АҢГЕМЕ

Күзгү кечтин мээримдүү түнү, жымжырттык айылды ымырт басып, сасык туман көчөнү жойлоп, терезе жарыгынан ичкериге шыкаалай уурданып кетет. Саат жебеси чыкылдап, убакыт бир орунда туруп калгандай жылбады. Төрдөгү төшөктө оорулуу жан акырын козголо, кудайга тобо келтире жалына сүйлөп жатты: «Айланайын кудай, ичээримди ичип, жээримди жедим көрүнөт, ыйманымды саламат кыл, арам өлүмдөн сакта, доско күлкү, душманга таба болбоюн, жаман балдарымдын колунан узат…»

Көз кычыктарынан жыбырап келген чолок жаш жаак ылдый куюлуп, мурдун шыр-шыр тартты. Көз алдында мойтоңдоп ойногон балдарынын бала кези. Кумарлуу күндөр, бала жытына магдыраган ажайып түндөр, деги койчу ар бир кубанычтуу да, кусалуу да, сагынычтуу да окуялар тартыла берди. Оор үшкүрүнүп, каңырыш кулагын сыртка таштай баш көтөрөт, бирок терезедеги боз шоола агарбады.

— Кудай ай, ушунча да узун түн бересиңби, аччы түн пардаңды, тумчугуп баратам, өчүп баратам, жамбашым талып, сөөгүм ажырап кетмей болду.

Дагы салаалаган көз жаш келет, көкүрөк болкуп, уурту шор даамданат, кеберсиген эриндерин жалмалап, алкымын бууган ачуу ыза-таарыныч көөдөндө уюйт, анын нылдай оор салмагы төш сөөктү кычырата басып, алсыз жүрөктү эзип бараткаңдай, сыгып бараткандай…

— Ох, жаным, мынча кегиң бар эле, кайсы пейлиңди таарынттым. Кудай, чуркатып жүрүп, мүдүрүлтүп ал дегенден башка эмне сурадым? Ырас, жаман балдарымдын колунан… ушунумду оор көрүп турасыңбы, пендем десең, ушунумду кабыл кылчы! Ошолордун үнүн сагынычтан көзүм төрт болгон үчүн сурадым го?!

Тумандуу түн шыбыргактуу жамгыр менен коштолду, алгач майда себелеп, анан жаба кирди. Түшпөй калган күзгү жалбырактар үлбүрөй дирилдеп, кара дарак боорунан муздак суу шорголойт. Тамдын төбөсүнөн тамчы тыпылдап, көөдөй караңгы үйдүн бир ныптасында добуш пайда болду.

— Чык, чык, чык, чык, чык…

Шалдыраган жан кыямат менен жаздыктан баш көтөрө, калтыраган арык колдору менен жамынчысын сыйрып, эчен жыл жашаган тамдын эшигин боолгоп турайын деди эле, дарманы жетпеди, тизелеп, чыканактай жылып жөнөдү, кыйлага тырбалаңдап, ордунан обдулганда эле үстөмдөп кетип, бети менен таштай муздак таарды сүзүп калды. Аңгыча бүткүл боюн ичиркенткен калтырак басып, көздөрү караңгынын туңгуюгунда эч нерсени боолголой албай, ачылып-жумулгандай белгисиз, чыкпай калган көз жаш көөдөндү өрттөп, кемшейген ээк чылп-чылп шыбырай, дагы умтулду. Кандайдыр муздак суу жонуна куюлгандай калтырай түштү. Зылдай оор денесин (башкалар үчүн бир ууч сөөк эле) сүйрөп качууга аракеттенди.

Жонуна алда бир муздак таяк тийип жатты, оорулуу жан үнсүз ыйлап, жан соога суранды.

— Чык, чык, чык, чык, чык…

— Айланайын кудай, бул дагы кайсы жазыгым, кеселди кемиргеним азбы, чымындай жанымды чыркыратып, жонумду суук камчы менен тилесиңби, коё турчу, ушул таңда балдар келээр…

Тамчы сууга чыланган суу көйнөк алсыз жанга суу шимирген пахталуу чапандай оор сезилип, оорудан азган денени ушинтип баратты, тоңдуруп баратты.

— Чык, чык, чык, чык, чык…

Бирде чыпылдаган муздак тамчы – камчы, бирде кулакка угулган «чык, чык» жөөлүгөн жанды кыйлада босогого жеткирди да, эчен жылдап күн тийип, какжырап кыйшая, чала жабылчу эшик оорулуунун төбөсү тийгенде чалкасынан шалк этти.

Көчө таптап, терезе шыкаалаган дейди тумандан качкан муздак агым үйгө жулунду. Муздак үй, муздак төшөк, муздак дене, муздак сезим, муздаган айыл, муздаган аалам…

Көздөрүнөн муздак жаш агып, буту-колу муз боло көгөргөн эне, күзгү суук. Өлүмдөн «бала» деген жылуу сезими менен аман калды.

Ылайга машталып, таңкы суукта босогодо жаткан кемпирди небере уул урушуп да, нааразылана да үйгө сүйрөдү.

— Сыртка чыгам десеңиз алып чыгат элек да, үйдөгү горшок эмнеге турат, ошого отуруңуз, ошол сиз үчүн коюлган, просто кишини уят кылып, кошуналар көрсө эмне дейт, максат позор кылышпы?

Бул сөздөр карт эненин кулагына кирген да жок, өлүктөй муздак жан үлдүрөп, бети-колун жууган муздак сууну да сезбей, ары-бери катуу ышкыган колдон башын бура, зор кыйын-кынкыс менен жалдырай жатты.

— Өз балдары, өз келиңдери таштай качкан кемпирдин бизди «позор» кылганы кылган. Балдарына звонок кылып, келип карасын, же алып кетсин, — деп кемпирдин үстүнө төшөк таштаган ажаан келин кумсарды. Небере уул буга чейин эле эки-үч ирет телефон чалган, бирок шаардагы уулдары омоктуу ойлорунан, эл-жер үчүн жазган орошон долбоорлорунан, илимий иштеринен баш көтөрө албай жатышкан.

Балдарынын жылуу жүзүн, эркелеген үнүн сагынып, карт жүрөгү кусадан, кемирген кеселден чарчаган кемпир күзгү кечте, ээк кагып кериле түштү.

Кошуналар чогулуп, ары кетип, бери кетип, алыстагы уулдары үчүн дагы кабар берилди. Кабар кетти, буюрса эртеңки күнү саат бешке жетип келишер, жаназа ошондо окулат, бул кемпирдики той, балдары сууп, жүзүн көрүп калышсын. Көрсөтпөй көөмп койсок арман болот деп чечишти.

«Энем оой, энем оой, эми кайдан көрөйүн» деп ыйлап барып басылышты.

— Кабар зык болуп, жумуштан бошой албай, жолдо кар-борошо, ашуу жабык, — деген оголо көп тоскоолдуктарды айтыша, чылым түтөтүп, ары-бери баса, күйүттү көк түтүн менен айдап жатышты.

Кызгылтым кеч күздө кемпирдин сөөгү чоң той менен жерге берилди. Кара мал союлуп, күрүч демделип, молдолорго дооран, келин-кыздарга кымбат баалуу кийим, куйруктуу койдун ысык сорпосу, кытай пакетке салынган кант-курс, ак ундан бышырылган экиден наабай наны, кадым окуган молдого үч жүз сом акча, тон, дубасын кошкондорго беш сомдон таркатылды. Улуу баласы:

— Кенен-кенен бергиле, келгендер сөз кылбай кеткендей болсун, бизди эл уулдары дешет, энебизди кадыр кымбат кылып узаталы, эмне ырасым-үрп адат болсо айтыңыздар, аткарабыз, башына балбал таш орнотолу деген асыл тилегибиз бар, — улуусун кичүүсү коштоп:

— Мааракени дурус уюштургандар үчүн бир мал союп, мейман кылам, так что ал жагы, все придумано, нас не жалейте, -деп тамекинин күлүн абага чертип койду…

Наркы четте чай куюп отургап фельдшер карызга сайган уколдорунун акчасын сурай албай, ушунча чыгым сарпталып кам көрүлгөндө өлбөйт беле деп, төшөктө бүрүшүп жатып, ыйлаган боз ала чачтуу бир ууч кемпирди элестетти.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.