Камбаралы Бобулов: Абдрасулдун ырлары

Абдрасул Токтомушев[1] кыргыз поэзиясында чейрек кылым талыкпай калем шилтеп аз жазыптыр, бирок саз жазыптыр. Акындын комузчунун колундай элпек, жүрөккө жагымдуу ырларынан автордун турмуштун ар кандай көзгө көрүмсүз деталдарынан поэтикалык ой таап, аны жүрөгүнүн жалындуу илеби менен сугарып, анан окуучуларга тартуу кылган акын экендиги байкалат. Токтомушев – чебер лирик акын. Ар бир акындын өзүнүн натурасына жараша диапазону болот. Кээ бир акындар чоң балка менен күрсүлдөтүп ырлар согот, Токтомушев андай акындарга окшобойт. Ал кичинекей балкасы менен алтын чапкан зергерчини элестетет. Ооба, ал […]

Фридрих Ницше: Өздүн сөзүн укпаган, бөтөндүн буйругуна баш ийет

Адам өз өлүмүн кантип тосуп алууга чечим чыгара билүүсү керек. ♦ ♦ ♦ Кыйынчылык менен алынар иштин сага берилишине жол бербе! ♦ ♦ ♦ Дайыма окуучу боюнча калган адам, демек мугалимине карызын төлөй албайт. ♦ ♦ ♦ Музыкасыз жашоонун катасы жык. ♦ ♦ ♦ Тирүүлүк – дабасыз дарт. ♦ ♦ ♦ Ийгиликтин аягы – жалгыздык. ♦ ♦ ♦ Жөнөкөй пикир – ээсин жок кылат. ♦ ♦ ♦ Сөз уккан – өзүн укпайт. ♦ ♦ ♦ Үмүт – коркунучтуу оору. Ал […]

Кулчун Рахманов: Акыркы чечим

АҢГЕМЕ Баятан бирин-серин дыбырттаган жаан эми өчү бардай үй түбүндөгү дарактын жалбырактарын тарсылдатып сабай баштады. Терезени тырсылдата черткилеген жаан үйдөгү жалгыз балага боору ооругандай ыйлап жаткансып, айнек бетинде сарыгып ага баштады. Ошо саамда бүт асман кулап түшкөндөй күн күркүрөп, чагылган карарган булуттарды тилип өттү. Коркконунан энтиккен бала үйдүн бурчуна корголоп ыйлап жиберди. Ал бүгүн да күтпөдү беле. Кечээ таң эртеңден энеси, «Саматчик, азыр эле келе калам» деп баягы кара киши менен машинага түшүп кеткен. Узунду күнү кечке жол боюндагы шоодай […]

Бырс этмелер: Белгилүү инсандардын азилдери

«Dе-факто» жөнүндө болгон окуя Белгилүү куудул Келдибек Ниязов Нарындын Акталаасына барып калат. Таң эртең менен махорка чегип аткан бир жигиттин көгөрүп-татарып жөтөлгөнүн көргөн куудул: – Ушинтип азап тартып чекпей койсоң эмне болот? – Эч нерсе эмес байке, көп болсо «Dе-факто» гезити келгенге чейин эле, – дейт. – А при чем «Dе-факто»? – «Dе-фактодон» башка окуй турган гезит калган жок. Биз аны үзбөй окуйбуз. Бирок бир жаман жери – мындан да калың болсо жакшы болмок. Дагы бир жаман жери – мурунку […]

Омар Хайям: Ичпегиле Раджабда деп, дин сакчысы тажатты (рубаилер)

*       *      * Аалам сырын ачабыз деп катылган, Ой берметин өмүр бою сапырган. Таба алышпай эң негизги чордонун, А деп, бу деп өткөн далай акылман. *       *      * Бил тигинин билим чыйырын ачканын, Ой бурагын ай-асманга чапканын. Түшүнүптүр ким экенин, шылкыят Байкуштун көр көз жашынын акканын. *       *      * Жан бүткөндүн жаш-карысын карабай, Баарын терип, алат өлүм ылгабай. Өчпөс өмүр болбогон соң түбөлүк, Бири артынан бири кетет кармалбай. *       *      * Гүл тийбесе, гүл сабына куп дейли, Күн тийбесе, чок […]