Адамдын башка мүмкүнчүлүктөрү болуп турганына карабастан  алардан баш тартып,  дайыма бир киши менен кумарга батуусу махабат делет.

♦ ♦ ♦

Ичимде жалынын сезген жаңы жашоо,  алыста бир жерде,  мүмкүн кол жеткис өлкөдө болчу.  Бирок аракеттенген сайын ага жакындаганымды, такыр болбоду дегенде эски жашоомду өтмүшкө таштаганымды сезүүдөмүн.

♦ ♦ ♦

Мага жалган айтышыңды каалаймын. Себеби адам жоготуудан корккон үчүн гана жалган сүйлөйт.

♦ ♦ ♦

Менин оюмча жазуучулуктун сыры кайдан келери белгилүү болбогон илхамда эмес, көк беттик жана сабырдуулукта.

♦ ♦ ♦

Тикенсиз – махабат гүлүнүн жытын искей албайсың.

♦ ♦ ♦

Эч бир нерсе жашоодой таң калычтуу эмес. Жазуудан башка…

♦ ♦ ♦

Ар бир акылдуу адам жашоонун кереметтигин, максаты бактылуу болуу экендигин билет деди атам үч сулуу кызга карап. «Бирок жалгыз гана келесоолор бактылуу болушат».  Муну кантип түшүнсө болот?

♦ ♦ ♦

Адам өзүн билгенчелик өзүн тааныйт,  андан соң канчалык аракет жасабасын бир чекке келип такалат жана эч токтотууга мүмкүн болбогондой сүйлөнө баштайт.

♦ ♦ ♦

Сааттар батыштагыдай дүйнөгө жетишүүнүн эмес, Аллахка жетишүүнүн ортомчусу.

♦ ♦ ♦

Канчалык катуу сүйсөңүз сүйүңүз, адам  сүйгөн адамынын  жүзүн узак убакка көрбөсө акырындап  унутаарын түшүндүм…

♦ ♦ ♦

Напольен болууну кыялданууну каалаган  адам менен, өзүн Напольен сезген адам ортосундагы айырмачылык – бактылуу кыялкеч менен бактысыз шизофрен ортосундагы айырмадай.

♦ ♦ ♦

Адамдын  үйү – курсагы тойгон,  жүрөгү соккон жер.

♦ ♦ ♦

Көпчүлүк убакта жакындарыбыз  жаныбызда болгондугу үчүн баалуу сапаттарын көрбөй,  терс мүнөздөрүн көрөбүз.

♦ ♦ ♦

Чынында эң керемет сүйүү,  таануу эмес, эч көрбөгөн адамга болгон сезим.  Мисалы,  көзү азиз адамдардын сүйүүсү чыныгы сезим.

♦ ♦ ♦

Жазуучунун жашоосунда уккусу келген  эң маанилүү сөз, апасынан: “Жазган чыгармаларың сенден да акылдуу, сенден да жарык” — деген сөз угуу.

♦ ♦ ♦

Өзүбүз болгонду  үйрөнгөндө гана өзүбүздү сүйө алабыз.

♦ ♦ ♦

Адам шаар ортосундагы көпчүлүктө жалгыз боло алат жана шаарды шаар кылып турган нерсе да көпчүлүк арасында адамдын мээсиндеги кызыктай көрүнүштү сактай алуу сыйкыры.

♦ ♦ ♦

Өзү өзүнө буюм топтогон, аларды бир бурчка чогулткан ар бир көз каранды адамдын артында бир көңүл калуу,  терең кайгы, ачыктоо – оорго турган руханий жара.  Кызык,  менин дартым эмне?

♦ ♦ ♦

Мышыкты жакшы көрбөгөн аял эркегин бактылуу кыла албайт.

♦ ♦ ♦

Жыгылуу – башкалардын жогорулугун көрүп аларга окшошууга аракет кылуу.

Түрк тилинен которгон Мээрим САЙДИЛКАН

One Reply to “Орхан Памук: Адамдын үйү – курсагы тойгон,  жүрөгү соккон жер”

  1. Кайсыл бир котормону сайтка жа гезитке чыгарардан мурун жок дегенде эки-үч адиске окутсаңыз, эмгегиңиздин баркы көтөрүлөт. Кыргыз болуп өзүм түшүнбөгөн жерлери бар экен!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.