Темирлан Бейшенов: Тыңчы кумурска (шедевр)

АҢГЕМЕ Баштыкты апам аябай бекем ороптур, чаң, суу тийбесин дегени го, же бирөө-жарым албасын дегениби, айтор, бир топ кыйналып жатып ачтым. Баштыктын ичин ачып, курут, мөмө-жемиштердин кургатылган кагы, эки жүн байпак, ичинде бир карын сары май, дагы биринде кожогаттан кыям бар экен. Баштыктын түбүнө гезит-журналдарды, мен сураган китептерди салыптыр. Банкаларды сынбасын деп байпак ичине салган апамдын тапкычтыгына, жылуу жүн байпак менен издеген китептерди жөнөтүп жибергенине ыраазы болуп, аларды улам биринин артынан бирин кармалап, кучактап, апамды сагынып, аяп, көзүмө жаш толо […]

Сабыр Иптаруулу: Кыргыздын насили – Дээр, наркы – Зээн

Эне тилибизде адамдын ар кандай менталдык-психологиялык, инсандык-адептик сапаттарын сыпаттаган «дээр», «зээн», «эп», «оп», «татым», «табит», «нарк», «насил» сыяктуу түшүнүктөр кездешет. Алар синоним сөздөр катары колдонулган менен ички табияты, түпкү мааниси бири-биринен кыйла айырмалуу, ошол эле учурда бири-бирин толуктап турган түгөйлөш түшүнүктөр болуп саналат. Бул бир жагынан адамдын айрым мүнөз-сапаттары табияттан тамырлап, кан менен кошо бериле тургандыгын билдирсе («Карындагы баланын кан болорун ким билет»), айрымдары тышкы таасирлердин аркасында акырындап калыптанып, жетиле тургандыгын сыпаттайт («Сүт менен кирген, сөөк менен чыгат»). Булар элибиздин […]

Садык Шер-Нияз: Бир айылдын жомогу

Асан менен Үсөн классташ. Мектепти чогуу бүтүрүп, анан шаарда да чогуу окушту. Үйлөнүп үй күтүп, шаарга там салмак болушту. Шаардын чекесинен жер сатып алганы келсе, бир жаңы айыл курулуп жатыптыр, бирок ал айыл жөн айыл эмес эле, анткени ал айылдын эки көчөсү бар экен. Бир көчөсүндөгү шарт – жериңди аласың да, каалагандай саласың. Экинчиси – жер аласың, бирок каалагандай салбайсың, ошол алган жериңден дагы бир аз жерин жалпы колдонууга бересиң, өзүнчө короо курбайсың, жалпы короонун ичинде жашайсың, болгон жакшылыкты да, […]