Чынбы, жалганбы, кайсынысы жакшы? Албетте, чын жакшы. Аныгында бул суроо-талашсыз эле анык, адам адам болуп жаралгандан көкүрөгүнө кошо бүткөн тубаса мыйзам. Деген менен иш жүзүндө чындыкты сүйгөндөр аз болуп, аларды талоонго алгандар, а жалганды сүрөөгө алгандар басымдуулук кылат.

Чындыкты жактоо, атүгүл курмандыкка чейин алпарып, далайлардын канынын кунуна турган учурлар тарыхта арбын. Бирок так ошол төгүлгөн кандар бул дүйнөгө түркүк болуп келаткандыр… Болбосо, жалгандыктын күүлдөгөн агымына каршы сүзө өлүмгө баш байлагандар болбосо, бул аалам эбак аласалып кетмектир…

Жалган менен аёосуз күрөшкө акыйкатты аздектеп, адилеттикти туу туткан чынчылдар гана чыга алышат. Өлкөбүздө кендирди кесип келген мыйзамсыз баюуга каршы туруп, эл ырыскысына кол салгандардын бетин ачып келген “Азаттык” радиосу жана анын журналисти Ыдырыс Исаков ушу тапта маалымат айдыңынын көңүл чордонунда. Окуянын иликтөөсүз эле алаканга салгандай айкын өңүтүн айталы.

Бажы деген өлкөнүн экономикасына түздөн-түз таасирдүү “бардар” мекеме бар эмеспи. Апрель төңкөрүшүнөн кийин төбөлдөрдүн ортосунда да так ушул майлуу орун талаш болгонунун коомчулукка чети чыгып кеткени да, ал көптөрдүн көзүн кызытаарын аныктаган. Төңкөрүштүн чаң-будуңу жакшы тарай элек, эл али демигип турган чакта, чаң ызгыткан дагы бир телефон сүйлөшүү тараган. Ал сүйлөшүү баягы бажынын башчылыгына ким келери тууралуу Алмаз Атамбаев менен Азимбек Бекназаровдун кер-мур айтышы болчу. Ошол кептин бажыга байланыштуу үзүмдөрүн гана келтирейин:

А. Б.: Алмаз?

А. А.: Да, досум.

А. Б.: Эмне албайсың телефонду?

А. А.: Албадымбы.

А. Б.: Сен азыр… Кулматов барып алып туруп, мен айтсам кто он такой, аны-муну деп, сенин айтканыңды да жокко чыгарыптыр. Сен барып айттың эле первый зам бул, бул деп… Эми капа болмой жок досум, сен өз билгениңди кылып атасың, мен да өз билгенимди кылам.

А. А.: …Мен мисалы сенин сураганыңды… ошол эле ветеринарияга коюп койдуң. А таможняга койгон балдарың ууру экен. Мага аякта уурунун кереги жок.

А. Б.: А мен ууруну сага далилдеп берем, ким ууру экенин. …Азыр санкция берип атам, Кулматовуңду бүгүн камайм. Сенин койгон адамдарыңды бүт анализдеп туруп…

А. А.: Камай бер, а мен эмнеге камаарыңды айтам.

А. Б.: Айт, айтып чык, керек болсо мен сени теледебатка чакырам эртең, келгиниң.

А. А.: Кылар ишиң жок болсо бара бер.

А. Б.: Эмитен ушинтип атасыңар, силер Бакиевден ашып түшөсүңөр… түшүндүм силер ким экениңерди.

А. А.: Эми эки таможенник үчүн эрегишсең уят ко.

А. Б.: Жээнбеков да суранган эле, мобуну коюп бер деп, аекке 400 миң доллар алып алып туруп, башканы койдуңар.

А. А.: Кимди койдук?

А. Б.: Сооронбай ыйлап атат азыр Ошто…

А. А.: Аны сенин балдарың койду да, менин балдарым койгон жок.

А. Б.: Мен Сооронбайдын представлениесин алып келип бергем. Аны кто он такой деп ыргытыптыр Кулматовуңар. Хорошо… …ушундайыңарда тамырды кыркыш керек, бүт эски крахоборлорду коюп атасыңар…

“Спутник” сайтынын маалыматына таянсак, бажы мекемесинде 1997-жылдан бери иштеп келаткан Райымбек Матраимов 2007–2013-жылдары Мамлекеттик бажы кызматынын Ош башкармалыгынын башчысы, 2013–2015-жылдары Түштүк башкармалыгынын башчысы, 2015–2017-жылдары Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Мындан жогорудагы сүйлөшүүдө Бекназаровдун айтканындай болсо, Райым Матраимов өзүнүн ээлеп отурган ордуна 400 миң доллар берип кайра отурган деген жыйынтыкка келебиз. Бул орун үчүн 400 миң доллар бергенден кийин, “кирешесин” божомолдоп коюуга болот, айлыгы эмес экени айтпаса да түшүнүктүү. Мөөнөтү бүтүп баратат деп моюн бербей баштаганбы, ким билсин — эмнеси менен жакпай калды, Атамбаев бийликтен кете жаздап калган кезде ал иштен алынды. Мындай буйрукка Атамбаев “тарбиялаган бала”, ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков кол койгондугу жалпыга маалым. Бул мезгилге чейин ал “Раим миллион” атка конгонго жетишкен. Эми, айлыгы эң көп болгондо да миллион эмес экени аксиома (далилдөөнү талап кылбаган чындык), бул талашсыз, акылында дарты бар адам эле талашпаса.

Ушул жылы Бермет Букашеванын “Азаттыктагы” “Секреты власти” берүүсүндө Бекназаров жогоруда айтылган телефон сүйлөшүүнүн чоо-жайын дагы дааналап берген.

Кыргызчалап келтирейин:

– …Сооронбай айтты, мына, эл бул жакта Бакиевдин таможеннигин кууп чыкса, силер канча бир акча алдыңар дагы, борбордон кайра коюп койдуңар деп, мына азыркы Сооронбай Жээнбеков ушинтип айткан. Биз эл бийлиги мына бул жигитти сунуш кылып атабыз деп, жаш жигитти көрсөттү. Мына ушуну бекиткиле деди. Мен айттым, бажыга Атамбаев куратор, мен сиздин сунушуңузду, сөзүңүздү ага жеткирем, азыр эле жеткирем деп ошол эле жерден телефон чалдым. Эй, Сооронбай ыйлап атат бул жерде, силер Кулматов менен 700бү, 400бү… акча алып, кайра коюп коюпсуңар дедим. Матраимов деген жокмун, бирок кайра коюпсуңар дедим. Ал болсо, коркутпа досум, коркутпа… деп, кебелбей сүйлөдү.

– Ооба, ооба, биз баарыбыз укканбыз, – деп Бермет айым да коштоду. Бекназаров сөзүн улап:

– Мен представлениени алып келип бердим, мына түштүк бийлиги, губернатор ушуну коёбуз деп атышат дедим. Ал Кулматовго бер деди. Кулматовду тапкан жокмун, орун басарын таап, мына, ушуну койгула, мурдагыны бошоткула дедим. Бошотушкан жок, анан мен көзмө көз Атамбаевден сурадым, эмне Жээнбеков дайындаганды койбой атасыңар деп. …Ал Кулматовго мен ишенем, ал кимди койсо, ошол иштейт деди. Анан мен айттым, Кулматовго карата үч кылмыш иши бар, анүстүнө ал Россиянын гражданы дедим. Ошондо Атамбаев Россия суранды  деди.

Бийлик башында турган адамдын ысмын атап Бекназаров жалган айтабы? Башы экөө эмес да.

Райымдын эпчилдигин көрүңүз, Бакиев бийликтен оогондо кошо ооп кетпей, ордун сактап калган экен. Ошол эпчилдик менен Атамбаевдин мөөнөтүнүн акырына чейин келип, акырында гана “жараксыз” болуп калганында, анан Атамбаевдин аны Жээнбековду каралоого курал кылып алышында кайсы жыландын башы кылтыйып турат белгисиз, айтор жыландын башы турат.

Дээрлик Кыргызстан эгемен мамлекети жаралгандан кошо түйүлүп, дүркүрөп өсүп, бүгүн эч кимге ээ бербей, мамлекеттин күч органдарын бучкагына теңебей турган бажыдагы коррупциялык схема аска-зоодой алыстан көрүнүп турса да, бийликтин тили да, колу да кыска болуп турганы Райымдын баягы эпчилдиги окшобойбу?

Туулган күнүн белгилүү ырчынын коштоосунда шаан-шөкөт менен өткөргөн Матраимовдордун дагы бир үй-бүлө мүчөсү сынга кабылганданбы, айтор Назик Матраимова деген инстаграм баракчада “…ЖК дагы, Президент дагы мышыгыбызды “пыш” дей албайт” таризинде билдирүү жазылып, ал заматта соцтармакка тараган. Анан калса, ири коррупцияга шектүү адамдын жээни элге “дивандан туруп иштегиле” деп насаат айтканы, өлкө коррупциянын айынан бутуна тура албай, жарандардын чет жактарга агымы токтобой турган убакта элдин кыжырын козгоду. Ак эмгегибиз менен ушундай даражага жеттик деп ишендиргиси келген го, тарбия ошол болсо кантсин, ага кайсы келесоо ишенет эле. Шаштысы кеткен ЖК депутаты Искендер Матраимов ал фейк, Назиктин атынан жазып жатышат дей калды эле, анын артынан “кармалган фейктин” видеосу тарады. Аны көргөндөр: “Карындашын мындай “уят кылып” аткандардын өңүн чыбырчыктатып эмнеге жашырышты экен?

Муну күч органдары кармаштыбы? Бул жасалма го? Э, кокуй, Тынар деле кошомат кылгансып жүрдү эле, ага сүйлөшө коюп, таланттуу артисттерди эмне жалдашпады экен, акча деген саман. ЖКнын бакандай спикери мактап жүрдү эле, той-топурунда өлкөнүн аттуу-баштуулары жүрдү эле, алар бир артист таап бере албаптырбы?” деп айтып оозду жыйгыча, “ал видеого тиешебиз жок” деп, Матраимованын адвокатыныкы делген билдирүү тарады. Анда ким тиги видеону жасап убара болот?

Калптын казаны кайнабай, жасалмалыгы одоно көрүнүп, иши кылып чакчелекей будуң-чаң. Болду, болбоду, “короочу кандектер, жымсалдап айтканда биздин досторубуз, эч ким эч нерсе дей албайт” деген Назик Матраимованын посту эч кандай фейк эмес окшоп калды. Кайрымдуулук фонд ачсак эле күрүлдөп акчалар шыкала баштады деп депутат Матраимов кеп салса, дагы бир Матраимовдун өз бизнесибиз менен дүнүйө-мүлк тапканбыз дегени арам акчаны адалдоонун эң эле бир эби-сыны жок, аска-зоону бетаачы менен жабууга кылган далалаттай болуп атат. Акчага акыл сатылбаганы кыйын да, тескерисинче, акча болгон акылды кемирет окшойт, кыясы.

Ушундай шартта акыйкаттык деген гана түбөлүктүү баалуулуктун жалаңдаган кылычын сунуп, Азаттык жана анын журналисттери коррупция деген ажыдаарга тиш салууда.

Кайрымдуулук фондго түшкөн акчаларга жалдашат окшойт ко, сомодой балбан билек жигиттер бүгүн журналисттин күбөлүгүн да, техника, телефондорун да тартып алуудан кайра тартпай, атургай күч органдарына жабыркагандардын үстүнөн арызданып отурушат. Жогоруда айтканымдай бордолгон букадай килеңдеген коррупциянын жанында чабыр козудай болгон күч органдары эми ошол журналисттин ишин тергеп жатышкан чак.

Тартылып алынган техникалар акыркы маалыматтар боюнча али кайтарылып бериле элек. Теңирден тескери деген ушу да. Укуктук, мыйзамдуу мамлекетте ошол коррупция күч органдарынан сестенип турушу керек эмес беле… “Азаттыктай” маалыматчылар менен ширелише кызматташып иш алып барса, оңой эле чөгөлөтүшөт эле. А күч органдары коррупцияга каршы күрөшүп аткан ММК кызматкерлеринин атына түшкөн арызды карашат имиш. Коррупциядан жабыр тарткандар күч органдарына эмес, “Азаттыкка” кайрылып тургандары эле мамлекеттин күч түзүмдөрү жаатындагы мышык ыйлагыдай абалын кашкайта көрсөтүп турбайбы.

Айланып кетейин багыбызга бүткөн баатырлар деп, Ыдырыс Исаковдой журналисттерди, “Азаттыктай” маалымат булагын тегеректеп колдойт экенбиз десем, карапайым окурмандар эмес, кээ бир журналисттер алардын ишин иликтеп, бул жеке ээликке кол салуу эмес бекен деген суроонун жообун издеп жүрүшөт, ой тобо… Анда бир шалдаят экенсиң.

Демократиялык коомдо төртүнчү бийлик аталган журналисттер коррупцияга каршы шымалана бел байлаган кесиптештерине жабыла кол кабыш кылып, жеңилин жерден, оорун колдон алып кетиш керек эмес беле! Шиши толгон коррупциянын ошондо жели чыгат эле го! Айласыздан оңбогур коррупция аларды да кучагына алып, “жайлаган” экен да деген ой келет.

Укмуштай жалгандан жамап-жаскап, Исаковду каралоо жүрүп жатат, “фейктерди ачып Матраимовдорду жаманатты кылып аткан бул “Азаттык” деген пикирлерди окуп, дендароо болосуң, калптын да чеги, эби-сыны болуш керек ко. Матраимовду бажыга орноштуруп койгон да ошол “Азаттык” болчу десе деле эми таң калбай турган болдук.

Соцтармактарда ур-тепкиге калган Матраимовдор актануунун аракетин кылып, алешемдик менен артык кылабыз деп, тыртык кылып атышат. Калп жагынан да “миллион” атыга турган болуп калышты көрүнөт. Коомчулуктун алдында актанууга көп эле амал кылып көрүштү.

Актануунун жалгыз эле туура жолу калды окшойт – кайрымдуулук фондун чындап адалдоо. Үй-бүлө мүчөлөрүнө жетерлик гана мүлкүн калтырып, калганын коомчулуктун кем-карчына жумшоо (кыстырма: депутаттарды, ж.б. күркүлдөрдү жыйнап чай берген кайрымдуулукка кирбейт). Мына ошондо бала-бакырасы да кеп-сөзгө калбай, маңдайы жарык майрамдашмак.

Райым Матраимов бажыдан кеткен. Коррупциялык схеманы, албетте, ала кеткен жок. Бажыда азыр жемкорлук жок дегенге ишенүү өтө кыйын. Кыргызстанда коррупциялык схема жалгыз бажыда эмес экени да айкын. Бажыдан байыган жалгыз Матраимов да эмес. Коррупционерлерди камай турган болсок, түрмөнү кеңейтүү маселеси жаралышы мүмкүн. Андыктан, коррупционерлердин үй-бүлө мүчөсүнө жетерлик гана мүлкүн калтырып, калганын конфискация кылуу керек. Экономика ошондо бир албан арыш жасап алат эле.

Ага эми азыркы бийликтин эрки, коомдун аң-сезими жетер бекен, маселе ошондо… Утурумдук жыргалын жылтылдатып, акырында жылас кыла турган жалганды эмес, дүйнөнүн түркүгү боло турган түбөлүктүү чындыкка карап, чындыкты жандасак эле ийгиликке жетет элек.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.