Коннектикуталык Жонатан деген улан аксөөк бирөөнүн кызын жандап, кыздын камын жеп, сейилдешчү экен. Ээрчишкен кыз-жигит бир күнү көпүрөгө келет. Ал көпүрөдөн өтүш үчүн акы төлөө милдет экен. Чынчыл жигит өзү үчүн акча төлөй да, кызга төлөбөстөн:

— Өзүң үчүн өзүң төлө, Сьюзи, — дейт жигит, —себеби сен үчүн мындан ары кам көрбөй турган болдум.

Ниагар шаркыратмасындагы жаңы көзкараш

Ниагар шаркыратмасын өмүрүндө биринчи жолу көргөн тикмеч айтат дейт:

— Өңүнөн так кетпеген сюртуктарды ушул жерден жууш керек турбайбы!

Которгон Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.