Азербайжан эл жомогу: Көгүчкөндүн уя салганды үйрөнгөнү

Көгүчкөн уя салганды билчү эмес экен, чыйырчыктан үйрөнгөнү барыптыр. Чыйырчык уя салган жагынан чоң уста экен. Көгүчкөн келген убакта чыйырчык кооз уясын жаңы эле салып баштаптыр. Адегенде көгүчкөн чыйырчыктын ишине абыдан кунт коёт, бирок уянын негизги калыбы жасалып, жээктери эми гана көтөрүлө баштаганы – көгүчкөндү зериктирип жиберет. Эми үйрөнө турган деле нерсеси калбады деген ой келет да, кыйкырып баштайт: – Мен билдим! Билдим! Канат кагат да, учуп кетет. Ыракмат деп да айтпайт. Эртеси көгүчкөн уяны өзү курмай болот. Уянын алкагын […]

Орхан Памук: Адамдын үйү – курсагы тойгон,  жүрөгү соккон жер

Адамдын башка мүмкүнчүлүктөрү болуп турганына карабастан  алардан баш тартып,  дайыма бир киши менен кумарга батуусу махабат делет. ♦ ♦ ♦ Ичимде жалынын сезген жаңы жашоо,  алыста бир жерде,  мүмкүн кол жеткис өлкөдө болчу.  Бирок аракеттенген сайын ага жакындаганымды, такыр болбоду дегенде эски жашоомду өтмүшкө таштаганымды сезүүдөмүн. ♦ ♦ ♦ Мага жалган айтышыңды каалаймын. Себеби адам жоготуудан корккон үчүн гана жалган сүйлөйт. ♦ ♦ ♦ Менин оюмча жазуучулуктун сыры кайдан келери белгилүү болбогон илхамда эмес, көк беттик жана сабырдуулукта. ♦ ♦ […]

Азамат Омош: Орус

АҢГЕМЕ — Атаңдын оозун урайын, тигини кара, — деди. — Эмнени? — деди кемпири. — Эмнени эмес, кимди дейт. — Оп-поо! И, кимди? — Тиги орусту. — Эмне болуптур? Балдар менен ойноп жүрөт. — Эй, сасык кемпир! Ошону айтып жатам мен дагы. Буларың бирин-бири кандай түшүнүп ойноп жатышат, ыя? — Оюндун да тили болчу беле? — деди кемпири жөн салды эле. «Чын эле, — деп ойлоду, — оюндун да тили болчу беле?» — Эй, кайдагыны айтпачы акылдуусунуп. Бирин-бири түшүнбөсө кантип […]

Кыргыз тили – ушакчы, кошоматчы, жалганчылардын тилине айланды!

Ооба, жолуң болгур кыргыз, так ушундай чындыкта жашап атырбыз бүгүн. Кыргыз тили чындыктын тили боло албай туру! Чындыктын тили менен сүйлөгөн кыргызды табышың да андан бетер кыйын кезең бүгүн! Кыргыз тилинде кошомат кылгандардын, калп сүйлөгөндөрдүн, убада бергендердин эле дуу-дуу, бак-бак заманы! Болбосо улуу “Манас” эпосун жараткан эне тилибиз даанышмандыктын, чындыктын, илимдин, маданияттын тили болуп качан өнүгөт?! Өнүкмөк тургай кыргыз тили өлүп атса дагын Улуттук мамлекеттик тил комиссиясы “Кыргыз тилинин мамлекеттик статус ыйгарылган 30 жылдыгы” деген жараяндын негизинде кимдерге гана оңду, […]

Садык Алахан: Ата тууралуу аруу баян

Эгемендикке ээ болгон алгачкы он, он беш жылда улуттук маданиятыбыз менен адабиятыбыз бир топ оор абалга тушукту. Мындай капсалаң күнгө түшүүнүн бир нече себеби болгону бүгүн баарыбызга түшүнүктүү. Экономикалык каатчылыкты айтпаганда да атпай журт өзүн алдыга сүрөй турган, барар багытын ачык-айкын көрсөтүп бере турган бакубат көз карашты, ишенимдүү идеологияны таппай кыйналды, ары-бери урунду. Мына ушундай кыйчалыш учурда – эл элдигин дагы да тереңирээк таанып билүүдө, биринчи кезекте эмнени иштеп, эмнени бүтүрүүнү түшүнүүдө, жапжалгыс идеология өкүм сүрүп турган учурдагы турмуш ыңгайын […]