«Айтматовдон алган сабагым» конкурсуна

Жашоонун агымы секунд сайын агып барат. Мен кичинемден эле жомок, кол жеткис кыял менен чоңойдум. Алар аркылуу өзүмдү өзүм жашоонун өзгөчө адамы боломун деп ойлоп келем. Ал эми Айтматовдун  чыгармаларын он үч жашымда окуп баштадым. Анын чыгармаларындагы каармандары менен жашап да жүрдүм. Анын чыгармалары аркылуу  жашоонун оош-кыйыштарын сезип, даамын да таттым. Көбүнчө классика жаатындагы  чыгармалары  мага абдан  жакты. Ал эми сүйүүнү  даңазалаган чыгармаларын  айтып бүтө  албаймын.

Сүйбөй туруп сүйүү кандай болорун билдим. Жашоомо, өзгөчө ой чабытыма, өзүмдү өстүрүүгө абдан чоң жардам берди. Эч бир чыгармасын бөлүп айткым келбейт. Анткени  мен  үчүн  ар бири  кол жеткис бийик. Мен үчүн жашоонун оңой жолун  таап берди. Бул чыгармалар аркылуу адамдар менен пикир  алышууну, туура сүйлөөнү, жан дүйнөм менен сүйлөшүүнү, өзүмө өзүм  дем  берүүнү  үйрөндүм. Ар кандай  кыйынчылыкты  айланып өтүүнү, айткан жазуучубуздун өзү эле  мага  ушул сынакка  тобокел  кылып  катышууну айткансыйт. Буга чейин да анын маанайды көтөргөн, кыйынчылыкты жеңип өткөн чыгармалары  аркылуу өзүмө өзүм дем алып бир канча  сынактарга катыштым. Жан дүйнөмдөгү кооздуктарды алып, бир канча ырлар жараттым. Эки дипломдун  ээси болдум. Коркпостон кадам таштап, эл алдында  сүйлөөнү үйрөндүм. Бир чыгармасын бир жыл бою окуган учурларым да болду. Айтматовдун чыгармаларындагы  түпкү маани-маңызын азырга дейре толук түшүнө албай келем. Аны түшүнүү үчүн менин бүткүл өмүрүм кетет өңдөнөт. Айтор мага жаркын жол болуп берди. Жашоонун көзгө көрүнбөгөн жазууларын бир аз болсо да, көргөздү десем жаңылбайм. Айтматовдой болууну кыялга айланттым. Аны жүрөгүмдүн түпкүрүндө сактап, ага терең таазим кылам. Анын  изи менен басууну адат кылууга аракет кылып келем.

Ош облусу, Ноокат району, “Шаңкол” орто мектеби, 10-класс

Жаңы окуу жылга карата өспүрүмдөр арасында конкурс жарыялайбыз!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.