Сагын Беркиналиева: Сен менин тагдырымдын азабысың

Эркелебейт сезимдерим азыркы, Кыялыма түшпөйт кызыл Чагылган. Куру үмүткө биз алданып семирбей, Күтпөйлү эми, бизге келбейт Жакшы Адам. Мерес муздак, суук көздөн сактанып, Кетеличи чөлгө, сууга, булутка. Эч ким укпай, көрбөй, билбей жашаган Көмүскөдө сезимдерим буулукпа. Мен силерди катып коём чөнтөккө, Адамдарга болбогула ушак кеп. Жакшы ырлар толкундарга айланып, Кеткилечи көк деңизди мекендеп. *     *     * Кайнак суу Колум салсам, ачуу ыза. Жер титирейт Жан дүйнөмдө согуш, согуш. Уктабай күткөн элем Жакшы адам, бугум толуп Ырыма келбей койдуң Конок болуп. […]

Тофалар жомогу: Кабарга менен багыш

Кабарга[1] бир күнү багышка күңкүлдөйт: – Неге өзүңдүн көлөмдүүлүгүңө кеңкейесиң? Эгер кимибиз жүндүү экенибизди санай турган болсок, менин жүнүм сеникинен көп. Экөө жүндөрүн санашат. Кабарганын жүнү беш эсе көп экен. Багыштын ачуусу келет буга. Кабарганын айтканы эп экен. Чычалаган багыш анан кабарганы ушундай жинденип тепкен экен, кабарга эс-учун жоготуп коюптур. Тофалардын пайда болушу жөнүндө жомок Үч адам пайда болот. Бирөөсү – бурят, бирөөсү – тувин, бирөөсү татар экен. Үчөө жаңы конушка бирге конуп, балык кармап, аңчылык менен тирилик өткөрүшөт. Бир […]

Асанбек Кулманбетов: Эне илеби ысык

АҢГЕМЕ Жылдык аштын аягы суюлуп, келген куда-сөөк, алыскы-жакынкы туугандар узап, эшик алдындагы орунтукта жетимиштен эми ашкан, буудай жүздүү, өзүнө жарашкан чокчо сакалы бар олбурлуу Муса жалгыз отурду. Колундагы чыбыгы менен жер чукуй, ойго берилип кеткен. Анда-санда ийни менен оор дем алып коёт. Анан кантмек, элүү жыл эриш-аркак бирге жашаган байбичеси каза болуп, акыры жылдыгын өткөрүп, жалгыз калганына эми гана ишенип атса. Көз алдынан баардыгын чубуртуп өткөрөт. Шыңгыр күлгөн, ай чырайлуу татына кызды кантип үйүнө алып келгени, ата-энесинин чачыла чачып, ак […]

Жетиген Асанбек: Чоң акындын кичинекей катасы

Белгилүү акын Зайырбек Ажыматовдун жаңы жарык көргөн «Жүрөктөгү бороон» китебин колума алып, кадимкиче ары-бери оодара карадым. Эпейип колго эптүү форматта чыгыптыр. Артына оодара салсам эле төрт сап көзгө урунду, төрт сап менен кошо көзгө “кыпын” кирип кетип, маземди алууда. Мазмунунда го, айып жок. Ыр жыйнактын көркөмдүк, идеялык мазмунунан айып издечү мен эмесмин. Зайырбек ырлары элге алынган, көрүнүктүү акын. Болгону, көзгө түшкөн кыпындай өйкөп туруп алган төрт саптагы каталарды айтып “көздү эс алдырбасам” болгудай эмес. Ичинин баарын аңтарып-теңтербей эле коёюн эми… […]

Сабыр Иптаруулу: Кыргыздын азыгы – Ак, ашы – Эт

Адам өмүрүнө өзөк болгон эки нерсе бар: аба жана азык. Аба – адамдын жаны, азык – адамдын каны. Бойдогу кезде наристе аларды эненин канынан алат («Кандан чыккан асыл данегим»). Кан – адамга керектүү бардык азык-заттын көрөңгөсү. Ал эми кан менен жандын тазалыгы – адам өмүрүнүн узак, бакубат болушунун өбөлгөсү. Жарыкка келген адам баласынын алгачкы азыгы, албетте, эненин сүтү. Ошондон улам элибиз акка, башкача айтканда, сүткө байланышкан бардык нерселерге өзгөчө аздектүү мамиле жасайт (Баланы сары май менен оозантуу, энеге «сүт акысы» […]

Мелис Маматжанов: Тикенектин уруктары — гүл болду жүрөгүмдүн талаасында

«М+Т»=?.. Чуркап ойноп жүгүрсөм да кой менен, Чайкачу элем элесиңди ой менен. «М+Т» барабар деп сүйүүгө Дубалдарга жазар элем бор менен. «Тапшырмаңды» жүргөн үчүн көчүрүп, Таңчу дайым экөөбүздү көпчүлүк. Араң жазсам ток урчудай атыңды, Аркасынан салчу элең өчүрүп. Андан бери канча жамгыр куюлду, А жазуулар өчпөчүдөй туюлду. Аруу, таза сезимдерим, эх аттиң, Апалардын чачтарындай суюлду… Багын ачтым деген менен эчендин, Бир өзүңө жетпей калып кекендим. Дарбазаңа жазамын деп ысымың, Жүрөгүмө жазып алган экенмин. Бул жашоодо көрсө дагы көз көптү, Бузбай […]