Силер, балдар, тоосторду билесиңерби? Ооба, билесиңер, ал канаттуу куйругун көтөрүп, жазып жиберсе, ушундай бир кооз, көп түс кошулган кооздукту таң кала карайсыңар. Өзү уча албаганы менен эми канат сымал куйругу бир укмуш.

Бир кезде ал дале короз сыяктуу койкойгон, куйругу не болсо да бир калыптан жазбаган, түркүн түсү жок эле канаттуу болуптур.

Анан эле бир күнү жаныбарларга жана канаттууларга мындай кабар келиптир:

— Жакын арада токойдун падышасы Арстан өзүнүн жанында дайыма жүрө турган бир канаттууну тандайт экен. Анын куйругу узун, кооз жана желпигич сыяктуу болушу керек имиш.

Муну уккан соң тоостун тынчы кетет. Канткенде узун, кооз, желпигич сыяктуу куйруктуу боломун дейт. Анан куйругун сазга да малат, сууга да салат, узун жана кооз болбойт.

Акыры ошентип түйшүк тартып жүргөндө бир күнү эле балээ басып эки дарактын ортосуна кыпчылып калат. Тартынат, тартынат, чыкпайт. Акыры эптеп денесин бошотуп атса куйругу калып калат. Болбой эле тартыла берет.

Дал ошол учурда тоос тердеп-кургап бет маңдайын  тиктесе дал эле бешенесинде Күн желеси – Асан-Үсөн туруптур.

— Мени тартып койчу? – дейт ага жалынып.

Күн желеси кызыл, жашыл, сары, кырмызы, пушту, көгүлтүр, дагы башка көп боёктор менен өзүн ажайып кылып боёп алыптыр. Анан ал тоосту катуу тарткан экен, анын куйругу чоюлуп, Күн желесине жете түшүптүр.

Ошондон кийин аз эле күн өтүп-өтпөй токойдогу жаныбарлар Арстан падышанын жанында жүргөн тоосту тааныбай калышыптыр, бул бейиштен келген башка бир канаттуу болсо керек деп ойлошуптур.

Тоос болсо Күн желеси бет маңдайга келсе куйругум дагы өссүн, дагы көп боёктор менен боёнсом экен деп куйругун бирде жуумп, бирде жазып калыптыр…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.