Эл акыны Кожогелди Култегиндин бул жыйнагына негизинен Түркияда жазган чыгармалары кириптир. Мындан улам китептеги түрк темасы табигый иштей кабылданат. Алардын арасында ар кандай сүрөттөөлөр бар: маселен, «Түркия чийимдери» деген ырынан бизге боордош бул өлкөнүн, орус агайындар айткандай, эмне менен жашап,  эмне менен дем алып жатканын (чем живёт, чем дышит) кыйла эле таасын байкаса болот, анын үстүнө ырдын аллюзиялары – каймана, капыя ишаараттары, подтексттери мол.

«Зоодой-зоодой үйлөрү көжөлүп тур,
зоболосун калкынын көтөрүп тур!
Коштой-коштой коопсуздук адамдары,
коңшум башка ооз менен жөтөлүп тур».

Акыркы эки сап тек уйкаштык үчүн эле колдонулган эмес. Андан дүйнөлүк эки цивилизациянын – европалык жана күн чыгыш, тагыраагы, мусулман маданиятынын тогошкон тоомуна айланып, алар өз ара ашташып, бапташып кете албай турган абалдын жеңил шоорат-шобурту туйулат. «Өз оозу менен жөтөлүү» кооптуу көрүнгөн жагдайлар тарыхта көп эле болгон.

Контрастуу бу дүйнө ырдын кийинки саптарында акырындап ачылат.

«Байрактардын желбүүрү – жүрөк толкун!
Барктаганы-ай байракты үйдө болсун!
Чылым сорот бир айал тетир карап,
хиджабынан түтүндү үйлөп окчун».

Түрк кардаштар улуттук байрагын ырастан эле катуу баркташат. Кызыл байрактын дээрлик 1400 жылдай тарыхы бар, ал Умар (634-644) калыйпанын тушунда кабыл алынып, кийин аны осмон-түрк империясы, өткөн кылымда Ататүрк көтөргөн экен. Түрктөрдө байрагы жок  үй болбойт, кеңселерди кой, дүкөндөрдө, күркөлөрдө, көчөлөрдө, көп жерлерде желбиреп турат. Кокус колдо байрак болбой калса, ал жүрөктө илинүү болот дешет түрктөр өзү. Анын желбүүрүн жүрөк толкунуна теңеп, акын  бизге ушуну каңкуулап жатат.

Ал эми чылым тарткан аялга келсек, андан хижабга жашынып жаткан лайкчыл, б.а. секулярдык жашоо жолойунун кылактаган кыяпаты көрүнө калып жатат. Айтмакчы, түрктөрдө бу түшүнүктүн да ар кандай контекстте айтыла турган seküler, dünyevi , sosyal, eğitim, havalı, konusalim, muhabbet өңдүү ондогон түрлөрү бар. (Большой русско-турецкий словарь. 250 тыс. слов. — М., 2009).

Кожогелди Түркияга бийиктен да көз салат.

«Жолдору кең – деңизи каптагандай,
жолдору ичке – ийнеге сапталаардай.
Эң жогорку кабаттан быжырайт жер,
эСэМэСте жайнаган кат-кабардай».

Кат-кабарларда болсо таптакыр башка картина:

«Кабарларда – жарылуу… жайрап жаткан…
кара кийип боздомой зарлап баштан.
Телевизор өзү окшоп кетет кээде
табытына шейиттин байрак жапкан».

Ошентип, акын тарткан чийимдер калейдоскоп өңдөнүп алмашат.

«Саламга бай, салтка бай ойлор кызып,
сакал сылап, теспе уучтап – колдор ысык.
Адалдыкты жоокердей кайтарууда
ак «найзасын» мечиттер боорго кысып».

Мага бу саптар Түркиянын, айрыкча Ыстамбулдун тарыхын эске салды. Эски уламыштарда айтылгандай, биздин заманга чейин алты жарым кылым илгери Босфорддун чыгыш өйүзүндө келгин гректер жер пайын түптөп, Визант деп аташкан чакан кент адегенде Рим империясынын, анан Византиянын борборуна айланып, кийин Романиянын байтагы болуп, андан осмон түрктөрүнүн колуна өтөт. Теспе кармап, сакал сылаган сылыктык, «найзасын» – мунарасын тикчийткен мечиттер эски Константинополдун – христиандардын ыйык шаары – Ысламбул (ислам бол) болуп аталгандан берки алты кылымдык тарыхтын салты жана табериги.

Ырдын соңунда:

«Толтура иште эркектер жалаңдаган!
Толуп кетпөө – бар милдет аялга анан… » – деген саптар бар. Мунусу да чын. Бул өлкөдө болгон киши байкаса керек: эркектер ар кандай ишти, атүгүл бизде жалаң аялдардын энчисине басып берген жумуштарды да эрөөн-төрөөн көрүшпөйт. Ургаачылары болсо «hanımefendi» (леди) өзүн кандай кармап, кандай алып жүрүшү керектигин секелек кезинен үйрөнүшөт.

Иши кылып, «Түркия чийимдери» мени ушундай ой чабытка жетеледи.

Түрк темаларынан «Чанаккаледеги баш» ырын белгилеп кетким келет. Мындан бир кылым илгери дүйнөлүк биринчи согуш маалында дал ушул аралдагы кызыл кыйма салгылашта австралиялык бир солдат өзү атып өлтүргөн түрк жоокеринин башын кесип, мактаныш үчүн мекенине ала кеткен экен. Кийин ал колдон колго өтүп, ар кайсы адамдар тарыхый экспонат катары сактап жүрүшөт, акыры илимпоздор анын тек-жайын аныктап чыккандан кийин Түркияга кайтарылат. Аны 2003-жылы ушул Чанаккаледеги көрүстөнгө коюшуп, белгисиз жоокер сыпатында эстелик тургузушат. Ырда ушул окуя баяндалат.

Топтолгон эл билмекпи – тулкуң кандай?
Тоголонуп берипсиң – умтулгандай!
Бир бурчунда Батыштын сакталыпсың
бир бурчунда «мээсинин» түрк тургандай…

Түңүлбөйт эч, түшпөйт эч дээри бийик
түгөнсө да жыл, кылым кемирилип.
Баатырдык ко – өзүңдү тиктеткениң
Батышты сен эңкейтип… белин ийип…

Аралдын өзү да акынга ошол баш сыяктуу көрүнөт:

…Ушунчалык тартылдым алактап-ээ,
учакта мен баратам карап дале:
чарт кесилип ташталган ошол баштай –
Чанаккале аралы, Чанаккале…

Алыста жүргөндө баарыбыз эле киндик кан тамган жерибизди, Ата Мекенди эстебей, сагынбай койо албайт эмеспизби. Кожогелди акын да ошентет арийне. Муну ал «Биздин кар» деген ырында таасирдүү туюнтат.

Качантадан катып-куруп жазылбай,
кашкайа эми эргип алган акындай –
айлананы баш көтөртпөй ансайын
Анкарада кар жаап жатат басылбай.

Дагы-дагы калды эмнени жашырбай?
Дарактар тур болду го деп баш ыргай.
Алайкуну элестеткин дегенсип
Анкарада кар жаап жатат басылбай.

Калың кар терезеден теребелге майкечен карап турган акындан да небересин айрыкча кубандырат.

Тилекматым чуркайт үйдү сапырып…
тимеле бир кыйкырды анан чакырып:
— Кар! Ка-ар! Мына… Биздин ка-ар бул! Биздики-и! –
Карап турат балкон жакты ашыгып.

Барсак, көрсөк – сезимтал жан аптыгаар,
бажыракай, бапес, мөлмөл – жатты кар.
Көзү – күлүң… өзү – күлүң… биздики…
көгүчкөндөй апапакай, акжубар…

Жаш баланын кыялы, жан дүйнөсү акындардан алда канча учкул, кең, таза келет эмеспи. Эгер небереси болбогондо минтип Анкарадагы карды биздики деп айтыш автордун оюна келет беле, келбейт беле, ким билет. Канткен күндө да табияттын көрүнүшүнө небересинин көзү менен карап, аны баланын сезими менен кабылдап, акын өзү да бала кыял боло түшөт.

Кожогелди өзүн «сүйүүнүн сүрөтчүсүмүн» деп атап жүрөт. Арзуу темасындагы ырлары бул китепте да арбын экен. Алардын бири «Сенден корком» деп аталат. Дагы бирин «Кол жеткисим, кол жеткис» деп койуптур. Ушул аталыштардан эле бу сезимдин күчү кандай болорун сезсе болот. Айтор, автор канчалык деңгээлде сүйүүнүн сүрөтчүсү боло алганын окурмандар өздөрү окуп көрүп, баалаганы ийги болор.

Китепте «Башка чабылган скрипка» аталышындагы поэма бар. Анын сюжети казактын атактуу скрипкачысы Айткеш Толганбаевдин ары кайгылуу, ары даңазалуу өмүр таржымалынан алынган. Ушул себептен аны данистелүү поэма, же шарттуу түрдө азыр модага айланып калган термин менен айтканда, нонфикшн (ойлоп табылбаган окуя) жанрындагы чыгарма деп атасак болот.

Айткеш Толганбаев ата теги жагынан Абай менен Шакеримге жакын тууган болуп кетет экен. Ошол улуу таланттардын шыбагасы даарыганбы, айтор бала кезинен тартып скрипкага ышкысы артылып, аны өспүрүм курагында эле эң бийик оролдо ийине жеткире өздөштүрүп алат. Аңгыча согуш чыгып, кыл мурут кезинде кан күйгөн казатка кетет, капыстан фашисттерге колго түшүп калып, Моздоктогу, Фрайбургдагы туткундар лагерине жеткирилет. Фрайбургда атайын уюштурулган концертте Бетховен, Бах, Моцарт өңдүү немис алтандары менен бирге Шуберт, Верди, Паганини, Чайковскийдей классиктердин музыкалык чыгармаларын, аларга кошо казактын айтылуу «Элим-ай» обонун аткарып, баарынын оозун ачырат.

Немистин офицерлери нестейишти!
Не деген сыйкыр күчкѳ бет келишти –
кѳрүнбѳй башкага да, ѳзүнѳ да,
кѳңүлдѳ… кѳкүрѳктѳ… честь беришти…

Көрбөдү кандай кордук, кандай азап!
Өлбөдү – жүргөнгө окшоп жалган жашап.
Бетховен, Моцарт, Шуберт, Штраустту
безентип – тирилтип тур кайран казак!

Кеткендей сыйкыр кылдар устун болуп,
кеткендей заман астын-үстүн болуп –
турушту… туруп алып кол чабышты
туткунга офицерлер туткун болуп!!!

Ошол таланттын күчү менен сыйкыры Айткеш скрипкачыны көп ирет өлүмдөн сактап калат. Кийин ал француздардын Каршылык кыймылына кошулуп, фашисттерге каршы согушууну көздөйт. Бирок тилеги ишке ашпайт. Ал Римде турган советтик аскерлердин Миссиясына өткөрүлүп берилет да, ашкере таланттуулугунун натыйжасында кийин Италиянын Адриано театрында скрипкачы болуп иштөөгө чейин жетишет.

Акыры согуш бүтүп, Айткеш скрипкачы Алматыга кайтат. Бир нече жыл өтүп, ким бирөөлөр чагым жеткирсе керек, аны КГБга суракка чакыртышат. Айткеш ал жерге скрипкасын ала келет.

«Экѳѳбүз сүйлѳбѳдүк деги жалган,
эми да тийген турат сенин пайдаң…» –
Суракка скрипкасын ала келди
суроого жооп сунганга  «Элим-айдан».

Бирок фашисттердин жүрөгүн жибиткен скрипка кайыш тончон казак тергөөчүнүн жүрөгүн ийите албайт.

» — Келеке кылаар жанды тапкансып ал,
кеңседе тартканы не какшантып ал?!»
Аспапты жулуп алып – чапты башка (!!!)
акыйкат башына түз чапкан сымал!

Чапты эле сөгүнүп да, кыйкырып да –
чарт жайрап сулуулук да, тынччылык да,
чаңырды скрипканы Айткеш айап,
чаңырды Айткешти айап скрипка!

—————————————————-

Башка эмес, казак чапты?! Кайыл кантип?!
Баш тургай, жүрөк кетти жарылгансып!
Не маалда өчтү доошу скрипканын
«Элим-ай… » – деп айта албай… жаңылгансып…

Ошентип, атактуу скрипкачы сегиз жыл Колымада отуруп кайтат. Өмүрүнүн соңунда гана Москвага арызданып жүрүп, толук акталат.

Айткеш Толганбаевдин ысмы скрипка боюнча казак музыкасынын классиги, анын баштоочусу катары тарыхка кирген. Бирок ал жөнүндө казак адабиятында не поэзияда, не прозада болсун көркөм формадагы бир да чыгарма жазылбаптыр, бери эле дегенде мен андайды издеп, таба албадым. Болгону өзүнүн «Қатал тағдыр тәлкегі» аттуу мажарасы гана бар. Ушул жагынан алганда Кожогелди бул поэмасы менен казак туугандардан төө мине тургандай эле иш жасаптыр.

Кожогелди акындын күйөрмандары бу китептен анын котормочулук өнөрүн баалаганга да мүмкүндүк алышат.  Ал бизди түрк акындары менен гана эмес, классиктердин ырлары менен да тааныштырат. Сергей Есенининдин бир ырын ал мындайча кыргызчалаптыр:

Жаш селки, даарып сезим – энтелепсиң,
Өбөм же сөгөм – билбейм кантеримди.
Эстечи, канчаларды эркелеттиң?
Эриттиң канча колду, канча эринди?

Өттү бүт көлөкөдөй, каран калгыр,
Туш келбей жалыныңа – итеңдесең.
Олтурдуң тизесинде далайлардын,
Олтурсуң азыр менин тиземде сен.

Көзүңдө көп иш жатат чала жумук,
Ойлонуп жатасың го башка жанды.
Жалындап сүйбөйм мен да – айлам куруп,
Жаныңда арзып-аңсайм башкачамды.

Тагдыр деп айтпа муну – оолукпа сен,
Жеңил ой жерге кирсин – түмөн айып.
Өзүңө кандай капыс жолуксам мен
ошондой кете берем күлө багып.

————————————————

Сүйө албайт – мурда сүйүп муздагандар,
Күйө албайт – күлгө айланып калган нерсе.

Есениндин бул ырын илгери-мурда биздин акындар которгонбу-жокпу, билбейт экем, бирок мага Кожогелдинин таржымасы жакшы таасир калтырды. Кыязы, «сүйүүнүн сүрөтчүсү» айтылуу орус акынын дурус түшүнгөн окшойт.

Есениндин ашмалтай махабат жөнүндөгү бул ыры «сүйүү үчүн өлгүлө, өзгөлөрдү да өлтүргүлө» деген испан акыны Хуан Рамон Хименестин поэтикалык манифестине караманча каршы келет. Кожогелди көпчүлүк кыргыз биле элек ошол Хименести да бизге жеткиргенге аракет кылыптыр. Анын кандай акын экенин окурмандар өздөрү байкап-багар, азырынча андан эки шиңгил келтире кетели:

Жашым ачуу кудум деңиздей,
Канча үшкүрттү жаздын чырайы.
Мен өзүңө азыр кезикпейм
Сен кезикпей жүргөн сыңары.

Көз жумамын балким солуктап,
Кайгы-муңдун ушул кылаары.
Мен ошентип такыр жолукпайм
Сен жолукпай калган сыңары.

Айтмакчы, Хименестин дагы бир айтканы бар: «Эмне, ой келдиби? Анда биртке айарлай тур, эгер ал башыңда орноп калбаса, анда, мейли, кете берсин!»

Кожогелди башына келип, бирок кетпей койгон ошондой ойлорун «таамай сөздөр» деп атаптыр.  Алардын эки-үч шиңгили мындай:

  • “Айланайын күйөөлөр, кагылайын мырзалар! Башканы таштасаңар да, жакшы айалды эгерим чанып-таштай көрбөгүлөчү. Анда эле башка жерден дагы бир айал ташталып кетет, дагы бир айал…”
  • “Бечара телефон деле тепилдеп айабай өнүгүп-өстү. Сүйлөшкөн балдарыңдын, башкалардын элесинен бери көрсөтүп. Эми жеп аткан таттуу тамагыңдан кичине жиберип ийе турган кылып койсо…”
  • “Алыс, алыс, алыстыктарга чыксаң – жакын, жакын, жакындыктарды табасың.”

Акырында айтаар сөзүм, “Атчан китеп” окурман текчесине, окурман жүрөгүнө тезирээк жеткей эле…

P. S. Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегиндин аталган китебинен анын соңку жылдарда жазган жаңы чыгармаларын окуй аласыздар. Жашоо-турмуш, жаратылыш керемети, жалындуу сезим-туйгулар менен катар акындын чет эл, чет жерге поэтикалык ой чаптырган сапар ырларына китептен кеңири орун берилди.

“Башка чабылган скрипка” поэмасы, орус акыны Сергей Есениндин, испан акыны Хуан Рамон Хименестин, түрк акыны Нежип Фазылдын, казак акыны Темирхан Медетбектин ырларынын жаңы котормолору дагы окурмандардын жан дүйнөсүн жаркытат деген ишенимдебиз.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.