ЖОМОК

Асманы ачык, күнү жаркын, дарактарынын алтын түс жалбырактары жаап жаткан токойдогу кадимки күз күндөрүнүн бири болучу. Мамалак менен бала кирпи жалбыракка оонап жыргап ойноп жатышкан. Кеч киргенде эй деген эч ким жок туруп эле мамалак өңгүрөп коё бербеспи.

— Эй, сага эмне болду, — деп сурады чочуп кеткен бала кирпи.

— Билбейм, ыйлагым келип жатат, — деп жооп берди мамалак.

— Сен андан көрө айлананы карачы, кандай кооз…

— Көрүп атам, ошон үчүн ыйлап жатам, — деп жооп берди бышактаган мамалак.

— Буга ыйлабаш керек, кубаныш милдет, — деди бала кирпи талап кыла.

— Мен кубанганымдан ыйлап жатам, — моюн бербеди мамалак.

— Кубангандан да ыйлайбы?- таң калды бала кирпи.

— Ыйлаганда да кандай ыйлайт! – мамалак ого бетер өңгүрөп коё берди.

— Болду эми, соороно гой, — бала кирпи мамалакты жонунан сылагылады.- Эртең кайра эле күн чыгат, жалбырактар түшөт, куштар учуп өтүшөт.

— Алар кетип жатышпайбы!..- мамалак ого бетер күчөп ыйлады.

— Бирок алар кайра келишет да. Кыш өтөт, кар эрийт, жаз келип, чөптөр чыкканда кайрадан учуп келишет.

— Кы-ыш келатат! – мамалак кайрадан өңгүрөп чалкасынан кетти.

— Кыш келет-кетет, бул керемет токойдо биз калабыз, жаз менен жай кайра кайталанат.

— Кыш дагы кайталанат да! Кереги жок, кереги жок, каалабайм!

— Эмнени каалабайсың?

— Баары кеткенин, учуп өткөнүн! – токой жаңырта кыйкырды мамалак.

— Кыш өтөт, баары кайталанат деп жатпаймынбы!

— Каалабайм, уккум келбейт, көргүм келбейт!

— Эмнени каалабайсың? Ал тургай биздин токой кышында да кооз экенин сен унуттуңбу?

— Кышында да ыйлайм мен!

— Кышында дагыбы? Эмне үчүн?

— Кышты аяп ыйлайм! – мамалак ого бетер буркурап боздогондо бала кирпи сөз менен ага жардам бере албасын түшүнө калды.

— Кеттик! – деп анан ал мамалакты колдон тартып токой аралап жүгүрүп жөнөдү.

— Каякка? Мени кайда алып баратасың?– мамалак жаштуу көзүн аарчый салып, бала кирпини айласыз ээрчиди.

Алар сынган кайыңдын алдынан өтүштү, кыйылган карагайдын дүмүрүн айланышты, булак суусунан аттап, өрттөнгөн бадалдарды аралап, тоого көтөрүлүштү.

Ошондо гана бала кирпи токтоп, кечки иңирде эңилчектердин арасында бүрүшүп отурган козу карынды көргөздү:

— Көрүп ал! Мунун атасы да, апасы да, кирпи, мамалак деген достору да жок, жапжалгыз, бирок сенчилеп токой жаңыртып ыйлабайт!

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.