АҢГЕМЕ

Мурдагыдай эле кичинекей ырларды жазып жүрө бербей, бул аңгемени баштап отурам. Эки жыл мурда 8-классты бүтүп, жайкы каникулга тараган кезибиз болчу. Апам күндөгүдөй эле жумуштан чарчап, абдан кеч кайтты. Атамдын мугалимдик иши оор, жол киреге акчасы жок калганда үйгө жөө келмей. Анда деле бүгүнкүдөй 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүн белгилөөчү майрам тууралуу теле-радиодон көп сөздөр айтылып, колунда бар бай адамдар майып балдардын интернаттарын, жетимдердин тагдырын эстеп атканы берилип жатчу.

Ушул күнү бөбөгүм экөөбүз Бишкектин борбордук аянтына чыгып майрамдагыбыз келип, атамдан акча сурадык. Ал дептерлерден көзүн албаган калыбында:

— Каникулга чыксаңар деле акча сурай бересиңерби? Же менин айлыгыман башка бизнесим бар беле? Мага жолтоо болбой, апаңардап сурагыла! — деп катуу кыйкырып койгондо, бөбөгүм экөөбүз бүрүшө түштүк.

Апам ашканада жаңы эле кечки тамакка киришип, муздаткычты ачып-жаап, кабагы карыш түйүлүп, «вареньеден, картошкадан башка эчтеке калбаптыр үйдө» деп кейий баштаган экен. Мен бөбөгүмдү акырын түртүп, «айт» дедим. Ал:

— Апа, эртең Даку экөөбүз жаңы площадка…- деп келатканда эле, апамдын ачуусу келип, мага суроо бере баштады.

— Ии, Шекспирдин «Ромео жана Джульеттасын» окуп бүттүңбү? «Отеллонучу?» Чейректерди кандай аяктаганың боюнча күндөлүгүңдү көрөйүнчү? — деди.

Мен чынында эле В.Шекспирдин «Отеллосун» кызыгып окуп баштап, аягына чыга элек болчумун. Калп айталбадым. Апам акча бергиси келбегенде ушундай суроолорду көп жаадырат. Ал:

— Силер байдын эмес, мугалимдин балдарысыңар. Түшүндүңбү? Сендей эле окуучулар тигинтип базарда лимонад, пирожки сатып акча таап атат. Бар, кет! — деп урушуп коё бсрген.

Абдан ыза болуп, картошка аарчыша баштадым. Апам бат эле кайра унчукпай, үшкүрүнүп калды. Тамак бышып, чай ичкенге келгенде, байкуш бөбөгүм ыйлабатып уктап калыптыр. Балдар бөлмөсүнө кирип алып, ага абдан боорум ачып, кошо ыйлагым келди. Чопа каруселдерге түшүп, абдан ойногусу келбеди беле?..

Эртеси күнү күндүз үйдө ата-энебиз жокто биринчи жолу пирожки жасадым. Картошкасы камырдан чыгып, кээси күйүп, кээси жакшы бышып, айтор бир топ пирожкини тандап сорттоп, кичирээк кострюлга салып, бөбөгүмдү ээрчитип, өзүбүзгө жакын Ош базарына жөнөдүм. Бөбөгүм ушунчалык бат эле байып, көп акчалуу болчудай сүйүнүп кудуңдап келатат. Биз деле акча тапканды билерибизди далилдегибиз, бир чети, атамдарды кубанткыбыз келди.

Ош базарына жөө басып бат эле жеттик. Элдин көптүгүнөн кадам сайын түртүшкөн биздин базар бүгүн мага эмнегедир башкача көрүндү. Жарым саатка чейин кострюлду ача албай, алгачкы жолу соода кылып аткандыктан тартынып тура бериптирбиз. Кийим-кече саткан катарларды кыдырып барып, бир аялга «эже, пирожки жейсизби» деп жалооругандай бөбөгүм экөөбүз карап туруп калдык. Тигил аял кострюлубузду карады да:

— Опей, ушундай да пирожки болобу? Кечээки өтпөй калгандарын алып келгенсиңер го?.. — деп баарына угуза кыйкырып жиберди. Биз бүгүн эле, эртең менен бышырганыбызды далилдеп сүйлөй бердик. Акыры жок жерден калпычы болуп калганыбызга ого бетер кейип, ары басып кеттик.

Түрдүү көз айнектерди жайып сатыбаткан кышылдаган семиз орус кишинин жанына барып, товарыбызды сунуштадык. Ал экөөбүзгө:

— Тамак саткан катарга барсаңар, тезирээк соодалап өткөрүп кетесиңер, — деп жан-дили менен базардын чыгыш тарабын көрсөтүп берди.

Мурда деле далай аралай чаап, апам же атамды ээрчип келип кыдырып кеткен менен, базардын мындай ички маңызын түшүнүүгө аракет кылбаганымды кара. Ошентип тамак-аш саткан катарга барып турдук. Жаныбыздагы эки кострюль самсасын сатып отурган кыргыз аял бизди карап чыртылдай сүйлөдү:

— Силер кайдан чыккан оёнсуңар ыя? Бул жерде мен эки жылдан бери кышкы ызгаарга, куйкалаган жайкы ысыкка карабай туруп сатып жүрөм. Отурган орунга акча төлөйм. Чебичтей болбой, ордумду бошот! — деп албууттана баштады.

Мен да унчукпай көгөрүп тура бердим. Чынында эле тигил ээрди ээрдине тийбей:

— Ысык самса, эти, капустасы менен алгыла, азыр эле апкелдим, — деп шыпылдаган кара тору аялдын самсасы тезинен түгөнүп, бир идиши бөксөрө баштады. Менин идишимден үч-төрт эле пирожки кетти. Бир топ убакыт өткөндөп кийин, тигил аял мага кайрылып: — Сумкемди карай тургула, мен азыр келем! — деп буюра сүйлөдү.

Аны менен акырындап жараша баштаганыбызга мен астыртан кубанып калгам. Ал кеткенде маңдайыбыздагы бөтөлкөлөргө сүт, айран куюп сатып отурган аялдар:

— Бул ушундай шүмшүк, милиция чакырганы кетти, жандим немеге теңелбегиле» деп тигини сөз кылып, бизге боор толгошту.

Аңгыча бөбөгүм экөөбүздүн маңдайыбызда кызыл шапкечен лейтенант пайда болду. Оңураңдаган неме идишибизди карады да:

— Ушул тамагыңарды өзүңөр эле жеп алып, бул жерден батыраак кетип калгыла, муну болсо мага бергиле! — деп төрт-беш пирожкини шадылуу колдору мснен апчый кармап жолго түштү.

Бөбөгүм:

— Эй, милиция байке, пирожкибиз үч сомдон… — деп чыйылдай артынан кыйкырганын ал уккан да жок.

Бөбөгүм ыйламсырап араң калганын капарына албай, кыжылдаган элдин ичине кирип, сиңип кетти.

Саткандан түшкөн акчаны улам-улам санап, биринчи жолу тапкан каражатыбыз аябай кымбат көрүнүп, шымымдын оң чөнтөгүн «жылытып» атты. Карасам, беш саат туруп, араң жыйырма эки сом чогултуптурбуз. Жаныбыздагы шыпылдаган аял самсыларынын дээрлик баарын сатып бүтүп, менин чакан идишимдин түбү көрүнүп калганда, бир жагымсыз окуя болуп кетти. Бети-башы одурайган, оң көзүнүн тушуна лейкопластр чапталып, ээрди жырылган, колдору туурулуп укмуш кир, баамымда жетинчи класстын окуучусундай түрү бар, бутуна кытайдын резина тапичкесин тарпылдата сүйрөгөн өспүрүм жаныбызга келип, мыйыгынан кытмыр күлүп туруп калды. Ал дароо эле мага:

— Эй, сулуу кыз, мага мобу жыйырма сомдукту майдалап берчи, — деп чап жабышпаспы.

Чөнтөгүмө колумду салып, акча сууруп чыкканча болбой, ары жактагы айран сатып кобурашкан курбу келиндер тиги баланы жабыла кууп, мени коруп атышты. Алардын бирөө атүгүл чуркап жетип, тиги баланы ары түртүп, каргап-шилей жолотпоонун аракетиңде чуулдап жиберишти.

Көрсө, түрү суук бала ушул чоң базардагыларга белгилүү болуп калгап чөнтөкчү, алы жеткендин колунан капчыгын сууруй качкан, көз көрүнөө каракчылык кылып жанын сактагандардын бири экен. Майдалап бергени акчаны алып чыкканда, тиги жулуп алып качмак тура. Мен бөбөгүмдү жалгыз таштай албай, же кууп барып кайра алууга алым жетпей, туруп бермек экенмин да.

Мына ошону билип, тиги түрү сууктун кыштыр-жайдыр кылган далай «эрдиктерине» күбө болуп көнүп калган айран саткан аялдардын бизге болушканы турбайбы көрсө. Тигини чуулдап кууп жибергенден кийин да, алардын бирөө көпкө сүйлөндү:

— Бул жашабагыр энесиндей аялдардын сумкесин тилип, чөнтөгүн «тазалап», атасындай киши капчыгын алыбатканда колунан сууруп качат. Кимдикин сууруп качарды да билет. Эки колунда оор жүгү бар, эти оорлошкон семиз кишилер эгерим бул шүмшүктү кууп жетпейт.

— Жулуп алып буйтай качканга маш болуп алды, — деди бирөөсү.

— «Атам жок» деп бул шүмшүк калп айтып жүрүптүр, көрсө анысы ичкич экен. Энеси мындан башка экөөсүн ээрчитип, күйөөсүнөн таяк жеп, аялдар кордук көрүп жашынган кризистик борбордо түнөйт. Айтты-койду дээрсиңер, бала чагынан залимдикке каныгып бүттү. Мындан чоңойгондо башкесер чыкпаса, мага кел.

— Кармалып калып таякты деле өлөрчө жебатат, бирок кайра эле адатына түшөт, — деди экинчиси.

— Ай, кыз, сен мындан ары келип соода кыла турган болсоң, бул базардын мыйзамдарын биле жүр. Биздей энелериңден сурап ал. Жаңы келгендерди кыя өткөрбөй тонойт бул шүмшүк, — деп келиндер ата-энебиз тууралуу сурамжылаган болушту.

Жайкы каникулда соода кылып көнүп алсак, жакшы киреше түшүрсөк, анда быйылкы 1-класска бара турган окуу куралдарын, жаңы сумкени өзүм сатып берем деп бөбөгүмдү кыялдантып койгон болчумун. Базарга келаткандагы ошол сөздү ал эсине абдан түйүп алса керек, ыза болсо да, ыйлабай карманды.

Каршы-терши агылып шашкан, товарларды мазесин чыгарчудай тандап караган, соодалашкандан тажабай бааны түшүртүүгө көнүккөн ар түрдүү адам, түркүн эл. Баятан бери биз отурган катардан «Ли-мо-над, муздак ли-мо-над!» деп чыйылдап кыйкырган 5-класстын окуучусундай курактагы кичинекей бойлуу, өтө эле арык, чачы бир өрүлүп артка ташталган, бети күнгө күйгөн тердээк кыз менин жаныма тыныкканы токтоп калды.

— Бир лимонадыма эки пирожкиңди бартер кыласыңбы? — деди ал тыкылдап.

Мен макул болуп, экөөбүз тааныша кеттик. Ал он литрлик чоң чакага суу куюп алып, бир нече бөтөлкөнү салып көтөрүп жүргөн эле.

Аптаптуу ысыкта суусундукту муздак бойдон сатып өткөрүү үчүн тарталаңдап ал да өз аракетин кылып ары-бери тызылдайт.

— Мынча оор нерсени көтөрүп, жөөлөшүп, базарды кантип кыдырып жүрөсүң? — дедим чакасын жерден алып көрүп, салмагына чыдабай кайра коё койдум.

— Мага анча деле оор эмес, көнүп калдым да, — деди арык кыз шоргологон терин аарчып. — Бүгүн балдардын майрамы. Базарда белек сатып алып, суусундук, балмуздак соодалаган кардарлар да көп болот. Ошондуктан эки эсе тызылдап чуркаш керек.

— Атың ким? Ата-энең каякта? — деп сурадым андан.

Кичинекей кыз пирожкини адепсиз сугунуп жегенинен карды аябай ачып калганы көрүнүп турду.

— Атым — Адалат. Атам акем Турду экөө Казакстанда тамекиде иштеп, күзүндө көп акча таап келгенде, Баткендеги апам курсагындагы бөбөктү төрөгөндө, ушул базарда тачке түртүп иштеген чоң байкем экөөбүз да акча жыйнап, кайра Баткенге барабыз. Анан баарыбыз чогулуп, мен кайра мектепке барып окуй баштайм, — деп бирдемелерди оозу булдуруктап айтып жатты. — Үйдө дагы бир эжем, менден кичүү сиңдим бар. Эжем окуп атат болду бекен, билбейм. Апам да жумушу жок, иштебей калган болчу.

— Чоң базардан байкең экөөң кантип табышасыңар?

— Ушинтип эле. Ал кечинде базар бүткөндө мени тачкесине салып сүйрөп ойноткондо жыргап калам, — деп ошого эле күлүп-куунап алды.

Алиги Адалаттын оор ишине мен таң калып карап турдум.

— Кой, мен лимонадымды сатайын. Мунумду соодалап бүткөндө, байкем дагы лимонад алып берет, — деп ал менин атымды сураганды да унутуп, кыйкалаңдай чакасын ийиле көтөрүп ордунан козголду. «Ли-мо-над, муздак ли-мо-над!» — деп кыжы-кыйма элдин ичине кирип, ал да кетип калды.

Кеч кирип, базардагы эл суюла баштаган. Бөбөгүм чырылдап ыйлап балмуздак сураганынан ага күнү кечке туруп тапкан акчабызга сатып берип, боорум ачып газдалган суу, дагы таттуу бир нерселерди жегизген болдум. Өзүм суусап, чарчап турсам дагы үйгө бир аз акча алпаруу үчүн чөнтөгүмдөгү калган он сегиз сомду чыгаргым келбей тырыштым.

Анан жагымсыз окуяны үйгө кетип баратканда, базардын четинен көрдүк. Бир топ эркек балдар, чоңураак жигиттер бая менин акчамды тартып кете жаздаган орой чөнтөкчү баланы ортого алып, тегеректеп топтошуп турушуптур. Көрсө, ал уурулугу үчүн кармалып, чоң эле кишиден өлөрчө таяк жептир. Бети-башы канжалап, жердеги кир цементте жатса да, эч ким тургузуп койгон жок. Эл тегеректей калганда биз да барып четкерээк туруп ошол окуяны көрүп, аңтарылган көзүнөн эми өлүп калат ко деген ой келип туруп алды. Бөбөгүм коркуп калбасын үчүн, «жүр, кетели» деп колунан тартып ары бастым.

Соодагерлер буюм-теримин, оокат-ашын жыйыштырып, тачке түрткөндөр да кымгуутташып, «жол!», «жол!» деп каршы-терши чуркашкан убак келип калган экен. Биздин алдыбыздан баягы баткендик кичинекей Адалатты узун бойлуу бир бала тачкеге салып алып сүйрөп баратат.

Тачкеде кыздан тышкары толгон сумке, кардардын буюмдары бар сыяктуу. Тиги агасынын «машинесинде» баратып үргүлөгөнсүйт. Шылкылдап, башы ары-бери кулап, көйнөгүнүн этеги түрүлсө да караганга алы келбей чарчагансыйт. Агасы карындашынын көйнөгүн тартып жаап, башын чоң сумкелерге оңдоп жөлөп, андан ары «жол!», «жол!» деп алар да шашып кайдадыр баратат.

Үйгө келгенибизде биз жашаган жаңы конуштун бир четинен экинчи четине акактай жүгүрө кыдырып атамдар издеп жүрүшүптүр. Болгон окуяны айтып бергенибизде, апам ыйлап жиберди…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.