«Dе-факто» жөнүндө болгон окуя

Белгилүү куудул Келдибек Ниязов Нарындын Акталаасына барып калат. Таң эртең менен махорка чегип аткан бир жигиттин көгөрүп-татарып жөтөлгөнүн көргөн куудул:

– Ушинтип азап тартып чекпей койсоң эмне болот?

– Эч нерсе эмес байке, көп болсо «Dе-факто» гезити келгенге чейин эле, – дейт.

– А при чем «Dе-факто»?

– «Dе-фактодон» башка окуй турган гезит калган жок. Биз аны үзбөй окуйбуз. Бирок бир жаман жери – мындан да калың болсо жакшы болмок. Дагы бир жаман жери – мурунку жумада чыккан «Dе-факто» бизге келгиче бир жума өтөт. Ага чейин биз аны окуп бүтөбүз, а окулуп бүткөндөн кийин мен ага махорка ороп, ушундай бир ыракаттанып отуруп чегем дейсиң. Кашайып азыр ошол гезит колумда жок үчүн кытайдан келген товарлардын коробкаларын жумшартып, махорка ороп чексем – жөтөлтүп атат. А махорканы «Dе-фактого» орогондо – «ЛМ» чеккендей болуп калам, – деген экен.

Акимжандын аялга аныктама бергени

Бир курдай уй мүйүз тартып отурган жоон топ эркектин ар кимиси аялды сөз кылып, аялзатын бири асманга көкөлөтсө, бири жер менен жексен кылат. Бирок ошолордун арасынан композитор Акимжан Жээнбайдын:

– Аял деген чийки эттей, ал бир бузулса токтобойт, – дегени тез эле эркектер арасындагы учкул кепке айланып кеткен экен.

Осмонакундун опузаларынын бири  

Аскар Акаев опера-балет театрында өтөр кайсы бир жыйындын алдында оңду-солду башкарганды жакшы көргөн Осмонакун Ибраимов театрга келип артисттерге опулдап, режиссёр биякта эле калды дейт. Театрдын чыгармачыл жамаатын жылан көргөн бакадай титиреткенине эрдемсиген мамкатчы бир убакта оркестр башындагы Жумакадыр Каныметовго келип:

– Менин дирижёрлугуман да сенин дирижёрлугуң жакшы экен, кир силккен катындын жумушундай, – деп маэстрого таякчаны кандай кармаш керектигин үйрөтүп кеткен дешет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.