Аалы Молдоканов: Юпитердеги жыл санак боюнча Ыр-Акем 100дө

Ага-ини+достор = Рамис Рыскулов менен Аалы Молдокановдун маеги бул. Ыракебизди (Р.Рыскулов) азыркы жаштар билбеши мүмкүн. Тааныбайт чыгар. Бу эмне болгон маек-дүкөн деши мүмкүн кээси. Ал эми Ыракени билгендер – түшүнөт. Илгиртпейт. Ал кишинин сүйлөө манерасын, жүрүм-турумун айрымдар түшүнөбү-жокпу… деп турбуз. Аалыкебиз да (Молдоканов) Ыраке кандай төгүлсө, оозеки кебин дал ошондой кагазга түшүргөн экен. Ошонусу жакты. Бали! Шон үчүн окурман журтуна түшүндүрүп кетер жагдайды эске алып, маектеги стилистикалык өзгөчөлүктөрдү эч өзгөртүүсүз жарыялоону эп көрдүк. Ансыз өйдө-ылдый ой жүгүрткөн Ыракенин кулк-мүнөзү ачылбайт. […]

Бери караң: баарыбыз үчүн логикалык баш катырма

Табышмактар Латыш элинин табышмактары Жаңгагы жер алдында, жалбырактары жер үстүндө[1]. Апакай жайытта кара уйлар чубайт, аларды акыл издеген эки уйчуман карайт[2]. Ак дубалды жарып, күмүштү көрдүм, Күмүштү жарып, алтынды алдым[3]. Жону тешик кара бука.[4] Кылга байланган кызыл бука[5]. Жети карышкыр жесе да, желип жатканы тирүү[6]. Кенеден кичине, букадан оор[7]. Тишсиз карышкыр сөөксүз койду жеп жатат[8]. Үчөө бир сокону сүйрөп, экөө жандап барат[9]. Англис элинин табышмактары Айлананы канчалык калың каптаса, көз алдың ошончолук көрүнбөйт[10]. Алмадай тоголок, тыйындай жалпак да болот, эки […]

Темирлан Бейшенов: Кылыгын койбогон кыргыз

АҢГЕМЕ Таңга маал телефонум шыңгыраганынан алсам, бажам чалыптыр. Түнү менен такси айдап, таңга маал жаңы келгем. Телефон өчүрбөгөнүмө өкүнүп, жок дегенде аны албай эле койсомчу деп кейип, тулку-бой чарчап, өзүм да уйкусурап отуруп, бажамдын айтканынын көбүн түшүнгөн деле жокмун. Бажам быдылдап тез сүйлөчү, ушундай адамдар болот эмеспи, дайыма бир жакка шашкансып безилдейт. Бир гана: «Саат сегизге келип кал»,- деген сөзү кулагымда. «Макул, — дедим да, уйкуга баратып өзүмчө: Энеге макул дедим, башка бир шылтоону айтып кутулбайт белем?» — деп баш […]

Адем Гунеш: Өспүрүм курактагы балага урмат көрсөтө билиңиз!

“Балдарды башка коркунучтардан коргогон кеп эмес. Анык коркунуч – өз ата-энелери. Алар өз балдары үчүн жеткен жадаткыр экенин түшүнүшпөйт!” Жорж Бернард ШОУ Ата- энелер баарыбыз, балабыз жашоодо, турмушунда  билимдүү,  ийгиликтүү болушун каалайбыз.  Бирок,  өзүнө ишенген адам болуусу,  жашоодо ийгиликтерди багынтышы үчүн  балабыздын  «кишилиги» калыптануусуна кандай шарт түзө алдык деп ойлойбузбу? Кээ бир  адамдар  байлыгы-кызматы болгон менен айланасындагы адамдарга баркы жок. Анткени, адамга барк алып келген нерсе «ал ээ болгон нерселер эмес, «кишилиги». Кишиликтин калыптанышы үчүн бала кезден өспүрүм  курактан балага […]

Советбек Байгазиев: Поэзия — тагдыр[1]

Бизде басмалардан онго жакын же андан ашык поэтикалык китептерин чыгарса да ушу күнгө чейин профессионалдык сындан өз чыгармачылыгы жөнүндө кенен-кесир пикирлерди угалбай жүргөн акындар бар. Салибай Шатманов ошондой көз жаздымында калып келаткан авторлордун бири. С. Шатманов жоон топ поэтикалык жыйнактардын ээси болуп, поэзиябызда очор-бачар чарба күтүп олтурса да, анын зилинде кандай акын экендиги жөнүндө эмдигиче белгилүү бир ачык айтылган пикирлер жок. Эгер профессионалдык сын көркөм процесстин белгилүү бир мезгилдик тилкелеринде жаралган түзүмдөргө кайрылып, аларды анализдеп, жалпылап, жыйынтыктап калса, эмнегедир С. […]

Осман Чевиксой: Атамды көрдүм

АҢГЕМЕ Кеткенинен жыйырма жети жылдан кийин, түшкө жуук, жаңы ачылган дүкөндүн ичиндеги жапжаңы витриналардын алдынан атамды көрдүм. Оң жагында да, сол жагында да кишилер бар эле. Бир саамга тиктеше калдык, бири-бирибизди тааныдык. Жаңылган жокмун, атам, ооба, атам. Эч нерсе айтпастан күтүүсүздөн кетип калган, кеткенден кийин да бизди издеп кайрылбаган атам… Бир аз тиктешип турдук. Адегенде көргөн көзүмө ишенген да жокмун. Ушунча жылдан кийин мен атам менен маңдай-тескей турган элем, ал дагы мени көргөнүнө ишене албай жатканы көз караштарынан билинип турду. […]