АҢГЕМЕ

— Капырай десе. Кантип капаланбайсың. Капаланбай койчу ишпи?!

Ошо күнү Шералы мына ушинтип өзүнчө чарт жарылып, ичинен аябай кыжаалат чегип, көңүлү бейтап жүрдү. Ушундан улам баарына кол шилтеп, а түгүл ипподромдун машинесин күтпөй шаардан көлдү кездөй атчан кетмек болгон. Анткени кыргыздын айтылуу ат чабышы, куш агытмай оюну үчүн шаарга келген биринчи күнү эле көздөй көргөн Чаарынын мусапыр кейпи аны аябай кыжаалат кылды.

Төрт туягы буудай кууруган Чаарынын арткы буту катуу жараланып, ушундан улам аксап калыптыр. Мына ушундай болорун буякка жөнөрдө Шералы дилинде сезген, билген. Селт этме, чалпоо кыялдуу Чаары ушу машинеде жүрө алабы? Ушундан улам Шералы Чаарын машине менен шаарга жөнөткүсү келген эмес, такыр жөнөткүсү келген эмес, бирок айылдык кеңештин кежир сары төрагасы жанда жок шашмалыгы менен аны нары көкүтүп, нары жалпак тили менен көндүрүп койгон. Амал канча, бул буйрукка Шералы айласыз көнүп, Чаарын башка аттар менен машинеде жөнөтүп, өзү мергенчи кушчулар менен артынан жете келген. Келсе атынын акыбалы бул.

Шералы ипподромдун ат сарайына кирери менен Чаары ага окурана муңайып, адаттагыдай чамгарактап менменсине тиктебей, солбуй шыйпанып, шалпы бош турду. Анын бул кейпине Шералынын жүрөгү сыздады.

Эми машина болмоктон паашайыктын учма поюзу болсо да, атын эч кимге бербей, кайра үйгө кетерде, жолдун ыраагына карабай минип кетмек болду. Эмнеси бар экен, жолдо түнөп конуп, үчүнчү күнү Бостерисине жетип барат. Эптеп көл боюна жетсе, андан ары өз үйү, өлөң төшөгү.

Ошентип, күйүп-бышып жүрүп Чаарын Шералы ар кыл дары-дармек менен тез эле айыктырып алды.Ошондон кийин гана Чаары мурунку чаалыкпас чырайына чыгып, ал эми кол баласындай болгон алгыр бүркүтү машыгуу учурунда коёнду жазбай алып, баары жакшы башталып, жакшы бүтүүчүдөй абалга келди. Бирок баары бир Шералынын көңүлү кир тартып, оюн-шоок, мелдеш алдындагы машыгуунун ызы-чуусу, бака-шака, тамаша жарпын жазып, көңүлүн ачалбады. Анын үстүнө бу оюнга биринчи жолу келип атыппы? Баары эле баягы, былтыркы, соңку. Анын түйүлгөн каш-кабагы а түгүл эл чогулуп, мелдеш башталганда да ачылбады, тескерисинче, ого бетер ачуусу терисине батпай, кичине эле шылтоо болсо чарт жарылчудай абалда жүрдү.

Эл чогулду. Алар ипподромдун бир четинде атайын тактайдан жасалган секичеде турган мергенчилерге дүнгүрөтө кол чаап, оюндун кызыктуу, ийгиликтүү өтүшүн каалап, аларды сүрөп атты. Элдин уу-дуусуна илме кайып куштар делөөрүп, өрөпкүй эргип турду.

Шералы жыгач секичедеги мүнүшкөрлөрдүн бир жак четинде, тирүү чырга болуп берчү карышкыр жана түлкү камалган төмөнкү темир капаска жакын жерде турду. Оюн башталарда кимдир-бирөө капаста камалган шиш тумшук түлкүнү таяк менен зордоп айдап чыкмакка шыкактай баштады. Түлкү титирей кетенчиктеп, темир тосмого жабыша ыктап алды, бирок тиги шыкакчы анын оюна коёбу, капастан күч менен сууруп чыгып, ипподромдун жашыл талаасына айдактап, ал эми жардаган эл анын зырылдап качышын күтүп, кыйкырык, ышкырык салып, сүрөп атты. Ал азыр мергенчинин колунан учуп чыгууга даяр турган бүркүттөн безилдеп качышы керек эле, бирок түлкү дале болсо качпай-этпей бир ордунда диртилдеп коркуп, жан жагын жалтактай карап, кимдир-бирөөнү издеп турду. Аңгыча аны көздөй мүнүшкөр бүркүтүн шилтеди. Ошондо түлкү жер менен жер болуп, боору менен лып жатып, бүркүттүн курч чеңгели шилиден ала электе эсинен тана түштү.

Түлкүнүн артынан тумшугу таңылган карышкыр коё берилди. Бул али көкжалдык кексе баралга жете элек, али аңкоо чалыш жаш болгону менен, бирок качырганын коё бербеген нака түгөт жырткыч экени зиркирей жылт эткен каардуу көздөрүнөн көрүнө калып турду. Темир тосмодон чыгаары менен ал жашыл талаа менен кадимки бөрү жортушун салып, ал эми төгөрөктө аны жардай айдактагандардын ызы-чуусу, же те бийикте канатын бир шилтеп, аны көздөй шуулдап келаткан кыраандын албуут карааны ал үчүн түккө арзыгыс бала оюну сымал менменсине ээн-эркин баратты. Таза аба, жылуу жер, эркиндик көңүл черин жазып, төгөрөккө кумар арытып баратты. Бирок анын бул менсинген анкоолугу утурумдук гана эле. Мүнүшкөрдүн колунан көккө атып чыгып, ана тээ бийиктен таштай түйүлүп, аба ышкыртып аны көздөй келаткан бүркүттү көргөндө, денеси калч жыйрылып, жерден жан-соога издей бөкчөйө түшүп, анан шарт берип качып жөнөдү.

Жардагандарга тамаша, ал эми тигил экөө бири көктө, экинчиси жерде бири качып, экинчиси кууп, бири кор болуп, экинчиси баатырдыгын керсөтүп, жебедей шукшурулган бүркүт карышкырды так соорудан алаарда карышкыр жалт бере буйтай берди. Омсоё түшкөн бүркүт канаттарын далдайта жайып, жер ченгелдей отуруп калды. Бул учурда карышкырдын артынан сая кууп башка бүркүт чыкты. Ал чу дегенден эле канаты бир сермелбей, ылдамдыгынан аба ышкырып шукшурула төбөдөн кирип келди. Карышкырды буйтата койбой, бир буту аны жамбаштан, экинчиси омуроодон чап капшыра алып, эки бүктөмөк болду эле, бирок темир капаска багылып күчү белинде турган жырткыч булт берип, бир түйүлүштө бүркүттү үстүнөн серпип салды. Дал ушул учурдан пайдаланып, канаттары жер чийе омсоё түшкөн бүркүттү кектүү көкжал моюндан карс тиштеп, аттиң моокумун кандырса болмок, бирок тумшук кабы оозун кемээчтеп тургандыктан көздөрүнө кан толо тумшугу менен бүркүттү бир урууга араң жарады, эки ортодо катуу кармаш башталды. Аңгыча мүнүшкөр чаап жетип келди. Келди да, али ордунан жылалбай арманын акактай тилинен көрсөткөн биринчи бүркүттү жерден алып, карышкырга салды. Көккө кулач уруп, күү алалбаган бүркүт карышкыр үчүн анча коркунучтуу эмес эле, бирок кантсе да арманы артып турган бүркүт бул ирет көкжалды так шилиден куушура кармады. Ачуу тырмактын уусуна жаны кашайган карышкыр бүркүттүн жагжагын жара койчудай ызалуу ырылдап, таңылуу тумшугун жогору шилтеди. Бүркүт ан сайын өжөрдөнө кыйкылдап, тырмактары карышкырдын шилисине ого бетер кычкачтай чайышты, бирок көкжал эки буттай тура калып, бүркүттү жону менен басып жыгылмакка чалкасынан түштү. Канаттары жерге чапчыла түшкөн бүркүт чеңгелин бөрүнүн шилисинен эптеп чыгара салып, чап тумшуктан алмак болду, бирок үлгүрбөдү. Карышкыр аны камданта койбой шарт качып жөнөдү. Аттиң-ай, эгер оозу таңылуу болбосо бу ийри тумшук баатырды дал моюндан кырча бурдап жыкмак.

Ушул учурда Шералынын бүркүтүнө кезек келип калды. Оюндун жөн-жайын башкарып жүргөн неме Шералыны, кана мени кара, эми агыт дегендей те төмөндөн белги берди, бирок Шералы бүркүтүн корсунган тирүү чыргага шилтебеди. Адамдардын утурумдук көңүл көксөөсү үчүн, айбан да болсо аны ушунчалык корсунтуп кыйноо ага жакпай турду. Ансыз эле тумшугу таңылып, анан калса эки бүркүткө аябай таланып шайы кеткен бөрүнү эми камчы менен кубалап, эгер эле качса кайрадан бүркүт агытып, оюн шаанисин күчөтмөккө алар канчалык жанын далбас кылып аракеттенген сайын, карышкыр ошончолук кор болуп, жаны ачып, эгер эле оозу таңылбаса ушул каткырык күү чалып дуулдаган адамдардын шили сөөгүн бир серпиште быркырата чайнап, эми жап кылчуудай абалда өчүгө кыйналып, нары жан талаша күрөшүп атканын Шералы көңүл тереңинен сезип-туюп тургансыды. Тигине, карышкыр деле бирде коргонуп, бирде кол салып, көздөрү тереңинде зирилдеп, башы эңги-деңги, алсыз ырылдап атты. Мергенчилер аны ого бетер катуу камчыга алганда, кантсин, айбан да болсо чарт жарылды. Болгон күчүн ызасына түйүп, ага жакыныраак келген бүркүтчүнүн атына бир секириш менен түйүлө тийди эле, ат селт эте жалт берип, үстүндөгү камгактай учуп түштү.

Ушул учурда экинчи мергенчи бөрүнү камчы сабы менен дал кашка маңдайга чаап өттү эле, бөрү бир чимирилип алып, кайрадан кимдир бирөөгө кол салмак болду, бирок ээрден кулаган жанакы мергенчи союлдай камчысы менен биротоло тургус кылып жыкты.

Айрыкча мына ушундай кордоо, өч алуу оюнунан кийин бул шөкөттөн Шералынын көңүлү биротоло сууду. Бүркүттүн томогосун албай, мергенчилер турган жыгач секичеден түштү. Экинчи ушул жерге келбөөгө, бул оюнга катышпоого өзүнө катуу шарт берди. Кимдир-бирөө карышкырдын бүркүт эле эмес, бүркүтчү менен кантип кармашканы жөнүндө кыбасы кана бажактай өрөпкүп сүйлөп жатты, а Шералынын көңүлү ого бетер катуу чөгүп, кабагы ачылбай ичинен кирдеди, эзилди, кыйналды. Ушул адамдардын астейдил оюну, атынын жараланышы, карышкырдын кордолушу аны ызалантты. Бүркүтүн агытпай секичеден түшүп кетишине аны тааныган мергенчилер бу уу-дууда анча деле кызыкпады, таң калбады, таң калууга, суроого убак-чолоосу да жок эле…

*     *     *

Ошонун эртеси Шералы үйүн көздөй жолго чыкты, аны менен мүнүшкөр Мокеш кошо бастырды. Мокештин үйү орто жолдо болгондуктан аныкында бир түнөп алып, андан ары жол алмак.

Кечке жуук Мокештикине түшүп, а эртеси түш ченде Боом капчыгайын арытып, анан Чаарынын белин суутуп алмакка, суу боюндагы тааныш темир жолчунун үйүнө тизгин бурду. Өткөн-кеткенден сөз чегип, экөө аябай чер жазышып, бешене ымшытып дембе-дем чай ичишип, анан түш оой жолго чыкты. Кечке маал Шералы Балыкчынын ырылдаган улан-куюнуна бет келди. Үтүрөйгөн боз чөптөр отсуз очоктогу жетимдердей зиркирей дирилдеп, сары жалбырактары куюн аралаш күбүлүп жатты. Бул жердегилер ырылдак уланга биротоло көнүп бүткөн. Кээ-кээде куюн болуп турбаса, буерде жашагандар жым-жырт боло түшкөн шаарга анча ичи чыкпай, бук болуп кетише турган.

Шералы Чаарын күрсүлдөтө теминип, жүрүшүн ылдамдатты. Иңир киргенче Тору-Айгыр кыштагына жете келди. Бостериге чейин али алыс, ошон үчүн көл жээгиндеги маяк-чекитте иштеген эски тааныш Турдумат карыяныкына жатып алмак болду. Жаз айынан кеч күзгө чейин Турдумат карыя боз үйүн көл жээгиндеги белги берүүчү маяк чекитке жакын жерге тигип алып олтура турган. Анткени, те береги тоо этегиндеги айылдан көл жээгине күнүнө келип-кетүү итабар убакыт ала турган, нары жайында, көл жээгинде көл шарпасын угуп жашоо жаман эмес да. Анан калса Турдумат бул ишин өтө жакшы көрөт, көнүп да бүткөн, кырк жыл оңойбу, а түгүл шам жарыгы жок кезде, карамай чырагы те маякта күйүп тура турган.

Кечки иңирде Шералы Турдуматтын боз үйүнө жете келди. Боз үйдүн жанындагы таш очоктогу казанда былкылдай эт кайнап жатыптыр. Шералыны карыянын небереси тосуп чыкты, ээрден түшүрүп, аттан алды.

Шералы жээкти көздөй көлдө келаткан кайыкты, анда отурган Турдумат менен ак калпакчан жигитти көрдү, аттан түшөрү менен үйгө кирбей, жээкти көздөй басып, Турдуматты утурлай чыкты. Экөө кучак жайып учурашты.

— Бу ким дегени турасыңбы? — Турдумат карыя жанындагы жигитти көрсөтө берди. —Таанышып кой… Кабарчы жигит. Мени гезитке жазам деп келиптир. Суроо-жооп менен жүрүп, бири-бирибизди кыйнап койдук окшойт…

Кабарчы Шералынын бүркүтүнө абдан кызыга карап турду, бирок бул кызыгуусун анча билгизгиси келбеди, бул бейтааныш кечки конок болгон соң мүнүшкөрлүктүн таржымалын жайынча сурап алмак болду.

— Кан жолдо баратып, мени унутпай тизгин бурганына ыракмат, — деди Турдумат карыя алар үйгө кирип отурушканда.

— Шаар арытып келатыпсың, не жаңылык, не кеп-сөз бар?

Шералы көргөн-билгенин жайынча айтып кирди. Тиги ак калпакчан кабарчы куйма кулак, анын үстүнө жаш болсо да көптү көрүп, көптү билген неме көрүнөт, Шералыны бара-бара ичинен от алдырып, досуна айтпаган сырын сыгып, айттырып алчудай, ар кыл суроолорду берип, ойду улап кеткен жорго сөздүүлүгү менен аны билинбей арбап алды. Анын үстүнө оозуна шайтан түкүргөндөй чечен неме экен. Өмүрү угуп-көрбөгөн кеп-келечти Шералы оозун ача ормоюп жыргап, ысык чайга тердеп отуруп укту.

«О, азаматым, — деп алды Шералы өзүнчө, — өмүрүң ылайым, узун болсун. Сүйлө».

Сүйлөп атты. Капырай, көрсө, мобуреки алар жээгинде отурган Ысык-Көлдүн ордунда илгери шаар болгон тура. Анын калдыктары азыр көл түбүндө күнү бүгүнкүдөй сакталып турганын кара. О, укмушуң кур десе. Көрсө, чын эле айтылып жүргөндөй, шаар урап чөл болуп, чөл үстү кайра көл болуп, бу кылым арыткан теңирим жер замандан заманга кубулуп, өзгөрүлүп, өсүп-өнүп турат экен го. Тооба десе… Э кудаа, ушунчалык жашоо-дем бергенине шүгүр.

— Жаш болсоң да көзүң ачык экен иним, — деди Шералы малдашын жазып, буттарын улага тарапка кенен-чонон коё берип жатып. — Сүйлө, кагылайын… Айтчы, ушу биздин эле чоң калаада окудуң беле?

— Жок, алыста окуптур. О, анда ого бетер оңой эмес көрүнөт. Айрыкча те борбордо окугандар илим-билимди тим эле атка эмес, төөгө артынып келет имиш го. Бали. Кем болбо.

— Айтчы, кагылайын… Биздин Ысык-Көлгө чому менен чөгүп кеткен эшектин өлүгү, те Байкөл көлүнөн чыгыптыр дейт, ушу чынбы? Биздин көл менен Байкөлдүн түбү туташ көрүнөт…

Кабарчы санын чаап күлдү. Жөн эле бир Мокеш сыяктуу бабырдын сөзү тура көрсө. «Айтам да… — деп алды Шералы күлүмсүрөй, — кантип эле ошентсин?»

— Бирок эл айтса бекер айтпайт деген кеп бар го, — кабарчы жигит Шералынын сөзүн улады. — Мисалы, Тукем жашаган мынабу эле Тору-Айгыр кыштагын алалы. Эмне үчүн Тору-Айгыр аталып калган? Анткени ал жөнүндө эл уламыш айтып түбөлүккө сактап калган. Аны эми сиз менден жакшы билесиз, ава.

Шералы сөзгө таң бере тулганын бутуна мелтирей тиктеп, ойго чөмүй түштү. Тигине, бет алдынан азынай кишенеп Тору-Айгыр чыкты… «Кай заманда экенин ким билсин, иши кылып илгери бул окуя болгон», — деп алды Шералы өзүнчө.

…Тигине, күндөрдүн бир күнү атпай кыргызды жоо каптап кирди. Түндүктөр быркырап, очок-очок күлдөр сапырылып, казандар кулап, боз үйлөр кыйрап, шалк этмеден баатырлардын башы жерде сулап, бейкут айыл дароо ызы-чуу түштү. Энеси баласын, баласы энесин кучактап эси ооп, кан суудай акты. Эптеп тирүү калгандар алыс кеталбай, айласыз колго түшүп, үйүр-үйүр жылкылар менен душман аларды өз айылын көздөй айдап жөнөдү. Боздогон жетим-жесирлер ата-бабасы мекендеген көл бою менен коштошуп, бөлөк эл, бөтөн жерге кул болуп, сапар чегишти.

Ошентип, кечээ эле жылга-жыбыты дүнгүрөгөн малга, айыл арасы күлкү-шаңга толгон жер бүгүн күлү сапырылып, карга-кузгун мекенине айланды. Туткундар салбырап, энеси баласын, баласы энесин эптеп сүйөп-таяп баратты. Ушул учурда аларды селт эттирген жылкынын кишенеген катуу үнү чыкты. Карай салышып, айдалып бараткан жылкылардын арасынан топ баштаган Тору айгыр бөлүнүп чыкканын көрүштү. Чыкты да Тору айгыр түз эле көлдү көздөй атран таскак алып, анан тик жардан, ак көбүк урган көл толкунуна бой урду, анын артынан топ жылкы жөнөдү эле, бирок душман камчынын учу, кылычтын мизи менен тосуп калышты.

Карагер, кулун курагы калган тээ көрүнгүс жээкке экинчи күнү араң сүзүп жетти. Мына ошондон улам ушер Тору-Айгыр аталып калган тура…

Ат адамдын досу, канаты. Кыргыздар муну бекеринен айткан эмес», — деп алды Шералы ичинен.

— Бул уламышты билбеген бир дагы кыргыз жок, — деди кабарчы жигит. — Жүз жылдап эл оозунда жашап келет. Бир кызыгы, дал ошол Тору-Айгыр сүзүп өткөн жерде Турдумат аксакал так ушул уламышты улагансып, Тору айгырды күткөнсүп, түнкү кемени күтүп, кырк жылдан бери белги берчү маякта кызмат кылып келиши мени өтө кызыктырат. Мына ошон үчүн, гезитке жазайын деп атайын келип отурам…

— Баракелде, балам, — деп ийди Шералы. — Азыркы жаштардын илгерки санжыра менен иши жок деп жүрсөм, көрсө андай эмес экен. Албетте, өз элинин өткөнүн билбеген киши, эртеңкисин жарытабы. Капырай, чын эле, айбан да болсо Тору айгырды көрбөйсүңбү… Кээде ушуга анча ишене бербей да кетем. Чын эле сүзүп өттү бекен, же элдин апыртмасыбы?

— А сиз кандай дейсиз? Чынбы же жалганбы?

— Кээде ойлойм, чын болсо керек деп… Антпесе, жээктин атын коймок беле?

— Туура айтасыз, — деди кабарчы, — Төгүн жерден эле уламыш чыгарбайт, эгер менин колумдан келсе так ушул жерге Тору айгырга таштан эстелик тургузмакмын.

— О, андай болсо кана… Кандай дейсиз Туке, чын эле жаныбардын касиеттүүлүгү ошончо бар… Мына ушул укмуш уламыштын жанында жашап жүрүп, ага маани бербей жүргөнүбүздү карачы. Капырай десе… Башканы айтпайлы, мына ушул укмушту билип, анан да анын ыйык экенине ишенип жашоонун өзү эле канча. Мында кыйла терең сыр жатат. — Шералы сөзгө кызыгып, өзүнчө бата кылгансып алакандары менен жүзүн сылап, жаздыкка оңдоно кыңкая кетти. — Укмуш демекчи, сөздөн улам мен да силерге бир укмуш айтып берейин. Ыраматылык атамдын айтуусунда, бешиктеги ымыркай кезимде төбөмө асманда каалгып учкан бүркүттүн көлөкөсү түшкөн дейт. А чын-чынында түшкөнбү, түшпөгөнбү, же жөн эле атамдын апыртмасыбы, бирок мына ушул сөз көкүрөгүмдө терең уялап калды. Бала кезимден каныма сиңип, төбөмө түшкөн көлөкө жөн көлөкө эмес, төбөмдөн сылап өткөн ыйык белги сымал сезилип калды. Жашымдан бүркүт таптап, тоо-таштын арасында жүрүп калганымды да ушундан көрөм…

Айрыкча ушул окуяны айтканда Шералы кыйла толкундап сүйлөдү. Адатта Шералыны жакындан билбегендер, оозунан сөзү төгүлгөн чечен эмес, кем сөз, түнт деп ойлочу. Ушундан уламбы, айрыкча, Турдумат карыя Шералынын көбүрүп-жабырып, толкундап сүйлөгөнүнө кыйла таң калгандай болду. Кыязы Тору айгыр жөнүндөгү уламыш көңүлүнө от койду окшойт.

— Айтыңызчы, — деди ак калпакчан жигит, — ар бир эле киши мүнүшкөр боло алабы?

— Тилин эле эмес, дилин кошо билиш керек куштун — деди Шералы. — Ошондо гана ийге кирет. Чыныгы мүнүшкөр андай болот, мындай болот деп жүрүшпөйбү. Айтып коюу дайыма оңой, ал эми мүнүшкөрдүн мүнүшкөрлүгү бүркүттү өзүнө үйрөтүү, эркине көндүрүүдө сыналат, байкалат, аныкталат. Анткени, жумалап, айлап аны менен сырын табуу үчүн айлакерликке салып алышасың, убараланасың. Айрыкча бүркүттү таптоо учурунда аны эркиңе көндүрүү эң кыйын. Бүркүт колдон жем жебей, шилтеси куурап, алсырап калган учурда беттегенин бербей ыкыйып тура берет. Мындай учурда бүркүтчү башка айла-амалга өтөт. Эч нерсеге чегинип, такыр бедели сынбай койгон бүркүт уйкусуз калганда катуу жабыркайт, беделинен таят. Анча-мынча уйкусуздукка моюн бере койбойт, бирок бара-бара шаштысы кете баштайт.

Мындай учурда эми бүркүт адамды алдамайга өтөт. Кандай дебейсиңерби… Мүнүшкөр отурган жактагы көзүн ачык калтырат дагы, экинчи көзүн жаап уйкуга кирет. Көптү көргөн мүнүшкөр бүркүттүн бул митаамдыгын жакшы билет, ошон үчүн ал да кычаштыкка салып отура берет. Адамдан айла качыл кутулчу беле… Бүркүт бара-бара туруштук бералбай адам эркине багына баштайт. А бүркүткө караганда кушту таптоо алда канча оңой, жеңил. Суусаганга чыдай албай, бир жутум суу үчүн тез эле эркиңе көнүп берет. Ээ-э… айта берсе кызыктар көп… Үйрөтүлгөн куш кыйла кыйды, а кээде ишенимсиз келет. Эгер эле ток болсо, каапыр, качырганын албай, жөн гана чарпымыш болуп, ээсинин көөнүн алмакка өтөт. Ал эми ачка болсо алганын дароо буйда жерге ала качып, мүнүшкөрүнөн кызганып, чеңгелиндегини канаттары менен жашырып, ээси барганча жеп түгөтүп ийет. Э-э… кантсе да алгыр куштардын ичинен адамга чын дилинен көнүп, өз балаңдай ишеним бергени бүркүт деп жүрүшөт. Чын сөз… Ошон үчүн эгер мүнүшкөр бүркүттөн мурда каза тапса анын деми, бир кыялы ошол канаттуу жаныбарына өтөт имиш.

Ушундан улам мүнүшкөр өлгөндө, анын туурда калган бүркүтүнө, мергенчинин бала-бакырасы ага мурдагы, ээсиндей мамиле жасап, багып, ал үйдө ошол бүркүт бүлө болуп кала берет…

Карылыгы жетип, канаттары шалдырап үйдө отурган Азоом так эле Кара-Чолок мекендеген уядан канат каккан, — деп Шералы ого бетер көбүрүп-жабырды. — Бу оңой жердин тукумунан эмес. Кара-Чолок улуу манасчы Саякбайдын бүркүтү. Биз Сакемди кандай кадырласак, бүркүтүн ыраматылык Сакем ошондой кадырлачу. Э-э-эх, иним, ушундай… Бүркүт менен бүркүтчү тирүү турганда элдин салт-санаасы, кечээгиси тирүү. Улуу манасчылар унутулбагандай эле кыраан бүркүт, саяпкер бүркүтчү эл ичинде унутулбайт. Мына ушундай Береке иним, Береке деген ысмыңан айланайын, берекелүү бол, өмүрүңө береке берсин, — деп Шералы кабарчы жигитти жактыра тиктеп, чоң сүйүнүч менен мадырая жылмайды.

Шералы мүнүшкөрдүн көкүрөк тепкен бу аңгемеси Берекеге өтө жакты. Бу деле Тору айгыр уламышындай өзүнчө уламыш экен го. Турдумат карыя да Шералынын сөзүн тунжурап, маани берип укту.

— А дейбиз, бу дейбиз балам, бирок чын-чынында бүркүт агытып, куш салуу эң кыйын өнөр. — Турдумат Шералыга ыраазычылыгын билдиргенсип тиги боз улан Берекеге кайрылды.— Жырткычтын тилин эле эмес дилин түшүнүп, өлө-тала шак далбасага түшүп, бар кудуретиңди сарптоо менен аны ийге салуу оңойбу. Өмүрүндү тобокелге сайып жылаңач аскаларга аркан менен түшүп, эне бүркүт менен уядан балапан талашып… Ээ-э, Шералы тегин адам эмес. Жанына келсең бир киши, даңкын алыстан ук дейт…

Түн бир убак болуп кеткен экен, ал канчалык бышыган сайын, көлдүн шарпы ошончолук те алыстан угулуп, азоо толкундар бирин-бири түйүнчөктөй бууп, жээкке шарак эте ит жыгылыш боло урунат да, ошондо гана бугу тарай түшкөнсүп, кайра артына тартыла түшөт. Шералы боз үйдө, көлдүн түнкү тынымсыз шабыр-шубуртунда бир аз көз суутуп алып, келбээрсий жаай каалгып ордунан турду.

Бул кабарчы жигит ага өтө жагып калганын үйдөн чыга берерде айрыкча сезди. Бир көргөн кишиге эле мынчалык тез төгүлгөн эмес өмүрүндө. Ойготуп коштошмок болду эле бирок, аны менен эртең Азооташ аскасында тор жаяр маалыңда жолугушууга макулдашканын ойлоп ойготкон жок.

Таң заардан Шералы кайрадан жол алды.

*     *     *

Кечки ириң кирип-кире электе Шералы үйүнө жете келди. Айыл арасы негедир жым тартып бейкут абалда экен, мындай жымжырттык таңга маал болчу эле. Үйүнүн терезесинде жарык күйүп туруптур. Демейде шашкалактабаган аялы аны короодон тосуп чыкты. Бул эмнеси?

Шералы ичинен саал тынчсыздана түштү. Капырай, буга эмне болгон? Ыйлап алыптыр да?

Аялы Салима ургаачылык ыйбаа менен мамиле күткөн, мүнөзү жумшак, жанга тынч жан эле. Кайсы бир ажаан аялдардай күйөөсүнөн жөнү жок кыйкым издеп ажылдабай, анын эрки менен болуп, ушундан улам үйдө, бүлөдө кандайдыр бир бейкуттук өкүм сүрүп, асылзаада аялдын асылыкеч деми, көркү, сергилең табити келип туруучу. Адатта, кыз бурак кезинде ургаачынын баары эле ашкере ыйман-нысаптуу сезилгени менен, кээлери кийин кайдан-жайдан ажылдап чыга келет эмеспи. Салима андай эмес, мурдагы кыз кезиндеги бир сырдуу кыялы бойдон. Шералы көбүнчө айлап-жылдап бүркүтү менен алек, Салиманы эле эмес, бүлөсүн тып унутат. Ошондо да Салима кыңк этип койгон эмес, жеңил-желпи аялдарчасынан көз жашын агызган эмес. А бүгүн эмне болду?

Шералы атынан түшүп, бүркүтүн дандырдын секичесине утурумдук отургуза салып, Салиманын алдына келди.

— Эмне болду?

Эмне болсун? Мындай болуптур… өткөн түнү уулу зоотехник Алымбайдын кызын ала качып келиптир. Кыз өзү макул болуп келгенине Салима жетине албай сүйүнүп, жаштарга бакыт каалап, келинге ак жоолук салат. Куданын алдына барыш үчүн Шералыны күтүп калат, бирок ошонун эле эртеси ойдо жок окуя болот. Алымбай аялы менен келип, кызынын башындагы жоолукту аялы жулуп ыргытып, алып кетмек болот. Кызы атасына жалбарып, чатак чыгарбоону өтүнөт, бирок Алымбай кызына чарт жарылат:

— Башка болсо болсун, бирок Шералы апендиге куда түшпөйм. Өмүр бою анын баласын эле эмес, кайдагы бир куш-кумурскаларын багып кор болосуң. Садагаң кетейин, ойлочу, өмүр бою аска таштын арасында тоо текедей болуп жүргөн Шералы сага кайната, мага куда болуп жарытабы? Эгер, кадыресе адам болсо, азыр үйдө олтурбас беле? Адамдай болуп, алдыма барбас беле? Куштары менен алышып жүрүп киши кийик болуп калган. Бас, кеттик…

— Кеттик десе эле кете бердиби? — деди Шералы…

— Анда не айып?

— Мынчалык өзү келгенден кийин атасы түгүл, жотосу келсе да кетпей коюш керек эле.

— Дароо куда салтын жасап, алдына түшсөк Алымбай жинденбейт эле…

— Макул, Алымбай жинди дейли. Анын эмнесине ыйлайсың…

— Ошону менен бүтсө болбойт беле… Уулуң ызасына чыдабай күнү бою жанын коёрго жер таппай жүрүп, анан каерден ичкен, машинесин жер сүзүп айдап келди…

— Анан?..

Салима көз жашын сүртүп, күйөөсүн сыртка ээрчитип жөнөдү. Жаштайынан бирге өскөн Азоосунун жанына келгенде Шералынын денеси дүр дей түшүп, буту шилтенбей, бир ордунда катты да калды.

Дайыма саңоор жүнүн үрпөйтүп, кээде Шералыга мен мындамын дегенчелик кылып үн салып эски дүмүрдө отурчу Азоосун машиненин дөңгөлөгү былчырата басып кеткен экен, бүркүтү оозунан кан атып, ороктой тырмактары жер чапчып, канаттары жайылган бойдон жан бериптир.

Көздөрүнө кан дүргүй түшкөн Шералы калдайган машиненин тумшугун чоюндай муштуму менен бир уруп:

— О-ох, — деп онтоп алды. Көмөкөйүнөн үшкүрүк аралаш ый чыгып, өлүп жаткан бүркүтүнүн жанына келди.

— Бул, кургур, арактын кылганы, — деди Салима уулунун күнөөсүн жеңилдетмекке. — Ызасынан улам мас болуп алып… анан эмне кылганын өзү да билбей калды окшойт…

Шералы аялынын сөзүн анча дурустап уга алган жок. Көмөкөйү түтөп:

— О, кырааным, — деди, — о, кайраным!…

Бир саамдан кийин ал салбырай барып, кашаада жабылган кендир капты апкелип, ага жанчылып жаткан бүркүттүн бир жерин оорутуп алчудай аста салды. Анан аялына:

— Мен Азооташка кеттим, — деди. — Айтып кой урганга, мен аны ошерден күтөм…

Айылдан чыгаары менен атынын башын бош койду Шералы. Үч күндөн бери жол жүргөн Чаары ээсинин күйүтүн түшүнгөндөй, болгон күчүн аябай Азооташ аскасын көздөй аркырап жөнөдү. Аскага жакындаган сайын Шералынын жүрөгүнө ого бетер кан толуп, ачуусуна аба өрттөнчүдөй болуп, жашоонун кызыгы бүтүп, өмүрүнө кеч кирип бараткансыды.

— Мыкаачы! Дөдөй, атадан безгир! — деп алды ичинен уулун такыр кечире албоочудай. — Мыкаачы болбосо ушинтеби? Ай, урганга айткан кайран сөз, кайран акыл. Биздин тукум куш жандуу эмес беле. Ээ, кайран сөз. Жо-о, жок бу ургандын төбөсүнөн бүркүт айланган эмес, көлөкөсү аны сылаган эмес… Эгер көлөкөсү түшсө, канаты менен сылап өтсө, ал бул иттикке бармак эмес. Жок, бармак эмес. Бирок, ал менин балам го? Менин каным го? Анда адамдык сезим, касиет болуш керек эле да? Кече Тору-Айгырдагы мага учураган жигит минтмек эмес. Минтмек эмес… Ха, чын экен… «өздөн чыккан жат жаман». Бир жамандын сөзүнөн ата-бабасынын жарым жаны болгон, канаты болуп бүткөн ыйык бүркүттү өлтүрөбү? Ай жолуң болгур-ай, кайсы кан-жинимен бүттүң.

Чаар Азооташ аскасын көздөй аркырап баратты. Уулун дал ошол жерден күтөт. Бүгүн келбесе эртеңкиге, эртең келбесе бүрсүгүнкүгө чейин күтөт, күтө берет. Өмүрү өткөнчө күтөт. Бүркүт балапанын учурган, асманда каалгып, желине терметкен, жерде аны менен кездешет… Ошондо түшүнөр күнөөсүн. Ошондо билер Шералынын күйүтүн. Канында атасынын бир тамчысы бардыр…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.