Алимбекова Акбермет: Классикалык чыгармаларды сүйөм

«Айтматовдон алган сабагым» конкурсуна Жашоонун агымы секунд сайын агып барат. Мен кичинемден эле жомок, кол жеткис кыял менен чоңойдум. Алар аркылуу өзүмдү өзүм жашоонун өзгөчө адамы боломун деп ойлоп келем. Ал эми Айтматовдун  чыгармаларын он үч жашымда окуп баштадым. Анын чыгармаларындагы каармандары менен жашап да жүрдүм. Анын чыгармалары аркылуу  жашоонун оош-кыйыштарын сезип, даамын да таттым. Көбүнчө классика жаатындагы  чыгармалары  мага абдан  жакты. Ал эми сүйүүнү  даңазалаган чыгармаларын  айтып бүтө  албаймын. Сүйбөй туруп сүйүү кандай болорун билдим. Жашоомо, өзгөчө ой чабытыма, […]

Жетиген Асанбек: Чындыкка кара, чындыкты жанда

Чынбы, жалганбы, кайсынысы жакшы? Албетте, чын жакшы. Аныгында бул суроо-талашсыз эле анык, адам адам болуп жаралгандан көкүрөгүнө кошо бүткөн тубаса мыйзам. Деген менен иш жүзүндө чындыкты сүйгөндөр аз болуп, аларды талоонго алгандар, а жалганды сүрөөгө алгандар басымдуулук кылат. Чындыкты жактоо, атүгүл курмандыкка чейин алпарып, далайлардын канынын кунуна турган учурлар тарыхта арбын. Бирок так ошол төгүлгөн кандар бул дүйнөгө түркүк болуп келаткандыр… Болбосо, жалгандыктын күүлдөгөн агымына каршы сүзө өлүмгө баш байлагандар болбосо, бул аалам эбак аласалып кетмектир… Жалган менен аёосуз күрөшкө […]

Мамбетасан Ибраев: Кыргыздарга билим керек көз ачкан!

ГАРВАРД КУРАБЫЗ Келер күндөн үмүт үзүп себепсиз, Кеткен ишке кейий берүү керексиз. Эртеңкибиз кечээгиден маанилүү – Эл, жер үчүн, урпак үчүн керекпиз. Кыйындыкты жеңген элбиз эчактан, Кыргыздарга билим керек көз ачкан! Келгилечи окуу жайын куралы, Кем болбогон: Гарвард,Оксфорд, Техастан. Ар убакта ойлоп изги ойлордон, Адашпасак Кудай сүйгөн оң жолдон. Анда биз да шаар салабыз ажайып, Аша түшкөн: Дубай, Париж, Лондондон! 03.10.2019. КЕЛЕЧЕК МУУН Ой менен аштым далай белестерди, Ойлорум ойдогудай белек берди. Ондогон жылдар өтүп, көз алдыма Ооматтуу келечек муун […]

Таланттуу деген жаш авторубуз плагиат болуп чыкты

Редакциядан: Заманың түшкүрдүкү деп күрсүнүп отурабыз… Жалган атак, жалган сыймык менен адабиятка из калтырам дегендер ар заманда болуп келгени дайын. Биздин заманда да жалган атакты жандай чапчулар чекеден табыларын береги биздин жаш калемгерибиз, туруктуу окурманыбыз Залкар Назарматовдун далилдүү макаласын окуп, шалдайып отуруп калдык. Учур адабиятындагы мындай чалкеш көрүнүшкө кайдыгер карабай, өз убагында реакция кылган Залкар Назарматов инибизге биринчиден алкыш айтабыз, экинчиден, адабий чөйрөдө аралашып жүргөн башка авторлор да учурдагы чыгармачылык процесстерге сырттан кайдыгер карабастан, өз маалында полемика түзүүгө билек түрүнө […]