«Мугалим — мөмөлүү дарак» дешет. Албетте, мугалимден адеп «А» тамгасын үйрөнүп, анча-мынча тарбия алып, турмуштун чоң жолуна аттанганыбыз төгүн эмес. Бирок… …бирок ушу мен кээде теңирден тескери ойлонуп, коомго, аң-сезимибизге сиңип калган түшүнүктөргө антитүшүнүктөр менен карачу болуп калдым. Ошондой антитүшүнүктөрдүн бири мээме тынчтык бербей койду акыркы күндөрү. Бир эле собол эзет. Ал собол момундай: Мугалим деген ким?

Мен өзүм жатак-мектепте (интернатта) окуганмын. Биздин мектепте 5-класска чейин класс жетекчибизден тышкары тарбиячыбыз болор эле. Анан улам жашыбыз улуулап отуруп, 5-классты бүткөндө жөн эле эл катары класс жетекчилүү болуп калчубуз. Эми Кыргызстанда эки миң ашык мектептин баары эле жатак-мектеп эмес да. Баарында эле тарбиячы жок. Кадимки айылдагы, шаардагы мектептерде жөн эле класс жетекчи деген бар. Анан…

Мына эми мени кыйнаган соболго жакындап келатабыз. Мугалим ким? Биздин коомдо мугалим устаз-шакирт даражасына жеткен эмес. Жеткичекти дагы далай суу агар. Мугалим — кылган кызматына жараша айлыгын алган кадимки кызматкер. Балдарга билим берсе, демек ошонусуна жараша акысын алып жатат. Ал эми канчалык алып жатат, мугалимдин эмгеги канчалык бааланып жатат, бул башка маселе.

Интернеттен издеп отуруп, педагог деген сөздүн кызыктай бир аныктамасын окуп калдым. Эмне имиш, педагог деген байыркы грек тилинен алынып, илгери-илгери бай гректин балдарын мектепке жетелеп барчу сабаттуу, билимдүү кул имиш. Ооба, педагог – кадимки эле кул имиш. Бүгүн деле ошол тээ качанкы илим-билимдүү кул деген статусунан нары кеталбады, тилекке каршы. Байкуш мугалимдерди кимдер гана кордобойт. Шайлоо өнөктүгү маалында бийлик бир «зордосо»,  башка учурда кокус бир окуучу менен бир нерсе болуп кетсе, коомчулук да четте калбай баса калат. Ал эми педагогдор байыркы жана азыркы «кул» деген статусунан ажырап, агартуучу, коомду тарбиялоочу деген статусту алуу үчүн ким кызыкдар болушу керек?

Албетте, биринчи кезекте мугалим өзү. Ырас, мугалимдин мойнуна анын түз милдети болгон билим берүүдөн тышкары баланын тарбиясы деген каамытты илерден мурда, мугалим, мамлекет жана коом бир нерсеге даяр болушубуз керек. Ал «мугалимдин эмгеги» деп аталган, биздин коомдогу «ардактуу» каамыттын баасы. Же азыркынын тили менен айтканда, мугалимдин финансылык кызыкчылыгы.

Арийне, мугалим өз милдетин аткарат. Ал окуучуга билим берет. Эми андан башка баланын тарбиясы деген оор жүктү да мугалимдин мойнуна байлап берет экенбиз, ошого жараша төлөп да беришибиз керек. Төлөгөндү үйрөнүшүбүз керек. Ырас, мамлекет мугалимден окуучунун тарбиясын талап кылып жатабы, демек, ар бир мектептин класс жетекчисине жок дегенде айына жүз миң сомдон айлык төлөп берсин.

Колунан келбейби, шүк отурсун. Ырас, бүгүнкүдөй эрте менен кетип, каш карайганда үйгө келген күндө, ата-эне баласынын тарбиясын мугалимге тапшырдыбы, демек анда мамлекет төлөп бере албаган соң, ар бир ата-эне өз чөнтөгүнөн төлөсүн. Айталы, класс жетекчинин өкмөттөн алган айлыгы он миң сом дейли, демек калган токсон миң сомун бир класста жыйырма окуучу болсо, ар бир ата-эне төрт миң эки жүз канча сомдон айма-ай төлөп берсин да, мугалимден баласынын тарбиясын сурап алсын. Төлөбөйбү, унчукпай оозун жаап отурууга тийиш. Анткени ар бир нерсенин куну бар. Демек, биздин коомдо да мугалимчиликтин куну сары чака менен саналбаш керек. Сен кандай дейсиң, МУГАЛИМ?..

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.