Адабият айдыңындагы азыркы сүрмөтоп акындардын арасынан ушул кыз алдыга тез суурулуп чыгар бекен жокпу — айта албайбыз… Бирок кыттай уюган айрым саптары ойго салып койду… Бул сенин уурдап алган саптарың эмеспи десем, өзүмкү дейт. Өзүңкү болсо — буюрсун, кийин төөбастыга калбасаң эле болду дедим… Өзү Алайдан болом дейт, көздөрү да алайган кыз экен. Баёо… Таза. 10-11-классымда тийди-качты ыр жазчумун дейт, кийин тыштап койгом дейт, окубай да койгом дейт чунак кыз. Мектепти бүтүп эле турмушка чыгыптыр. Төрөптүр. Тиричилик менен алышыптыр. Эл катары базарларда соода жүргүзүптүр. Акыры жан дүйнөм ырга ооп туруп алды дейт. Оогону оң эле болуптур. Ырды кеч баштаганыма өкүнүп атамын дейт… Өкүнүп атса, окурман журтуна сунар ырлары мына анда…

Олжобай ШАКИР

Сен бир байкуш, мен да байкуш не дабаа?
Сен экөөбүз арман толгон чоң калаа.
Жаңылууда жалын өчкөн көөнүмдө
Жанбай келем байланалбай мен сага.

Жараткандын калбаш үчүн каарына,
Жазылган деп жер жарганда багыма,
Жылыбаган – каны каткан жүрөктү
Жыра айрып тигип алгам жаныма.

Акыл калчап: «Башың бош» деп бакырсаң,
Алкымыңа жүрөк мылтык такаган.
Оор бакытың оюп жонуң канталап,
Оорулуудай демиң менде катылган.

Адашкандар эки бөлөк мерчемден
Айласыздан бир кайыкта термелген.
Аял болуп жаралганым – жазыгым,
Аяп турам сезимиңди мен деген.

Сүрүп сүргүн жандыгы жок чок талаа,
Сүртүмдөрү каректерде чык чыла…
Сен экөөбүз арман толгон шол калаа,
Сен бир байкуш, мен да байкуш – не чара?

♦ ♦ ♦

Мен. Мен киммин? Мен бир адам
Мерчеми парда тосук, жалган аалам.
Маңырап канча бакыт кууган менен
Мээринде түбөлүгү бир жараткан!

Сыртынан бир макулук кибиреген,
Сыйрыса санаа, дастан жер тиреген.
Саны көп эчен максат курган менен
Сапарга абийир жолчу – кирдебеген!

Түнөргөн түнү тилеп тилек айткан,
Түркүксүз дүнүйөсүн жиреп аткан.
Турпаты турмуш менен түйшөлүүдө
Теңирин жокто эстеп, барда унуткан!

Кебетем көрүнгөндө жалтыракай,
Кейибей жүрөт ко дейт баамдагандар.
Калдастап канча тайдым… канча турдум,
Каниет кылам сага сабырым-ай…

Кемтигип, ичи тарып өрттөнбөсөм,
Кемсинтип, көңүл кажып өрдөнбөсөм,
Көө басып үшүбөсө экен дилим,
Кан сууса… тозок отун бойлобосом.

Ашынсам – алы жокко арга болсом,
Албырсам – муңайганга дарман бөлсөм.
Аллахым канатыңда асырай көр,
“Альхамду” сага болсун ооздо… өлсөм!

Кечиргин о түбөлүк, о жараткан,
Кейисем шүгүрү жок кечинде – таң.
Көр дүйнө, көз боёгон. Көр пендемин…
Куу башка ниети бузук минсе шайтан.

Кечиргин о түбөлүк, о жараткан!

САЛКЫН
Сиңилген салкындык сыланат саамайымда,
Саналбай сансыз күн саргайган убайымда.
Саресеп салынбай өтмүштө күндөлүгүм,
Сапырып убакытты өткөзгөм таштандыга.

Кууланган курдашты жашоонун кыямы деп,
Кынтыксыз сүйгөндү жолотпой: койгонмун чек.
Кымбатты баалабай чекилик кетиргенмин,
Күмөнүм нурда болуп күүгүмдө калкаладым.

Кубулуп ак кууларга чүмбөтчөн карга-кузгун,
Курутуп сагынычым ошондо кайда жүрдүң?
Какшыган сезимим, какталган жытын сезем,
Куурайдай ырбайып, ыдырап  баратамын.

Дүнүйөм бошогон, жүрөмүн сагыналбай,
Думугам – өрттөнгөн салкындык табы бардай.
Дабышы тамырымдын булкунуп жайлап барат,
Дүңүнөн каалгып учкан ышына чыдай албай.

Жылыткан үмүттөр качкан го менден үркүп,
Жүздөшкөн абийирим бекинет жүзүн бүркүп.
Жүгүм оор, көкүттө саялайт кайдыгерлик,
Жаш дагы акпай калган, тамчы жок бир да үзүк.

Упурайт дубалдары, жалгыздык титиретип,
Учурган таш дагы кайрылып келген кезип.
Ууланган өтмүштүн, уурталган шербетине
Ууланат дилимдеги сулуулук, ачтан азып.

Чочуба, бул менмин… кайтканмын, жол түгөнгөн,
Чоочунмун, башкамын, ошомун… мен төгүлгөм.
Чырак жак, издечи жүрөктүн түпкүрүнөн,
Чукула, табасың – аруулук бүртүмүнөн.

Боор ооруп же дээрсиң: “Болгон го сага чала,
Булганган ааламым, көөлөсөм –эмне пайда?
Башымдан сылачы, мээримден өксүгөнмүн,
Берилип ойногон – жалгандын сахнасында.

Кучакта, бекем кыс, титиреп үшүп барам,
Куюну салкындыктын өзүнө соруп барат.
Көзүмдүн чаңын сүрт, таптачы уйку мени,
Куралып ойгоном таң, а азан үрүл-бараң.

♦ ♦ ♦

Сөздөрүбүз тилет учтуу канжардай,
Көздөрүбүз бир бирине жылмайбай.
Туйдуң бекен кирдегенин көкүрөк,
Эскиргенин киргил баскан матадай.

Мен сыягы мала татым шербеттей,
Менин даамым – кумарыңды терметпей…
Калган болсо, түгөнгөнү ширенин –
Кереги не балын татпай ичүүнүн.

Сезимибиз толуп-ташып шар акпай,
Мени сүйүү – ачуусу жок шараптай.
Калган болсо үдүргүтүп мас кылбай,
Кажети не үлбүр жанды кыйнамай?

Сүйүү гүлү соолубастан тытылып,
Сыдырылды желектери күбүлүп.
Байкадыңбы, ымалага ыкталып,
Бажырайып өсүп чыкты тикенек!

КОШ ДЕДИҢБИ?
Кош дедиңби? Кош кал анда… аяба!
Колум кармап күнөөлүүдөй сылаба.
Кереги не айтылган сөз баягы
китептеги… Бүтпөс жомок баяны.

Каталарды кетирдикпи байкабай,
Кар жаадырдык сезимдерди аябай.
Көңүл назик экендигин унутуп,
Көңүлдөрдү өксүтүппүз бир далай.

Күнөө койбо өзүңө да, мага да,
Кайып белем, бешенеге жазган да.
Көлөкөсү сүйүүбүздүн үшүттү,
Күүлүп түштү! Туюусу жок калган да.

Кош дедиңби? Сен аркаңды караба!
Карегимде тамчыларым санаба.
Күндөр келер, күн да тийер багыма,
Кайың өсөр, куурап калган жарама.

Кумарлуу бир жаш жүрөккө, гүл толоор….

♦ ♦ ♦

Түн жамынып, кеч киргенде төшөгүн
Оймолотуп жылдыз тартып көшөгө,
Мейли, дилим кусалыкка малынгын,
Жалгыздыктын татайынчы бал даамын.

Чырак өчүп, өкүм сүрсө бейпилдик,
Жүзүн сүйүп, өпсө түндү караңгы.
Жалгыздыктан токуп алып канатты
Эргүү байлап учайынчы мен дагы.

Кечелердин бүтүп арзуу, кыялы,
Кең ааламды орогондо карааны;
Сапырылтып көөдөнүмдүн кайгысын
Жүрөк толкуп, бөксүп бугун чыгарсын.

Айдын нуру жымжырттыкка бөлөнүп,
Шоолалары жер бетине төшөлүп,
Сагынычтын терип назик гүлдөрүн
Жалгыздыкты кооздоюнчу мен бүгүн!

Жалгыздыкты кооздоюнчу мен бүгүн…

ӨБҮЛБӨГӨН ЭРИНДЕР
Кара түндө сулуу айдан нур агып,
Көлдө көөлгүйт чагылышып ыраңы.
Эссиз шамал чимирилген ойнооку
Эркелетчү сууну чайпап, ыргалып.

Кылгыр тартып уйку сурайт караңгы,
«Күбө бол» деп ай-жылдыздын карааны.
Бекетинен биз жолукчу жайлардын
Берген элең бир болууга антыңды.

О ал кезде жүрөк бүчүр жаңы ачкан,
Ороп жалын, оттой арзуу жараткан.
Булкуп-булкуп сезчүм тамыр согушун,
Байкатпастан сен астейдил карасаң.

Наздуу сезим каректерде туйлаган,
Нагыз сүйүү бизде шондо жашаган.
Дирилдеген жалбырактай ырайга
Дене  боюң  титиреткен ыраактан.

Айлар, күндөр өттү канча жыл арып,
Айланчыкта чарк айланып убакыт.
Ошондогу желге ийилген чырпыктар
Оргуштаган  эчен  бутак таратып.

Өзүң берген шертиң бузуп кеттиңби?
Өзүмбү же  буруп  алган  эркимди?
Териштирбейм илгеркини  козутуп,
Теңиң менен бакыт тапсаң жетиштүү.

Колумдагы эски  сүрөт, элестер –
Күлгүн күндүн учкундарын эстетер.
Таттуу жаштык, аруу жаштык кылчаят,
Таптуу карайт өбүлбөгөн эриндер.

Сени сүйгөн өбүлбөгөн эриндер…

АЙ
(Чымчыма)
1.
Оң тарапта жолду четтеп капталдап,
Он чамалуу тамдарга катар улап,
Эскирген там Эсенбектин үйү турат,
Эси ооп кай жерлери кеткен урап?

Жай айы чар тарабы жашыл жайыт,
Жайланып шибер чөптө каадаланып:
Жамбаштап жатат чиркин башты жөлөп,
Жайына чакан көгүш төшөк төшөп.

Аялы жүрөт басып жан жагында,
Алышып көр оокаттын майданында.
«Керилип кербезденбей турсаң боло,
келиндей жаңы тууган жатасың да». —

Деп айтып кайра ишин улантууда,
Далбастап үшкүрүнүп убайымда.
Катындын айткан кеби набыт болуп,
Кирбеди жетпей калып шамалымда.

Кейинген жубайына салбай кулак,
Кереңдеп, кыялдарда каалгып учат.
Кейпинде падышанын тактысында,
Коштогон элестери канат кагат.

Андагы кенебестик балачактан,
Адаты калбас тура! Жалооруткан
Жалкоолук минип алган желкесине,
Жашоосун түйшүк эмес кыял баскан.

Аңкайып, сулап карап көк асманды,
Андагы жылып өткөн булуттарды…
Аңгыча сыйкыр көргөн жаш баладай
Алайып саамга тоңуп катып калды.

Оозунан келме чыкты божуранып,
Ойлонгон кыялдары болуп кайып.
«Ой тооба-а, ушундай да болот имиш,
ооматым келди мага кучак жайып.»

Делдеңдеп так секирип тура калды,
Демиге кой сарайга басты жөнөп.
Бакырып кемпирине буйрук чалды:
«Балаңа айт, чакырсын журт! Кана, жөнөт!»

Аялы чочуп карап үңүрөйүп:
«Ашыкпай айтчы? – деди күбүрөнүп. –
Асмандан периштени көргөн өңдүү
алпынып, калдаңдайсың көңүлдөнүп.»

“Аа…” дебей каршы чыгып сүйлөй берди,
«Ай адам, кулак салып уксаң мени!
Айбыгып уят болуп калбайлычы,
акылдаш, анан сойчу, койду жейли.»

«Аллахым уккан окшойт эми мени,
асмандан түштү мага аян – деди. –
Бажырап кеп көбөйтүп сүйлөй бербей,
батыраак өткөрөлү кудай теги.»

Баласы шымаланып чуркап кетти,
Бакырып ар бир үйгө барып жетти.
Каккылап эшиктерин чекесинен:
«Кудайга өтүп келсин, атам!” – деди.

Зэриккен эл чогулду каада улап,
Заматта кой союлуп куйкаланат.
Келиндер дастарконду кенен жайып,
Келишти колу-коңшу бүтүн басып.

Даам сызып ызы-чуу, кобурашып,
Демейде эки-экиден кошуп башын.
Тартылып эт, шорпо ичип, күн да батты,
Төрдөгү аксакалы колун  ачып:

«Куйту иш жолобосун, бакыт консун,
кудайлап кан чыгарган ниетиң болсун!
Эсеке, айтчы эми эмне себеп,
эл жыйып, коюң союп, конок тостуң?»

«Можузаны көрүп келме келтирдим,
малды союп, кудай кылам этилдим.
Оргуштап олжо түшкөн көрүнөт,
ооматым оодарылып төгүлөт.

Күн чак түштө, шашкенин чагында
күндүн нуру куйкалаган, табында.
Асманда АЙ койкоюп илинген,
ак булуттар жылып жаткан маалында!»

Саамга дымып эл түшүнбөй нес болду,
Саналуусу сурап жатты: «Не болду?»
Элдин баары ичи эзиле каткырып,
Эсенбектин өз башына мант болду.

2.

Апенди чалыш Эсенбек,
Айтылып калган эски кеп.
«Күндүзү көрдүм Айды», — деп
Калкына болгон ду-ду кеп.

Жалкоолук — акыл жедирет,
Желкеңе шайтан миндирет.
Акылдан аман болсо да,
Акырын мээни кемирет.
13.08.2019-жыл

2 Replies to “Линара Сатыбалдиева: Мени сүйүү – ачуусу жок шараптай”

  1. Азамат кыз,Линара!Ыр дуйнон керемет,ийгиликтерин чексиз болсун!Бар бол,алтын кыз!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.