ЖОМОК

Эрмек ишке жалакай болуп өстү. Чоңойгуча ата-энеси ашып-ташыган мүлк, байлыкты камдап койгон болучу: короо-короо койу, бодо-бодо малы эсепсиз, үйүр-үйүр жылкысы сан жеткис, каз катар, көк тиреген там-ташы белен. Ал байлыгына магдырап, үй курбай, эңкейип чөп орбоду. Жадесе арык казып, суу чыгарып, бак-дарак тигип койбоду. Келечекти ойлонбоду.

Атасы одүйнө салды. Энеси Акылай байбиченин бала-чака, бир туугандары, кайын журту  жанында калды. Атасынын ашы берилип бүткөндөн кийин Эрмектин көрөр көз туугандары: “Биздин да энчибиз бар. Бүтүн байлыкты калыс бөлөлү. Атадан ашкан мурасты чогуубуз менен тең көрөлү” дешип, энесине акыл салышты. Байбиче уул-кыз дебей, чүрпөлөрүн тегиз көрөт, аларга мээримин ободогу Күн сыңары бирдей төгөт.

Абышкасынан арткан мал-мүлктү: “Маңдайымда калган көкүрөк күчүгүм Эрмек үчүн, алыста куда-кудагыйларым менен түтүн булаткан Эркайым эрке-талтаң кызым үчүн” — деп кол ийрисине тартпай, уул-кыздарына, улуу-кичүүгө бирдей.

Эрмекке дүйнөнүн тогуздан бири калды. Акылай:

— Даяр оокат эзели жук болбойт, чүрпөм. Маңдай териң, ак эмгегиң менен таппаган байлык күн тийгенде эрип, сууга айланган кар сыңары жок болот. Билим алып, акыл-эс менен иштегендин мээнетине береке кошулуп, колу шоктонот. Сатып-союп жеп, колдогу караңды түгөл түгөтөрсүң. Андан көрө кой-козуңду, уй-музооңду, жылкы-күлүгүңдү бирин-бирине ула. Оку да, өнөр танда, билимдүүлөрдөн артта калба! — Эне уулун өөп-жыттап, эркелетип, ушуну айтты. Калган сырды кези келгенде угузмакка ичине катты.

— Ой, апа, — деди Эрмек чоюла, — өнөр издеп не кылам, эсепсиз мүлк турганда? Баарыле окууга пул менен өтүп, аны сака менен бүтүп, иш орунду пара менен алышат экен. Кызматты сатып алып, не кылам? Андан көрө уктайм, жыргайм, ысык үйдөн, калың көрпөдөн чыкпайм, — дейт да байбиченин кучагына ыктайт.

— Тигине, кыйкуулаган ак куудай катар тизилип, неберелерим чоңоюп келатат,  улуусу  кичүүсүн жетелеп ээрчитип. Таң атат, күн батат, мезгил өтөт, батперектей шуулдап. Карасаң эле алар эрезеге жетет, – деди акылдуу эне уулун төбөсүнөн жыттап. – Кур дегенде, ошо канат-бутагыбыздын келечегин ойло! Менин көзүм турганда бекер оокатка көнүп, сөзгө сөлтүк, кепке кемтик, жалкоо болбо!

Уйкусураган Эрмек жаздыкка оонай жатып, колун шилтеп койгону. Кийинкисине деги ой жүгүртпөдү, толгонбоду. Апанын акылы эсине кирип койбоду. Чүрпөсүнүн жанбактылыгына кейип, Акылай байбиче ичинен сызып, баш чайкады:

— Муну белен тамакка көндүргөн өзүм, о кашайгыр көзүм!.. Баланы эркелетсең, кийин балээ… Байлык колдун кири, жууган сайын суудай агып чуурулган, мээнетсиз кайра келбес. Үйү толо бала, бул кийин кантип жашайт?.. О, аттиң!

Кийинки жыл кургакчыл келип, тегиз жер, тоо-токой, өстөндө да чөп өспөй, жут болду. Эрмектин акыл тапкан, колдогусун түгөтпөй, эртеңкиге катып, бирин экиге, экисин төрткө көбөйтүп узарткан, күнү-түнү иштеп, тер төгүп жаткан ыраактагы туугандарына кут конду. Бөлөктөрдөй беш-он жылдык азык-түлүк,  жем-чөп камдабаган Эрмектин каралары ачкалыктан суй жыгылды.

Бычан сатып алаарга пулу жок, биринин соңунан бири кырылды. Ылаң тийип, өлгөн малдын эти жыйылды. Урду аны, бейкүнөө жандын кусуру. Үйүндөгү эт-майы, оокат-ашы түгөнүп, Эрмек эми арга издеп, туш-тарапка жүгүрдү. Байбиченин акылы олуядай оң экенин эми эстеп, өзүнүн кемчонтойлугуна башын муштап, күрсүндү.

— Эми эмне кылам? – апасына жалдырайт.

Акылай уулун жамандыкка кыйбайт. Ыйламсыраган баласын чекесинен  өөп, жыттайт. Чачынан сылайт.

— Атаңдын көрөр көз, кыраакы экенин кара! Алда качан кыйын күн түшөрүн билип, бирок эч кимге оозунан чыгарбай жүрүп, казына камдап койгон, сага! “Аны балдардын башына мүшкүл, иш түшкөндө гана айткын” — деген мага! Бул сырды оозуңдан чыгарба, жан адамга угузба!

Эрмек ордунан ыргып тура калды, чекчейе энесине карап алды:

— Анда кана?.. Бол, таап бер! Казына кайда?..

— Ашыкпа! Окуп, үйрөнгөн илим, өнөрүң менен иштесең, ошонун айлыгы жетер. Билесиңби, башка өлкөдөгүлөр өз байлыгына тийбейт, көз артпайт. Кокту-колоттогусун кылымдарга, укум-тукумуна сактайт. Өзүндө жокту, бар байлыкты башка жактан издеп таап, жердин аркы түпкүрүнөн болсо да, мекенине ташып алат. Акылсыз, колунан кокон тыйын келбегендер, же жер иштетишти билбегендер, керек-жаракты, буюм-тайымды чет дүйнөнүн кымбат баага сатып алаарын сүйбөгөндөр — бар мүлкүнө адеп кол салар, анан ырыскысын түгөтүп алаар, ошентип кедей, жармач болуп калаар. Антпесе, кол тийгис байлык, темир-терсек, жакут-бермет, зумурут, алтын, күмүш — жер алдында катылып, көбөйүп турар. Башка иш кылбай, аны сактабай, казып, чачып, сата берсе, миң жыл кыйрагыс чылк алтын тоо да житип ураар…

Эрмектин чыдамы кетти, апасынан уккусу келди казынанын дайын дарегин:

— Болсо кайда, салмагы канча?

Акылай айтты. Жан адам билбеген, эчен жылы сактаган сырдын оозун, эми ачты:

— Шашпа! Сабырдын түбү – сары алтын, акыл менен токтоолуктун баары алтын. Адегенде кепти ук, ары качпа! Айланаңды кара! Жапанияда адам ордуна робот иштеп атат. Батышта машина учуп жүрөт, асманда. Деңиз түбү менен, тоо чокусу, жардын кыры менен жүргөн поюз бар дейт Швейцарияда… Сенден бөлөгү кыйналып окуп, ийне менен илим казды жашында. Өнөр үйрөнүп, кыйла кызмат тапты. Алганы айлык-сыйлык, түбүндө эки-үчтөн жол тандабас унаа. Балдары да чоңоюп, окуусун бүтүп, не бир ачылыш жасап, Ошингтон, Лондон,  Париж… уулдары – Урумга кетти, кыздары – Кырымга жетти! Сабатсыз жалкоолорду кара, же иштээрге жумуш таппай, же бала-чакасын бакпай, аялынын көзүн карап, көрүнгөнгө жалдырап, көчөдө жүрөт, сандырап.

— Айтаар жомогуң ушубу, колума конор алтын-кушуң акыры мен жакка учтубу?

— Макул, олтур жакын. Илгери тоо этегинде атаңдын журту болгон. Анын айланасы таш-кесек менен тосмолонгон. Азыр ал жер унутулган, бирөө басып барып, көрүп койбогон. Дал ошол жерге…

— Эмне-е?

— Атаң… жер түбүнө казына катып койгон. Жердин жети катмарында. Үйдөй сандыктын ичи жалаң акыл-эс, өнөр, билим… Андан кийин табылар зер-жакут, алтын-күмүшкө толгон.

Эрмек  акырына дейре укпай кепти, колуна кетмен, күрөк, чот ала кетти. Акылай туюнткан тоо капталындагы дөңсөөгө учуп-күйүп жетти. Кайсар уулунун артынан  алда-неден чочулап келген байбиче тоо этегине байкатпай чыгып барды. Айланага көзүн салды. Коргондон ары кароосуз, ыраактан шаңкайып, ак кар, көк муз баскан бийик аска-зоолорго чейин созулган кең талаа. Кеңирсиген бу журтка суу тараса, жайкалган не бир чөп, өсүмдүк  өсмөк. Ушуну ойлогон апа тоо капталындагы булакты ачты, андан ээн талаага суу бурду.

Эрмек таш менен коргондолгон чоң короону адегенде кетмен менен чапты, күрөк менен казды. Бир күн, эки күн болду. Казылган дүйүм топуракты ары тартты, бери тартты. Аптага айланды убакыт, жигит санаса колду. Тегерекке топурак, кум-таш тоодой додолонду. Бирок чети оюлар эмес кең короонун, дегеле билинбейт кайда экени, оозу ороонун. Жер түбүнө чукул жетмекке эми, чукулдук менен чукулады. Ойлогон жок, жер чукума тракторду чакырганды. Эт-бетинен тер куюлуп, шалдайып шиберлүү көлөкөгө суналды. Эрте жазда мында келген, убакыт күзгө айланды. Акылай кайра келди, уулунан кабар алганы.

— Ушундан көрө көктөмдө, мобул талаага эгин сепсең, эмдигиче бышмак. Мээнетсиз даяр тамак,  кайдан чыкмак? — деди өзү баарда суу тараган талаага кол жаңсап. – Көрдүңбү Эрмек, чөптүн жайкалганын? Сенин мал-жылкыңа от болсун деп, жазында тоо суусун ага бурганмын.

Эрмек башын кашыды:

-О-ох, чарчадым!.. Казынамды кантип табамын да, кайдан аламын!?

— О, кагылайын, бекер оокат жок. “Өнөр үйрөн” деген тилди албадың да, укпадың! Азыр акыл менен темирдин, робот менен интернеттин заманы. Короону  соколоп, же жер чукугуч трактор менен казсаң болмок.

Бала ушундай акыл таппаганына уялды. Кайдан угушкан? Туугандары бүт жыйналды. Трактордун сузгучу менен жер чукулуп, ылдыйлаган сайын Эрмек казынаны кызганды: “Казына табылса, тең бөлүшөмбү?” деп. Тереңдикке жеткенде “кытыр” этип, сузгучка темир илинди. Чогулгандын баамында темир сандыктын капкагына сузгучтун тийгени билинди. Чуру-чуу түшүп, тракторду токтотуп, улуу-кичүү күрөк менен казып киришти. Бирок ор түбүндөгү капкакты ача алышпай же сандыкты көтөрө алышпай, шайлары ооду. Мында да ак элечек байбиче айтты акыл:

— Берекем! Сандыкты төрт бурчунан илип алаар жүк көтөргүч  машинаны чакыр!

Каз тамандуу трактору да келди. Ал темир сандыкты жер алдынан сууруп берди. Үйдөй сандыктын капкагын ачышса, ичи аңгырап боп-бош, түбүндө калың бир китеп жатат. Эрмек мээнети кайтпаганга эси кетип, үшкүрдү да:

— Бул эмне кылганыңыз, апа? – деди нааразылана.

— Ачууланба! Китепти ал да, ичин кара. Анда билим, илим, өнөр жатат. Илимди үйрөнгөн, аны иштетип көнгөн – байлыкка муюп, жакшы жашайт, жыргалга батат!

Эрмек китепти ачты. Караса, жалаң саргайган, шуудураган барактар… Кайра жапты. Эңсеси катты. Кыйладан бери убара тарткан мээнетине күйүп, китепти ары жакка ыргытты да, таарынып, үйүнө басты.

Ээн журттун тушунан өтүп бараткан жолоочу китепти тапты. Окуй салса, китепте кумдуу чөлдө суу чыгарууну жазыптыр. Барактап атып, кумдан алтын-күмүштү ылгап алышты үйрөндү. Жолоочу китептин тили менен чөлдү казып, эгерим кору түгөнгүс мунай менен газ таап алыптыр. Эбин таап, эсеби менен иштетсе, кара майы асман бою атыптыр. Мунайдын баасы жылдан жылга ашат. Жолоочу аны кезек талашкандарга үнөм менен сатат. Ошентип теңдешсиз бай болуп калат. Тапкан байлыгын өлкөсүнө өткөрүп берет, кедейлерге үлөштүрөт.

Анын дайнын уккан, чексиз энчиге карк болгонун көргөн Эрмек бармагын тиштейт. Көзү күйөт. Энеси Акылайдын “билим – казына” деген тилин албай, окубаганына, китепти ыргытып ийгенине, өзүнүн кейбирлигине өкүнөт. Өзүнүн жемин оозунан алдырып ийгенине, мээнетти сүйбөгөн аңкоолугуна сөгүнөт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.