АҢГЕМЕ

Баятан бирин-серин дыбырттаган жаан эми өчү бардай үй түбүндөгү дарактын жалбырактарын тарсылдатып сабай баштады. Терезени тырсылдата черткилеген жаан үйдөгү жалгыз балага боору ооругандай ыйлап жаткансып, айнек бетинде сарыгып ага баштады.

Ошо саамда бүт асман кулап түшкөндөй күн күркүрөп, чагылган карарган булуттарды тилип өттү. Коркконунан энтиккен бала үйдүн бурчуна корголоп ыйлап жиберди. Ал бүгүн да күтпөдү беле. Кечээ таң эртеңден энеси, «Саматчик, азыр эле келе калам» деп баягы кара киши менен машинага түшүп кеткен. Узунду күнү кечке жол боюндагы шоодай теректин түбүңдө көзү карыкканча күтүп узакка отурду.

Түнкүсүн коркуп, жалгыз мышыгын эш тута уктабай таң атырды. Анан бир оокумда алкымы жашка буулуп, дубал боорундагы атасынын сүрөтүнө тигилди. Элдир-селдир атасын билип калды. Ал эң арык эле. Көрсө ооруп жүргөн тура. Ар күнү жылууланып кийинип, үй түбүнө отурчу. Уулун өзүнө жакын жолотчу эмес. Көрсө, оорунун шарты ошол тура. Кийин кошуна эне жугуштуу оору деп айтып жүрбөйбү. Ошол окуур жылы бир түндө үй ичи дүрбөп, энесинин жүрөк сыздаткан ачуу үнү уктап жаткан жеринен чочутуп ойготту. Көзүн ушалаган бала атасын тегеректеп отурган көп кишини көрдү. Далдырап эс учунан кеткен баланы кошуна Сүйүн эне:

— Оо, куу тумшук. Эмне отурасың? Ал таякты! Боз үйдүн түбүнө барып жакшылап өкүр! — деген ый аралаш үнү кандай эшикке чыгарганын билбей калды.

Ал күнү дүйнө дүлөй болуп калгансып, чарымдай булуттардын арасында күн ымырттайт. Бир гана муун-жүүнү бошоп эс талма болгон энеси анда-санда кошок кайрыганы болбосо — теребел жымжырт. Көрүнгөнгө жалдырап, көзүн тиккен бала, өзүнүн эле жакын байкелери Өктөмдүн ыйлабай, жамажайынан шилекейи чачырап «Бечара ырас болду. Көзү кыйналбай кеткенине шүгүр. Көңүл айтканыңа ыракмат» — деп жанындагы досуна ыраазы болуп, чечиле каткырганын көрдү. Анан балалык кыялында «Кызык. Бул эмнеси? Бири ыйлап жатса, экинчиси күлө бергени» деген ойдо калган.

Сөөк коюлгандан кийин баягы анда-санда көрүп жүргөн кара киши жерден боорун албай көпкө ыйлады. «Атамдын досу байкеме караганда жакшы турбайбы» деп койгон.

Өлбөстүн күнүн көрүп, эптеп күн ксчирип жатышты. Кара киши үйгө көп келип: «Кой, Сабира. Өлгөндүн артынан кошо кеткен эч ким жок. Андан көрө Саматтын тагдырын ойло. Мен да колдон келген жардамымды берем» деп баланын башынан сылаган.

Кийинчерээк ал түн күсүн көп келчү болду. Келген сайын бирден бөтөлкө арагы даяр. «Ич, Сабира! Ачууну ачуу басат» деп стаканга толтура куйчу. Адегенде эптеп эле эринин тийгизген энеси, кийин толугу менен бошото берчү болду. Мындайда бала энесин жипкирип ата тиктечү. Энеси жайдаңдап, баланын көңүлүн жубата баштачу. Барган сайын баягы кара кишиге көңүлү сууп, көзүнө жаман көрүнө баштады. Анткени энесин ошол ичирип жатпайбы.

Бир жолу кошуна Сүйүн эне «Ботом, Сабира, көп иччү болдуң. Эмне эриңдин көзү өткөнүн арак менен жоктоп жатасыңбы? Токтот! Баланын жүрөгүндө калат» деп кыйырлай кеп кылганда жаш келин унчукпай кутулган.

Акыркы күндөрү бала талмоорсуп көп ооруйт. Түшүнө атасы кирет. «Баягыдай эле арык экен. Уулун жүзүнөн сүйө атына өңөрдү. Ошол тапта кайдан-жайдан белгисиз баягыл кара киши колундагы шамшары менен көкүрөк тушуна малып алды. Аппак көйнөгү кызыл жаян болуп, атасынын көзү аңтарылып баратты. «Ата!» деп чочуп ойгонгон бала үйдүн төр жагында энесинин аппак төшүп аймалап жаткан кара кишини көрдү. Шыңкылдап күлкүсү чыккан энесинин көңүлү шат. Анардай тамылжып кызуу экен. Соксойтуп башын көгөрө койгон уулун көргөн келин:

— Эмне, Саматчик, чочудуңбу? — деп жеңин кымтылай тура калды.

Баягы кара киши кайра асылды. Ордунан атып турган бала үстөл үстүндөгү жарты аракты алып ыргытып:

— Кет! Кеткиле! — деп ыйлап жиберди.

Бул окуя бир жума мурун болгон эле. Өзүн күнөөлүү сезген энеси уулунун кийим-кечегин жамап-жаскап үйдөн чыкпаган. Эми минтип кечээтен бери жок. Мектепке да көптөн бери бара элек. Анын да себеби болуп калды. Өткөндө өзүнүн классташы Муктар экөө уруша кетсе, «Сенин энең ичкич. Көрүнгөн жерде мас болуп жүрөт. Ал үйүңөргө келген кара кишиге тийет» деп алка жакадан алган.

Короозчо үтүрөңдөшкөн экөөнү Кубат агайы араң ажыраткан. Ал агайы ошондон бери үйгө көп каттайт. Кийинки келишинде, «Эгерде баланы мындай кароосуз калтырсаңыз, жатак мектепке алабыз» деп энесине катуу айгып чыгып кеткен.

Бала ушуларды ойлоду. Ушул үйдөн дубал боорундагы атасынын сүрөтүн алып чыгып кеткиси келди. Кайрадан айлана жапжарык болуп, чагылган чартылдады. Үй түбүнө бирөөлөр келгендей дабыш чыкты. Эшик шарт ачылып, чачы саксайган энеси көмкөрөсүнөн кулап түштү. Жүгүрүп жеткен бала энесин колтуктап тургуза бергенде, сасыган арактын жыты көңүлүн айнытып жиберди. Бала оолактай берди.

— Кечир мени, Саматчик. Корктуңбу? — деп тилин чайнаган энеси окшуп жиберди.

Эртеси таң эртеңден агайы үйгө келди. Көзү балжырай шишиген энеси:

— Бербейм! — деди көгөрө.

— Бала чечсин, эже? — деди агайы көшөрүп.

Оюна бир нерсе кылт эткен бала дубал боорундагы атасынын сүрөтүн китеп кабына салды да, энесин жекире:

— Кетем! — деди.

Ошондон бала агайын ээрчип, көрүстөндөн жүзаарчысына атасынын бир ууч топурагын түйүп алып, түш оой Караколго кетчү автобуска агайы экөө түшкөнүн көргөндөр айтып келишти…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.