаңы жомокчуну жаратып, алдыртан бизге аян берет. Арийне, кут даарыган ал адамдар да Кудуреттин аманатын аруу тутуп, өзүндөгү «оор жүктү» ачык-айкын сезип, калың элге өрнөк болууга далалат жасайт. Ошентип, жомокчу – жомок менен элдин данакери.

Анын коомдогу статусу – элдин рухий абалынын, маданий маанайынын айкын көрсөткүчү. Андыктан, биз бүгүн мындай адамдарга болгон мамилени түп-тамырынан өзгөртүп, өткөн кылымдарда кыргыз жерине келген адамдарга кооз жер-сууну же күтүрөгөн мал-мүлктү эмес, атайы ат чаптырып алдырып, атактуу Жомокчуну көрсөткөндөй абалды калыбына келтирүүбүз керек. Эл ичиндеги жомокчу атанган, жомокту улантып келаткан, ошондой эле улуу жомокту топтоо, изилдөө, жайылтуу жагына өмүрүн арнаган адамдар, жомокко байланыштуу жайлар жалпы элдик камкордукка алынууга тийиш.

Өзгөчө эл жомогуна карата илимий-философиялык, педагогикалык, көркөм-адабий ж. б. мамиле түп-тамырынан өзгөрүп, эл өнүгүүнүн административдик-буйрукчул, саясий-идеологиялык эмес, салттуу-маданий, рухий-ыймандык жолуна түшүүгө тийиш. Бардык окуу жайларда пансофиялык мазмундагы «Эл руханияты» сабагы киргизилиши керек. Анын методологиясы, мазмуну, структурасы, методикасы бүт бойдон бүгүнкү баланы ар кайсы кесипке багыттаган сабактардан айрымаланып, кыргыз дүйнөсүн бир бүтүн дүйнө катары аңдоого жана сактоого багытталган, өнөрдү өрчүтүүчү сабак болууга тийиш. Анан да, Айкөлдүн, ыйык арбактардын атын наристелерге ыроолоону токтотолу!

Ч. Айтматов «Ак кеме» повестин минтип баштайт: «Бу баланын эки жомогу боло турган. Бири – жан билбеген өз жомогу, экинчисин таятасынан уккан. Акырында эки жомогунун бири да калбады. Кеп оролу ушунда». Оо, Жараткан, бизди мына ушундан: байыркы жомокту балдарыбызга бере албай калган күндөн, өз жомогубузду жарата албай калган түндөн сакта!

Өткөндү сактоо – аны кайталап, көчүрмөсүн көбөйтүү эмес. Сактоо – салттуу үлгүдө жаңыны жаратуу. «Манас» жомогу бүгүнкүдөй бир сөзүн калтырбай жапырт жаттап айтууга көчкөндө өчөт. Сактап туруунун кубаты – жаратып турууда! Жараткан ошол касиети менен улуу, Жаратылыш жаңырып турушу менен керемет, Жаран урпак жаратып гана өзүн өлбөс кылат. Улуу жомокто дал мына ушул ой аян түрүндө берилет эмеспи…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.