Эгемендик жылдар кыргыз адабиятынын жүгүн тарткан акын-жазуучуларыбызга оңой-олтоң болбоду. Жаңы замандын сыноосун көтөргөнү көтөрдү. Сырттагы жаңы доор менен жуурулушуп кетүүгө баарынын эле жөндөмү жетпеди. Ошентсе да туш тарабынан баарынын шаасын кетирген кезең артка сүрүлдү энди.

Капиталисттик заң-закүндүн табиятына түшүнүп-түшүнбөй үшү үрккөндөрү болду, бирок бул жолдон айланып өтөр да аргабыз жок болучу. Көргүлүктү көрдү акын-жазуучуларыбыз. Аны арман кылбайлы. Эми уңулдагандын, нааразы болгондун кажаты жок. Кыйын күндөрдүн улуу сабагын гана алдык. Эч ким эч нерсесин жоготкон жок андан! Алдыга сүңгүйлү – капитализмге. Башка жолубуз жок. Адабият рыногун жараталы. Өткөн турмушубуздун улуу сабагын алдыкпы-жокпу – бүгүнкү күнгө жүз буралы.

Азыр Өкмөттөн, Жазуучулар союзунан илгеркидей колдоо күтүп кереги жок. Заман башка. Эң башкысы – жыргал заманга туш болдуң, урматтуу калемгер! Саясый идеологиянын пропагандалык туткунунан бошонгонубузга чейрек кылым ашты. Мындан артык чыгармачылык эркиндикке жетер дагы кандай шарт керек саган?

Агер адабиятыбыз өлкө казынасынын эсебинен каржыланар болсо, андай адабияттын барынан жогу… Бакма тооктон айырмасы болбос андай адабияттын! Агер Жазуучулар союзунун колдоосун күтсөң, анда эле калем-кагазыңды жыйыштырып салың, – сизиң менен бизиңдин жолубуз ача. Анда эле чыгармачылык эркиндиктен кол жууп, пропагандист-жазуучу атыгасың. Бийликтин кол баласына айланганың ошол. Керекпи ушу? Агер бакма тоокко айланбайм, алгыр куштай асманга шукшурулуп алыс учам десең, илгерки союз мезгилиндегидей расмий бийликтин колдоосун унут, жолуң болгур калемгер!

Заман зарпынан заарканар учур эмес азыр. Эс пештеп отурсак, улуттук адабияттын салттуу жолун улантаар жагымдуу шарттар туру. Колунда бардын алдында кор болбой турган заманды кааласак, төмөндөгү биз иштеп чыккан механизмге көңүл төшөп көрүңүз. Биз бул механизмди турмушка ашыруу максатында «РухЭш» сайтынын тилектеш, санаалаш меценаттары менен макулдашып, адабий агенттик түзүүнү көздөдүк. Азырынча биз менен кызматташууга ниетин бурган, улуттук адабиятыбыздын келечегине кайдыгер эмес агаларыбыз, досторубуз, инилерибиз чыгууда.

Алар: коомдук жана мамлекеттик ишмер Аскар Салымбеков, КР Жогорку Кеңешинин экс-төрагасы, учурдагы ЖК депутаты Чыныбай Турсунбеков, ЖК депутаты Садык Шер-Нияз, ЖК депутаты Каныбек Иманалиев, “Замандаш” партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов, “Мекен ынтымагы” партиясынын төрагасы Темирбек Асанбеков жана “Турар” басма үйүнүн гендиректору Тилек Мураталиев, жеке ишкер Урматбек Жаншымбетов менен макулдашуулар жүрүүдө. Макулдашуулардын негизинде «РухЭш» сайтынын алдында атайы адабий агенттик түзүлмөкчү.

Иштиктүү аракеттерибизди реалдуу турмушка ашыруу үчүн атайы банк эсеби жарыяланат. Банктык эсебибизге кайсы меценаттан канча суммада каражат түшкөнүнө жараша адабий агенттик өз милдетине киришет.

Адабий агенттиктин 1-баскычтагы милдеттери:

  1. Ар жыл сайын 12-декабрь – Кыргыз адабиятынын күнү белгиленген датада адабий эксперттер тарабынан үч авторго «Ак мөңгү» аталышындагы сыйлык ыйгарылат. Сыйлык өлчөмү бир миллион сом.
  2. Бул сыйлык кандай критерийдин негизинде аныкталат? Жашыруун ысымдагы адабий комиссия түзүлүп, окурмандар арасында «Учур талабына жооп берер кайсы акын же кайсы жазуучуну билесиз?» аттуу атайы сурамжылоонун негизинде ысымы эң көп аталган үч автордун рейтинги аныкталып, ошол үч автордун китеби “Турар” басма үйү тарабынан жарыкка чыгат.
  3. Сурамжылоонун негизинде эң жогорку рейтингтеги үч авторго «Ак мөңгү» адабий сыйлыгы ыйгарылып, бир миллион сом үч авторго бирдей суммада бөлүштүрүлөт.
  4. «Ак мөңгү» аталышындагы сыйлыктын жеңүүчүсү деп табылган автордун “Турар” басма үйү тарабынан жарыкка чыккан китеби «РухЭш» сайтынын алдында түзүлгөн котормо бөлүмүндөгү адистер тарабынан англис, түрк, француз, немис, кытай ж.б. дүйнөлүк тилдерге которууга берилет. Адабий агенттиктин алдындагы котормо бөлүмүнүн иш-максаты кандай өңүттө уюшулары жөнүндө кошумча маалымат жарыяланат жакында.

Түшүндүрмө: Адабий сыйлыктын аталышы эмне үчүн «Ак мөңгү»? Ак мөңгү – бул Кыргызстандын географиялык символу. О.э. Кыргызстандын кино өндүрүшүндө ийгилик жараткандар арасында «Ак илбирс» сыйлыгы эл аралык кино тармагына бренд катары белгилүү болуп калганы дайын. Андыктан Кыргызстандагы эң келечектүү адабий сыйлыктын аталышы да ак илбирстердин мекени болгон ак мөңгүгө байланды.

Адабий агенттиктин 2-баскычтагы милдеттери:

  1. Учурда өндүрүмдүү (активдүү) иштеп келаткан авторлор менен тыгыз кызматташтыкты бекемдөө.
  2. Активдүү авторлордун чыгармаларын “РухЭш” сайтынын жана “Турар” басылмасынын ортосундагы келишимдер боюнча сапаттык деңгээлде жарыкка чыгарып, адабий сындарды, рецензияларды жарыялоо, о.э. жалпыга маалымдоо каражаттарында адабий жаңылык, анонс, рекламалык иштерди жандантуу.
  3. Активдүү авторлордун китеп өндүрүшүн кирешелүү соодага айлантуу.

P.S. “Ак мөңгү” адабий сыйлыгын уюштурууга эң алгачкы меценаттардын бири “Замандаш” партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов 200 000 (эки жүз миң) сом которо тургандыгын билдирди.

«Нуска»: Сапаттуу котормо – эне тил кенчи

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.