Бүткүл жол сапарым – сыноо, сурамжылоолордон болду.

♦ ♦ ♦

Өзүнө ишенбеген адам дайыма жалган айтат.

♦ ♦ ♦

Бийик үн менен сүйлөгөндөр – маңыздуу темаларда ойлоно алышпайт.

♦ ♦ ♦

Ишеним – чындыктын душманы.

♦ ♦ ♦

Бийик тоодогу муз ичинде ыракаттанып жашоо – философия.

♦ ♦ ♦

Бийиктеген сайын учканды билбегендерге дагы да кичинекей көрүнөбүз.

♦ ♦ ♦

Жаратмандык, жаңы ачылыштар – кайгыда жана жалгыздыкта кала берүү.

♦ ♦ ♦

Өз далыңа чык. Башка кантип бийиктей алмаксың!

♦ ♦ ♦

Туура жана жаңылуу деген жок, бир гана божомолдоолор бар.

♦ ♦ ♦

Биз ашык болгонго эмес, ашык болгондун өзүнө ашыкпыз.

♦ ♦ ♦

Бир гана мазар болгон жерде, тирүүлүк бар.

♦ ♦ ♦

Жокчулук – чоң байлык, урматтуум, муну сезээрсиң.

♦ ♦ ♦

Көпчүлүк адам жаман ниеттүү боло албагандыктан өзү менен өзү убара.

♦ ♦ ♦

Чыныгы тандоо – жалгыз чындыктын алдында гана жандана алат.

♦ ♦ ♦

Өмүр бою туура эмес музыкага бийлеген сыяктуумун.

♦ ♦ ♦

Дүйнөдө эч бир нерсе адамды кек сактоо сезиминчелик чарчатпайт.

♦ ♦ ♦

Сиз бийиктегиңиз келген сайын жогору карайсыз. А мен төмөн карай.

♦ ♦ ♦

Кээси өз чынжырын чече албай атып, досторунун чынжырын чечкиси бар.

♦ ♦ ♦

Эң кечиримсиз жагың – күчүң бар туруп, бирок кабыл алгың келбегени.

♦ ♦ ♦

Көп суммадагы карыз – адамдык баркыңды билгенге эмес, кекчилдикке үйрөтөт.

♦ ♦ ♦

Мага жалган сүйлөгөнүңө эмес, сага эми ишене албаганыма өкүнөм.

♦ ♦ ♦

Өлүмдүн жогорку ийгилиги – дагы бир жолу өлбөй тургандыгың.

♦ ♦ ♦

Кайгыңды эмес, кубанычыңды бөлүшүү – достукту жаратат.

♦ ♦ ♦

Өзүбүз тууралуу көп сүйлөө – өз сырыбызды сактоонун бир жолу болушу мүмкүн.

♦ ♦ ♦

Дүйнөнүн эң бийик тагына чыксак да – көчүгүбүздү коёбуз.

♦ ♦ ♦

Алдыңан чыга турган эң жаман душман – дайыма өзүңсүң.

♦ ♦ ♦

Сабатсыз коом менен шайлоо өткөрүү – билимсиз адамдан кайсы китепти окуганын сурагандай кеп.

♦ ♦ ♦

Кубанууну үйрөнсөк, башкалардын азабын бергенди унутабыз.

♦ ♦ ♦

Сени мактап жаткан убакта өз жолуң менен баратканыңды ойлонбо, башканын жолу менен бараткан болушуң да мүмкүн.

♦ ♦ ♦

Жалгыздык – ким-бирөөлөр үчүн оорулуу адамдын качышы, кимдир-бирөөгө оорулуу адамдардан качуу.

♦ ♦ ♦

Өз тереңдигин аңдаган адам башкаларга түшүнүктүү болууга аракет жасайт, а терең көрүнгүсү келгендер өзүн билерман көрсөтүүгө далалаттанат. Себеби, көпчүлүк түбүн көрө албаган нерсени тереңдик деп ойлойт.

Англис тилинен которгон Мээрим САЙДИЛКАН

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.