Ингуш эл жомогу: Учтугуй мүйүз теке

Үч теке жайытка чыгат. Жашы картаң экөөсү менменсинген мактанчаак экен. Экөө өздөрүнчө мүйүздөрү менен мактанчу болушат: «Бизге карышкыр кабылчу болсо, өпкөсүн үзө сүзмөкпүз ээ». А жаш теке үн чыгарбай, жашыл чөптү кыртылдата оттоп гана урчук таштарга мүйүзүн кайрап жүрө берет. Үчөө кечки маалда кезүүдөн кайтат. Карт текелер алдыга озуп кетип, жаш теке артта калат. Бир маалда карышкыр карп-күрп чыгат алдыдан. Эң алдыдагы карт текеге айтат: — Кел теке, урушабыз! — Урушса урушабыз, эси жок карышкыр десе! Экөө урушту баштаганда эле, […]

Халида Токоева: Бардыгы сатылууда

ӨЗ БАКТЫМДЫ СЫНАМАККА Эмнегедир мен өзгөрүп баратамын, Кең ааламга түрлүү обон таратамын. Табигаттын миң сырларын ачып бүтпөй, Жакшыларга изги жолдо жанашамын. Аруу таңда жакшы ырды жаратамын, Жүрөгүмдү эч себепсиз канатамын. Чыйыр жолдон багыт алып даңгыр жолго, Мен сүйүүгө, мен өзүңө жарашамын. Жөнөкөйдөн сапар улап татаалдыкка, Жан дүйнөмдү аруулантып тазалыкка. Эл алдында милдетимди колго алып, Сапар алдым өз бактымды сынамакка. АСЫЛКЕЧИМ Өзгөлөрдү жандап баспагын, Өчөгүшүп күйүп жанбайын. Бийик тутуп жүрүп өтөйүн, Өкүнүчтүн отун жакпагын. Асылкечим, менин ардагым, Акылымдан мени албагын. Азгырылып […]

Саул Абрамзон: Кыргыздардын коомдук түзүлүшү

Укум-тукуму кыргыз элинин составына кирген кээ бир байыркы жана орто кылымдагы урууларда мүлк жагынан теңсиздиктин, урук-уруулук төбөлдөрдүн, таптык мамилелердин бар экендиги тарыхый булактар, анын ичинде Орхон-Енисей жазмалары, ошондой эле археологиялык маалыматтар менен далилденген. Бир кыйла кийинки мезгил үчүн, атап айтканда XVI—XVII кылымдардан тартып тянь-шандык кыргыздарда да феодалдык мамилелердин болгондугу жөнүндө анык маалыматтар бар. Мындай мамилелер кыргыз урууларында, ошондой эле башка көчмөндөрдө бир кыйла кийинчерээк, жок эле дегенде биздин доордун 1-миң жылдыгынын акырынан кеч эмес биротоло түзүлгөн деп божомолдоого болот. Албетте, […]

Бейшебай УСУБАЛИЕВ: Азыркылар өлүмдү кайдан билишет!

Жазуучу-окумуштуу Бейшебай Усубалиев менен болгон бул маек мындан тогуз жыл мурда жазылган. “Аргумент” аттуу гезитке басылып чыгып, кийин ал гезит түп орду менен жарык көрбөй калды көрүнөт. Ал эми жазуучу менен болгон бул маек эскирбептир. Кайра окуса болчудай… — Бейшебай байке, сиз менен баягы эле экөөбүздүн ортобуздагы көнүмүш адат болуп калган адабияттын тегерегинде сөз кылганы келдим. — Келсең-кел, силер, гезитчилер, саясат, анан артисттер жөнүндө жаза берип, ал биз, окурмандар, силердин коёндой опокшош макала, баяндарыңарды окуй берип, чарчадык көрүнөт. Кызык, жылдардын […]

Фолкер Борбайн & Кристиан Баумгартен: Чечим

(Чыгарма немис тилинен которулду) Сөз башы Амели үчүн экзамендер аяктаган соң анын жашоосундагы көңүл эргитерлик жана жанына жай бербей толкунданткан жаңы күндөр башталды. Ал аны өзүнө башкача элестеткен эле. Амели үмүттөнүү жана чайпалып күмөн саноонун ортосунда жашап жатты. Бул баяндын башкы каармандары: Сара Шаль – 53 жашта. Кесиптик окуу жайында мугалим. Ал кызынын кандайча кыйналып жүргөнүн көрөт. Томас Шаль – 55 жашта. Инженер. Ал кызына жардам бергиси келет. Бирок кызы өз жолу менен кетүүнү каалайт. Амели Шаль – 18 жашта. […]