Эсенбай Нурушев: «Атчан китепке» алгы сөз

Эл акыны Кожогелди Култегиндин бул жыйнагына негизинен Түркияда жазган чыгармалары кириптир. Мындан улам китептеги түрк темасы табигый иштей кабылданат. Алардын арасында ар кандай сүрөттөөлөр бар: маселен, «Түркия чийимдери» деген ырынан бизге боордош бул өлкөнүн, орус агайындар айткандай, эмне менен жашап,  эмне менен дем алып жатканын (чем живёт, чем дышит) кыйла эле таасын байкаса болот, анын үстүнө ырдын аллюзиялары – каймана, капыя ишаараттары, подтексттери мол. «Зоодой-зоодой үйлөрү көжөлүп тур, зоболосун калкынын көтөрүп тур! Коштой-коштой коопсуздук адамдары, коңшум башка ооз менен жөтөлүп […]

Надежда Зимина: Хиромантия

“Келечек бар жана ал бизге алдын ала берилгендигин акылдуусунбай туруп айта алам”. Т.Бехтерева Баш сөз “Аристотелге чейинки байыркы деп эсептелген искусствонун пайда болушу тууралуу бизге белгилүү документтер жок… Айрым сакталган документтердин үзүндүлөрү качандыр эчак өткөн кылымдагы хиромантия жөнүндө кыжыр келтирерлик далилдерди камтыйт”, – деп Фред Геттингс өзүнүн эмгегиндеги колго карап келечекти айтуу искусствосуна арналган бөлүгүндө айткан. Ал хиромантия доорун бүткөн деп эсептеген. Анын оюнун натуура экендигин мезгил тастыктады. Орусияда хиромантияга кызыгуу XX кылымдын аягында пайда болгон, ал эми Батыш менен […]

СЕНЕКА: Бакытка көз каранды адамды эч качан бактылуу деп эсептебе

«Өлүм жөнүндө ой жүгүрт!» дейт бир адам. Демек, анын бизге эркиндик жөнүндө ойлогун дегени. Өлүмдүн маңызын түшүнгөн адам – кул болууну унуткан адам. Ал бардык бийликтен жогору, ошондой эле бардык бийликтен тышкары турат. ♦ ♦ ♦ Биздин өмүрүбүздү ар ким чарт үзүп коюшу мүмкүн, бирок, эч ким бизди өлүмдөн куткара албайт. Бул Кудайдын амири. ♦ ♦ ♦ Жадегенде эртеңки күнгө ээлик кыла албай туруп, бүтүндөй өмүрдү мерчемдеп алуу акылсыздык. ♦ ♦ ♦ Ажалдан коркуп жатып өлүү — акылсыздык. ♦ ♦ […]

Кыргыз эл жомогу: Эмгекчил кызга сыйкырчы аялдын белеги

Илгерки өткөн заманда эки кызы бар жесир аял болуптур. Улуу кызынын мүнөзү, келбети энесинен айрып алгыс экен. Айылдаштары улуу кызын энеси менен алыс жүргөнгө аракет кылышыптыр. Анткени өтө эле орой, көкүрөгүн көтөргөн арамзада экен. Ал эми кичүү кызынын кыял-жоругу кадим эле атасына окшош, адамдын көңүлүн оорутпаган, өтө боорукер, сулуулугу көргөн жанды суктандырган башкача ургаачы затынан экен. Энеси улуу кызын өзүнө тартып, кичүүсүн жек көрүп, аны эртеден кечке чейин иштете берет. Чоң кумура менен булактан суу алдырат. Булак он-он эки чакырым […]

Архивде калган асылдын эскерүүсү

Адам баласында тагдыр ар түркүн түзүлөт белем. Ошондой эле адамдын адамдарга  кылган жакшылыгы менен жамандыгы да миң түркүн. Ошондуктан жашоо-тирлик, турмуш деген ар кимде ар кандайча да бөтөнчө ой жүгүртүүгө түртөт шекилдүү. Бүгүн калем алып  бир чети эскерип, экинчиден, жөн эле эскербей, ал адамдын элине калтырып кеткен мурастарын сөз кылуу аны тааныган, көп жыл жакшы ниетте болгон биздей замандаштар үчүн моюндагы милдети десе да болот. Сарман Асанбеков агабызды калемдешимдин газетага чыккан макаласын же ырын качан окуганым эсимде жок. Бирок жакшы […]

Түмөнбай Колдошов: Ашыглыктын азабы

АҢГЕМЕ Терезеден ойлуу сыртты карап турам. Күн кечтеп калгандыктан аба ырайы бир аз суук. Кыш толук чыгып кете элек болсо да, жаздын жылуу илеби сезилип жатты. Ары-бери өткөндөрдүн баары эле кыз-жигиттей ээрчишип өтүп жаткандыктан эмне үчүн сени менен ушинтип кол кармашып жүрсөм болбойт деген ой кылт эте түштү. Сенин күлгөнүңдү, баскан-турганыңды, мага болгон мамилеңди, деги койчу, бүт баарын көз алдыман өткөрдүм. Сен да мени ойлодуң бекен?.. Мен сыяктуу санаага батып, кусаланып, сагынычтын кучагында калдыңбы? Жок! Сен антип сагынбайсың, мен жөнүндө […]

Абдил Шерматов: Мугалимдин портрети

Ким тарткан жупуну бул портретти? Боёгунун түсү күңүрт ажарланбай, Натурасы коомайланат араң жандай, Бырыш-тырыш костюму бойго тардай, Бүчүлөнгөн көйнөгүндө галстук жок, Элеттен келе калган пендеге окшоп, Чыбыр-чыбыр беттеги бырыштары, Эске салат дервишти Чыгыштагы, Канча үңүлбө сен анын келбетине, Анча окшобойт мугалимдин бейнесине. Негедир көзү гана башкачараак, Карасаң каның дүргүп башка чабат, Аңтаргандай арыңды, уятыңды, Кареги карек көзөп турат карап: «Азгантай айлыгыңа алымсынып, Мага окшоп жашадыңбы каның сыгып? Жалтаңдап сүйлөй албай балдарыңа, Күлала болдуң беле шагың сынып?» Дегендей көз ирмебей тике […]

Дилазык: О Кудай, мени телевизор кылып койчу!

Баштапкы класстагы балдарды окуткан мугалим, окуучуларына: — Кудай бир кыялыңарды аткарам десе, эмнени суранат элеңер? – деген темада дилбаян жаздырды. Кечинде үйүнө келип, окуучуларынын иштерин текшерип жатып, бир дилбаянга көзү түштү. Ал аны окуп алып, ыйлап жатканда сырттан күйөөсү кирди. — Эмне болуп кетти? – деп сурады ал аялынан. — Ме, оку! – деп ага бир баланын дилбаянын сунду аялы. “О Кудай, мен сага өзгөчө бир өтүнүч менен кайрылам: мени телевизорго айлантып салчы! Мен биздин телевизордун жашоосуна суктанам. Ал биздин […]

Аалы Молдоканов: Юпитердеги жыл санак боюнча Ыр-Акем 100дө

Ага-ини+достор = Рамис Рыскулов менен Аалы Молдокановдун маеги бул. Ыракебизди (Р.Рыскулов) азыркы жаштар билбеши мүмкүн. Тааныбайт чыгар. Бу эмне болгон маек-дүкөн деши мүмкүн кээси. Ал эми Ыракени билгендер – түшүнөт. Илгиртпейт. Ал кишинин сүйлөө манерасын, жүрүм-турумун айрымдар түшүнөбү-жокпу… деп турбуз. Аалыкебиз да (Молдоканов) Ыраке кандай төгүлсө, оозеки кебин дал ошондой кагазга түшүргөн экен. Ошонусу жакты. Бали! Шон үчүн окурман журтуна түшүндүрүп кетер жагдайды эске алып, маектеги стилистикалык өзгөчөлүктөрдү эч өзгөртүүсүз жарыялоону эп көрдүк. Ансыз өйдө-ылдый ой жүгүрткөн Ыракенин кулк-мүнөзү ачылбайт. […]

Бери караң: баарыбыз үчүн логикалык баш катырма

Табышмактар Латыш элинин табышмактары Жаңгагы жер алдында, жалбырактары жер үстүндө[1]. Апакай жайытта кара уйлар чубайт, аларды акыл издеген эки уйчуман карайт[2]. Ак дубалды жарып, күмүштү көрдүм, Күмүштү жарып, алтынды алдым[3]. Жону тешик кара бука.[4] Кылга байланган кызыл бука[5]. Жети карышкыр жесе да, желип жатканы тирүү[6]. Кенеден кичине, букадан оор[7]. Тишсиз карышкыр сөөксүз койду жеп жатат[8]. Үчөө бир сокону сүйрөп, экөө жандап барат[9]. Англис элинин табышмактары Айлананы канчалык калың каптаса, көз алдың ошончолук көрүнбөйт[10]. Алмадай тоголок, тыйындай жалпак да болот, эки […]

Темирлан Бейшенов: Кылыгын койбогон кыргыз

АҢГЕМЕ Таңга маал телефонум шыңгыраганынан алсам, бажам чалыптыр. Түнү менен такси айдап, таңга маал жаңы келгем. Телефон өчүрбөгөнүмө өкүнүп, жок дегенде аны албай эле койсомчу деп кейип, тулку-бой чарчап, өзүм да уйкусурап отуруп, бажамдын айтканынын көбүн түшүнгөн деле жокмун. Бажам быдылдап тез сүйлөчү, ушундай адамдар болот эмеспи, дайыма бир жакка шашкансып безилдейт. Бир гана: «Саат сегизге келип кал»,- деген сөзү кулагымда. «Макул, — дедим да, уйкуга баратып өзүмчө: Энеге макул дедим, башка бир шылтоону айтып кутулбайт белем?» — деп баш […]

Адем Гунеш: Өспүрүм курактагы балага урмат көрсөтө билиңиз!

“Балдарды башка коркунучтардан коргогон кеп эмес. Анык коркунуч – өз ата-энелери. Алар өз балдары үчүн жеткен жадаткыр экенин түшүнүшпөйт!” Жорж Бернард ШОУ Ата- энелер баарыбыз, балабыз жашоодо, турмушунда  билимдүү,  ийгиликтүү болушун каалайбыз.  Бирок,  өзүнө ишенген адам болуусу,  жашоодо ийгиликтерди багынтышы үчүн  балабыздын  «кишилиги» калыптануусуна кандай шарт түзө алдык деп ойлойбузбу? Кээ бир  адамдар  байлыгы-кызматы болгон менен айланасындагы адамдарга баркы жок. Анткени, адамга барк алып келген нерсе «ал ээ болгон нерселер эмес, «кишилиги». Кишиликтин калыптанышы үчүн бала кезден өспүрүм  курактан балага […]

Советбек Байгазиев: Поэзия — тагдыр[1]

Бизде басмалардан онго жакын же андан ашык поэтикалык китептерин чыгарса да ушу күнгө чейин профессионалдык сындан өз чыгармачылыгы жөнүндө кенен-кесир пикирлерди угалбай жүргөн акындар бар. Салибай Шатманов ошондой көз жаздымында калып келаткан авторлордун бири. С. Шатманов жоон топ поэтикалык жыйнактардын ээси болуп, поэзиябызда очор-бачар чарба күтүп олтурса да, анын зилинде кандай акын экендиги жөнүндө эмдигиче белгилүү бир ачык айтылган пикирлер жок. Эгер профессионалдык сын көркөм процесстин белгилүү бир мезгилдик тилкелеринде жаралган түзүмдөргө кайрылып, аларды анализдеп, жалпылап, жыйынтыктап калса, эмнегедир С. […]

Осман Чевиксой: Атамды көрдүм

АҢГЕМЕ Кеткенинен жыйырма жети жылдан кийин, түшкө жуук, жаңы ачылган дүкөндүн ичиндеги жапжаңы витриналардын алдынан атамды көрдүм. Оң жагында да, сол жагында да кишилер бар эле. Бир саамга тиктеше калдык, бири-бирибизди тааныдык. Жаңылган жокмун, атам, ооба, атам. Эч нерсе айтпастан күтүүсүздөн кетип калган, кеткенден кийин да бизди издеп кайрылбаган атам… Бир аз тиктешип турдук. Адегенде көргөн көзүмө ишенген да жокмун. Ушунча жылдан кийин мен атам менен маңдай-тескей турган элем, ал дагы мени көргөнүнө ишене албай жатканы көз караштарынан билинип турду. […]