Ага-ини+достор = Рамис Рыскулов менен Аалы Молдокановдун маеги бул. Ыракебизди (Р.Рыскулов) азыркы жаштар билбеши мүмкүн. Тааныбайт чыгар. Бу эмне болгон маек-дүкөн деши мүмкүн кээси. Ал эми Ыракени билгендер – түшүнөт. Илгиртпейт. Ал кишинин сүйлөө манерасын, жүрүм-турумун айрымдар түшүнөбү-жокпу… деп турбуз. Аалыкебиз да (Молдоканов) Ыраке кандай төгүлсө, оозеки кебин дал ошондой кагазга түшүргөн экен. Ошонусу жакты. Бали!

Шон үчүн окурман журтуна түшүндүрүп кетер жагдайды эске алып, маектеги стилистикалык өзгөчөлүктөрдү эч өзгөртүүсүз жарыялоону эп көрдүк. Ансыз өйдө-ылдый ой жүгүрткөн Ыракенин кулк-мүнөзү ачылбайт. Агер бир эле жерин оңдой турган болсок, кептин тузун кемитип алчудайбыз. Шорпонун маңызын калпып, берекесин кетирип алгандай кеп анткенибиз. Андыктан Ыраке кандай болсо, окурмандар шондой кабыл алыңыздар дедик…

I

Ырыстуу акын Рамис Рыскулов кемпирдин тишиндей бирин-сериндеп калган атактуу акын-жазуучулар – Байжиев, Султанов, Жетимишев, Жакиев, Абылкасымова, Момуновалардан бир-эки көйнөк мурун жырткан аксакалы. Жазучуулар Союзу менен жатындаш, жашташ болуп келатат.

Айдан-айга калтырбай салыгын жыйнап кетчү эле, көзү начарлай түшкөнү көрүнбөй калды. Буга чейин Ш.Дүйшеев, М.Сабыров, О.Шакирлер генийден интервью алып турушчу эле, алар да тынчый түштү. Ыракем менен “чайлашып” отургандагы чакан маекти, көңүлдүү учурда айткан-дегендерин жана теле кечесинде окулуп кеткен жанытмамды мааракеге туштап экөөбүздүн окурмандарга сунуштадым.

— Раке, сиз Юпитерге барып келдим дедиңизби же Юпитерден Сизге кабар келдиби?

— Юпитерге Чынарбек Айдаров барып келиптир. Ал жерде кыргыздар бир топ көбөйүп калган экен. Ага:  Юпитер планетасында гений көп, Рамис деген акын “Космостук поэма” жазды эле. Биздин календар боюнча быйыл 100гө чыгат. Келет деп күтүп атабыз,- дешиптир.

Кечээ гороскоптон окусам: мени Юпитер колдойт тура. Гороскоп боюнча быйыл бүтүн ааламга атагым чыгат экен…

— Берки Венера менен эмне байланышыңыз болуп атат?

— Венера менин референтим. Компьютерге ырларымды басат.

— Жок, мен планетаны айтып жатам.

— Венерадагыларга сүйлөштүм. Тарелкасы эч убакта жерге конбоптур. 40 мүнөттө жерге кирип келет экен. Биз Кыргызстанга конобуз деп убада кылып жатышат.

— Сиздин кечеңиз жөнүндө аларга кабар барса керек, кечеңиз укмуш өтпөдүбү…

— Жакшы өттү ээ…

— Абдан мыкты болду. Мамат Болот Сизге абдан жакшы илимий баа бербедиби.

— Анын жөн эле мактай бергени мага жаккан жок!

— Жөн эле уруп салдыбы?

— Баарынан кыйын дейт. Сынчы андай болбойт да. Мага жаккан жок. Интеллекти абдан начар тура. Мен ага ишенбей калдым. Кеп мактаганда эмес. Апыртып-жапыртып жибербей, жай баяндаш керек болчу… Ал Алыкулдан Рамис ашып кетти деп жазгандан кийин гезит жабылып калган… “Соловья басней не кормиш” деген макал бар. Мага мактоонун кереги жок. Мага конкретный отношение, человеческий отношение керек.

— Соңку учурларда бир нерсе жаздыңызбы?

— “Өзбечка” деген ыр жаздым кечээ.

Оо, өзбечка, өзбечка,
Салсам деймин уздечка.
Төшүңдө эки пиала,
Самсадай ысык жүрөгүң,
Сагына берип жүдөдүм…

Андан тышкары 100 бет ырды даярдап койдум. Теңи орусча, теңи кыргызча. Михалков менен Чуковскийлер балдар акыны болгону менен чоңдор үчүн жазышкан. Барто гана дошкольниктерге жазат. Мен скорей дошкольный поэтмин…

— Сиз “Эки энемди” 16 жашыңызда жазган экенсиз. Ошондон бери ырдалат. Балдар үчүн андан ашкан ыр чыга элек болушу керек.

— Айтматов, Токомбаевдер көтү күйүп ырдатпай коюшканда, Москвада СКШда Кайыргүл Сартбаева ырдаган. Текстти жоготуп коюшту эле, жакында №5те окуган неберем таап келди.  Мен ыр кече өткөрөйүн десем эле, каникул болуп калат… Мен Токтогулдун эч ким ырдабаган ырларын ырдайм да. Барсам эле каникул дейт.

— Раке сиз №5ти бүткөнсүз да?

— Жок, мен педучилища бүткөм, онунчу классты өзбекче окугам. Ошон үчүн өзбекче жазып жиберем.

— №5те Рудаков деген мугалим болгон тура…

— Мен аны менен дос болчумун. Байдылда, Эрнис Турсуновдор ошол №5те окуган.

— Байдылда онду бүтүп жатканда ошол Рудаков артынан түшүп, Жазуучулар Союзуна өткөргөн дейт. Кыргыз адабиятында мектептен Союзга өткөн ушул Байдике экен. Анан Москвага жиберишкен тура.

— Мен Байдылдага карыз болуп калдым да. Сейит Жетимишевдин айлына барсам, кой сойду. Мария деген эжеси калпак кийгизди. Байдылда айтканынан ошол калпакты кийип барып, калпактын күчү менен Москвага окууга оңой өттүм. Калпагы ак, дили таза деп кабыл алды.

— Байдыке менен мамилеңиз кандай эле?

— Жакшы, жакшы эле болчу, ал 32-жылкы.

— Экөөңө эл акынын катар берди  го.

— Ооба, адегенде мени көрсөткөн, “Алыкулду” дагы чогуу беришти.

— Кайсы акындарга жардамыңыз тийди?

— Жалилдин ырларын биринчи мен чыгаргам. Эрнис Турсуновдун слетко алып келген ырларын чыгарып бердим. Түмөнбай Байзаковдун ребус ырларын мен чыгардым. Пионер гезити – адабият гезити болуп калган.

— Мусаке менен жакын жүрдүм деп жүрөсүз…

— Муса Жангазиевдин аялы Усубалиевдин аялынын сиңдиси болчу. Мусаны Усубалиев экөөбүз колдоп жүрдүк. Муса абдан митаам болчу. Орусча билбейт. Мен которгон ырларга анын фамилиясын кошуп койчумун. Сенин китебиңди котордум деп Михалковго кат жазыптыр. Ошентип жүрүп Михалковдун докладында великий 10 поэттин ичине кирип, иши тоого кетти. Ал детский акын болом деп, менин целый жыйнагымды жок кылган. Казакбаев кат берип, анын үйүндө жүрчүмүн да. Ошол катты да жок кылган.

Мен 17 жашымда Казакпаев чакырып, Мидин экөөң Ленин жөнүндөгү поэманы которгула деди. Мидин күндө мас, бир күн да соо келбейт. Өзү иштебей жүрүп, үч ай бою мени да мас кылып коёт…

Окуп жүргөнүмдө уйгурдун 5ке окуган бир сулуу кызы мени гана карап отурчу. Капкара болгон негрге окшогон уйгур жигит кызганып, мени “өлтүраман” деп калды. Мен жаман балбан элем да, кол салгандан өзү коркот. Орус балдарды жалдаптыр. Жаңы костюм кийип автобустан жерге түшсөм, караңгы болчу, артыман кошо түшүштү. Бычагын көрүп калып, жерден таш издесем, дыргаяктап качып кетишти.

— Жаш кезиңизде чачыңыз жаман көрктүү экен ээ?

— Кыздар күн ысыкта чачыма көлөкөлөчү. Чачыма ашык болуп, Ира деген немка кыз ГДРга алып кеткен. Немистер көрүп кызганган. ГДРга келип, боз үй жөнүндө ырымды чыгарып, Эсенин жаткан үйдө жатып калдым. Мен экинчи кабатта элем, ал төртүнчү кабатта бир ай жатыптыр, орустар айтышты. Эсенин Москванын акындары начар, Петербургдун акындары күчтүү дечү экен. Блок Петербургдан чыккан да. Эсенин грубый болгон, Мережковскийди сенин каның кан эмес, моча деген. Маяковскийди “бездарный” деп эсептеген.

— Экөө замандаш туруп, мамилелери жаман болгонбу?

— Экөө душман болгон, ээн талаада мончосу бар экен да. 37 жашында ошондо каза болгон. Орустун соо өлгөн улуу кишиси жок. Мен “Россия вдова великих людей” деп ачык эле жаздым. Баары эле оңгон эмес. Тихонов поездде баратып каза болду. Брежневди “Прежневсиң” деп кат жаздым. Кызматтан кетпей койгонунан, уу берип өлтүрүштү. Горбачевго да кат жазгам, кет деп…

— Социализмдин жакшы жагы, Сиздей таланттарды борбордон бекер окутту да…

— Мен өзүмдү өзүм бактым. Стипендия 120 рубль болчу. Каганович пенсияга 120 менен чыккан экен. Еврей Кагановичтин кызын Сталин алган. Аны Рокосовский атып таштаган. Мен “Сталин” деген поэманы жаздым. Путинге чейин сүрөттөлөт. Бу сексенден өткөндөн кийин киши чарчап кетет экен.  Такыр чарчачу эмес элем. Мен өлгөндөн коркпойм. Катуу мас болгон өлгөнгө барабар да. Канча жолу катуу мас болдум. Баарын унутуп коёсуң. Эсенин өлүмдөн катуу коркчу экен. Маяковскийдин духунда бир, эки ыр жаздым эле, Маяковский биякта калды. Андан ашып койдум. 12 картина тарттым. Бизнес кылсам деп ойлойм. Мага миллиондун кереги жок. 300 миңге берсем туурабы деп атам.

— Рамалаган сүрөттөрүңүз жакшы экен…

— Мен рамалабайм. Аны аялым рамалап коёт, алгандар рамалап алышат.

— Венера китебине Сиз менен шахмат ойногонун жазыптыр го…

— Ал теориясын билет, мен любителмин. Бирок, мени ута албайт да, мен чемпиондор менен тең ойноп жүрбөймбү. Бир күндө үч чемпионду утсам, жинди болушту… бозокананын чемпиондорун утуп салдым. Үсөн Асанга келсем жок экен.

— Ал киши салыгын төлөп жүрөбү?

— Өткөндө келсем 100 гармм виски куюп берди. Бозого аракты кошкон болбойт экен. Эс учуңду жоготуп коёт экенсиң. Аялым да бозого барганда арак ичпе деп турат.

— Раке, атаңыз Рыскул Кыргызстанды кыдырып иштеген киши экен. Сталин менен Гитлерди, Кожомкул менен Абдрашит Бердибаевди, бир туруп Аалы Токомбаевди атам болчу дей бересиз. Бирок, аларга атайлап ыр чыгарбаптырсыз. Апаңыз жөнүндөгү ырыңыз бар тура, кыска вариантын жазып алайын.

— Көргөзгөн күндүн жарыгын,
Жанынын берген жарымын.
Жедирген орус кашасын
Дос кылып берген Сашасын.
Ойнотуп койгон Машасын,
Апакем менин жашасын

II

Ыр-Акенин айткан-дегендеринен…

  • Аялым экөөбүз эки жуп байпактайбыз…
  • Ажаан аялды авчаркага талатса…
  • Бегайым, кандай абалың, мен бек айныган баламын…
  • Таанышым менин Света, аны да бирөө сүйөт а…
  • Кырктан ашканы жакшы катын жолукпай койду.
  • Акчасы жок, чала тоют жүргөн убакта чачыма көп кыздар ашык болду.
  • Бойдок байыбайт, бир сом ашыкча тапса, жолдоштору аны бир керегине жумшап карап турушат.
  • Сталин: “Орус тили дүйнөлүк тил болот” деди, Олжас: “Казак тили дүйнөлүк тил болот” деди, мен өз тилим жөнүндө ойлодум, көрсө кыргыз тили – Кудайдын тили экен. Кыргыз тилин чанган кишинин укум-тукуму каргышка калат.
  • Кыргыздын тили качан оңолот деп менден сурабагыла. Законуңардан, канцелярский отчёттуңардан пайда жок. Мен аман турганда, эмнеге кейийсиңер…
  • Акылсыз кишилер жашым улуу эмеспи деп көпсө, айрымдары жаш эмесминби деп көбөт экен.
  • Өздөрүнүн намысын майда тыйындай майдалап жиберген кишилер бир кезде өкүнөрү чын.
  • Ызааттуу мырза кишилер, сулуулар да элдин байлыгы. Байлык замандар бою колдон-колго өтүп келген.
  • Капуста менен бозонун калориясы бир.
  • Кетмен, күрөк болбойт.
  • Айтып оозду жыйгыча, бир поколение арактан өлдү.
  • Казак менен арак ичкен опасный экен…
  • Казакка төө жетелеп келгениң кеп эмес, төрт ооз жакшы сөз айтып бербесең, ыраазы болбойт.
  • Кыргыз менен казак бир сөз үчүн дос болот, бир сөз үчүн кас болот.
  • “Орус” деген “уруш” деген сөз, айбалтаны ала жүрүш керек.
  • Таза кыргыз – таза туалеттей.
  • Абдрашит Бердибаевди “мени көрбөсүн” деп сокур кылганбы, биздин үйдө жүрчү, балким менин атамдыр.
  • Кожомкул: “Төрт катын алдым, тукумумдан мени тарткан чыга элек”, — деп кейиген экен. Көмкөрөсүнөн жатканда балта менен башка чабаарымда “атаң болот”, — деп апам токтотуп калды.
  • Айтматовго Аалы айтты : “Прозамды сага, поэзиямды Рамиске бердим.”
  • Калктын дилин жана зилин Чыкемдей эч ким биле албайт.
  • Мактай турган киши жок, Айтматовду мактай беришет.
  • Кыргыздар гүлдү эчки менен койго берет да…
  • Ырысбайды кууп жиберип, Жумакматов жаман өлдү…
  • Эки кызымдын бирин ал дейт Ырысбай, кайнатам менден кичүү болмок беле деп болбой койгом…
  • Ырысбай композитор болгондо, Бетховен болмок…
  • Турсуновго короз союп берсем, коюң жокпу деп шылдыңдаган. Атасы алкаш иним бар эле, Саякбайга союп берейин десем кой бербей койгон.
  • Жалгыз жүрбөсөң фантазияң өспөйт.
  • Ыр үчүн жиндиликтин чегине чейин изденүү жолуна түшкөм.
  • Халтуршиктер мени генийлерден кем эмес колдоду.
  • Мен адамды ыстакан кагыштырганынан эле билем…
  • Түшүмдө Атамбаев акча берди, “аа балам, ишиң болбой калган тура!” –дедим.
  • Айнектей көздөрүн жалтыратып, нечен аруу адамдар арабызда жүрөт.
  • Таштардын үшүгөнүн байкап, аяп кетем.
  • Аты чыгып жүргөндөрдүн көбү жетимдер.
  • Баатыр ырларды жазганда абдан бапырайм.
  • Күндөр күдүрөңдөп өтүп жатыр.
  • Атам менен апамды көргөндөр кезиккенде абдан жыргап калам.
  • Ырым жасаганда шайтан, Кудай, мен катышам.
  • Берген батам бир айда тиет…
  • Журналист Анатайды акын кылгам.
  • Паркка кирип сүйлөшөлү десем, не оскорбляй дейт.
  • Брудный,Уркаш, Төлөгөн менин түшүмө киргенден кийин кете беришти. Түш көргөндөн чочуп калдым.
  • Насирдин олуя заада акын. Карыганда гений болгону калды. Ал “бешигимди келечекке жибердим” деп жазды. Мындайды мурда эч укпаптырмын. Насирдинде Кожо Насирдиндин каны барбы деп ойлойм. Жазуунун ыгын, жаштардын шыгын, таштардын ыйын билет.

III

Өткөндө маркумду жана майды сыйлагандар көзү өткөн гений Байтемировго кетишти, тирүүнү жана чайды сыйлагандар космостук гений Рамис Рыскуловго келишти. Ошондо Ыракенин:

 

Жеңижок менен Барпынын
Жерде жаткан тарпымын.
Эшекти эшек тепкендей,
Суу бүркүп бетке сепкендей.
Чочкодой мени чыңыртып,
Чок салып кеттиң сезимге, – деген сыяктуу саптары эсиме түшүп, Барпы акенин аванына салып, Ыр-Акенин атынан комузу жок эле коштоп  турган кезим:

Чочколоруңу чыңыртып,
Эшектериңи тепкемин.
Ойгонбогон мастарга,
Ойкуштаган кыздарга,
Суу бүркүп, бетке сепкемин.
Куркулдайыны кубалап,
Куюн болуп кеткемин,
Кууп жүрүп жеткемин.
Бозосуну оозго куямын,
Бооз мекиян туубаса
Жүнүнү бирден жуламын.

Иттер үрөт арсылдап,
Бажалар ээрчийт барсылдап.
Ушуларды кубамын,
Таякты алып урамын.

Эшегини токудум,
Ээн жерге алпарып,
Эчкилерини чокудум.
Ээрчип алган текенин
Жаназасыны окудум.

Кымызыны ичип алгамын,
Кырыны ашып баргамын.
Мелисини Арыпбек,
Мени байкап калганы.
Арагыны берсең ичпеймин,
Аңгилер кетти көбөйүп,
Ачуума тийсе биттеймин.

Сооронбайга барбаймын,
Сомуну берсе албаймын.
Айтматовго барбаймын,
Акчасыны берсе албаймын.
Аларга анча барбаймын,
Андан көрө өз агам
Мусакени кармаймын,
Мулжуңдашып алдаймын.

Оморго эле барамын,
Олжолуу болуп аламын.
Надырбекке барамын,
Чепкендүү болуп каламын.

Кечээ мен алтымышка келгенде,
Абыдан чоң той бергенде,
Ырыстуу акын экен деп,
Ырадио аркылуу
Ырдалып турду жер-жерде.
Алыс менен жакынды,
Ак үй, көк үй чоңдорун
Аялым барып чакырды.
Жумагулов, Акаев,
Осмонакунга кеп айтты:
Кудай сүйгөн акынды
Куттуктап келгин деп айтты.
Уккандын баары келишти,
Ушунча элдин алдында
Тигил үчөө биригип,
Бир ручке беришти.
Чоңдор жоомарт экен деп,
Эл таңгалып турушту.
Ажо берген ал калем,
Эртеси эле жоголуп.
Аялым Шайыр урушту.

Түндө уктасам түшүмө
Сталин атам кириптир.
Гитлер атам жанымда,
Кожомкул атам кошулуп
Бозо ичип төртөөбүз,
Барпы акем ырдап атыптыр.
Балам, бери кел деди,
Барпы деген мен деди.
Айбарчындын бозодон
акырын куюп бер деди.
Асмайыны түкүрдү,
Асыл сөздүн аягын
Алкыш менен бүтүрдү.

Чочуп кеттим ойгонуп,
Кечең кандай өтөт деп,
Шайыр деген катыным
Жатыптыр терең ойлонуп.

Ага-досту куттуктаган Аалы Молдоканов

2 Replies to “Аалы Молдоканов: Юпитердеги жыл санак боюнча Ыр-Акем 100дө”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.