Россияда эмгектенип жүргөн мекендештерибиздин арасында көр тирилик жашоодон сырткары да илим-билим, маданият жаатында өз жолун издеп жүргөн кыргыз урпактары арбын. Алардын катарында “РухЭш” сайтынын туруктуу авторлорунун бири – жаш жазуучу Темирлан Бейшенов якут элинин үрп-адат, маданиятын, тилин өздөштүрүп жана саха тили туурасында кыргыз окурмандарына кызыктуу маалыматтарды жеткирүү максатын коюп, өз алдынча изилдөө жүргүзгөнү кубандырат.

Төмөндө биз анын саха тилинин таржымалы боюнча жазган эмгегинен үзүндү жарыялоону туура көрдүк. Арийне, тил илимине ышкысы артып жүргөндөргө бул эмгек кызыктуу болор деген ойдобуз…

Саха тили жакын тектеш түрк тилдеринин катарына кирет. Алар: азербайжан, алтай, башкыр, гагауз, казак, каракалпак, карачай-балкар, кыргыз, ногой, татар, тофалар, тувин, түркмен, уйгур, хакас, чуваш жана шор тилдери. Чет өлкөдө түрк, халадж (Иран) жана сары уйгурлар тили (Кытай) саха тилине тектеш тилдер болуп саналат. Бирок саха тили, жогоруда келтирилип кеткен түрк тилдеринен обочолонуп турат: аны бардык эле түрк тилдеринин өкүлдөрү түшүнө беришпейт (ошондой эле, албетте, сахалар аларды дагы), ошол эле учурда, өз тилдеринде сүйлөшүп жатып, алар негизинен, бири-бирин түшүнө алышат.

Саха тили түрк тилдеринин ичинен эң байыркы тил экендиги, бул көрүнүштүн башкы себеби болуп саналат. Ал турсун улуу орус илимпозу, академик О. Бетлингк, саха тили жалпы, түпкү түрк тилинен биринчилерден болуп бөлүнүп кеткен деген ойду билдирген. Чындыгында эле азыркы замандын окумуштуулары, саха тили азыркы учурдагы түрк тилдерине караганда, VI-VIII кк. орхон-енисей жазуу эстеликтеринде гана сакталып калган байыркы өлүк тилдерине кыйла жакын экендигин далилдеп чыгышкан.

Саха тили дурус изилденип чыккандыгына карабастан, ал тилде дагы деле бардык түрк тилдеринин, айрыкча – саха элинин тарыхы үчүн баалуу болгон ачыла элек сырлар көп. Ошондуктан Россияда да, чет өлкөлөрдө да өтө сейрек кездешүүчү байыркы тил болгон саха тилин өтө кызыгуу менен изилдеп келишүүдө, ушул жаатта, айрыкча, немис жана поляк окумуштуулары зор ийгиликтерге жетишишти.

Саха тилинин айрым бир жалпы өзгөчөлүктөрү

Тилге терең маани берип, олуттуу изилдеп чыгуу үчүн, изилденип жаткан тилди орус тилинен айырмалап туруучу анын негизги өзгөчөлүктөрүн түзгөн жалпы маалыматтары менен таанышып чыгуу керек. Тилди изилдөөнү баштоодон мурун, төмөнкү жалпы өзгөчөлүктөрдү билип алсак ашыкча болбос:

  1. Өзүнүн түзүлүшү боюнча якут тили, мындайча айтканда, агглютинативдик тилдерге кирип кетет (лат. agglutinare “жабыштыруу”): бардык мүчөлөр бири-бирине оң тараптан “жабыштырылат”. Орусча өңүттөн алып караганда, эч кандай жөндөмөлөр, мүчөлөр жок. Кандайдыр бир сөз, айрыкча этиш, бир нече суффикске ээ болушу мүмкүн. Алар башаламан эмес, белгилүү бир тартипте: адегенде сөз жасоочу мүчөлөр жалганып, андан соң грамматикалык мүчөлөр коюлуп түзүлөт. Мисалы, мастаспыттар деген этишти алып, анын мүчөлөрүнүн жалганыш тартибин карап көрөлү: масс “отун” зат атоочуна этиш жасоочу – лаа (-таа) мүчөсү коюлуп, мастаа “отун жаруудеген этиш келип чыгат, ага ички этиш сөз жасоочу мүчө – этиштин кош мамиле формасы – с кошулат, анын алдында созулма үндүү кыскарат: — мастас “кимдир-бирөө менен отун жаруу”, андан соң 3-жактын өткөн чактагы жеке мүчөсү быт (-пыт) “Ал алар менен отун жарды” жана бүтүрүүчү акыркы көптүк сандагы мүчө лар (-тар): “Алар аны (алар) менен отун жарышты”. Катары менен бир нече мүчөдөн турган ушул сыяктуу этиштер, адатта, орус тилиндеги толук сүйлөмдөргө туура келет. Ошондуктан этиш – негизги сөз түркүмү болуп эсептелет.
  2. Ар бир сөздүн чегинде үндүү тыбыштардын үндөштүк мыйзамы өкүм сүрөт. Бул мыйзамга ылайык, якут сөздөрү, канчалык узун болгондугуна карабастан, же унгунун биринчи үндүү тамгасы, же мурунку муундун үндүү тамгасы менен аныкталуучу, туруктуу жана бекем тартипте биринин аркасынан бири ээрчишкен бир нече үндүү тыбыштарга ээ. Алсак, эгер сөздүн биринчи муунунда а же ы үндүү тамгасы келсе (жогорудагы мастаспыттар сөзүн карагыла), анда ал сөздө эч бир башка үндүү тыбыштар турбайт (бардык үндүүлөрдүн үндөштүк таблицасын карагыла).
  3. Кандайдыр бир сөздө үнсүз тыбыштардын колдонулушу, жогорудагыдай эле белгилүү бир мыйзамга баш ийет жана мурунтан айтылып жүргөндөй, өзүнүн так ченемдери, эрежелери бар. Мисалы, нукура якут сөздөрүндө айрым бир үнсүз тамгалар сөз башында жана аягында колдонулбайт, сөз ичинде экиден көп үнсүздөрдүн колдонулушуна жол берилбейт, сөз башында жана аягында (кээ бир сөздөрдү кошпогондо) эки үнсүз сөз катары менен келбейт, көптөгөн үнсүз тамгалар бири-бирине жакын туруп калууну “жактырышпайт” ж.б.
  4. Орус тилинде толук шайкештикке ээ эмес кээ бир жалпы категориялар грамматикада кездешет. Мисалы, таандык категориясы өзгөчө мүчөлөр менен берилет. Бул категория бардык атоочтордо бар (иш жүзүндө башка сөздөрдө да болушу мүмкүн), ал буюмдун кимге таандык экендигин көрсөтүп турат: ытым (менин итим), сонун (сенин күрмөң), ата (анын жылкысы), аттарбыт (биздин жылкылар).
  5. Якут тилинде род категориясы жок, демек, атайын род мүчөлөрү да жок. Орус тили өңүтүнөн алып караганда, якут тилинин бардык сөздөрү – бул “жалпы роддогу” сөздөр: бардык сөздөр бир эле маалда мужской родко дагы, женскийге дагы, среднийге дагы таандык болуп кетет.
  6. Сөздөр сүйлөмдө, адатта, туруктуу, так тартипке баш ийишет: ээ (зат атооч) баяндоочтун алдында, башкача айтканда, этиш-баяндооч, адатта, сүйлөмдүн акырында турат. Мисалы, орусча дождь идет, гром гремит” же “идет дождь, гремит гром деп айтууга болот, ал эми якутча: “ардах туһэр, этиҥ этэр” деп гана айтууга болот (бирок туһэр ардах, этэр этиҥ деп айтуу мүмкүн эмес); “биз Нюргунн менен киного баратабыз”биһиги Ньургуннуун киинэҕэ барабыт (бирок барабыт киинэҕэ эмес). Аныктоочу сөз аныкталгыч сөздүн алдына коюлат: үчүгэй оҕо (жакшы бала), үөрэнэр оҕо (окуп жаткан бала). Бул түрк тилдеринде өкүм сүрүүчү жалпы мыйзам.

Орус-якут кош тилдүүлүгүнүн тарыхынан кыскача маалымат

Революцияга чейин Якутияда отурукташып калган орус калкынын дээрлик бардыгы (30,5 миң адам) якут тилинде мыкты сүйлөшкөн. Чындыгында эле, так ушул кырдаал эки элдин достугун чыңдаган кудуреттүү күчтөрдүн бири катары саналат. Ошону менен катар, якут тилин өздөштүрүп алган алгачкы орус адамдары якут элин агартуу жана билимди жайылтуу жаатында өзүлөрүнүн зор салымын кошушкан. Алар ошондой эле, якут тилин жана фольклорун изилдөө ишинин илимий негизин түптөшкөн.

Якут тили менен олуттуу мүнөздө алектенген алдыңкы орус адамдары, ал тил жөнүндө суктануу менен көптөгөн ой-пикирлерин калтырып кетишкен. Алар якут тилине чынында эле өзгөчө мамиле жасашчу. Алсак, орус чиновниги А.Я. Уваровский “Ахтыылар” (“Эскерүүлөр”, 1848-жылы жарык көргөн) аттуу якут адабиятынын биринчи эстелигин калтырып, өз дилбаянын төмөндөгү “Өзүм сүйгөн якут тилинде өзүмдүн биринчи дилбаянымды жазгандыгым үчүн аябагандай сыймыктанам жана бактылуумун” деген сөздөрү менен бүтүргөн.

Якут тилин мыкты билген, якут грамматикасы жана фольклору боюнча зор көлөмдөгү эмгектерди жараткан, сүргүнгө айдалган саясатчы С.В. Ястремский якут тилин “кооз, уккулуктуу жана жагымдуу” деп сүрөттөмө берген. Сүргүнгө айдалган дагы бир саясатчы, якут филологиясы боюнча өз эмгектери үчүн кийинчерээк “ардактуу академик” илимий наамын алган Э.К.Пекарский “якут тили деңиз сыяктуу түбү жок” деген “ойго токтолуп”, өзүнүн эбегейсиз чоң “Якут тилинин сөздүгү” аттуу ишинин негизи катары алган. Э.К.Пекарскийдин сөздүгү 3858 чоң тилке барактан туруп, чындыгында атамекендик академиялык илимдин сыймыгы болуп саналат.

Тилди эмне үчүн үйрөнүү керек?

Башка улуттагы адамдар алар жашаган чөйрөнүн тилин үйрөнүүсү – ошол элге, алардын маданиятына билдирген урматы, сыйы. Ошол элди, алардын тарыхын жана алардын жашоо-шартын таанып билүүгө жасаган далалаты. Ушул сыяктуу мамилени ар дайым ыраазычылык билдирүү, түшүнүү жана чын жүрөктөн ылым саноо менен кабыл алып, андай адамдарды кучак жайып күтүп алышат. Бизге белгилүү болгондой, айылдарга келген адистер саха тилин тез эле өздөштүрүп алышкандыктан, аларга ошол аймакта жашап, эмгектенгенге кыйла жеңилирээк болот. Ал адистер жергиликтүү калктын көйгөйлөрүн жана муктаждыктарын тереңирээк жана кыйла жакыныраак түшүнө алышат. Адатта, мындай адамдардан мыкты адистер чыгып, алар чоң ийгиликтерге жетише алышат.

Бардык жерде илгертеден эле, бир нече тил билген адам кадыр-барктуу болуп, ага суктанган адамдар болбой койгон эмес жана бул нерсе таң калычтуу эмес. Себеби, бир нече тилде сүйлөө — бул жогорку деңгээлдеги аң-сезимдин, маданияттын, жаңы нерсени билүүгө болгон ынтызарлыктын, ошондой эле адамдар менен ымала түзө билгендиктин көрсөткүчү. Бардык улуттун жаштары үчүн тил өздөштүрүү – бул өзүнүн инсандык аң-сезимин өркүндөтүү жана өстүрүү мүмкүнчүлүгү.

Бир нече тилди үйрөнүү менен инсан кызыктуу, маанилүү кошумча маалымат алуудан тышкары, баарлашуунун ар кандай кырдаалында моралдык-психологиялык ыңгайлуулукту, ички дүйнөсүнүн жана аң-сезиминин эркиндигин сезе алат. Ошондуктан кош тилдүүлүк – бул эч качан ашыкча болбойт.

Тил үйрөнүп жаткан адамдар дагы бир жакшы нерсенин үстүнөн иштеп жатышат деп айтууга болот, алар ошол тилдин өнүгүп-өсүшүнө өбөлгө түзүүдө, себеби, мындай кырдаалда якут эли өз эне тилинен баш тартып, орус тилинде сүйлөөгө аргасыз болушпайт. Биз билгендей, тил кеңири жана жигердүү мүнөздө колдонулуп келгенде гана өнүгүп-өсөт.

РС(Я) Конституциясына жана тилдер жөнүндө Мыйзамга ылайык, саха тили орус тили менен теңме-тең мамлекеттик тил деп жарыяланган. Саха тили, мамлекеттик тил катарында республикада кеңири колдонулат. Ал тилде жалпыга маалымдоо каражаттары иштеп, көлөмдүү адабияттар чыгарылып, саха тили бардык мектептерде, көптөгөн орто билим берүү мекемелеринде, ошондой эле Якут университетинде, педагогикалык институтта жана педагогикалык, айыл-чарба академияларында үйрөтүлүүдө. Саха мамлекеттик тилинде коомдук, маданий иш-чаралар өткөрүлүп, бардык деңгээлдеги республикалык бийлик иш жүргүзүп, жыйналыштар, конференциялар, курултайлар өткөрүлөт.

Саха тили республиканын жергиликтүү калкынын арасында кеңири жайылган. Улуу муундагы эвенектер, эвендер, юкагирлер, долгандар жана орустар ал тилде мыкты сүйлөшөт. Мамлекеттик тилди тигил же бул өлкөнүн жана республиканын жашоочулары үйрөнүүгө тийиш.

Жаңы баштагандар үчүн кеңештер

Тилди ар кандай жолдор жана ыкмалар менен үйрөнүүгө болот. Бирок бардык учурда, тилди тийип-качып окуган адам эмес, үзгүлтүксүз мүнөздө, терең маани берип, дилгирлик менен окуган адам гана ийгиликке жетишет. Жаттоо — тил үйрөнүүнүн эң бир татаал жана натыйжасыз жолу, бирок сөздөрдү жана грамматикалык тариздерди “механикалык” түрдө жаттап алуудан таптакыр баш тартуу мүмкүн эмес.

Саха тилинин байыркы катаал, эч бир алып салуулары жок, мыйзамдарга баш ийгендиги – анын негизги өзгөчөлүгү болуп саналат. Ошол мыйзамдарды билип алуу, тилди ийгиликтүү жана мыкты өздөштүрүүгө өбөлгө болот.

Тилди күнүмдүк баарлашуу каражаты катары үзгүлтүксүз мүнөздө колдонуу – тилди өздөштүрүүнүн эң мыкты каражаты экендиги талашсыз. Эгер адам үйрөнүп жаткан тилдин чөйрөсүндө болуп, ошол тилди ар дайым угуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болсо, анда ал адам ошол тилди өзгөчө тездик менен, оңой өздөштүрө алат.

Тил чөйрөсүнүн шарттарында тил үйрөнүүнүн эң негизги артыкчылыгы – тил үйрөнүп жаткан адам, өзү сүйлөшкөн – ошол тилдин өкүлүнөн, каалаган убакта кандайдыр бир нерсе жөнүндө түшүндүрмө же жардам сурап кайрылууга мүмкүнчүлүгү бар.

Темирлан Бейшенов: Тыңчы кумурска (шедевр)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.