Абдыкерим Муратов: Эстеликомания

Кечээ дем алышты Ысык-Көлдүн күңгөйү менен тескейин автожол менен кыдырып чыктым. Туристтик ноокан жакшы аяктап, эл айткандай «сары кыздын» да, «кара кыздын» да тойлору өтүптүр, жол четинде мал жайылып жүрөт. Кудайга шүгүр… Анан көп жаңылыктардын бири – жол боюна, көрүнөө жерлерге эстеликтер коюлуп жатыптыр. Калп айткан менен болобу – жайнап кетип атыптыр. Мени ушулар ойлонтту. Кыргыздын байыбай жатышынын, дүйнөлүк алдыңкы элдерге кошулбай жатышынын көп себептери бар, алардын бири «эстеликомания» дарты менен ооруп калгандыгы окшойт дедим. Мүрзөлөр эстеликке толгон, көчөлөр эстеликке […]

Орус эл жомогу: Иттин дос издегени

Илгери, илгери ит жалгыз жашачу экен токойдо. Өмүрү кызыксыз өтүп жатканына өкүнгөн ал бир күнү дос издеп чыгат. Болгондо да эч кимден коркпогон эр жүрөк дос күткүсү келет. Ошентип баратып коёнду жолуктурат. — Кел, дос болуп, бирге жашайбыз, — дейт ит. — Дос болсо бололу, — макул болот коён. Кечинде түнөк таап жатып калышат. Түнкүсүн чычкан чуркап өткөндө ит ажылдап үрүп жиберет. — Эмне үрөсүң? Карышкыр укса экөөбүздү тең жейт, — дейт чочуп ойгонуп, кача турган болгон коён. «Бул досум […]

Абдылда Карасартов: Кандектин өлүмү

АҢГЕМЕ Закиржан көп жылдан бери шаардын чок ортосунан орун алган чайханада буфетчи болуп иштөөчү. Эртеден кечке дейре кишилердин аягы үзүлбөгөн бул чайханада күнүнө чала жеген тооктун эттери, ашып калган нандар, самсалар, майлар… деги койчу көптөгөн тамак-аштын калдыктары челек-челек болуп үйүлүп калар эле. Закиржан ошол ашып калган тамактарды, айрыкча чала желген тооктун эттеринен иргеп алып, баштыкка салып кандегине алып кетчү. Кандек да каада күтүп тандап жечү. Эмнеси болсо да ушул тегеректеги иттердин күнүгө тоё тамак жегени ушул кандек болсо керек. Закиржан […]

Нурзат Казакова: Жаш акындын поэзиясындагы табылгалар жана мүчүлүштүктөр

… чекиттин ар жагында эмне бар? … Жаным от болуп алоолоп күйүп жатса да, Жашоону сүйүп, жашагым келип, жүгүрдүм… Жанымда жарык багыттар жанып турса миң, Жаңылып далай, жаш чакта жалын ууртадым… Ааламым тарып, адамдан көңүл калса да, Адамды сүйүп, адамды көздөй чуркадым… Сыноолор болсо аскадан ылдый ыргыткан… Сынбастан анда эр болдум кайра тырмышкан… Жыгылган сайын бекемдеп улам күчүмдү, Жаңылган сайын көрөгөч болдум турмуштан… Жогорудагы саптар Максат Жангазиевдин “Мен тууралуу” ырынан алынды. Адам жашоосунда, тагдыр жазмышында далай ирет кубанып, кээде өкүнүп, […]

Алишер Навои менен күнүмдүк абыгер

Өзбек элиндеги болмуш Жаш жигит ата-энесинин көзү өткөн соң кара жандын камын ойлоп, күнүмдүк жумушта иштеп нанын таап жүрдү. Бала элпек, боорукер, зирек болучу. Базарда эки адамдын урушканын көрсө, дароо барып элдештиргенге аракет кылат. Бирөөнүн арабасы балчыкка тыгылып калса, ахалап-өхүлөп түртүп чыгарышат. Айтор, колунан келгенин кылып, элге эртеден кечке жардам берет. Акылман Алишер Навои баланын мээнеткечтигин элден угуп ичинен ыраазы болот. Алдынан чыгып калса баладан биринчи учурашат, баланын саламын күтпөй. Ушундай акылман белгилүү адам сый-урмат менен учурашканына аябай таң калат. […]