*     *     *

Экөөбүздөн эски ширин күн өткөн,
Ээгин тартып эрининен ким өпкөн?
Эс учумду зорго жыйгам өзүмчө,
Эсен калгам ошондогу бир өрттөн.

Ошол күнү нөшөрлөтүп күн төккөн,
Шоола чачып шоокумуна нур көктөн.
Эң биринчи эринимди сиз өпкөн,
Эңсей берем ошол күндү мен көптөн…

*     *     *

Жоголгон буюмдун да эскиргенин,
Жолобой акыл качан эс киргенин,
Жоругум жолдуу болуп жоктогум бар,
Байкасам байкабасам, кеч киргенин.
Буулугуп турганымда айта албай,
Бурулуп сурадың: «Сага ким?» — деп,
Бурулдап ыйлап барын айткым келди,
А бирок дайымкыдай «Эч ким», — дедим.

Өрүлгөн зым торчолуу сепилдемин,
Өлбөсөм да өзгөрүлбөс кепиндемин.
Өрттөнүп өзөгүм да сыр дүйнөмдө,
Өлчөмсүз өзүмчүлдүк сезилгенин.
— Өзүңө эмне болду? — деп сурадың,
Өксүп-өксүп ыйлагым келген эле…
А бирок, өзгөртпөстөн сөздөрүмдү
Өкүнө карап туруп «жакшы» — дедим.

*     *     *

Көздү жумуп, ачкан аруу таңымдын,
Көркөмүнө көөшүп уктап малындым,
Көп күн болду, көрүшпөдүк экөөбүз,
А мен сени, ушунчалык сагындым.

Тынчтыгы мол, өз оюмду жабындым,
Үмүт учкун, жакшы ойго багындым.
Алыстарда абайлай көр, ардагым,
Сени ойлоп, тынчы кетет жанымдын.

Калаа бийик, кайып болдум… табылдым,
Карааны тоо — ишенимге табындым.
Жымжырт жашоо, кулактарым тунарат,
Сени күтүп, ушунчалык сагындым…

*     *     *

Суу агымы токтоп калган көлмөгүнө,
Басып барып айдын турган чөлмөгүнө.
Жалгыз-жарым ай менен сырдашамын
Өзүм батпай, өзүм тиккен көйнөгүмө.
Түпөйүл жүрөк согот дүрбөлөңдүү,
Тагдырдын мага ыраа бөлгөнүнө.

Шыралгыдай берилген шыкты мага,
Шынаарлатып шырыта мыкты кага.
Шаарымдагы шайырдык аздык кылып,
Өзүм батпай, өзүм тиккен чыптамага.
Жалгыз сезип жансыздай абалдагы,
Өзүмдү суудан көрдүм туктамалда.

БААРЫ ЖАКШЫ
… Жаным, менде баары жакшы, ойдогудай,
Маанайым да күлкү-шаңдуу, тойдогудай.
Бир гана ичтен сызган кусалыгым,
Өзөгүмдү өрттөп турат болбогудай.

Тынчтык берип, тынч алып койбогудай,
Жакшы сөзгө жан жыргап тойбогудай.
Сага деген сезимдин гүлү ачылып,
Сансыз кылым саргайып соолбогудай.

Ак сүйүүм алоолонот барган сайын,
Кар жааса да, эшикте тоңбогудай.

ЭМНЕ АЙЫП?
Арзуу айттым абайлап, нурга чайып,
Асманым да ак булутка улам байып.
Баалай билчи ардагым, бал сезимди
Баш бербеген жүрөгүмдө эмне айып?

Карайлаган көңүлүм болду кайып,
Каректерим күндү көрөт бир ажайып.
Кабыл алчы кымбаттуум, каршы чыкпай,
Карай берген, көздөрүмдө эмне айып?

Жазы болсун, өмүрүмдүн кышы калып,
Жашылданып жалбырагын кенен жайып.
Жаратканым мени ушундай жараткан соң,
Жалындаган жан дүйнөмдө эмне айып?

Санаага бай сагыныч — өзөк сайып,
Сансыз күндөр саргайтты алдан тайып.
Суранамын сумсайтпа сунган колум,
Сага арналган ак сүйүүмдө эмне айып?

СИЗ
Жүрөгүмдүн бийлигине баш ийип,
Сапырылган ой санаада түйшөлдүм.
Канча ирет сүйөрүмдү айта албай,
Мен да сизден токтоолукту үйрөндүм.

Жан дүйнөмдүн жаңырыгы басылбай,
Жашоодо мен жарты айдай өңдөнөм.
Болду дегем, өз эркимди чектейин,
Мен да сизден күттүрүүнү үйрөнөм.

Көңүлүмдүн көнөктөлөт көз жашы,
Көмүскөдө айтылбаган сөздү деп.
Көпкө чейин күтө берүү үчүн да
Көктүк керек, көрөңгөлүү болуу эп…

Акылымдын аксаганы — маанисиз,
дешсе дешер -«тарбиясыз, таалимсиз».
Мага бакыт — бир өмүргө жетиштүү,
«Сүйөм сени»- деп айтсаңыз эгер, сиз.

КӨРДҮМ СИЗДИ
Көрдүм сизди көпчүлүктүн ичинен,
Салам айтып, шыбырадым ичимен.
Көрөмүн деп туйган элем чын эле,
Түндө кирген уюткулуу түшүмөн…

Кадамдарым тык токтоду басылбай,
Бараттыңыз жайбаракат шашылбай.
Уйгу-туйгу ойлорумдун багыты
Желге учту, бириндеген чачымдай.

Көзүм менен узатамын… каламын,
Көрдүм болду, жүрөгүмдүн талабын.
Нурга дагы, шаңга дагы бөлөндү
Төгөрөктүн төрт бурчундай тарабым.

3 Replies to “Ашира Кулишева: Өлбөсөм да өзгөрүлбөс кепиндемин”

  1. Ыр жакшы жазылган сага чыгармачылык ийгилик каалай, өнөрүң өсө берсин талантың куочуй берсин.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.