ГАРВАРД КУРАБЫЗ
Келер күндөн үмүт үзүп себепсиз,
Кеткен ишке кейий берүү керексиз.
Эртеңкибиз кечээгиден маанилүү –
Эл, жер үчүн, урпак үчүн керекпиз.

Кыйындыкты жеңген элбиз эчактан,
Кыргыздарга билим керек көз ачкан!
Келгилечи окуу жайын куралы,
Кем болбогон: Гарвард,Оксфорд, Техастан.

Ар убакта ойлоп изги ойлордон,
Адашпасак Кудай сүйгөн оң жолдон.
Анда биз да шаар салабыз ажайып,
Аша түшкөн: Дубай, Париж, Лондондон!
03.10.2019.

КЕЛЕЧЕК МУУН
Ой менен аштым далай белестерди,
Ойлорум ойдогудай белек берди.
Ондогон жылдар өтүп, көз алдыма
Ооматтуу келечек муун элестелди.
Биздин эл эң даанышман эл болуптур,
Бир кылып дүйнөдөгү желектерди.
Бул кыял ишке ашат, ашпай койбойт,
Билимге бөлөп баксак бөбөктөрдү,
Ыйманга бөлөп баксак бөбөктөрдү!
29.09.2019.

АПАМА АРЗУУ
Бейиш энем, бейиштердин борбору,
Бере албадым кызматымды ойдогу.
Бүт сүйүүмдү, бүт барымды берейин,
Сен ыраазы болсоң экен болгону.

Жалбырактай бутагымдан үзүлүп,
Жашоо жели учуруп да түшүрүп:
Жаным күйүп, калганымды зар какшап,
Жатсаң керек жан дүйнөңдөй түшүнүп.

Бала  орду  жүрөгүндө  апанын…
Байыр алып келди дайым жашагым.
Сүйүү, мээрим берген энем эсен бол,
Сен бар жолго кошулганча сапарым.
12.03.2019.

ЭНЕКЕМЕ
Энекебай, сенден алып өмүрдү,
Эч капарсыз күн кечирдим көңүлдүү.
Кенен элем, бийик элем өзүң бар,
Кемигеним түшүмбү же өңүмбү?

Оо энеке, тарбияңдан кут таптым,
Оомат көрдүм, колго келди бүт бактым.
Азыр менде баардыгы бар жакшынын
Асыл энем, мен өзүңө муктажмын.

Тарбияңа мээримиңе теңечү,
Таамай келчү кайсы сөз бар деги өзү?
Дал өзүңдөй болсо экен деп тилеймин,
Дүйнөдөгү бүт балдардын энеси.
01.07.2019

КЕЧИРИМДҮҮЛҮК
Кечирим бер каталык кылгандарга,
Кемчиликсиз пенде жок бул жалганда.
«Ак жыгылса атаңдын кунун кечкин!»
Аллага кой калганын, муң-зарланба!

Кек сактаган адамдар күйүт жешет,
Кесепетке өздөрүн үгүттөшөт.
Даанышмандар таарынбай өмүр сүрөт,
Даражасын Жараткан бийиктетет.

Жүк баспасын жан көккө күүлөнөрдө,
Жүрөк токтоп, аз өмүр түгөнөрдө.
Кез келбейли башкысы баардыгыбыз,
Кечирилгис азаптуу күнөөлөргө.
28.09.2019

 

2 Replies to “Мамбетасан Ибраев: Кыргыздарга билим керек көз ачкан!”

  1. Ар бир иш сиздин жүрөгүңүздүн тамырынан өттү , келечек муундун инсан деген атка татыктуу болушуна шарт , билим берүү мезгилдин талабы. Манас атабыздын турпагында татыктуу УРПАКТАРЫ өнүп өсүүдө!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.