ЭТЮД

Алмаз пайгамбар жашында, бирок бою-башына тың. Жашоого тоё элек көздөрүн көргөн кээ бирөө таанышын көргөндөй оозунуп, баш ийкеп да жиберет. “Бир жерден көрүшсөк керек да…” деп, ага өзү да көнүп бүткөн. Мындайча айтканда, Алмаз эл тааныгандай эле инсан.

Ал шаардын гүл өстүргөн чоң күнөсканасын кармайт. Гүлдөрдүн жаңы уруктарын ойлоп табуучу. Аны көпчүлүктүн тааныган себеби да ошо. Жаз келди – анын кеп-кеңешине муктаждар эшигинен кетишпейт. Анын үстүнө, азыр үй тегерегин гүлбакча кылам дегендер көбөйдү. Баарынын эле ою: эшик алдына бөлөктөргө окшобогон, башкалардан өзгөчөлүү гүлдөрдү өстүрсөм дейт.

Адамдар да жылкы мүнөз го, пейили өзгөрдү, өткөн жылы сепкен гүлүн быйыл жактырбай, көргүсү жок. Кадимки мебель алмаштыргандай чет жактан келген гүл уругун сурагандарын айт. Алмаз каякка барат, ал мындайда мүдөө-талаптарды айттырбай түшүнөт. Өтө эле кыйкымчыл кардар чыкса: “Гүлдө айып жок, аны көркү менен келиштире жасалгалап, бапестесеңиз эшик алдын жаннатка айландырат, былтыркы сепкен гүлүңүздү быйыл өзүңүз да тааныбай каласыз” деп көңүлүн жубатып, гүл уругун кооздоп отургузчу адамдын дарегин жазып карматат.

Кээде текебер кардарлардын кырс мүнөзүн байкаганда, анын эшик алдында өсчү гүлдөрдү ичинен аяп да кетет: “Эх, көркү көз кооз жоосун алган, карап эле отурчу бейиш гүлдөрүн таап берсең да, аны жыл айланбай чанып кеткендеричи… Бүгүн элдин табитин табыш тозокко айланып барат, минтип отурсак каякка барабыз?!.” деп маршруткада жумушуна баратканда ойго батчу болду.

Жубайы Санира кудайдын бир момуну. Сүйлөбөйт. Бирок колун жансагылап, көңүлү кармаса, Алмаз менен тилдүүдөн артык “кобурашат”. Ортолорунда Айгүл аттуу жалгыз кызы бар. Быйыл 4-класска барат. Кечкисин ата-энесин эриктирбеген данакер. Алмаз жубайы, кызы менен түндүн тээ бир оокумуна чейин болуп, анан үйүнүн жертөлөөсүнө түшөт. Эски диванына отурат да, ар кандай формадагы идиштерде өскөн гүлдөргө арбалып, жаңы сепкен уруктарды акмалап, түн ооп кетсе да жүрө берет.

Бир күнү жубайынын даамдуу тамагына курсагын кампайтып, кызынын керели-кечке мектепте эмне менен алектенгенин эрикпей уккандан кийин адатынча жер төлөөгө түштү. Көптөн бери ойлонуп, бир чечимге келген табылгасын ишке ашырууга шымаланып киришти. Жумушунан ала келген Париждин өзүндө өсүүчү “Флора” гүлү менен Мексика өрөөнүндө гүлдөөчү “Түн канышасы” деген гүлдү чаңдаштырып, бир челекке салып, кыргыздын кара топурагына көөмүп койду.

Күндө маалы менен суу куюп, көздөн далдаа кармап, топурак бетин улам жумшартып, чөп-чарынан арылтып жүрдү. Көп күн өттү. Алмаз күткөн гүлдөн дарек жок, бирок кара топурак бетинен күдөрүн үзбөй кирип-чыгат. Оюндагыдай болбогонуна ичи ачышты. Мээнетине кайгырган деле жок. Уруктар себилген челекти топурагы менен алды да, терезе түбүнө таштап койду.

Алмаздын күткөн үмүтү акталбай, маанайын түшүргөн ишти жүрөгү менен туйган дудук келинчеги Санира баягы терезе түбүндөгү чакага аз-аздан суу себелеп, күйөөсү жумушта жүргөндө кирип-чыгып астейдил мамиле жасай баштады. Күндөрдүн биринде Санира адатынча жер төлөнүн терезе тушунда турган чакага жакындай берип, кубангандан кыйкырып жиберди. Сүйүнгөнүнчө бар эле! Топурактын кыртышын челип, көз жоосун алган бажырайган аппак гүл чекчейип Санираны карап турган! Эмне кыларын билбей өзүнчө кубанычтуу кобуранып, алакандарын жаш баладай чапкылаган Санира Алмаздын келишин чыдамсыздык менен күтүп жатты. Жолдошу үйдүн босогосун аттаганда келинчеги демейдегиден башкача жаркылдаган маанай менен Алмаздын мойнуна асылып, анан колунан шарт жетелеп, жер төлөөнү көздөй сүйрөдү.

Кеч күүгүмдө мындай шаңды күтпөгөн кичинекей Айгүл да колундагы китебин таштап, тиги экөөнүн аркасынан жер төлөгө түштү. Мына, кызык! Керемет! Алмаз көргөн көзүнө ишенбей далдырай түштү. Баягы терезе түбүнө таштап койгон чаканын бетинде көркөмү өзүнө арбаган кооз бир тал гүл ыргалып, сөөмөйдөй өсүп калыптыр!

Алмаз жанында турган келинчегин кучагына кысып, бир ордунда тегеретип-тегеретип жиберди да: “Жаңы гүл көз ачты, жаңы гүл төрөлдү!” – кыйкырып алды. Жанына келген кичинекей Айгүлдү да сезишпей, гүлдү көздөрү тойбой тиктеп, башка планетадан келген белектей кубанычтары коюнуна батпай…

Оо, кыйладан соң, Алмаз эс-учун жыйып, жанында турган Санирага кол жаңсагылап, анын тилинде бир нерселерди шашып айтты. Бирок түшүндүрө албаган соң, ак баракка: “Бул жаңы гүлгө “Үмүт”  деген ат берелик” деген каалоосун бадырайта жазып көрсөткөндө, Санира бир ордунда так секирип, күйөөсүнүн жеңишине жетине албай манаттай кызарып кетти.

Жубайлар ошол эле жерден гүлдүн жаралышы боюнча азырынча эч кимге айтпай купуя сыр кылып ката турууну чечишкенин кичинекей Айгүлдүн кулагы чалып, ата-энесине билгизбей аста басып, жертөлөдөн чыгып кетти.

*    *    *

Ошол күндөн тартып Алмаз менен Саниранын оюнун баары Үмүт гүлү. Күндүзү Санира гүлдүн суусун куюп, топурак бетине чыга калган майда чөп-чарды отоп, кечкисин Алмаз жертөлөдөн карыш жылбай, анын температурасын бир калыбында кармап, түн ооп кеткиче жатпайт. Ата-энеси күндөн күнгө эле алыстап баратканын сезген Айгүл анын сыр төркүнүн жертөлөдө өскөн гүлдөн көрүп, анын өзүнчө эле кызгануу сезими тынчын алчу болду.

Бир күнү үйдө эч ким жокто төмөн түшүп, чакада бажырайып өскөн гүлдү түбүнөн шарт үзүп салууну чечти. Айгүл жертөлөгө түшүп, гүлгө жакындай бергенде наристе жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй дүкүлдөп, а көз жоосун алган аппак гүл ыргалып, мына, мына сүйлөп жиберчүдөй жаш кызды арбап: “Айгүл, токточу, мени үзбө, мен сенин түгөйүңмүн, биз экөөбүз бир тууганбыз!” деп өзүнчө таазим кылгандай үлбүрөгөн кооз желекчелерин ачып жибергенде, кыздын кызгануусу куйкалап турган муштумдай жүрөгү өзүнөн-өзү жибип, терезеден түшкөн жарыктан Үмүт гүлү өзүнчө эле ажайып көрүндү. Айгүл өз эгизин тапкандай балалык сезим менен ага ийилген гүлдүн сотосунан сылап-сылап жиберди: “Чын эле сен мага окшош экенсиң?! Мындан ары Үмүт менин түгөйүм!” деп Айгүл бир ордунда тегеренип, бийлеп жиберди.

Эгиздер бири-бирин ээнсиретпей бат-бат жолугушчу болду. Айгүлгө эгизи ушунчалык жакты, апасы менен атасы жокто сөзсүз Үмүттүн жанында. Мектеби жөнүндө, классташ курбулары, кыскасы, көргөн-билгендерин шашпай төкпөй-чачпай айтып берет. Ал бара-бара адатка айланды…

*    *    *

Бир күнү Айгүлдүн мугалими сабакта: “Өзүңөрдүн жакын досуңар” жөнүндө дилмаек жазып келгиле” деп тапшырма берип калбаспы… Айгүл ары ойлонуп, бери толгонуп, түгөйү Үмүт гүлү жөнүндө жазууну чечти. Эгизи менен кандай табышканын, кандай ынак болуп кетишкенин кызыктуу кылып кагаз бетине түшүрдү да, баарынан мурда эжекесине тапшырды. Эжейи Айгүлдүн жазганын дароо окуп, жагып калды окшойт, аны ошол жерден эле үнүн жогору чыгарып, классташтарынын көзүнчө окуп салды. Танаписке чыкканда балдар-кыздар Айгүлдү тегеректеп: “Сен кызык экенсиң, гүл дагы адам менен да дос болмок беле?!.” дешип туш-тушунан чыгып, күлкүгө айландырышканда, мындай болорун күтпөгөн Айгүл арданып, намысы козголуп кеттиби, айтор: “Эртең гүлдү алдыңарга алып келем, ошондо силердин шылдыңдаганыңарды көрөм!” деп таарынган бойдон класстан чуркап чыгып кетти.

Айтканындай эле эртеси кагаз кутуга бапестеп салган Үмүт гүлүн мектепке алып келип, балдар-кыздардын ортосуна коюп: “Кана, бир көргүлөчү, ким суктанбайт бул гүлгө. Бул кооз гүлдүн аты – Үмүт! Менин эгиз бир тууганым!” дегенде тургандардын бир-экөөсү күлгөн менен калган кыздар-балдар Үмүт гүлүнүн кайталангыс кооздугуна ооздору ачылып: “Каяктан жүрүп, таптың?! Ушундай да кооз гүл болобу, биринчи көрүшүбүз!” дешип суроо артынан суроо жаадырышты. “Бул купуя сыр, эч кимге айта албайм!” деп Айгүл кагаз кутудагы гүлдү аяр көтөрүп, сыртка жөнөгөндө – эжейи кооз гүлдү сүрөткө тартып алганга үлгүрдү. Муну күптөгөн Айгүл эгизин кучактаган бойдон үйүн көздөй сызды. “Айтпасам ишенишпейт! Мына, көрдүңөр! Эми таң калып, тарсайып жаткыла!” деп өзүнчө жылмайып, өзүнө-өзү ыраазы болуп келатты.

*    *    *

Бир жума өтүп, Алмаз адатынча үйүнөн чыгып, жумушка жөнөсө, көчө толгон журналисттер. Алар Алмазды бир заматта тегеректеп, биринен сала экинчиси сүрөткө тартып, суроолорун жаадырышты: “Айтыңызчы, бул кооз гүл кайдан? Кантип өстүрдүңүз? Автору ким?” Алмаз журналисттердин суроолоруна таң калып: “Каяктагы гүл жөнүндө сурап жатасыңар?!” дегиче болбой жанында турган көз айнек тагынган кабарчы: “Сиздин кызыңыз интернет аркылуу таркаткан гүлдүн таржымалын сурап жатабыз!” дегенде гана үй-бүлөлүк купуя сырды Айгүл элге жайып жибергенин сезди.

Көрсө, баягыда Айгүл гүлдү мектепке алып барганда сүрөткө тартып алган эжейи гүлдүн сүрөтүн интернетке жайгаштырып жиберген тура. Иштин чоо-жайын билген Алмаз ошол жерден эле гүлдүн жаралышы тууралуу айтып берүүгө мажбур болду.

Ал эки саатта эле Үмүт гүлү элге таанылып, тарых-таржымалы радио, теле кабарлары, гезит беттеринде сүрөтү жайнап кетти. Алмаз ал күнү жумушуна барбай, үйдө Санира, Үмүт үчөө Айгүлдүн мектептен келишин күтүп отурушту.

*    *    *

Кызы кечиккен сайын Саниранын көзү жашылданып, гүл жөнүндө кызына эмне үчүн айтпай койгондоруна өкүнүп, колдорун каршы-терши булгалап, абдан эле уялып жаткансыды. Айгүл босогону аттаары менен аны кучагына бекем кысып, өзүнчө эле туталанып күбүрөй берди. Алмаз болсо кызынын сезимтал, зирек, жароокер болуп өсүп келатканына жетине албай, эки өрүм чачынан сылай:

– Эң туура кылгансың, Айгүл! Баары бир Үмүт гүлү эртеби-кечпи эл энчисине айланып, адамдардын сүйүүсүнө татымак. Сен болбосоң сулуулук жертөлөөдө дагы канча убак камалып жатмак, сенин акылыңа ыраазымын, кызым! – деп Үмүт гүлүн жыттагандай кызынын маңдайынан сылап, саамайынан жыттап-жыттап алды.

– Ата, Үмүт менин түгөйүм, экөөбүз небак эле табышып алганбыз! Силер үйдө жокто дайыма сырдашып, сүйлөшчүбүз. Мен эртеби-кечпи, баары бир жарыкка, күн нуруна, чыныгы жашоого алып чыкмакмын! Ал оюмду ишке ашырдым! Эми биз бир үйдө, менин бөлмөмдө жашайбыз!

Кызынын кубанычтуу үнүн ата-энеси баш ийкеп, бири-бирин кучактаган бойдон угуп жатышты.

*    *    *

Кийинки жумада кыргыз телесинин көгүлтүр экранында Алмаз, кызы Айгүл экөө ортолоруна Үмүт гүлүн, – кызынын түгөйүн коюп, алып баруучунун суроолоруна жооп берип отурушту.

3 Replies to “Анара Мурзабекова: Эгиз гүл”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.