Бул сүрөттүн таржымалы кызык. “Кыргыз Туусунун” ошол кездеги маңдайга бүткөн сүрөтчүсү Шекербек Сартов экөөбүз Сүймөнкул аганы сүрөткө тарталы деп “Ала-Тоонун” маңдайындагы иш бөлмөсүнө баш бактык. Беймаал босого аттаган биз менен Сүкөм тура калып учурашты. Отургуза койбой “каяктан тартасыңар?” деп калды. “Эркиндик” гүлбагынан түзүк чыгат эле” деди Шакем.

Азыр эстесем, кайран Шакем Сүймөнкул аганын сүрөтүн тарткан акыркы сүрөтчү экен. Себеби, өмүрүнүн аягында оору менен алпурушуп жүрүп, сүрөткө түшүү Сүкөмдүн оюна да келбесе керек. Анын үстүнө суудан өксү организмден (суткасына 400 грамм гана суу ичүүгө акысы бар эле, врачтардын айтымында) нечендерди тамшантып, көз кумарын кандырган ажарлуу жүзүнөн илдет тамырлары көрүнө баштаган маал эле… Мен анда жаңы жазып бүткөн “Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй…” аталыштагы очеркимди “Советтик Кыргызстан” газетасынын окурмандарына жарыяласам дегенде эки көзүм төрт. Алты-жети санына кетүүчү көлөмдүү чыгарманы Сүкөмдүн сүрөттөрү коштоп кетип турса деп тилек кылгам.

— Өзүм сүрөтчүлөр союзунун жетекчиси болсом, анан кантип галстугу жок сүрөткө түшөм. Галстук тагынганды башынан жаман көрөм. Аны жыйналыштарда болбосо жогору жак чакырганда гана мойнума илбесем, галустук менен ишим жок. Сүрөткө түшүп болгончо мойнуңдагы галстугунду мага бербесең болбойт, — деп мага жылмайды. Күрүчтөй тиштерин кашкайтып, жылмаюсу бир башкача ырааңдуу жылдыздуу эмес беле.

Ээрчишкен бойдон дароо, “Эркиндик” гулбагына чыгып жогору бастык. Сүймөнкул агага бою барабар, Кожомкул балбандын даана иниси Шекербек Сартов ыраматылык отуруп, тура калып жалбырактарды күүп, жаткан күзгө кошуп, Кыргыздын кылымдан кылымга жашай берчү даңазалуу уулун чыкылдатып тартып жүрдү. Ошентип жүрсөк, бульвар бойлоп, ылдыйтан Кыргыз эл акыны Сүйүнбай Эралиев агай чыгып калбаспы… Сүкөмө оропара туруп колун коё бербей ден соолугун далайга чейин сурап, анан биздин оюбузду билгендей: “Шекербек, кана тартчу болсоң тарт эми” деди. Экөө катар отурушту. Билгенге, эки таланттын жылдызынан “Эркиндик” гүлбагына бир башкача касиет-кут төгүлүп турду!..

Өткөндө ошо сүрөткө түшкөн орундуктун жанынан өтүп баратсам, баягы Сүкөм улам-улам тегерене карап суктанган күздү (о, андан бери канча күздүн жүзүн көрдүк!), тутамдаган сары жалбырактарды шыпырып, ар кайсы жерге дөбө-дөбө кылып үйүп жатышыптыр. Шыпыргы учу тийсе жалбырактар жаны бардай секирип кетишет. “Жалбырактарды эмне кыласыңар?” десем шыпыргысына өбөктөй калган аял эриккендей: “Нанга кошуп жейт белек, шаардын сыртына жүктөп чыгып, көмүп таштайбыз…” деди. Жүрөк тушум “тыз” дей түштү. Кете албай бууналганымчы. Жалбырактардын жаны бардай шыпыргы тийсе секирип-секирип кетет. Ошо секирип учкан жалбырактар мени көргөнүн, көз кычыгыман сызылган арман жашты туйганын бейиш төрүндө жашаган Сүймөнкул агама жеткирчүдөй сезилип кетти…

Абдиламит Матисаков, жазуучу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.