Чукча эл жомогу: Багыш менен кочкор эмне үчүн мүйүздүү?

Бир ирет аюу багыштан сурайт: — Эмне үчүн жаныбарлар ар түрдүү? Сенин башыңа тарбайып бак өскөн, а меникинде бир да бүдүр жок. Кызык! — Чын эле, биз бир жерде жашасак да эмнеге таптакыр окшош эмеспиз? — деп ойлоно түштү багыш. – Бул эмнеден? Экөө бул суроого жооп таба албай отурганда кочкор келип калды. Экөө баягы суроону ага узатышты: — Айтсаң кочкор, эмне үчүн биз бири-бирибизге окшош эмеспиз? Сенин башыңа эмне себептен эч кимдикине окшобогон эки жоон бутак өсүп чыккан? Кочкордон […]

Дилазык: Турмуш сыноосу жөнүндө уламыш

Бир жолу кызы атасына даттанат: — Жашоодон ушунчалык чарчадым, бардыгы мага каршы, улам бир кыйынчылык, улам бир көйгөй чыга берип тажатты, жашагым да келбей калды, деги эмне кылам, ата? Атасы унчукпастан отко үч окшош мискейди коюп, биринчисине сабиз, экинчисине жумуртка, үчүнчү мискейге кофе салды. Суу бир аз кайнагандан кийин суудан сабиз менен жумуртканы алып чыгып, үчүнчү мискейден чөйчөккө кофе куйду. — Бир нерсе өзгөрдүбү? — деп сурады атасы кызынан. — Ооба… Жумуртка менен сабиз бышты, кофе сууда эриди, — деп […]

Ашира Кулишева: Өлбөсөм да өзгөрүлбөс кепиндемин

*     *     * Экөөбүздөн эски ширин күн өткөн, Ээгин тартып эрининен ким өпкөн? Эс учумду зорго жыйгам өзүмчө, Эсен калгам ошондогу бир өрттөн. Ошол күнү нөшөрлөтүп күн төккөн, Шоола чачып шоокумуна нур көктөн. Эң биринчи эринимди сиз өпкөн, Эңсей берем ошол күндү мен көптөн… *     *     * Жоголгон буюмдун да эскиргенин, Жолобой акыл качан эс киргенин, Жоругум жолдуу болуп жоктогум бар, Байкасам байкабасам, кеч киргенин. Буулугуп турганымда айта албай, Бурулуп сурадың: «Сага ким?» — деп, Бурулдап ыйлап барын айткым келди, […]

Назгүл Осмонова: Акын кызыбыздын ырлары англисчеге которулду

Туруктуу окурмандарыбызга «РухЭш» сайтынын «Нуска» аталышындагы котормочулар тобу түзүлгөнү дайын. Ушул тапта кыргыз окурмандарын дүйнө адабияты менен тааныштыруу жана кыргыз авторлорунун чыгармаларын орус, англис, түрк, кытай ж.б. тилдерге которуу озуйпасын аткарууда. «Нускачылардын» негизги максаты муну менен гана чектелбестен, котормочуларыбыз мындан ары коммерциялык багытта да иш жүргүзөт. Буга чейин айтылгандай, котормочуларыбыз дүйнө адабиятынын көркөм чыгармаларын түпнускадан кыргызча которуудан сырткары мамлекеттик жана коомдук мекеме, уюмдардан түшкөн заказдарды кабыл алат. О. э. ишкерлик-бизнестеги иш-кагаздарды, рекламалык жарыялардын түпкү маанисин чагылдырар сапаттуу котормо кызматын көрсөтөт. […]

Үмүт Култаева: Кожогелдинин эргүүдөн жаралган руханий эркиндиги

(1-макала) Кожогелди Култегин тээ 80-жылдары кыргыз поэзиясына келип, чейрек кылымдан ашуун убакыт эргип ыр окуганы менен окурман журтунун жүрөгүнөн түнөк тапкан калемгер. Чыгармачылыгынын алгачкы мезгилинде жаштыктын оттой жанган демине сугарылган поэзия кайрыктары окурмандардын сый-урматына татып,  бир нече адабий сыйлыктардын лауреаты болду. Кийинки мезгилде доор көйгөйүн курч ойлор менен аңдоого алып, поэма жанрында үзүрлүү эмгектенди; драма жанрында да калемин сынап, Кожогелдинин “кожо” сөздөрүн жаратып, адабият айдыңында оозго алынган акын-драматург, жазуучу катары адабий тектин бардык жанрында иштеп келет. Биз анын көп жылдык […]

Эй, арман, эй: ошол күз кайра келди…

Бул сүрөттүн таржымалы кызык. “Кыргыз Туусунун” ошол кездеги маңдайга бүткөн сүрөтчүсү Шекербек Сартов экөөбүз Сүймөнкул аганы сүрөткө тарталы деп “Ала-Тоонун” маңдайындагы иш бөлмөсүнө баш бактык. Беймаал босого аттаган биз менен Сүкөм тура калып учурашты. Отургуза койбой “каяктан тартасыңар?” деп калды. “Эркиндик” гүлбагынан түзүк чыгат эле” деди Шакем. Азыр эстесем, кайран Шакем Сүймөнкул аганын сүрөтүн тарткан акыркы сүрөтчү экен. Себеби, өмүрүнүн аягында оору менен алпурушуп жүрүп, сүрөткө түшүү Сүкөмдүн оюна да келбесе керек. Анын үстүнө суудан өксү организмден (суткасына 400 грамм […]