Адам баласында тагдыр ар түркүн түзүлөт белем. Ошондой эле адамдын адамдарга  кылган жакшылыгы менен жамандыгы да миң түркүн. Ошондуктан жашоо-тирлик, турмуш деген ар кимде ар кандайча да бөтөнчө ой жүгүртүүгө түртөт шекилдүү. Бүгүн калем алып  бир чети эскерип, экинчиден, жөн эле эскербей, ал адамдын элине калтырып кеткен мурастарын сөз кылуу аны тааныган, көп жыл жакшы ниетте болгон биздей замандаштар үчүн моюндагы милдети десе да болот.

Сарман Асанбеков агабызды калемдешимдин газетага чыккан макаласын же ырын качан окуганым эсимде жок. Бирок жакшы адам, кыргыздын уулдарынан чыккан мыкты журналист, акын жана сөзмөр инсан катары бери жагы чейрек кылымдан кем эмес убактан бери көрүшкөн жерде жылуу саламдан жанышпаган замандаш катары байланышта болдук. Албетте, абдан эзилише сүйлөшкөн учурлар негедир анча болбогонун айта кетейин.

Сүрөтчү Сагын Ишенов

Мына урматтуу окуучулар, төмөндө сиздер окуй турган дил маекти да жазып калуумдун башкы себепчиси, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, мультифликатор, сүрөтчү Сагын Ишенов агабыз, аксакалыбыз болгон. Күндөрдүн биринде, тактап айтканда өткөн 2009-жылдын февраль айынын акыркы күндөрүндө ал-акыбалды сурашуудан соң эле айткан сөзү бул болду:

– Өзүңдүн калемдеш агаң Сарман Асанбековдун төшөк тартып жатканы да бир топ болуптур. Сен бир, эки саатка убактыңды бөл, түкүнчө жерге кел, Сакемди бир барып көрүп, ал-абалын сурап коёлу, “ооругандын абалын сурасаң айыкканга барабар” деген сөз бар эмеспи, — деп өтүндү. Сакемдин бул жүйөлүү сунушун туура көрдүм да Сагын ага экөөбүз Сарман аганын үйүнүн босогосун аттадык.

Кеселдеп жаткан Сакемдин абалынын анчалык жеңил эместигине карабай үйүнөн, арадан бир жарым саатча үналгы аппаратыма жазып калтырганыбыз да эң жакшы иш болуптур.  Бул жерден Сакемдин эрдигине да таң берүүгө аргасызмын. Эрдик дедим, кесел жанын алакетке түшүрүп кыйнап жатканына карабай, башын жаздыктан араң көтөргөн абалында сүйлөштүн өзү эле чоң эрдик эмей эмне? Анын ордуна жаным кыйналып жатканын көрбөй турасыңарбы, — деп болбой, сүйлөшүүдөн толук баш тартса деле болот эле. Жо-ок, Сакем бир да ирээт баш тартпастан, ал гана турсун оорунун азабын билдирбөө аракетинде болуп, бул саптардын ээси менен Сагын ага узаткан ар бир суроого мүмкүн болушунча  жакшылап жооп кайтаруу аракетинде болду.

Сарман аганын акылынын тунуктугу менен логикасынын да мыктылыгын ошондо баамдап отурдук. Мындай көрүнүш окуя ошондой оор учурда ар кимде эле боло бербейт деп ар кимибиз өзүбүзчө ичибизден ыраазы болдук. Сарман агага узаткан алгачкы суроом төмөнкүчө болучу.

О.Тенти: Сакем жаткан бейтапкананын бөлмөсүндө маектешүүбүздү баштап отурабыз.  Биздин катарыбызда Кыргыз Республикасынын эл артисти, чоң сүрөткер Сагын Ишенов агабыз да бар. Сагын ага мени эки жумадан бери тынчымды алып Сакемдин үнүн жазып коёлу деген демилгеңизге мен да ырахматымды айткым келет. Бул ишти мурдатан эле баштасак болмок, бирок орустарда “Такыр болбой калгыча жакшы иштин кеч болсо да болгону жакшы” дегендей, бул деле кеч эмес деп өзүбүздү сооротолу. Мына, сиз да кагазга сурооңузду жазып даярданып келипсиз. Мына ошол кагаздагы сурооңуздан баштаңыз?

С. Ишенов: Бүгүн 3-март, 2009-жыл, күнгө бейшемби. Мына Сарман Асанбековго келип, абалын сурап, анча-мынча эрмек болуп, көңүлүн көтөрүүнүн  аракетинде өзүмчө курсантмын. Мен да жогоруда өзүң эскергендей, бул жерге куру кол менен келгеним жок.  Мен Сарман жөнүндө, нары жагы 40 жылдан бери газетага чыккан материалдарды  өздүк архивимен алып кыйла жылдар мурда сүрөтчүлөр союзунда жүргөндө кээ бир тамаша сөздөрүн кайра өзүнө көңүлүн алаксытуу үчүн аңгемебиздин жүрүшүндө да эскере кетермин деген ойдомун. Анын ичинен да Сармандын, “Кыргызстан маданиятында” көп жыл иштеп, ошол эле редакциядан ардактуу эс алууга узатып жатканда редакция жамааты Сакемдин дайын дарегине татынакай, кыска сөз каалоо жазыптыр. Ал “Кыргызстан Маданияты” газетасына чыккан, аны окуп берейин.

О. Тенти: — Кечиресиз Саке, ал канчанчы жыл экен?

С. Ишенов: Бул 29-ноябрь, 1997-жылы чыгыптыр. “Кыргызстан маданияты” ачылгандан өзү ардактуу эс алууга чыкканга чейин Сарман байке эки ирээт келип иштеди. Көркөм өнөргө кандайдыр тиешеси бар адамдар арасында кадыр-баркы чоң болчу. Бөтөнчө артист аттууларга теңирдин элчисиндей эле көрүнө турган. Чынында Сарман Асанбеков  аралашпаган маданият тармагы жок. Ал күүлөнүп ыр жазчу, анан да сын жазып, театр менен сүрөт өнөрүн бирдикте кыйла жылдар иликтеди. Өзү да сүрөт тарта койчу. Башынан көндүм адатыбы же табыйга таланты ошондойбу, айтор үч-төрт макаланы катар баштап таштачу. Башы ооруп, табы келбей жатабы, ага карабай тамекисин дембе-дем түтөтүп коюп жазуусун уланта берчү. Маңдайында үч-төрт адам күпүлдөп сүйлөшүп атса да аларга аралашып кошо күлүп, кошо жүрүп жаза берет. Жазганда да бирин мындай жылдырып коюп, экинчисин жаза берет. Анын столунун үстүндө кере карыш сөздүк жатар эле. Ошол “Сарман сөздүгүн” ача салып макаладагы орус терминдерин араб сөздөрү менен алмаштырып бизди кууратчу. Сарман байке эс алууга чыкса дагы кыргыз маданиятынын бир өңүрүн чоюп, баш көңүлүн толтуруп келет. Биз ошого ыраазыбыз. (“Кыргызстан маданияты” жамааты”.)

О.Тенти: Жогоруда Сагын агабыз сиз жөнүндө чыккан макаланы окуду. Мына ушул макаладагы ойлорду өзүңүз улантсаңыз… Бу макалада эскертилгендей, “Кыргызстан маданиятына” эки ирээт келип иштеген экенсиз.

А. Сарман:  Бу “Кыргызстан маданияты” газетасын жазуучулар союзунун ал кездеги биринчи катчысы Токтоболот Абдумомунов башында туруп уюштуруп иш башталды. Редактору Муса Жангазиев болуп, Токтоболот чынында эле газетага мени алгысы келген жок.

О. Тенти: Чынын айтканда деңизчи!

А. Сарман: Ооба, чын-чынына келсек… Анткени, спектаклдерди драма театрда кабыл алганда ыргып чыкчумун да. Анан ал Кеңешбек Асаналиев, Шаршенбек Үмөталиевдерге “Силер бизди окутуп калдыңыздар, чыгарма жазганда ошолорго адилеттүү баа берүүнү үйрөнүш керек. Силер баа берүүгө үйрөнгөн экен десек, андайыңар байкалбайт”, — деп айтып коюп жүрчүмүн. Током да анымды билчү да. Анан мен Москвадан келерим менен актёрлор үйүнүн директору болуп калдым. Ошол убакта көркөм сүрөт орто окуу жайында Сүймөнкул окуу бөлүмүнүн башчысы экен. Ал ичи абдан кенен жигит эле. Анан ал накта иштей турган киши келди деп Сүймөнкул да кубанып, сүрөт орто окуу жайында иштей баштаган кезим эле. Оюмда маданият редакциясында иштесем дечүмүн.

О. Тенти: Газета жаңыдан чыгат экен деген кабарды уктуңуз да!

А. Сарман: Ооба уктум, анда маданият жана искусство бөлүмдөрү бар. Ошол бөлүмдө иштейин десем, “Сиз тияк-биякты оруп, бутап жүрөсүз, ошентсе да өзүңүзгө ылайык иш табылбай жатабы, Сарман? Мен сени абдан сыйлайм”, — деп алгач көңүлдөнбөй жатып, акыры максатым орундалып редакцияга өттүм да. Мусакем редактор катары кыйын болчу.

О. Тенти. Саке, сөздү Токтоболот менен Мусакеден баштадыңыз. Азыр ал экөө тең арабызда жок. Эми редакцияда сиз кабыл алынганда кимдер иштеп жатышыптыр? Өзүңүз жогоруда эскергендей кайсы бөлүмдө ишти баштадыңыз?

А. Сарман: Гезит болсо адабият жана искусство деп аталыш керек. Мени башында редколлегия мүчөсү кылышпады. Токомдун анысына унчукканым жок. Менин ордума Керимбек Ибраимовду редколлегия мүчөсү кылышты. Ошондо: “Ии кудайдын ичи аябагандай кенен” дегендей ойдо турдум. Бир жакшы жери, кимибиздин кандай жазаарыбызды көпчүлүгү билбейт да. Мен адабият бөлүмүнүн башчысы Санарбек Карымшаковдун  орун басары болдум. Ал эми Керимбек Маданият бөлүмүнүн башчысы. Булардан башка Көпбай Күмүшалиев менен Жумабек Кыдырмышев деген майданга катышкан адамдар чогулуп газетаны укмуштай чыгарып жаттык. Редакцияга келген материалдарды тигинтип, минтип иштейбиз. Жогоруда аттары саналгандардан тышкары, кабарчыбыз Насирдин Байтемиров, кийин редактор болуп Касым Каимов келди. Мен анын мүнөзүн жакшы билчүмүн да.

О. Тенти: Ал киши жибектей чоюлган адам эмес беле.

А. Сарман: Сырттан андай болгондой көрүнөт, көп кишилерге. Күндөрдүн биринде мен ага кирип: “Мен көркөм сүрөт орто окуу жайына кетейин деп, министрликке да барып, мени сүрөт окуу жайына директор кылып жибергиле, ордум ошол жакта” — дедим.

О. Тенти: Саке, мунун баары түшүнүктүү. Жанакыдай шарттан улам өзүңүз самаган орто окуу жайына барган экенсиз. Эми ал орто окуу жайында өзүңүз түздөн-түз аралашып, мыкты кишилерге кез болгон чыгарсыз? Жогоруда айтылуу сүрөтчү жана киноактёр Сүймөнкул Чокморовду да бекеринен эскерген жоксуз. Накта иштей турган киши келди деген Сүймөнкулдун да агынан жарылганын уккан турбайсызбы? Мына ошолордон эскерсеңиз, сиз бир аз кайып өтүп кеттиңиз…

А. Сарман: Мен Москвадан келгенге чейин эле Сүймөнкул экөөбүз тааныш болчубуз. Анын Сарыкү деген мыкты агасы болгон. Алар түбү таластык айтылуу акын Сүйүнбай Эралиевге жакын туугандар болушат. Анын ата-бабасы кезинде Байтикке каралап көчүп келишкен да. Мен орто окуу жайына келген биринчи жумасында эле: “Мен чыгармачылыгыма чындап киришип олтуруп иштейин” деди. Мен анын бул сөзүнө: “Өзүң бил, мен деле кирип-чыгып жүрө берем. Ошол орто окуу жайында кыргыздын мен, мен деген жигиттери иштейт” дедим.

О. Тенти: Ошол мыктылардын аттарын да атай кетсеңиз? Алар кимдер эле, кандай таланттар? Ошол орто окуу жайын жетектеген жылдарынын башталышы кандай башталып, кандай жүрдү?

А. Сарман: Бир мыкты нерсени айтып өтөйүн. Ал учурда Сүрөтчүлөр союзу, сүрөт музейи жана сүрөт окуу жайы бири-бири менен жуурулушуп, эриш аркак иштешчү. Албетте, союздун башында Гапар Айтиев агабыз да акыл, насаатын тең бөлүшүп: “Эмне иш болуп, балдар эмнелер менен алектенип жатышканы менен толук маалыматта болчу эле. Дагы бир окуу жайыбызда Галченко деген жашы жогорулап калган театр сүрөтчүсү иштечү. Иван Петрович Галченко менен Духонин деген мугалимдер эле. Туруктуу окуган имаратыбыз жок болгондуктан беш жерде окучубуз. Жумабай Үмөтов деген мыкты сүрөтчүбүз анда өзү жаш болсо да орто окуу жайынын жамаатына өтө кайырлуу болчу.

О. Тенти: Жумабай Үмөтов орто окуу жайында кайсы сабактан берчү эле?

А. Сарман: Көркөм сүрөттөн, композициядан анан кийин бир топ жылдардан соң жасалма колдонмо өнөрүн окуу жайда негиздеген ошо киши болчу. Кийин жасалма колдонмо өнөрү жаатында иштешкендер түздөн-түз Жумабай Үмөтовдун ишин улантышты. Ал чынында ушул жагдайда көп табылгаларды киргизди. Кыргыздар анча маани беришпейт да. Бул чындыгында дүйнөлүк искусстводо чоң чыгармачылык бийиктик, табылга жаратты деп айтам, курулай мактоо эмес.

О.Тенти: Эми жогоруда айткан оюңузду дагы тереңдетип айта кетсеңиз. Сиз Үмөтовдун ишин жаңылык деп бекеринен айткан жоксуз да.

А. Сарман: Жаңылык деп айткан себебим, биринчиден кыргызда салттуу материалдар бар. Салттуу дегениме ала кийиздер, шырдактар, өрмөктөн согулган сокмо таарлар кирет. Булардан тышкары ага чий чырмоону да кошобуз. Мына ушулардын баардыгы жөнөкөй эле ишмекердин иши болсо, муну Жумабай жерде жаткан кыргыз буюмдарын өзүнүн тубаса шыгы, чыгармачылык таланты аркылуу дүйнөгө алып чыгууга жетишти. Экинчиден Жумабайдын дагы бир артыкчылыгы, 1968-жылы биринчи жолу Москвадагы чыгыш элдеринин маданият музейинде, андан кийин Ленинграддагы Эрмитажда көргөзмөдө коюлду. Анда кыргыз элинин материалдык жана руханий маданияты байыркы учурдан бүгүнкү күнгө же Үмөтовго чейин деп аталат. Анткени, Жумабайдын ага чейин “Балдар килемчеси” деген кичинекей иши коюлган. Ал өзүнүн композициясы, ойдун чечилиштери боюнча бардык жагынан жаңыча иштелген. Жумабай буга да ыраазы болбоду. Анан Жумабай чийди сүрөтчүлөр дубалга (роспись) түшүрөт. Мына ошондой аны дагы дубалга “роспись” катары алып чыкты. Андай “роспистер”, Кыргыз драма театрынын имаратында жана ресторанда жасалгаланды. Жумабай эмнегедир ала кийизди алган жок. Чын-чынында ала кийиз башка буюмдарына караганда формасы, түсү боюнча иштелип бүткөн десек болот. Буга дагы кошумча социалдык, идеалык эстетикалык жактан кыргыздын тарыхый көз карашы толук чагылдырылган. Ал дагы бул сыяктуу сапаттарды чийден тапты.

О.Тенти: Саке, сиздин оюңузча жөндүү себеби кайсылар? Ошолорду тагыраак айтсаңыз?

А. Сарман: Мунун жөндүү эки себеби бар. Биринчиден, ала кийиз материал катары живопистик фантазияны кенен чагылдыра алат. Аны алгач түстүү боёлгон жүндөр менен композицияны түзүп коюп, суу аркылуу техниканы пайдалануу жолу менен иштелет! Экинчи жагы, жүндө живопистүүлүк касиет табийгы бар экен.

О. Тенти: Табийгы түрдө живопистүүлүк бар дегениңиз кандай?

А. Сарман: Ошол живопистүүлүк-көркөм касиетте кызык тенденция бар да. Живописности деген термин бар. Бул жандуу кылып жазуу дегендик, эгер кыргыз тилине эркин которсок. Архитектура, скульптура, графика деген сөздөрдүн баары чет жактан келип кирген. Бул жагына келгенде мурда ойдо жок живопистик материал жаралат дегендик.

О. Тенти: Сүрөт искусствосунда ага чейин бир да кыргыздын башына келбептир да? Менин баамымда, орустун сүрөт искусствосу түзүлгөнүнө эки, үч кылым болуп калса да ушуга жакын бирөө жокпу?

А. Сарман: Кыргызстанга 19-кылымда эле көптөгөн сүрөтчүлөр келишкен эмеспи. Мисалы, Севернев, географ Семенов Тянь-Шаньский сыяктуу окумуштууларды коштогон бирден бир сүрөтчүлөр болушкан. Бирок алар таза сүрөтчүлөр эмес, көп жагынан этнографтарга жакыныраак эле. Булардын баары бизге кийин жетти. Кыргыздын өзүнө таандык өзгөчөлүктөрдү 30-жылдары Москванын искусство изилдөөчүлөрү абийрин кетиришкен да. “Ой бу кыргыздарга уйдун сүрөтүн көргөз десең, кишинин сүрөтүн көргөзүшөт. Деги эле алар сүрөттү түшүнүшпөйт”, — дешкен. Эгер чыгарманын формасына кыргыздын өзгөчөлүгүн кийрели дешсе, аны киргиздирген эмес. Эгер бирди-жарым кошулуп кетсе формализм дешкен. Ошол кездеги газета-журналдарды карап көрсөк ушуга байланыштуу толгон макала жарыяланганына күбө болобуз.

О. Тенти: Сарман ага, сиз кезинде, тактап айтканда, орто окуу жайында жогоруда өзүңүз эскерген Жумабай Үмөтов менен эле катар Жакун Кожакметов сыяктуу кыргыздын таланттуу уулдары менен иштепсиз?

А.Сарман: Мен анча чоң киши болбосом да улуу-кичүүлөр менен аралашкан жагынан бактым бар деп эсептейм. Алардын ар кыл сөзүн угуп, бош убактыларымда ошол айтылган кеп-кеңештерди өзүмчө ойлонуп дегендей. Мына ушунун баары чоң таасирин жаратат. Мага көбүрөк таасирин берген Семен Афанасьевич Чуйков болду. Москвада жүргөндө бир, эки жума үйүнө барбай калсам: “Сарман, каякта жүрөсүң?” деп телефон чалып издеп калчу. Ал: “Апаң сени күтүп, боршун бышырып коюп отурат, ичип кет” деп калчу. Малевина Евгения Алексеевна анын аялы теңдешсиз адам эле. А Чуйковдун Масквадагы өнөрканасына барганымда дүйнөгө атагы чыккан сүрөтчүлөр менен тааныштырып турчу. Ошондо таанышкан Сергей Васильевич Герасимов кандай жөнөкөй адам эле. Ошондой эле Алексей Алпатов деген да абдан жакшы адам болчу. Ал мыкты искусство изилдөөчү болгон. Мына ушул сыяктуу көптөгөн адамдарга замандаш болуп, аралашып жүргөнүм мен үчүн чоң бакыт, ченде жок аброй эмей эмне?

Мисалы Тургунбай Садыков сыяктуу Коненков менен ата-баладай аралашпасам да аларга жакшы тааныштыгым эле канча? Эми жогоруда аттары аталган адамдардын бири-бирине көрсөткөн сый-урматтарын сөз менен жеткизүү мүмкүн эместей. Ошондой эле Гапар Айтиев аксакалдын адамдык таасири да мага чоң болду. Кээде жаштык кылып, кызуучулукка салып бир нерсени айтып калганымда: “И-ий сенин ачууң жаман турбайбы” деп далыман сылап эркелетчү.

Кыргыздын дагы бир таланттуу сүрөтчүсү Сабырбек Мамбетсадыковичтин чоң чыгармаларын мындай кой, кичине эле этюдунун ар бири өз-өзүнчө бүткөн керемет чыгармалар болчу. Анын этюддарын бүтө элек деп айтууга тил барчу эмес.

Сабырбек менен далай ирет сыртка чыгып, кандай иштерине чейин аралашып жүрдүм. Ал киши басып жүрө берет, басып жүрө берет, анан бир учуру келгенде, “ох” деп отурат дейсиң. Бир нече саат иштеп, кечинде иштерин жыйнаштыра баштайт. Шашпай кыл калемдерин, боёкторун аарчып, тазалап бүтөт. Анын дагы бир адамдык өзгөчөлүгү — ал таза жана ак көңүл, өтө жөнөкөй эле. Адатта кыргыздын көп жигиттери өнөрканага ээ болуп калса, зыңкыйып анча-мынчаларга салам бербей, жаман адат күтүшөт эмеспи?

О. Тенти: Саке, жогоруда бир кездеги эң жакшынакай адамдарды жакшы эскерип өттүңүз. Чынында эле алар эскере турган таланттар экени эч кандай талаш туудурбас. Ошол жылдары Москвадан жарык көргөн чоң адабий журналдардын бири “Дружба народовго” макала жазып чыгарганыңыз белгилүү. Ошол макалада эмне жөнүндө сөз болгонун да эскере кетсеңиз?

А. Сарман: Ал макаланын темасын “Троё разных” деп атагам. Анда кесиби, алган жанрдык өзгөчөлүктөрү да башка үч сүрөткер, үч талант жөнүндө сөз болот. Мисалы: Молдакматов теат сүрөтчүсү, Алтымыш Усубалиев портретчи, Мырза Оморкулов  графикчи жөнүндө сөз болот. Ошол эле макаламды СССР Жазуучулар союзунун органы болгон “Литературная газета” анын бир да үтүр-чекитин өзгөртпөй басып чыгышып, ал макала өзүнчө бир дүң болгонун да айта кетейин. Бул 1961-жылдагы “Дружба народовдун” биринчи саны эле. Мына карап көргүн, биринчи ирет Москвага 1947-жылы Самаркандан Москвага окууга кеткен Молдакматов менен Кожакматов согушка катышкан. Ал эми Алтымыш Усубалиев гана онунчу классты жаңыдан аяктаган жаш жигит болгон. Ал онунчу классты Бишкек шаарындагы № 6-орто мектепти бүтүп жатканда Гапар аке талантын баамдап, тигилерге кошуп жөнөтүп жатпайбы. Бул үчөөнүн кесиптери сүрөтчүлүк болгону менен багыт алышкан жанр жагы ар башка болду. Кожакматов тематик станковист катары тарыхый, күнүмдүк темалардагы эмгектер жаратты. Мисалга, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде чоң сүрөттөрдү тартты. Ал эми Усубалиев портрет жанрынын чоң чебери катары келе жаткан өзүнө таандык бир касиети — темир жана синкография менен иш жүргүзгөнүндө. Ал Москвага, Кытайга чейин барып, кийинчерек чыгармаларын атактуу Третьяков галереясына койдурган, анын ошол чыгармалары ушул убакка чейин сакталып турат болушу керек.

Жогоруда Молдакматовдун өнөркансына көп барып аралашканымды айтып өтпөдүмбү. Бирок эң сонун пейзажчы сүрөтчү экенин эч көргөзчү эмес. Шаарыбыздын “Ал-Хаят” деген Москва көчөсүндөгү музейде көргөзмөсүн ачып, көпчүлүккө көргөзгөнүнө күбө болгонум бар.

Москвадагы СССР жазуучулар союзунун органы болгон “Литературная газетага” басылган макаламды алкакка салып кастарлап дубалга илип коюптур. Биз аны туура эмес багыт берип, туура эмес иштетип алдык. Сабырбек Мамбетсадыкович болсо бир чоң ишти баштайм деп жүргөн да.

 О. Тенти: Ал кандай иштер эле, сиз кабардар чыгарсыз?

А. Сарман: Албы, ал “Кыргыз жери” деген Кыргызстандын керемет кооздугун тартуу эле. Ал учурдун дагы бир кейиштүү жери, тигил-бул заказдарды аткаруудан колу бошобой жүрүп жогоруда ойдогу планы жүзөгө ашпай калды. Аларды деле иштебей коюуга болбойт эле.

О. Тенти: Жогоруда “Кыргызстан боюнча” деп аталган бул сүрөттөрдүн, чыгармалардын өзүнчө сериясы болмок да. Ошолордун көбү бүтпөсө да анча-мынчасын иштөөгө үлгүргөндүр?

А. Сарман: Жок негизинген иштелген жок. Бул иш боюнча атайылап сыртка чыга албай калды. Москвада “Волокламск шоссе” деген Сергей Герасимовдун чыгармалар топтому бар. Ал ошол чыгармалары үчүн Лениндик сыйлыкка татыган. Анда бир эле жол, ошону татынакай кылып ишке ашырган. Алар абдан деле көлөмдүү эмес, ал чакан эле алкакка сыйган чыгармалар. Ошол эле жолдун улам башка, улам бөлөкчө жерлерин тартуу менен өзүнчө топтом жараткан. Ал эми кыргыздын сүрөт чебериники “Кыргызстан боюнча” деп аталмак.

О. Тенти: Ошол “Волокламск шоссеси” аттуу Александр Бек деген жазуучунун романы да бар эмеспи.

А. Сарман: Ооба, ырас айтасың, анда Улуу Ата мекендик  согуш чагылдырылган. Бул жол тарыхый жер. Айтылуу 28 баатырдын эрдиги ошол жерде болгон эмеспи. Көрсө, ошол адамдарда бир касиет бар тура?! Чыныгы сүрөткер башаттай таза болушу керек. Андай болбосо кандай талант болсо да мыкты чыгарма жарата албайт. Анын үстүнө теорияны жакшы билген киши ойдогудай сүрөткер боло албайт экен. Михальев деген сүрөткер менен анын иштерин салыштыра келсек, көпчүлүгү жасалма. Ал эми Ильина болсо чыныгы көркөм дүнүйө менен жашаган чыныгы сүрөткер. Менин баамымда Семён Афанасьевич Чуйков менен Ильинанын чыгармаларындагы касиеттери байкалбай калган. Себеби эгер бул экөө тең Кыргыз жериндегидей орус жерин да тартса, кыйла мыкты сүрөтчүлөрдөн болушмак. Мен муну мындай деп айтып жатканым, бул эки талант экөө тең Кыргызстандын эле алкагынан чыкпай калышканы байкалат.

О. Тенти: Ооба, чектелип калышкан да!

А. Сарман: Россияга караганда жер жагынан да, элибиздин саны жагынан да аздык кылат эмеспи. Менин пикиримче, сүрөткердин бир жер менен чектелүүсү болбойт. Муну минтип айтсаң анын экинчи опурталдуу жагы да бар…

Сүймөнкул, Жумабай үчөөбүз кээде шаардан чыгып кечинде күндүн баткан учурларын же эртең менен күндүн нуру чачыраган кезде карап турар элек. Бул бир ченемсиз, айтып бере алгыс көрүнүш го. Мен Дамирге ошондо берген кеңешим бул болду: “Сен тиги Болгариядан жана башка жерлерден бир топ көрүнүштөрдү тартыпсың. Сен ошончо жерге барып тартып келгениңе ичим чыкпай турат. Ал эми ушул эле Кыргызстанда, өзүң төрөлүп өскөн Ата Мекениңде не деген керемет жерлер бар? Дедим. Анын үстүнө табигый боёк, табийгы жарык бүтүндөй, толугу менен көрүнүштү чагылдырууга кудурети жетпейт. Сөз боёктордун түрү жөнүндө болуп жатат.

О. Тенти: Жогоруда эң Алгач “Дружба Народов”  журналынан соң, “Литературная газетасына” кайрадан басылып чыккан “Үч талант жөнүндөгү” макалаңызды кайрадан эске түшүргүм келет. Анда үч адам, үч сүрөткер, үч өзгөчөлүк жөнүндө сөз кылыптырсыз. Эми ошолордун үч түркүн чыгармачыл дүйнөсүн бүгүнкү окуучуларыңызга, көрүүчүлөрүңүзгө оюуңузду жаңырта кетсеңиз…

А. Сарман: Алардын бири Жакул Кожакматов чындыгында тематикалык сүрөт, чыгарма жаратуунун мыкты устаты болчу. Анан “Фрунзенин отрядына карай” деген ишин эле алалы. Аны учурунда москвалык сынчылар да, биздикилер да адилет, туура бааларын беришкен деген пикирдемин. Анткени ошол чыгарма мени өзүнө тартканы, сүрөттөгү ар бир деталь, мисалы, баласын көтөрүп бараткан эне менен уулунун коштошкон, уулуна акыркы насаатын айтып жаткан атасы, сүрөттүн эч бир жеринде ашыкча нерсе жок. Баардыгы өз ордунда, ашык-кеми жок жазылган. Мында мезгил да, ошол мезгилде болуп өткөн окуя да камтылат. Болгон окуя өзүнүн композициялык түзүлүшү, чечилиши боюнча эң мыкты иштелгендерден. Ошондой эле “Жумуштан кайтып келүү” деген Жакулдун татына иши бар. Анан өткөндө анын уул-кыздары демилге көтөрүп, көргөзмөсүн уюштурган да.

Атаңдын көрүү, өз учурунда башкалар наамдар ыйгарылып (алардын ичинен өзбек менен казактарга), жатканда да көңүлдөн сырт калган тура деген ойдо болдум. Биздин жетекчилер алардын эмгегин, талантын баалоонун ордуна көңүлүн калтырганга чейин барышкан. Бул жагына келгенде биздин сүрөтчүлөрдүн мыкты иштери сөзсүз бааланууга тийиш эле. Мен Алма Атага байма бай каттап турам. Алма Атадагы музейлерди кыдырып көрмөйүнчө жаным жай албайт. Андагы көптөгөн чыгармаларды көргөндө, алардыкына биздин сүрөтчүлөрдүн эмгектерин салыштырып баалайм. Мисалы, түркмөндөрдүн Иззаат Кылычев, Айхан Казиевге окшогон сүрөтчүлөрү бизде четинен табылат. Мисалы, чыгармачылыктары башталган учуру менен кийинкилерин салыштырып көрсөң, талант мүмкүнчүлүктөрү боюнча кыргыз жигиттериники тигилерден кыйла жогору турат деп эле айтсак болот. Мына ошолор учурунда бааланбаганы өкүндүрөт. Болбосо Иззат Кылычев, Айхан Казиев, Өзбекстандагы Ахмедов (ал согуштан Советтер союзунун баатыры болуп келген), Козубаев деген да бир тентеги бар. Ал бизге самолёт менен келген күнү Өзбекстандын бир абройлуу сыйлыгы менен чоң кубанычта тосуп жатышпайбы.

О.Тенти: Мына, таланттарды урматтоо деп ушуну айтат!.

А: Сарман. Бирок мен сыймыктанган нерсе – кай жерге барсам да кимдин иши канчалык турарын баамдайм. 1950-жылда жаралган Иззат Кылычевдин “Бозой” деген иши бар. Эми бул чыныгы керемет деп айтар элем. Ал көлөм жагынан деле анча чоң эмес. Реалисттик искусствонун дагы бир жакшы жагы – чындык болгонун болгондой көрсөткөнү. Абстракционисттерди предмети жок тартышкан үчүн жакшы деп жүрүшөт. Бул куру сөз. Мисалы, Малеевичтин “Кара төрт буртчук” аталган эмгегин эле алалычы. Ошонун ичин көңүл коюу менен карасаң, ичинен жашоонун жүрөгү согуп турганын көрөсүң, же бир француз сүрөтчүсүнүн эле эмгегин алсак, андагы айтайын дегени бөлөк сыяктанып, түбөлүк сүрөтчү деген атын актоого жетишти. Мына ушулар сыяктуу Владимир Образцов деген сүрөтчүнүн ар бир ишине көз чаптыра келсек, ар бири өзүнчө багыт, өзүнчө изденүүлүрдү жарата алган. Мына ушулардын баарына башкача карап, башкача баа беришибиз керек.

Бүгүн мына ушул убакка чейин жазган макалаларыбызды, китептеримди карасам – баары үстүрт. Жеңил желпи (күлүп). Ушулардын баардыгын эринбей отуруп кайрадан иштеп чыгуу зарылдыгы туулуп жатат. Биз искусствону өзүбүздө алгач пайда болгон түшүнүк менен өлчөп, бычып келиптирбиз. Эң башкы кемчилик дал ушунда. Мисалы, Сагын Ишенов экөөңөрдүн адамдык, турмуштук өзгөчөлүгүңөрдү изилдей турган болсом, силер тууралуу жалпы түшүнүгүм менен эле чектелсем болмок эмес. Анын ордуна силердин тереңиңерди таап чыгышым керек. Антпей эле биздикилер жалпы жонунан кетип калгандыктан, кайра жазып чыгууга туура келет. Дегенимдин чоо-жайы дал ушунда. Кудай жалгап кийинки учурларда мыкты сүрөтчүлөр пайда болуптур. Театр сүрөтчүлөрү боюнча Штофер, Аревьев, Молдакматов — үчөө тең жакшы иштешкен экен. Эрди-катындар – Семён Чуйков менен Евгения Алексеевна Малеина экөө бири биринен ашкан таланттар десем болот. Малеина сүрөт өнөрүн сезген жана жакшы көргөн, андан ыракат алган кишилердин бири. Семён Чуйковдун официалдуу жактары арбын.

О. Тенти: Официалдуу дегенди кандай түшүнсө болот? Мындайча алганда, шарттуу түшүнктүү тактай кетели…

А.Сарман: Официалдуу жактары көп деген себебим, анын “Кыргызстан кызын” же “Кечке жуукту”, “Чак түштү” же “Эл арасындагы Токтогулдун” – кайсынысын алсаң да ар биринде турмуштук негизди көрсөтүү аракети бар. Ал эми Малеинаныкы кыйла башкараак. Бул экөө тең Фальтын окуучусу экенине карабай Семён Афанасьевич кыйла башка стилге өткөн. Малеина жарыкка көбүрөк басым жасайт. Тактап айтканда, таза көрүнүшкө умтулуу дегендик. Бул  экөө бири экинчисинен ушунусу менен айырмаланышат. Ушундай артыкчылыктардан улам Малеина живописти аябай сезген. Чуйковго караганда да мындай өзгөчөлүк жогору бааланат. Кашайып, бир нерсе кылайын дегиче болбой эле убакыт учкан куш экен. Минтип оору жармашып, төрт тарабыңды тороп салат экен!

Кыргыздарда талант өтө күчтүү экен. Буларды эстеп мен өзүмчө таң калам. Адабиятына келип Касымалы Жантөшевдин эле “Каныбегин” алалычы. Анын ар бир сөзүнүн, сүйлөмүнүн аркасында эмне деген дүйнө жатат? Булардын баарын чогултуш керек. Эгер анте албасак көп нерседен куру калышыбыз бышык.

О. Тенти: Саке, жогоруда бир топ таданттарды эскердиңиз. Жөн эле атабай алар менен түздөн-түз карым-катышта болгонуңуз айтылды. Алардын дээрлик баары кыргыз сүрөт өнөрүнө чокусу көрүнгөн инсандар. Ал турсун, ошол көзү өтүп кеткендердин далайынын ак эмгеги бааланбай, жетишерлик кадыр-баркы көтөрүлгөн эмес деп өкүнүп да жатасыз. Бул да жөндүү сөз, жөндүү өкүнүч! Ошондой эле таланттарын өзбек менен казак туугандар баалап, тийиштүү наам берилгени да эскерилди. Жогоруда өзүңүз сүрөт орто окуу жайында иштешкен сүрөтчүлөр эле эмес экинчи жагынан педагогдор да эмеспи. Иштин ушул жагына да кайрыла кетүү керектүүдөй болуп турат. Ошолордун ичинен кимиси мыкты педагог да, сүрөтчү да эле?

А.Сарман: Ал кезде Советтер Союзунда көркөм сүрөт орто окуу жайынан алтымын төртү иштечү. Мисалы, мен директор болуп турган учурда Москва менен Ленинград шаарларына биздин орто окуу жайынан бүткөндөрдү өткөзө турган болсок, ал жакта иштеген мугалимдерди чакырып, алдын ала сыноодон өткөзчүбүз. Бул сыяктуу саамалыгымды көрө албагандар үстүмөн арыз жазышты. Москвадан келгендер да ошол арызды текшеришкен соң, Асанбековдуку жөндүү деген да жыйынтык чыгарышты. Бул жерде эч кандай улутчулдук же бирөөлөргө ийе тартуу жок эле. Биринчиден, музейлер ачып, кыйла таланттуу жигиттерибиз өсүп калганы менен анчалык деле жогорулап кете элек болчубуз. Ошондуктан алдыма чоң план койгом. Орто окуу жайына 80 окуучу алчубуз. Азыр бул эки эсе азайып, 40 бала окуйт экен. Окууга алынган 80 баланын туп-туура теңи Ош, Жалалабад, Баткен тараптан болчу. Минтип шарттуу түрдө экиге бөлгөмүн.

О. Тенти: Бүгүнкү дил маегибизди да андан ары уланта берели. Элибизде “Эр жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” деген сөздү өзүңүз жакшы билет эмессизби. Сиз дагы ошол эр жигиттин бири болгондо да бир башыңызда жетимиш болбосо да онго жакын ар кыл өнөрдүн, кесиптин, болгондо да кыйла иштерманы экениңизди көпчүлүк билет. Акын десе акын, сүрөтчү десе сүрөтчү, мыкты журналист десе — ал жагыңыз да көптөрдү алдыга салдырбайт. Эртеден берки маегибизди да кайсы нукка бурсак болот. Кыргызда “кеңешип кескен бармак оорубайт” деген сонун сөз бар эмеспи. Кана, суроону да өзүңүз менен кеңешип уланталычы…

А.Сарман: Бул жерде да чындыкты айтууга туура келет. Мен, акылым ашып кетпеген менен өзүмө өзүм ыраазы боло турган жерим бар. Ал кайсы дегенде, кыргыздын көркөм адабияты менен искусствосунда көп жылдар чеке терин агызган эң сонун адамдар менен алакада болуу, сүйлөшүү, ырдашуу, дидарлашуу бактысына туш болдум. Бул жагынан өзүмдү бактылуу адаммын дейм. Алгач университетте окуй баштаганымдан тартып керемет адамдарга, сонун илимпоз, педагогдорго туш болдум. Менден мурункулар да, кийинкилер да алардан билим алган жок. Мисалы, Константин Юдахин, Болот Юнусалиев, Калкабат Сартбаев, Бегималы Жамгырчиевдер бизге сабак, таалым-тарбия берген кыргыз тил илиминин алгачкы өкүлдөрү менен байланыштык. Экинчилер, кыргыз адабиятын изилдөөчүлөр Кеңешбек Асаналиев, Шаршенбек Үмөталиев, Камбаралы Бобуловдордун иштерин биринчилерден болуп эскерүүгө тийишмин. Бул кудай акы, калыстыктан тайбашым керек.

О. Тенти: Суу кошпой, калыстыкты калыстай деңизчи…

А.Сарман: О дал ошонун өзү. Үчүнчү курска чейин университеттен билим деле алганым жок. Муну ойлоп кээде таң калам. Анда орто мектептин жогорку класстары менен университеттин биринчи, экинчи курстарында айырма жок деп ойлочумун. Анан үчүнчү курстан баштап жогоруда аттары аталган мыкты илимпоздорго туш болгонумду жашыргым келбейт. Көрсө, көп кишилер мени менен окуган Камабар, Муктарлар: “Ой Кеңешбек, Шаршенбек” деп сүйлөшчү. Мен өзгөчө жаш жагынан айырма анча болбосо да “Ой Кеңешбек, Шаршенбек” деп тике качырып айта албайм. Бул ошол кездеги айылдык таалим-тарбиядан болсо керек. Мен университетти аяктаар алдындагы дипломдук ишимди ошол мезгилдеги биринчи кыргыз философу Максут Садыкович Юнуссовдун  жетекчилигинде жаздым. Ошол дипломдук ишти жазып жүргөн учурда эң жакшына дагы бир кыргыз философу Асанбек Таабалдиев менен чогуу жолдош болуп калдым. Биз бир курста Ашым Жакыпбеков, Бексултан Жакиев, Жалил Садыков, Сейит Жетимишов, Камбаралы Бобулов, Мырзабек Тойбаев, Эрнис Турсунов – баарыбыз чогуу окудук. Мындай курс азыркы университеттин тарыхында мурда кийин болбогонун айта албайм. Мына ушундай чөйрөнүн түзүлүшүнө туш болушум, чыгармачылык сапарымда тоону томкоруп, ойду омкоруп жибердим деп айтпайм, бирок азын-оолак иштедим го?

О.Тенти: Саке, жогоруда сиз мугалим устаттарыңыз баш болгон, андан соң кийин чыгаан акын-жазуучу, замандаш, курсташ, санаалаш достор, калемдештериңиздин аттарын да кыйла сыймык менен атап өттүңүз. Бул чындык жана чындап эле мактана турган сөз. Эми ошол таланттар тиги тигиндей, бул мындай деп узун сөз кылса болот. Эми ошолордун ичинен кимдер канчалык жана кандай таасир эткенине токтолсоңуз жакшы болор эле? Жалаң педагог устаттар эмес, досторуңуздун да таалим-таасири болгондур?

А.Сарман: Күнүмдүк жашоо-тирлик боюнча баарыбыздын аксакалыбыз Жалил Садыков болду. Студенттик учурда жазгыбы, күзгүбү — кандай майрам, кубанычтар болобу, ошолордун башында да Жалил турар эле. Андан соң өз доорундагы окумал, үйрөнүүгө сергек балдардын ичинен эң мыктысы Ашым Жакыпбековдун атын биринчи атаар элем. Чынында Ашымдын түздөн-түз таасири аркасында дүйнөлүк, орус, казак адабияттарынын таалим-таасири, маалымат алуулар көбүрөк болду. Биздин Орто Азия элдеринин адабияттары менен кеңири таанышуу, ошол элдердеги жазуучулар жөнүндө Ашым менен көбүрөк пикир алышар элем. Ашым аябагандай терең жигит эле.

О. Тенти: Саке, ушул сөзүңүздү улаган бир оюмду да кыстара кетейин. Мен Ашымды билип эле эмес, урматтап калганым немистердин Стефан Цвейг деген чоң новелист жазуучусу бар эмеспи. Мен Цвейгдин те 20дан өтө берген кезимде бир катар новеллаларын окуп, ушунчалык таасирленгем. Сиздин бул сөзүңүзгө менин да башыман кечирген турмуштук жагдай туш келип жатат. Мына ушул сыяктуу жеке турмуштук мисалдар менен бекемдесеңиз? Ошол сиз менен окуп жүргөн жылдарында Цвейгдин чыгармаларын которо баштабаса да ага чейин окуп жүргөндүр? Сиз ушул көрүнүшкө кез болгон да чыгарсыз? Бул жерде Ашым ага жөнүндө эң сонун сөз баштадыңыз…

А.Сарман: Ашым тууралууу бир, эки ооз сөз эмес, узун жомок сөз кылсам болот. Ал ар дайым бир калыпта жүрүп, басса-турса колунда китеп болор эле. Мен Ашымдан Мухтар Ауезовдун айтылуу “Абай”, “Абай жолу” романдарын эң алгач көрдүм жана андан алып өтө кызыгуу менен окуганымды айтсам болот. Ошондой эле Драизердин жана орустун мыкты жазуучуларынын китептерин окушума да чоң өбөлгө түзгөн Ашым деп айтаар элем. Ашым кыргызда чанда кездешүүчү стилист  десем ашыра мактагандык эмес. Ашымдын стилистигинин өзгөчөлүгүн даана баамдаса болот. Ашым өзү төрөлүп өскөн Шекер айылынын тил байлыгын ченемсиз өздөштүргөнү бөтөнчө кубандырат. Кайсы чыгармасын албайлы шекерликтердин жөнөкөй сөзүнөн тарта көпчүлүк анча этибарга албаган сөздөрүнө чейин кеңири жана орду менен пайдалана алгандыгы. Экинчиден, Ашым экөөбүз тиги Казакстан жак эмес, көп учурда Төө- Ашуу, Суусамыр аркылуу барып, биздин үйдө болушунда Асанбек атам бири-бирин жакшы көрүшчү. Атам Ашымды көргөн сайын кубанып: “Ии Ашыкем келген тура, айланайын төргө өт” — деп үйдөн чыгып Таластын токоюна кирип кетишип, экөө далай сырдашып отурушар эле. Үйдө бир нече күн өткөн соң Шекерге барар элек. Ал жерден Ашымдын Турдубек деген чоң атасы тозуп алаар эле. Турдубек атанын колунда ар дайым куран китеби бар болчу. Ал жеке эле “Куран” эмес башка китептерди да көп окуган, маалыматы кең адам эле. Шекерге барганымда Турдубек ата: “Сарман келиптир, мен намаз окуп келейин, балдарым отуруп тургула” — деп ошол учурда гана бөлүнүшөр элек. Экөөбүз далай сааттап молдолук жөнүндө эринбей сүйлөшүп отурчубуз. Ал киши жеке эле дин жолу, дин китептери жөнүндө эмес, өткөн-кеткен окуялар, тарыхый баяндар, адамдар жөнүндө эринбей сөз козгочу. Мисалы Иманбек болуш, Чыңгыз Айтматовдун ата-бабалары кимдер болушкан жана кандай кесипте иштешкени тууралуу сөз кылар эле. Ал киши көп жашап, 96 жашында дүйнөдөн өттү. Өзү да зымпыйган жыйнактуу, сөзмөр киши эле. Кийин ошондой катташууларыбызды Таластагы Манас чокусуна чейин саякат жасоо менен уланттык. Ал кезде жашпыз да, Манас чокусунун бооруна отуруп, туш-тушка көз чаптырып, өзүбүз таткан бөтөлкөлөрүбүздү ар кайсы жерге көөмп ойногонубуз ошо калыбында элестеп турат.

О.Тенти: Эми Саке, мындан туура 20 жыл илгери Чыкемдин 60 жылдыгында чогуу болгонбуз. Ошондо Ашым аганын үйүнөн даам сызбадык беле. Ал окуя, ал күндөр өзүнчө тарых. Сиз жогоруда Ашымдын окурмандыгы жөнүндө сөздүн четин гана чыгардыңыз. Ашым агабыз “Теңирим Манас” деген улуу чыгарма жазды. Ошол те 30-35 жыл илгери бул чыгарманы баштаган кез беле же баштай электеби, анысынан кабардар эмесмин. Бирок ошондо эле Сагынбайдын вариантыбы, Саякбайдыкыбы – ой жүгүртүү башталып калган болушу керек? Мына ушул жагдайда өзүнүн айткан-дегени барбы? Өзүңүз сөз кылгандай Таластын башына, Манас чокусуна чейин кыдырган учурлар болуптур…

Ашым ЖАКЫПБЕКОВ: Адабий тарыхка акыйкат кеп калсын

А. Сарман: Кээ бир учурда Суусамыр аркылуу Таластын башына түшкөнүбүздүн себеби да жөн эмес. Мисалы, Манас Алайдан Чүйгө келип, өзүнүн каардуу душмандарынын бирин жеңип, эми Таласка кандайча, кайсы жол менен келди деген ой Ашымга да келсе керек. Бул биринчи ирет алыстан көчүп келатканда болгон иш да. Мен биринчи ирет Суусамырда болгондо: “Мына бул жер Өтмөктүн ашуусу. Мына ушу Кара кыштак. Чөмөр, Кара-Колдун бели, бул жерди Бакайдын кызыл ташы аташат деп ар бирин көргөзүп, аттарын билишимче атап тааныштырган гид болчумун. Андан ары өрөөнгө түшө бергенде Манастын желеси деп атап жаттым да! Ашым чыгармасын кол менен эмес машиккага отуруп жазчу.

О. Тенти: Калемди машинкага алмаштырган экен да.

А.Сарман: Ооба, анан күндөрдүн биринде ал мага кайрылып: “Баягы сен айткан ашуулар, төрлөрдүн аттары бирөө да эсимде калбаптыр. Алардын ордуна Сарман ашуу деп уруп жибердим” деп калчу. Ал айткандай китепке да “Сарман ашуу” болуп чыгып кетти. Бул тамаша сөз болгону менен чындык (күлкү). Ашымдын  чыгармачылык өзгөчөлүгү – ал бир несени баштан аяк кынтыксыз жасачу.

О. Тенти: Ашык-кеми жок, таза иштечү экен да.

А. Сарман: Ал Чыкемдин кыйла чыгармаларын кыргыз тилине которбодубу. Алар жарыкка чыккан сайын: “Саке, кунт коюп окуп жүр” деп мага берип турчу. Алар менен жогоруда өзүң эскерип кеткен Цвейгдин новеллалары жана М. Лермонтовдун “Биздин Замандын баатыры” аттуу романын которуп жатып айрым жерлерин да мага окуп берип, пикир алышып калчубуз. Ушул жерде бир нерсени айта кетейин, Ашымдын мыкты стилист-котормочу экенин “Түпкүрдө” деген драмасын, андан кийин Шекспирдин бир трагедиясын которуп, күндөрдүн биринде Искра Раимкулова Ашым кайтыш болгондон кийин: “Сиздин досуңуздун котормосун аягына чыгарып бербейсизби?” — деп калды. Мен ал котормону кайра-кайра карап отуруп, Ашымдын стилине таң калдым. Ойлоп-ойлоп отуруп, Ашымдын деңгээлине жетип, Ашымдай кылып которуш колдон келбейт экен деген ойго келип, Искрага: “Мен Ашымдай котормочу, мыкты стилистти жоолуктурган эмесмин” деген жоопту айтууга аргасыз болдум. Мына менин эле досторумдун ичинен Эрнис Турсуновго көп котортуп жүрүшөт. Анын үстүртөн кетмей адаты бар да!

О:Тенти. Саке, анын баары белгилүү, сөздү “Теңирим Манаска” бурсаңыз. Жогоруда айтып келатып кайкып кеттиңиз. “Теңирим Манас” жазылып жатканда айрым бөлүмдөрүн окуган учурлары болгон экен…

А.Сарман: Ооба, ал азын-оолак айтылды. Мисалы, Манас эмнеге Таласты тандап калды? Эмне үчүн Таластын башындагы Кең-Колдогу Кароол-Чокуну тандап калды? Ушулардын баардыгын иликтеп чыгып, анан гана жазууга киришкен да! Мисалы, кышында душман келип калса бир гана жактан төмөн Капка жактан келиши керек. Ал эми кышында ашуулардын баардыгы жабык, ат менен да, жөө да өтө албайт. Бүгүн бамдап ой жүгүртө келсек, Манастын өзү да, жан-жөкөрлөрү да мыкты экен. Манас боюнча тарыхый экспонат күбөдөн үчөө бар. Бул Кароол чоку, Кең-Кол жана түндүк тарабындагы Манастын тоосу. Манастын кыштоосу Таластын башында Кең-Колдо болгон. Түндүк тарабы Капкадан башка жол жок. Тиги Капканын тегерегинде жети байланыш түйүнү бар болчу. Эгер душман келаткан шеги билинип калса, азыркы тил менен айтканда, жарым саатта Кароол чокуга кабар жетмек. Тиги капкадан өткөн ар бир жеринде атайы аралыкта от күйгүзүлүп турган. Ал отторду биринен экинчиси, экинчисинен үчүнчүсү көрүп отурган. Мына булардын баарын биринчи иликтеп чыккан соң романын жазууга отурган. Ашымдын дагы бир артыкчылыгы – биз Манас, Манас дегенибиз менен аны жарытылуу билбейбиз. Ал “Манастын” бардык варианттарын окуп чыкты.  Кийинчерээк болсо да Жусуп Мамайдын жанында болду. Анын Манасын прозадагы манасчы деп айтууга толук негиз бар. Бул прозадагы “Манастын” ичиндеги каармандар – биз менен чогуу окушкандар деп айтсак да болот. Бул образ жагынан алганда деген ойду айтып жатам. Мисалы, Качкынбайдын жана башка өзүнүн досторун да камтый кеткен.

О. Тенти: Ошол Манас аркылуу өз замандаштарын да кошо кеткен дегениңиз өзгөчө кызык экен. Демек, бир ок менен эки коён аткан тура? Муну сиздей аны жакшы билген калемдеши, замандашы айтпаса ким айтмак эле?

А.Сарман: Ии кеп ушунда жатат, аны окуган кишиге чекеге сайгандай эле көрүнүп турат. Экинчиден, кимдин образы кандай берилгени бизге жакшы маалым. Биз романды окуп алып өзүбүзгө күлүп, жыргалга батабыз. Бул “Манастын” прозадагы варианты тууралуу Чыңгыз Төрөкулович: “Ашым Жакыпбеков да Манасчы” деп ток этер жерин айтып койду. Бул жагынан кагазга чыккан, чыкпаган варианттардан Ашым пайдаланбаганы калган жок деп айтсам деле болот. Бул биринчи жагы. Экинчиси, тигилерден тышкары көптөгөн илимий иликтөөлөр, Жирмунский, Ауэзов, Юнусалиев сыяктуу толгон токой окумуштуу, Манас изилдөөчүлөрдүн ондогон, жүздөгөн макалалары…

О.Тенти: Те 19-кылымдарда башталган Родлов, Валиханов жана башкаларды айтпай койгондо дегиңиз келип турабы?

А.Сарман. Ооба, ошондой. Алардын баарын бул жерде санап отуруу зарылбы? “Манас” эпосун романга салуудагы эң башкы касиет – көптөгөн апыртылган көрүнүштөр, салыштыруулар, ой жүгүртүүлөр, сүрөттөөлөр, миф, уламыштардын баардыгы окуучуну өзүнө тартып турат. Чын-чынында апыртуулар турмушта болушу мүмкүн болбосо да ишенбей коё албайсың! Ашымдын “Манасынын” дагы бир мыкты касиети дал ушул. Жогоруда эскерип өткөн Ашымдын котормочулук талантына кайрадан кайрылар болсок, Ошол эле Цвейгдин керемет новеллалары менен М. Лермонтовдун “Биздин Замандын каармандарын” которгондой эмес, кыргыз тилинде жазгандай окулат да!

Бейтааныш аялдын каты

О.Тенти: Бул байкооңуз да жөндүү.

А. Сарман: Ал иштеген учурда кол менен жазып же машинкага басып такалбай кете берчү. Ал улам-улам өчүрүп, оңдоп да отурчу эмес. Адатта, көп кишилер сөзмө-сөз которуп коюшат. Кыргыз котормочуларынын ичинен Олжобай Орозбаев гана мыкты котормочу болчу. Ал кишинин ички маданиятына котормочулугу төп келген адам эле. Ал киши алгач жакшылап окуп чыккан соң иштеп кетчү.

Бул бир жарым саатка созулган дилмаектен бир ай өтүп Сарман замандашыбыз, калемдешибиз келгиз сапарга кете берген. Аттиң дүйнө! “Өңгө – жалган, өлүм – ак” деген сөз ушундай жоготуулардан, бала ата-энесинен, ата-эне жакын туугандардан, деги эле ар бир жандын башына келе тургандыктан айтылган тура!!!

One Reply to “Архивде калган асылдын эскерүүсү”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.