Самуил Маршак: Макоо чычкан жөнүндө жомок

Түндө чычкан алдей айтат коңулда: — Мөндөлөйүм уктай койгун, уктагын, Уктап турсаң наның болот колуңда, Ширин тамак болот таңда татканың. Мөндөлөйү жооп берет момундай: — Апакебай, үнүң ичке чыйылдап, Ырдаганча тим коюңуз ырдабай, Андан көрө бала баккыч мага тап. Чычкан эне чуркап барып көлмөгө, Сүзүп жүргөн бир өрдөктү чакырды: — Өрдөк эне, кирип биздин бөлмөгө Карап бергин мөндөлөйчик баатырды. — Карк-карк-карк-карк уктай койгун мөндөлөй, Жаандан соң терип берем сөөлжан. Өрдөк ырдайт, бала чычкан эч көнбөй, Уккусу жок, көзүн жумбайт чакчайган. […]

Азамат Омош: Педагогдун бир мааниси кул экен

«Мугалим — мөмөлүү дарак» дешет. Албетте, мугалимден адеп «А» тамгасын үйрөнүп, анча-мынча тарбия алып, турмуштун чоң жолуна аттанганыбыз төгүн эмес. Бирок… …бирок ушу мен кээде теңирден тескери ойлонуп, коомго, аң-сезимибизге сиңип калган түшүнүктөргө антитүшүнүктөр менен карачу болуп калдым. Ошондой антитүшүнүктөрдүн бири мээме тынчтык бербей койду акыркы күндөрү. Бир эле собол эзет. Ал собол момундай: Мугалим деген ким? Мен өзүм жатак-мектепте (интернатта) окуганмын. Биздин мектепте 5-класска чейин класс жетекчибизден тышкары тарбиячыбыз болор эле. Анан улам жашыбыз улуулап отуруп, 5-классты бүткөндө жөн […]

Далай-лама: Бой көтөрүү – утурумдук жалган ийгиликтен келип чыгат

Эсиңерде болсун, айрым учурларда унчукпай коюунун өзү эң мыкты жооп. ♦ ♦ ♦ Эгерде көйгөй чечиле турганына көзүң жетсе, анда ал жөнүндө ойлоп тынчсызданба. Эгерде ал такыр эле чечилбесин билсең, тынсыздануудан да пайда жок. ♦ ♦ ♦ Адам өз жашоосунда бардык нерсе теңирден тескери болуп жаткандай учурду сезсе, анда анын турмушуна бир укмуштуу нерсе кирүүгө далалат кылып жатканы. ♦ ♦ ♦ Душмандарыбыз бизге чыдамкайлык, туруктуулук жана боорукерликке үйрөнүүгө эң сонун мүмкүнчүлүктөрдү берет. ♦ ♦ ♦ Эсиңерде болсун, ар дайым эле […]

Дарика Оторбаева: Чоң базардагы бир күн

АҢГЕМЕ Мурдагыдай эле кичинекей ырларды жазып жүрө бербей, бул аңгемени баштап отурам. Эки жыл мурда 8-классты бүтүп, жайкы каникулга тараган кезибиз болчу. Апам күндөгүдөй эле жумуштан чарчап, абдан кеч кайтты. Атамдын мугалимдик иши оор, жол киреге акчасы жок калганда үйгө жөө келмей. Анда деле бүгүнкүдөй 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүн белгилөөчү майрам тууралуу теле-радиодон көп сөздөр айтылып, колунда бар бай адамдар майып балдардын интернаттарын, жетимдердин тагдырын эстеп атканы берилип жатчу. Ушул күнү бөбөгүм экөөбүз Бишкектин борбордук аянтына чыгып майрамдагыбыз […]

Линара Сатыбалдиева: Мени сүйүү – ачуусу жок шараптай

Адабият айдыңындагы азыркы сүрмөтоп акындардын арасынан ушул кыз алдыга тез суурулуп чыгар бекен жокпу — айта албайбыз… Бирок кыттай уюган айрым саптары ойго салып койду… Бул сенин уурдап алган саптарың эмеспи десем, өзүмкү дейт. Өзүңкү болсо — буюрсун, кийин төөбастыга калбасаң эле болду дедим… Өзү Алайдан болом дейт, көздөрү да алайган кыз экен. Баёо… Таза. 10-11-классымда тийди-качты ыр жазчумун дейт, кийин тыштап койгом дейт, окубай да койгом дейт чунак кыз. Мектепти бүтүп эле турмушка чыгыптыр. Төрөптүр. Тиричилик менен алышыптыр. Эл […]