Нарынбек Жамангулов: Арабызда жокпу азыр Асан Кайгы?!

АПАМ ЖАНА ТҮШ Кышпы, жазбы, жайбы же күзүндөбү? Өңүмбү же чын эле түшүмдөбү? Кайсыл мезгил, кайсыл күн, боолгой албай, Карайлайм мен түшүмдөн ойгоно албай, Караңгы түн басууда бүтүн мени. … Ак халат кийген жандар, оорукана, Апамды бир көрө албай тарып санаа. Ичимден күбүрөнүп келмемди айтып, Апакем жөнүндөгү термемди айтып, Кудайлайм, жакшылыкка жооруп гана. … Өкүрүк, өксүк боз үй капталында, Союлуп мал, короонун арт жагында. Апакемди өлдү деп өкүргөндөр, Үмүтүмдү акыркы өчүргөндөр, Таркагыла, бул түш да, таркагыла… Атакемди бир кезде жашырган […]

Харуки Муракаминин төрт музасы

Харуки Мураками — “дүйнөдөгү көзү тирүү улуу жазуучулардын бири”. Бул Британиянын мыкты делген басылмаларынын бири — “The Guardian” гезитинин аныктамасы. Бирок жапон калемгери менин сүйүктүү жазуучуларымдын тизмесинде жок. Балким бул китептери дүйнөнүн элүүдөн ашык тилине которулган жапон жазуучусунун орус тилинде чыккан жыйырма беш чакты чыгармасынын ичинен “Охота на овец” деген романын гана окуганыма байланыштуу чыгаар. Акыркы 15 жылда Европа менен Түндүк Американын китеп дүкөндөрүнө качан башбакпайын, көзү тирүү чет элдик жазуучулардан Харуки Мураками менен Орхан Памуктун жаңы чыгармалары сөзсүз сатыкта […]

Назгүл Болотбекова: Кундуз (конкурска №14)

АҢГЕМЕ Кечки тамакты бышырып коюп, күйөөсү кечигип аткандан кийин, кичине эс ала турайын деген Кундуз жаңы эле жаздыкка башы тийип, үлгүрөп кеткен экен. Бир маалда сырттан албууттана кыйкырган үн чочутуп жиберди. — Ай жеңе, Кундуз жеңе, барсыңбы дейм эй? Чык бери! — Ээ Айсалкын сенсиңби? Чочуп кеттим го, мынча эмне кыйкырдың? — Кыйкырбай эмне? Жанатан бери эки-үч жолу кыйкырдым.Сен эч нерсе укпагансың го, ошону билип келдим да. Тиги чоң аке менен көкбөрүчү бала, Тотош жеңемдер баары Райымбекти ортого салышып, жыйын […]

Чолпон Орозалиева: Менде жоксуң, кең ааламда бар туруп (конкурска №13)

*     *     * Башта мындай адатыңды билбегем, Себеппи же ѳткѳн-кеткен окуяң? Жаркып кетет жарык күткѳн үмүттѳр Жанып ѳчсѳ чылымыңдын оту улам. Ага деле кѳнүп берип, Сүйүү үчүн кулап түшүп чокудан, Тамекиңди тартып атсаң дембе-дем, Түтүн жытта-ап отурам. А., Г.га Биздин достук бир кесиптен, бир насиптен уланган. Биздин жолдор кыйчалышта, чоң жарышта сыналган. Билем артык жагыңарды, Билем кээ бир кемчиликти кетирген… Жолукканда унут калып башка сөз, «Жалгызмын» деп кейийсиңер эсепсиз. Бакыт жолдо жатпайт тура, ал үчүн Көп аракет, күтүү менен өтөт […]