Баштапкы класстагы балдарды окуткан мугалим, окуучуларына:

— Кудай бир кыялыңарды аткарам десе, эмнени суранат элеңер? – деген темада дилбаян жаздырды.

Кечинде үйүнө келип, окуучуларынын иштерин текшерип жатып, бир дилбаянга көзү түштү. Ал аны окуп алып, ыйлап жатканда сырттан күйөөсү кирди.

— Эмне болуп кетти? – деп сурады ал аялынан.

— Ме, оку! – деп ага бир баланын дилбаянын сунду аялы.

“О Кудай, мен сага өзгөчө бир өтүнүч менен кайрылам: мени телевизорго айлантып салчы! Мен биздин телевизордун жашоосуна суктанам. Ал биздин үйдө өзгөчө бааланат. Мен да бардыгы менин айланама чогулуп, сөзүмдү бири да бөлбөй, жөнү жок суроо жаадырбай угушун каалайм. Алардын көңүлүнүн чордонунда болгум келет. Мени телевизорду тиктешкендей карашын каалайм. Атам чарчап келсе да аны менен сүйлөшүп олтургум келет. Апам чарчап турганда мени менен сүйлөшүп, капасын ачса дейм. Ата-энем жок дегенде бир аз убактысын мага арнашса кана. О Кудай, мен көп деле эч нерсе сураган жокмун го… Болгону биздин телевизордун жашоосундай жашоону ыраа көрүшүңдү суранам.”

— Байкуш бала! Байкуш бала! – деди балага боору ооруган мугалимдин күйөөсү. –Баласына көңүл бөлбөгөн эмне болгон ата-эне?!

Аялы көз жашын сүртүп:

— Бул биздин уулубуздун дил баяны… – дептир.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.