Нургиза Абдиназар кызы: Жан элем акак таштай (конкурска №22)

*     *     * Жаралдым бул өмүргө, аруудан аруу болуп, Багытым адамдыкка астадан баруу болуп. А бирок, сапарымда көп ирет жаңылышып, Аруулук күбүлүүдө, чачылган таруу болуп. Жарыкка келдим эле, таптаза дүйнөм менен, Жалгандын таттуусуна, арбалып, үйрөнбөгөм. А бирок күндөн күнгө, жан дүйнөм кирдеп барат, Тазарган жүрөгүмө таттуу сөз үйгөн менен! Төрөлдүм бул жашоого, бейиштин жыты менен, Жамалы нурга толгон, энемдин куту менен. А менден наристе жыт, күн санап кетип барат, Алыска канат каккан балалык кушу менен! Келгенмин бул дүйнөгө, сүттөн ак […]

Кутман Майрамбек уулу: Тагдыр башка салып койсо не кылам? (Конкурска №21)

*     *     * Кечирип кой, мен жашоодон чарчадым, Кээде чуркап кээ күндөрү аксадым. Суранамын бир өзүңдөн жалбарып, Сүйүү берчи,  мен сүйүүдөн ачкамын. Таарынбачы тайгаландым турмуштан, Коркуп турам мага келген сунуштан. Уяламын кээ күндөрү чынында Күлсө күлүп достор менен туруштан. Капа болбо канатым жок уча алган, Кайгым күчөйт каршы мага бүт аалам. Ойлорумдун деңизинде чөмүлүп, Аргасыздан башым ийип баратам… Таңгалбагын тар жолунда тагдырдын, Жолун бастым тузу менен адырдын. Бул өмүрүм ар бир саатым, а балким Мага берген сыноосудур Алланын Шылдыңдаба кайгы […]

Абдыкерим Муратов: Бейиш багы

АҢГЕМЕ Сексендин үчүнө келген Байыш атаны айылдыктар чал дешпейт, ата дешет, жүрүшү тың, акыл-эси жайында, жамандык-жакшылыкка ким чакырса таягын эш кылып, акырын бирөөлөргө кошулуп барып турат, чакырбаган жерге басып да барбайт, чакырбады деп тескери карап да калбайт. Эки жыл мурда бейиши болгур байбичесин акырет жайга узаткандан кийин мүңкүрөп ордунан турбай төшөк тартып калат дешкен – антпеди, тамаркасындагы жыйырма сотик багы менен эртеден кечке алек болот да, бак аралагандан ырахат алып, алы-күчү кете баштаганда дал ошол бактын бир четиндеги супага кыңкая […]

Атантай Акбартегин: Тозоктун өзүн өрттөп жиберебиз

АКЫН – ДЕГЕН БУЛБУЛДУН ТҮПНУСКАСЫ Теңдик дешип карманып Теңир сөзүн, Теңдик үчүн жол чалып, кыйнап өзүн. Башкалардын жазсак деп жүрөк черин, Жаралашат акындар жүрөктөрүн. Чындык калып, чындык деп акын өлсө, Акын каалайт калкынын ойгонгонун. Эл укугун талашып тирандардан, кимдер билбейт акындын шорлогонун. Ыйман калып, ыйман деп акын өлөт, Ыймандуу бий калкына жакын келет. Акын деген сатылбайт базарларда, Сатылгандар болсо – алар акын эмес!.. Аялдарды урунуп буюм сымак, Гарем куруп, шах, султан турса куунап, Аялзатын акындар даңазалап, Күндөй бийик көтөрдү дастан […]

Зарина Кулбаракова: Сүрөт (конкурска №20)

АҢГЕМЕ Франциянын Париж шаарындагы «Лувр» музейинин кѳргѳзмѳ аянты. Бирин-экин баскан ар түрдүү улуттагы адамдар. Сүрѳттѳрдү тигиле карап, ѳз ара маектешип, кээси жылмайса кээси кабагын чытып шыбыраша кетишет. Аянттын кире беришинде «Кѳчмѳндѳр цивилизациясы» деген жазуу, ал жазуунун алдында конокторду утурлап кѳргѳзмѳнү уюштурган башчы, жанында котормочу жана музейдин мүдүрү ийкемдүү жылмайып, келгендер менен саламдашып, аларды аянтка узатууда. Жаңы эле учактан түшүп башы айланган Канай саамга токтоп, бир катуу үшкүрүп алып, кѳйнѳгүн түзѳп, тепкич менен шашыла чыкты. Кѳргѳзмѳ аянтынын оозуна келип, эки жагын […]

Золотая Орда – золотая колыбель: истоки казахской государственности и современность

В своем Послании народу Казахстана Президент Республики Казахстан Касым-Жомарт Токаев анонсировал празднование 750-летия Золотой Орды. Эта юбилейная дата наступает в текущем 2019 году. Несколько ранее, выступая на Международном туристическом форуме «Ұлытау-2019», Глава государства назвал Улытау «золотой колыбелью казахского народа, свидетелем почитаемой казахстанцами истории». Отдельно была им упомянута историческая роль Жошы-хана, основателя Золотой Орды. На вопросы о роли золотоордынского периода в истории Казахстана, его изучении, значении исторических знаний для современного человека отвечает старший эксперт Международной Тюркской академии, известный в Казахстане политолог […]