Ханты эл жомогу: Чычкан

Чычкан болуптур. Жаз келип, нельм[1] менен осётр[2] балыгын кармоону ойлонот. А балыкка чыгыш үчүн кайык керек да, туурабы? Кайыкты кайдан алмак элем деп, жаңгактын кабыгын кайык кылмай болот. А калактычы? Кайдан алса болот? Кайдан алмак эле, жалбыракты калак кылса деле болот да. Ошентип сүзүп жөнөйт, кыңылдап ырдап: – Жаңгак-кабык кайыгым: ляй-ляй-ляй… А жалбырак калагым деп кайыйын: ляй-ляй-ляй. Бир айылга жеткенде жээктен балдар чурулдайт: – Э-эй, чычкан, бери кел, татты жейсиң! – Эмне болгон таттуу? – Щука балык менен. – Щука […]

Адилет Зарылбек уулу: Кай күнү жолдош дедиң кан досторду? (Конкурска №19)

*     *     * Кечир мени сүйүүм түбөлүк, кесир кылып койдум бактымды. Керек эмес эми актануум, Керек эмес эми ак таанууң. Билбейм неге мынча эңсеген Бир кыялга жетпей жашадым. Үмүтүңдү улап кете албай, Бир өмүрлүк ката жасадым. Кечир мени сүйгөнүм үчүн, Сүйүп туруп сага жетпеген, Жолду кечир, оюмду дагы жарым жолдо калсаң эгерде, жарым кылып алам деп жүргөн. Жарты болуп калба тагдырда, Кем кылбасын жарык бактыңды. кечир мени сүйүүм түбөлүк, кесир кылып койдум бактымды. *     *     * Бир үмүт жетелеген, Бир […]

Олжобай Шакир: Жээнбеков желин чыгарган режим

Тарых баарына өз баасын берери – турган иш. Ал качпайт. Тек, учурга кимибиз кандай баа беребиз – бирибизден бирибиз өөн издебейли. Президент Сооронбай Жээнбеков албетте, Михаил Саакашвили же Владимир Зеленский, Никол Пашинян сыяктуу жаңы генерация муунундагы саясый жол башчы эмес. Ал киши тоталитардык режимдин тарбиясын көрүп өскөн муундун саясый кадры. Ошентсе да… Кээде тилектеш, санаалаш достор чогулсак, биз да Кыргыз бийлигин Саакашвили же Пашинян, Зеленский сыяктуу демократиянын маани-маңызын, баркын, баасын терең түшүнгөн адам башкарса кана, аттиң… деп кыялга батабыз. Ар […]

Аман Саспаев: Ажайып дүйнө жөнүндө баян

АҢГЕМЕ Жарыгы мол атайын жасалган бөлмөнүн ортосуна бир гана кроват коюлган. Кроваттын сол жагында чоң терезе, ал терезеде кызыл гүлү бар кең жалбырактуу куш бурак өсүмдүктөр кумураларда өсөт. Оң жагында дубалга такай стол коюлган да анын үстүнө түрдүү приборлор орнотулган. Кроватта купкуу болгон арык киши жатат. Анын шылынып түшкөн жаак эти, ак аралаган чачы, ичкерген мойну – кандайдыр бир жан жеген ооруну элестетет. Жер кепелерге өсүп калуучу кээ бир өсүмдүктөр порумдаш келген ушул киши анда-санда гана көзүн ачып, өзүн кыйнаган […]

Садырбек Турдубек уулу: Кайдасыңар замандын Эшенаалы, Касымдары? (Конкурска №18)

61-СЕКУНД Тойбой жашап семичкедей күндөргө, Дем алабыз өлбөй өмүр сүргөнгө. Эх деп эстеп бир күн жөнөп кетебиз, Ээ боло албай эң акыркы бир демге. Секунд, мүнөт алтымыштан ашпаган, Сутка сааты жыйырма төрт саат жалаң. Адамзатта алтымыш бир секунд жок, Аны санайт Акка кадам таштаган… Түнсүз, күнсүз түшүнүксүз башка жак… Түбөлүктүн түпсүз жайы башкараак. Алтымыш бир секунддан соң санак жок, Аягы жок мейкин жашоо башталат… ИЗДӨӨ Жүрөгүм эмнелерди батырбады, Жүк тартты, аргымактай лакылдады. Зарылдык жолду таппай, кайдасыңар? Замандын Эшенаалы, Касымдары! Соңкубуз […]