«РухЭш» аттуу сайт ачылганда, кыргыз коомчулугу, төтөнчө жаштар интернет ааламында ийненин көзүндөй жылчыктан «жарк!» эте жарык тийгендей «элең» этип алышты. Ие таланттуу акын, шыктуу журналист Олжобай Шакир ачкан сайт жайында сөз кылуудан мурда, бир аз артка чегинүүнү ылайык көрдүм.

Адам көкүрөгүн алтын казына дешет. Бирок, көкүрөккө асыл ой жана акактай таза рухий дөөлөт шыкала толсо гана алтын казына болуп, акыбети адам өмүрүн изги иштерге, аруу максаттарга багыттайт, ов! Андай көкүрөк ээси кынтыксыз эл-жерин сүйүп, Ата Журтунун аздектеген эр азаматы болуп жетилет.

Эгер эле жаш адамдын өзөк толтосу кара ниет ой-максатка толсо, андай жаш адамдын көздөгөнү жамандык болуп, эгерим жакшылык колунан келбеген инсан болуп жетилет.

Ата-бабаларыбыз тээ көөнө замандан бери кийинки муун Ата Мекенине күйүмдүү да элине карамдуу асыл көкүрөктүү болуп жетилиши үчүн кам көргөн. Мындай изги иш, тарбия эч качан үзгүлтүккө учураган эмес. Кандайдыр бир тарыхың мүшкүл окуя жүз берип, жаштарга таалим-насаат берүүнүн учугу үзүлүп-сүзүлсө, шол учурдагы жаштардын адамдык дилине, көз карашына доо кетүү коркунучу келип чыккан. Буга бир мисал, дүйнөлүк экинчи согуштан кийин Европа мамлекеттери бүлгүнгө учурап, Батыш жаштары убактылуу маданий-рухий азык алууга шарт болбой калганда, миңдеген жаштар эмне жасарын билбей, көчө таптап калышкан. Жан дүйнөлөрүнө тынчтык бербеген көкүрөк боштуктарын толтуруу үчүн ичимдик, кумар оюндары ж.б. бузуку нерселерге оп тартылып, өздөрүн алаксыткан. Алар тарыхта «жоголгон муун» деген ат менен калды. Ошол «жоголгон муун» тагдырын атактуу жазуучу Эрнест Хемингуэй өзүнүн «Кош бол, курал!» аттуу романында кеңири иликтеп-изилдеп баяндаган.

Кыргыз ата-бабаларыбыз эчен тарыхый кыйчалыш мезгилдерде да жаш муунга тарбия берүүнү токтотпой, «Манас» эпосу баш болгон элдик оозеки чыгармаларды жаратуучулар, аткаруучулардын таланттарынын шарапаты тийген. Идеологиялык зор жүктү үй-бүлө, манасчылар, акындар, көкүрөктөрү бүтүн акылман инсандар аткарышкан. Ие, улам доор алмашып, жаңыланган сайын тарбиялоонун жаңы да кубаттуу, таасирдүү ык-жолдору, булактары мүмкүнчүлүгүн кеңейте берген.

Арийне, маданий, рухий жаңылануу, кайра жаралуу адамзатты улам алдыга сүрөп, улуу ачылыштарга жол ачкан. Ар кайсы доорлордо Египет, Кытай, Индия, Грек, ага улай орто кылымдардын башталышындагы Орто Чыгыш маданий-дөөлөтүн жемиштүү улантып кеткен Батыш Европадагы Кайра Жаралуу доору адамзатты өнүгүп-өсүүнүн жаңы тепкичине көтөргөн.

Он сегизинчи, он тогузунчу кылымдардагы Россияда жүз берген маданий-рухий төңкөрүш орус элин дүйнөлүк аренага алып чыккан. Кыргыз Кайра Жаралуу доору өткөн жыйырманчы кылымдын алтымышынчы, сексенинчи жылдарына туура келип, Кыргыз Республикасы ар тараптан өнүгүүнүн даңгыр жолуна түшкөнү эсибизде жана жүрөгүбүздө.

Ие, ошол Кайра Жаралуулардын булагы эмнеде? Мунун бир эле жообу бар: көкүрөктөрүнө өткөндүн маданий-рухий байлыктарын топтогон жана өздөрү жашаган доордун жаңылыктарын өздөштүргөн өнөрлүү да, билимдүү инсандардын асыл эмгектери. Адамдарды эл-жерин сүйүп, Ата Журттарын ар тараптан өнүктүрүүгө күч-кайратын жумшаган патриот инсандарды тарбиялай алгандыкта. Айтор, бул ыйык вазийпаны маданият-адабият тармагын ийиндерине арткан инсандар кыйшаюусун өтөп келген. Өкмөт жетекчилери андай инсандарга жана маданият-адабиятка кам көрүп, ар тараптан колдоого алган.

А эгемендүүлүк колубузга тийген жылдары акын-жазуучулар, композитор-обончулар, сүрөтчүлөр жана артистердин бир даары көчөдө семичке сатып калышпадыбы… Элине өлбөс-өчпөс рухий байлык тартуулай турган жазуучулардын бири күндөлүк жашоосу үчүн түйшүккө батып, отуруп калганда «Спонсор керек, өлгүм келет!» аттуу драмасын жазган Мурза Гапаров эле. Бул драмада баяндалган тагдыр көптөгөн өнөр инсандарынын башына келип, көкүрөктөрүндө жыйылган асыл ой берметтери кагазга түшүрүлүп, элге тартууланбастан; өз сөөктөрү менен кошо жер астына «кетип калды» таарынып. Калгандары үйлөрүндө отуруп калышты.

Аттиң, ошол кыргыз маданий Кайра Жаралуусу бүгүн көпчүлүгүбүз жамандап жүргөн коммунстик идеологиянын жана орус элинин «колтугунда бүжүрөп» жүргөнүбүздө жүз берип, эгемен мамлекеттүү болгонубузда пасаңдап калганы өкүнүчтүү. Ооба, адам пендесинин жашоосунда нан кандай зарыл болсо, рухий азык андан бетер зарылдын зарылы экен, ов! Орус эли айтмакчы, «Адам нан менен гана бүтүн» экен. Мамлекет жетекчилерибиз ишти дал ушундан башташканда, экономикалык, социалдык милдеттер алда канча тез ишке ашмак. Анткени, руху бийик калк, жаштар ойду омкоруп, тоону томкорот.

Чыгыштын улуу ойчулу, өз кабыргабызга жакын бабабыз аль-Фараба ат-Түрктүн накыл ой каймагын мисалга тарталы. Улуу инсан өзүнүн «Кең пейилдүүлөрдүн шаары» жана башка фалсафалык трактаттарында мындай ойлорду айтыптыр: «Адамзат өнүгүү-өсүү доорун басып өтүп, чарчайбы, чаалыгабы же жаңы өркүндөөнү көксөгөн учурда убактылуу жол таппай алаңдап калат окшобойбу. Ошондой кыйчалыш кырдаалда көсөмдөргө, рухий өнөр адамдарынын тарыхый вазийпасына кезек келет. Алар бул учурда өз таланттарынын күчү менен калың эл өзү жаратып, бирок унутуп койгон көркөм табылгадарды, рухий казыналарды калк арасынан калкып алып, аларга өз жигер-таланттарынын беренелерин кошуп, кайра элге тартуулашат.

Ошондо эл өзүнүн өткөндөгү жаратмандык жөндөмүн эстеп, таланттуу инсандардын ички чыңалуу, эргүүлөрү менен жаралган асыл эмгектерине шыктанып, денелерине күч-кайрат топтошот. Ар бир жарандын көкүрөгүндөгү ойгонуу-толгонуу ташкындап отуруп, бир улуу дайрага айланат да, коомдо зор жаңылануунун даңгыр жолу ачылат». Бали! Караңгыда жол көрсөткөн шам чырактай ой эмес бекен да, таберик керээз, рухий мурас эмес бекен!

Кыргыз эгемендүүлүгү «чү!» деп кадам таштагандан эле алдыңкы интеллигентерибиз, көркөм өнөр инсандары унутта калып, алардын ордуна демагоктук ураанды бетке кармаган кур-сүрөөн «баатырлар» көчөгө жабалактап чыга келишкен. Алар өзгөчө жаштарды Ата Журтту сүйүүгө, тилектештикке шыктандыруудан, алдыдагы зор максаттарга чакырык таштоодон алаксытышкан.

Алар жаш Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнү кыргыздын тарыхый уңгу өнүгүүсүн, өзгөчө кулк-мүнөзүн, табигый шартын көңүлгө албай, Кыргызстанды «Швейцарияга айлантам» деген жалган ураан менен элдин «курсагын тойгузушкан»

Кыргыз элинин тарыхый өсүү өзгөчөлүгүн унуткан технократ жетекчилер ал түгүл Маданият министрлигин жоюп салууга чейин барышпадыбы. Натыйжада, кыргыз топурагында уруу-урууга бөлүнүү, тарых бүктөмүндө калып кеткен уруулук көз-караштарды эңсеп, аны жандандырууну көксөө адаты жанданды. Калың эл эмес, элди баштагандар уялбай-нетпей узак тарыхый жолунда куйма жамбыдай ажырагыс болуп бириккен элибизди түндүк-түштүккө бөлүп, ыдыратуу ниетине чейин барышты.

Ошол эле улуу алз-Фараба ат-Түркий бабабыздын төмөнкү ой мурасы биздин жол издеп адашкан кербезибизге далма-дал келет. Ал мындай деп жазып кеткен экен: «Оогал-доогал заманда жалган патриоттор, колунан эч нерсе келбеген дөөпөрөстөр, кур чечендер көчө бетин бербей ызы-чуу көтөрө топурап, элди басар багытынан адаштырат. А эл-журтуна күйгөн азаматтар, илим-билимдүүлөр, рухий өнөр ээлери менен көсөмдөр көчө четиндеги дубал түбүндө үңкүйө басып калышат». Таппасаң сыйпалап кал, ов! Не деген гана улуу таберик ой да, кундуу керээз! Бардык заман-доорлорго эскертүү берген өлбөс-өчпөс акыл-ой.

Ушу күндө интернет бир жагынан адамдын «жеңилин жерден, орун колдон алган» зор кызматты өтөп жатат. Бир эле учурда калптын казанын кайнаткандардын табылгыс куралына айланганы кейиштүү. Калп-чынын айырмалоого мүмкүн болбогон баш катырма маалыматтарды жана көпчүлүктүн көңүлүн чындыктан алагды кылган ою бузуктардын куралына айланды. Өз жеке кызыкчылыктары үчүн фейктерди мөндүрдөй жаадырган балээ болду.

Элибиз ар кандай сайттардан урду-кетти маалыматтарды окуп, көрүп, башы айланып турган учур. Кыйла жылдан жери көкүрөктөрүнө даба болор сиңимдүү мааалыматтарды, лазат тартуулай турган асыл ойлор менен көркөм беренелерден алыстоодо. Өзгөчө жаштарыбыз ак көкүрөк дүйнөлөрүн ыплас, бузуку, жек көрүмчүл маалыматтар менен «азыктандырууга» мажбур болуп атышат. Мунун арты жакшылыкка алып келбейт! Карды очокко калап, от тутандырып, ага колдорун ысыткан кара өзгөйлөрдөн элди бери тартуу жалпы кыргыз элинин милдети, ушу бүгүн!

Акыркы он жылда элди, өзгөчө жаштарды Мекенди сүйүүгө, ыйманга, адам сүйөрлүккө, адамдык нарктуулук жана келечекке ишенимдүү карап, эрктүүлүк менен күрөшүүгө тарбиялоодо көркөм өнөр ээлеринин асыл ойлору менен жаратмандыгын ыктуу пайдалануу демилгеси өтө солгундап кетти. Өлкөбүздүн келечеги болгон жаштарды жашоого шыктакдырууда, жан дүйнөлөрүнө изгиликтин татымдуу үрөнүн себүүдө эбегейсиз кызмат өтөп келген жазуучулардын чыгармаларын окууга үгүттөө жана аны калкка жайылтуу мамлекет тарабынан да унутулуп калгандай. Натыйжада, калкыбыз өткөн кылымдын адабият жана маданияттын күргүштөгөн доорун сагынды. Өткөндү сагынуу мамлекеттин келегегине кедергисин тийгизбейт бекен?

Мына, ал аңгыча көркөм адабияты лазаттана окуудан алыс калган жаңы муун чоң турмушка «оп-а-а!» деп күргүштөп кирип келди. Ушул муунду өзүнө «оп!» эте жутуп-соруп алган интернетте акча табуу үчүн ар кандай маңызсыз, максатсыз, ал гана эмес бузуку, бурмаланган ойлорду, фейктерди кара нөшөрдөй жаадырган «маңкурт» сайттар кара таандай каптай берди.

Асыл кесип ээлери журналисттердин арасында өзөк-дилдери чыныгы баалуулуктардан караманча алыс болгон отоо чөптөй көз караштары саяз журналисттердин ылайка тобу «өсүп» жетилди!.. Калем сыясын чындыкка гана короткон ак ниет журналисттердин аталарына рахмат! Айтор, журналисттер көчөнүн бир бетинде жогору карай басып, жаштар көчөнүн экинчи бетинде ылдый карай баспастан, бир багытта басышса не жакшы. Бул демилге, албетте, журналистерибиздин колунда.

Кыргыз интернетин ушундай кара туман каптап турган чакта, Олжобай Шакирдин «РухЭш» сайты «жарк!» эте түшүп, дилдерди кубантып, жүрөктөрдү толкундатты. «Интернетти деле жакшылыкка пайдаланса болот турбайбы!» деген изги ниет пайда болду, жеке менин туюмумда. Олжокенин көзүн кыпкызыл акча кызарткан жок. Ал өзгөчө адабият, маданият беренелеринен кур-жалак калып аткан жаштарга жан тартты. Алардын көкүрөктөрүнө шыкалып толуп аткан ыплас, бузуку, эротикалык, жексурдук маалыматтардан алаксытуу, дүйнөдө жан дүйнөнү жашарта турган, жакшылыкка үндөй турган асыл рухий байлык, адабий-маданий беренелер бар экенин чыңыра айта баштады.

Көпчүлүк, анын ичинде мен дагы аталган сайтты акча табуунун камында ачылган, козу карындай жамырап кеткен сайттардын бири деп ойлогом. Бирок, тез эле кайттым мындай жаман оюмдан. Олжобай Шакир «РухЭш» сайтын элдин, өзгөчө жаштардын жан дүйнөлөрүн, рух бөксөлөрүн толтурууга асыл дүйнө казынасынын эшигин ачуу максатында ачыптыр. Көрсө «РухЭш» деген сөздүн мааниси» адам жана жан дүйнөсүнө, рухуна эш, жолдош болуу деген изги ниеттеги сөз турбайбы! Туурасы, кыргыз жан дүйнөсүнө, рухуна эш, жолдош болсун деген Олжекенин таза максаты окшобойбу! Ошол Олжоке азаматым өз сайтынын алдында Адабият агенттигин ачып, дагы бир эрдик жасады. Ал агенттик аркылуу адабиятты элге мурдагыдай кеңири жайылттуу, айрыкча жаштарды тартуу экен. Ушул максатын ишке ашыруу үчүн колунда байлыгы бар мекендештерибизди меценат катары тартып атканы огеле жагымдуу.

Олжоке! Жакшы ниетиң жүзөгө ашсын, азаматым!

Ооба, элдин руху күчтүү болсо гана мамлекет кубаттуу болот. Руху күчтүү эл гана өз Ата Журтун сүйүп, ар тараптан өнүктүрүүгө жөндөмдүү.

Мындай тырнак алды сайтты Кыргыз Өкмөтү ар тараптан колдоосу зарылдын зарылы. Өкмөт аткараар, Маданият Министрлиги аркалаар оор жүктү аркалап аткан» РухЭш» сайтынын мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга коомчулуктун да көмөгү зарыл, арийне…

Олжобай Шакир: «РухЭш» сайтынын алдында адабий агенттик өз ишин баштады

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.