*     *     *

Ошол кечте ага айттым,
Кетээримди таң менен.
Жылмайды да, суз карады,
Ойго түшүп дүрбөлөң.

— Эмне үчүн? – деп сурады,
Өрөөн турду тунжурап.
Өлүм келип көз алдыма
Бараткансыйм мен кулап.

— Эмне үчүн кетесиң сен? —
Бул суроо булкат жүрөк,
Тургансыйм жар кырында,
Үн, сөзсүз, жансыз, жүдөп.

— Кай жакка кетмекчисиң?
— Кайдадыр жан тынчы жок,
Бийик асман биздикинен
Жылдызы да көрүнбөс шок.

Кареги анын жашка толуп,
Карады кунарсыз талаага.
Жүзүнөн наз күлкү өчүп,
Чөктү терең бир санаага.

*     *     *

Бир сапар жөн гана айттым:
— Ак көйнөгүң мага жагат.
Жаз гүлү куп жарашып,
Көздөргө ак нур жанат.

Көгүлтүр көздөрү анын,
Күлүңдөп, сайраң курду.
А бирок үлбүрөк эрининде,
Умсунган үмүт турду…

Агылып канча мезгил,
Бара жатып жазгы кечте
Ошол кыз ак көйнөкчөн,
Көрдүм, турат эшигинде.

*     *     *

Жаздын ошол ак таңыңда
Кучактады ал кыз мени.
Дал ошондо алда кайдан
Таңкы торгой тил безеди
Даңазалап бул дүйнөнү.

Көтөрүлгөн буу айдоодо,
Канат күүлөйт көпөлөк,
Ак көйнөктөй ак канаты
«Сүйөм сени!» дейт а кыз,
Периште окшоп көкөлөп.

Дирилдеген ысык эрди
Кеткиси жок оозумдан,
Көзүн өпсөм, шыбырады:
«Өмүр бою жылытып жүр,
Чыгарба мени колуңдан!»

Көктөмдөгү көпкөк асман
Көшүлөт жай тынчтыкта.
Сайрап жатат торгой бакта
Жазгы көктү ойготуп
Уйкусурап жаткан дүйнө
Коңгуроосун ойнотуп,
Хрусталдай нур жайылды
Жаздын ошол ак таңында!

*     *     *

Жаныңда болсо аял…
Ыр, жалын, гүл ачылат —
Бар тынчтык кучак жаят.
Эгерде ал жок болсо,
Ыр, жалын, жарык дагы
Жин даарып, эстен таят.

*     *     *

Чаалыкпай кетип барам;
Оо, анан, тамандарым таптап өткөн,
Түздөгү кумдуу жолдун үнүн угам.

Чаалыкпай кетип барам;
Күлүк атты минүүгө токубаймын,
Арт жакта калуудан да чочубаймын,
чаалыкпай кетип барам;
Жанымды беремин мен  айнектей нур
Төгүлгөн кумдуу жолго мен таптаган.

Чаалыкпай кетип барам
Алыскы жана жакын шалбааларга
Коюу түн деңиз болуп төгүлдү жай.

Чаалыкпай кетип барам.
Жүрөгүмдө ырахат, таң калуу бар —
Куюлат маа кезиккен бардык жандар,
Чаалыкпай кетип барам —
Бутум тиет буу баскан тулаң чөпкө,
Жылуулукка чөмүлүп, жыргап канам.

Чаалыкпай кетип барам,
Тынымсыз жазып жаткан жолдордун мен
Ыйын да, арманын да угуу үчүн күйүп-жанам!

*     *     *

Шамал шуулдап сур булутту таратты,
Бак-дарактар белин ийип, кычырайт,
Алыс жактан кайтып келген куштарга,
Таңдагы бак бейишке окшоп учурайт.

О, ак таңым, жан, денеме нур чачкын,
Жүрөгүм дал өзүңдөй жаркын болсун,
Жана да бекем сүйсүн, чоң от жаксын.
… а өчкөн чок шамал айдап жоголсун…

*     *     *

Мен токой койнундамын.
Керемет бир атыр жыт!
Атыр жыт — акылга сыя бербес!

Мен сууга бой таштадым.
Ал менден кандай качты!
Кандай качты — акылга сыя бербес!

АЧУУ-ТАТТУУ ЫР
Менин асыл Күнүм чыкты,
Жамгыр эмес, ал бакка нурун төктү.

Менин асыл Күнүм чыкты,
Жаш толгон көздөрүм жаркып кетти.

КҮЗ
Күз кечинде
Бак-дарак жалын жамынат…
Эгин-тегин жыйналган бул талаада
Учу-кыйырсыз кенендик бир санаада,
Бир жан жок, куса турат,
Ааламдай жалгыздык ээлик кылат.

Биздин суроо күлкүлүү алар үчүн!
Алардын көзү ушу — дүйнө бүтүн,
Алтын күздүн боёгуна жок ченем,
Көрөт бизди түбөлүктүү көз менен.
Күндүн өзүн дайыма бизге сунат,
Жан-дүйнө кирибизди жууп турат!

*     *     *

Ээ-жаа бербес толкун эле кыялың,
Колдон чыгып, мен мостоюп турамын!
Башың жөлөп эми кимдин төшүнө
Жан тынчын таап, келесиң сен эсиңе,
Ошол кезде толкун жээкке урунуп,
Турар бекен жүрөк үнү угулуп?

*     *     *

Деңиз көшүйт, күмүш түс Ай,
Жүрөктөгү кайгымды алыстатат.
Алпарчу сенин жарык ак таңыңа
Жасалмасыз көгүлтүр түз жол жатат.

Эх, чиркин, арман
Ушул Айды теминип сага барсам!

ҮМҮТ
Үмүттөн! Жана күткүн чыйрыктырган
Тумандуу ак жамгырдын басылышын
Нурлары бариктерди күмүш кылып,
Асмандан Күн кабагы ачылышын
Жана да күт жайдагы булбулдардын
Сезим козгоп, бир мукам сайраганын.
Көпөлөк бир чымчым өз өмүрүнө
Кубанып, канаттарын кайраганын.

Айылдагы ыш баскан эски чырак
Терметет күлгө айланган кыялымды,
Күзгү шамал шыбырап мага турат…

Мен өзүмдү баратам тааный албай,
Эски үмүттөр үзүлөт, өткөн күндү
Дале күтөм, күтөмүн, күтөм талбай…

*     *     *

Мен сени гүлдөй кылып
Бырчаладым аёосуз жан-дүйнө издеп
Таба албадым мен аны.
А бирок бүт айлана
Бүтүндөй өрөөн менен талаа дагы,
андан ары
Жер дагы, деңиз дагы —
Бардыгы чулганды да
Бир жыттуу кереметке.

*     *     *

Чыйырдан тааныдым мен изиңди,
Жүрөгүм эскерүүдөн бир тилинди,
Өчкүс болуп кара тамга басылган.

Издедим кечке чейин, жашым акты,
Ташталган кереги жок ит сыяктуу.

Алыс жакка качып кеттиң жоголуп,
Ар кадамың жарага окшоп оролуп,
Түбөлүккө алып кеткен өзүңдү
Сенин жолуң жүрөгүмдөн өткөндөй.

*     *     *

Ашыкпа сен, бардык жолдор
Сени өзүңө алып келет.
Ашыкпа сен, кечигесиң болбосо,
Ал анткени сенин «мениң» наристе,
Ар көз ирмем төрөлүү да, түбөлүк,
Ага жетпейт эч качан да, эч нерсе!

ЖАКЫРДЫК
— Жок дегенде чымчык болсо
Канаты талып түшкөн!

— Унутулган гүлдүн жыты
Карекке бир урунса!

— Жана дагы көпкөк асман,
Көз жаштарда катыган!

*     *     *

Бара жатсам – теректер
Шамал ыргап, ырдашат,
Ар бир жолу өткөнүмдө.
Ырлары унутулган махабат,
Анан дагы ким-бирөөнүн
Тирилгени жөнүндө.

Бир гана терек турат,
Ал жалгыз сүйүүнү ырдайт!

*     *     *

Мен — мен эмесмин.
Ал деген башка бирөө.
Ким менен бара жатсам
А кимди көрө албасам,
Тааныймын кээде даана,
А кээде таптакыр унутамын.
Жаман айтсам, бирөө токтойт,
Жек көргөнүм кечирет,
Мен чегинсем, бирөө озот,
Мен жыгылсам, бирөө турат.

*     *     *

Таң нурунун учкунуна сиңилген,
Анын үнү ак булактын шылдыры эле,
Кызгылтым кечтин соңку нуру менен
Соолуп кеткен сууга үндөш беле же?

ТОЛУКТУК
Ийинден кучактап,
Толкунду сылап өт,
Ак нурду кулачтап,
Дубалды жөлөп кет.

Бу жанга колуңдун
Мээрими күбөлүк.
Музыка жаңырат,
Дүйнө өзү түбөлүк.

*     *     *

… Жарык болуп калганыңды билемин,
Билбей атам, бирок кайда экениң,
Жана билбейм, жарык кайдан күйөөрүн.

Которгон Мусакун САТЫБАЛДИЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.