Кыргыз эл жомогу: Ырысы жок ырыстуу болду

Мурунку өткөн заманда ата-энесинен эрте айрылган тоголок жетим бала болгон экен. Энесинин кийинки күйөөсү бир жылдай бирге жашаса да, балага ырайым кылбай коюптур. Бала жетимчиликтен желкеси күйүп, карыпчылыктан карды тойбой, турмуштун кыйынчылык каарын тартат. Канчалык кыйналса дагы, келечектен үмүт үзбөй, жамандык жолго барбай, арамдыктан алыс болот. Антип-минтип турмуш алынын бардыгынча жанчып, тоголок жетим боорун жерден алат. Көбүнчө ал тоо-ташты мекендеп, согон, ышкын, жөргөмүш, козу кулак, пияз, четиндин ашын терип жеп, эч нерседен коркпой жашай берет. Кез-кезинде ата-энесинин көрүстөнүнө барып таазим […]

Абибилла Пазылов: Шырдакбек

“Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат” дешет демейде. Ий-е, калетсиз накыл. Ошол эле убакта  калдайган  калкына  өзгөчө  кызмат өтөгөн  ары кыраан, ары чыгаан бектердин ыйык  элеси  өлбөс-өчпөс эн белгидей, аят тумардай  уюткулуу улуттун аң-сезиминде, эстутумунда сары майдай  сакталып  жүрө  берет турбайбы. Бекзаттардын мейкин-мезгилиндеги чыгармачылык устаканасында   бел чечпей,  белсене узанган  белгилүү даанышманыбыз Жусуп Баласагын бекер жеринен “бүт ааламга тараса бектин даңкы, \ күндөн күнгө мөмөлөп, артса баркы…” дегенчелик  кыялданбаса керек. Шыбагасына эмерекидей  акжолтой бак-таалай  энчиленген илгерки көсөм, ири инсандарыбыздын  […]

Олжобай Шакир: «РухЭш» сайтынын алдында адабий агенттик өз ишин баштады

Эгемендик жылдар кыргыз адабиятынын жүгүн тарткан акын-жазуучуларыбызга оңой-олтоң болбоду. Жаңы замандын сыноосун көтөргөнү көтөрдү. Сырттагы жаңы доор менен жуурулушуп кетүүгө баарынын эле жөндөмү жетпеди. Ошентсе да туш тарабынан баарынын шаасын кетирген кезең артка сүрүлдү энди. Капиталисттик заң-закүндүн табиятына түшүнүп-түшүнбөй үшү үрккөндөрү болду, бирок бул жолдон айланып өтөр да аргабыз жок болучу. Көргүлүктү көрдү акын-жазуучуларыбыз. Аны арман кылбайлы. Эми уңулдагандын, нааразы болгондун кажаты жок. Кыйын күндөрдүн улуу сабагын гана алдык. Эч ким эч нерсесин жоготкон жок андан! Алдыга сүңгүйлү – капитализмге. […]

Жюль Ренар: Атак-даңк – бул карандай мээнет

Француз жазуучусу жана драматургу Жюль Ренар (1864-1910) көзү барында Стендаль, Бальзак, Гюго сыяктуу атагы таш жарып чыкпаганы үчүн катуу арданчу экен. Ал эмес кээде өз чөйрөсүндөгүлөргө тамаша иретинде «мен өлгөндө мүрзөмө: «Жюль Ренардын кадырына эч бир замандашы жеткен жок!» деген жазуу болсун» – деп көкүрөк ызасын ачык билдирчү экен. Оозуна сала бергендей болуп, качан одүйнөгө узары менен чындап эле Ренардын чыгармалары дүйнө адабиятын дүң кылып, Европадагы талоонго түшкөн авторлордун бирине айланат. Ал өзү жөнүндө эң мыкты жазылган «Күндөлүккө» (Бул күндөлүк […]

Жек Лондон: Жалганчы Нам-Бок

АҢГЕМЕ Жерден чыккандай үн жаңырды: — Кайык! Кайык келатат! Чын эле, ичинде киши бар экен! Карасаңар, ал калакты да олдоксон шилеп жатат! Карылыктын туу жонуна жетип калган Баск-Ва-Ван кемпир алсыздыгынан калтырап, тизелеп турду да, толкундана деңизге көз чаптырды. — Нам-Бок калакты дайыма олдоксон шилөөчү, — деди ал зылдай ойго басырылгандай күбүрөп. Колу менен күндөн көзүн серепчилеп, күмүш сымал жалт-жулт эткен деңиз бетине тигилди. — Ал дайыма олдоксон болучу. Менин жадымда… Бирок муну уккан катындар менен балдар шарактап күлүп жиберишти. Алардын […]