Түндө чычкан алдей айтат коңулда:
— Мөндөлөйүм уктай койгун, уктагын,
Уктап турсаң наның болот колуңда,
Ширин тамак болот таңда татканың.

Мөндөлөйү жооп берет момундай:
— Апакебай, үнүң ичке чыйылдап,
Ырдаганча тим коюңуз ырдабай,
Андан көрө бала баккыч мага тап.

Чычкан эне чуркап барып көлмөгө,
Сүзүп жүргөн бир өрдөктү чакырды:
— Өрдөк эне, кирип биздин бөлмөгө
Карап бергин мөндөлөйчик баатырды.

— Карк-карк-карк-карк уктай койгун мөндөлөй,
Жаандан соң терип берем сөөлжан.
Өрдөк ырдайт, бала чычкан эч көнбөй,
Уккусу жок, көзүн жумбайт чакчайган.

Мөндөлөйдүн кежирлигин көрүп бак —
Ал жооп берет жактырбастан мындай деп:
—  Ушул да ырбы, бул жөн гана каркылдак,
Тетирсинче уктатпадың мээни жеп.

Чуркап жөнөйт эне чычкан саз жакка,
Бакалардан бала баккыч тапмакка.
— Бака досум, бака курдаш арыба,
Барып берчи мөндөлөйүм бакмакка.

Балч-балч аттап бака курдаш каадалуу,
Барат чычкан ийинине балалуу.
— Бак-бак-бак-бак уктай койгун көшүлүп,
Сага деген чиркейлерим камдалуу.

Макоо чычкан каршылыгын билдирет:
— Бакылдагың кыжырыма тийди, — деп.
Чычкан чуркап атканага лып кирет,
Атка айтат: — Аке жардам бергин, — деп.

— Ии-хии-хилеп,- ат ырдаса бешик ыр,
Мөндөлөйгө такыр эле жакпаптыр.
— Уктай койгун турсаң таттуу жем берем,-
Ат да болбой така менен таптаптыр.
— Жок эй болбойт, үнүң жүрөк сестентет! —
деп мөндөлөй атты кууп таштаптыр.

Эне чычкан нары-бери жүгүрдү,
Бир чочкодон жардам сурап үлгүрдү:
— Жардам бергин, чочко курдаш кор кылба,
Бала соорот, пайда менен коркулда.

Коркулдаган бешик ырын жаңылап,
Чочко улам мөндөлөйгө жалынат:
— Корк-корк-корк-корк… караңгыдан корк, балам,
Коркурата коңурукту тарт, балам.
Бала чычкан кайра эле жактырбайт:
— Жакшы эне коркулдабай жакшы ырдайт!

Эне айтат койкоңдогон корозго,
Таң атканда уктатпаган кер оозго:
— Мекиңе айт, мээрим төксүн балама,
Мээси аз, акыл-эси чалама.
Тоок макул, көңүлдөнүп кукулдайт,
Мээрим төгүп мөндөлөйгө чукулдайт:
— Мөндөлөйүм кетейиним алдыңа,
Киргин жылуу канатымдын алдына.
Мөндөш айтат: — Пейилиң тоок алпейим,
Кукулдаган ырың бирок анчейин,
Уктай албайм мындай үнгө кантейин.

Чуркап жөнөйт чычкан эне кайрадан,
Чортон балык жолугат чоң дайрадан.
— Чортон эне балам такыр уктабайт,
Чочуйт түндөн, уктагыча алдей айт.

Чортон макул, чоюп оозун алдейлейт,
Бирок үнү кулакка эч илинбейт.
Мөндөш макоо кайра кылат каршылык:
— Үнүңүз пас, чоң тулкуңуз бар туруп.

Чычкан эне жөнөйт кайра чыйылдап,
Бала уктабайт кантип анан тыйылмак.
Бара жатып жолугушту мышыкка,
Токтоп калды байлангансып казыкка.
— Мыке баатыр, баламды багып бер,- деди.
Мышык дагы эч бир сырын бербеди:
— Мындай ишке кыйынмын да мен,- деди.
Чычкан күлдү табылгандай ылаажы,
Тагдырына боло түшүп ыраазы.

— Мыяу-мыяу… таттуу балам көөшүгүн,
Жаздыгың кенч, мамык жаткан төшөгүң…
Мөндөш макоо мөңкүбөдү бул жолу,
Мышык үнүн керемет деп болжоду.
— Мыйалаган үнүң назик эң,- деди,
— Эң бир жакшы бала баккыч сен, — деди,
Назик ырдын кучагында термелди…

Таң да атты бейкут, таза, керемет,
Чычкан келип, ийинине ал кирет,
Үйү таза, ызы-чуусуз тынчтыкта
Жатат мышык-эшик-төрдөй керилет.
Мөндөй гана эч бир жерде көрүнбөйт,
Бош калыптыр ал уктачу керебет.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.