(1-макала)

Кожогелди Култегин тээ 80-жылдары кыргыз поэзиясына келип, чейрек кылымдан ашуун убакыт эргип ыр окуганы менен окурман журтунун жүрөгүнөн түнөк тапкан калемгер. Чыгармачылыгынын алгачкы мезгилинде жаштыктын оттой жанган демине сугарылган поэзия кайрыктары окурмандардын сый-урматына татып,  бир нече адабий сыйлыктардын лауреаты болду. Кийинки мезгилде доор көйгөйүн курч ойлор менен аңдоого алып, поэма жанрында үзүрлүү эмгектенди; драма жанрында да калемин сынап, Кожогелдинин “кожо” сөздөрүн жаратып, адабият айдыңында оозго алынган акын-драматург, жазуучу катары адабий тектин бардык жанрында иштеп келет.

Биз анын көп жылдык чыгармачылыгынын “түшүмүн” жыйнап, 5 томго системалаштырып, басмага даярдаган кол жазмаларын карап чыгып, адагенде эле акындын ырларындагы негизги касиет кайсы? – деген суроого кабылдык. Жооп өзү эле келди. Кожогелдинин ырларынын өзгөчөлүгү анын чыгармачылыктын чексиз мейкиндигинде кыял-фантазиясын сабалап учкан бүркүттөй эркин коё берип, жүрөк толкута эргий билгендигинде экен. Баардык эле акын толкундап, эргүү менен ыр жазууга тийиш, бирок Кожогелдидеги эргүү өзгөчө, ал бир гана Кожогелдиге таандык.

Эргүү акын үчүн жөн гана ички сезимди туюнтуунун сырткы формасы эмес. Эргүү акындын ырларынын кан-жанына аралашкан сезимдер толкуну, ойлор оту, кыял канаты. Бекеринен калемгер кийинки мезгилде – баралына келип, балтыр эти толгондогу ырларын “Эргүү башы – ээ-жаа бербес эркин ыр” атабаса керек. Анткени Кожогелдидеги эргүү анын поэзиясынын тематикалык көп түрдүүлүгүн, идеялык-проблематикасын, ой жүгүртүүнүн масштабдуулугун камсыз кылат.

Эргигенде келем чындап эсиме,
эргигенде толукмун да, бүтүнмүн[1] – деп өзү айткандай, Кожогелди чыңалган сезим менен көркөм аңдоого алган предметинен күтүлбөгөн көркөм жалпылоо жаратат. Анткени акын эргигенде  чыгармачылыктын  азап-жыргалы, түйшүк-ыракаты коштогон руханий транска кирет. Мындай абал сезим толкунунда термелген акындын дил кайрыгына кубат берип,  анын ырларынын  ажарын ачат. Натыйжада, ырда колдонулуучу көркөм сөз каражаттары: салыштыруу, метафора, метонимия, синекдоха, гипербола  көркүнө чыгат да, акындын ааламды кучагына сыйдырган жеке чыгармачылык  горизонтунан окурман  кенендикти да, бийиктикти  да, тереңдикти да  көрүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Мейли ал алыскы айылындагы бүт кыймылды көз алдына келтире Москвадан Алайкуга  кат[2] жазсын же киндик кан тамган жерге арзуу айтсын,  мейли андагы “балалыгына баш багып, кичи мекенин “кичинекейим” деп эркелетсин же “турналардын катарында дүйнө кезсин”, мейли Контаажынын сүйүүсүнүн күчүнө жүрөк толкутсун же боз үйлөрдө карыялар берген батадан бапыраган тирүүлүктү ырга кошсун,  акын эргүү аркылуу эч нерсеге баш ийбеген руханий эркиндикке чыгат. Руханий эркиндик менен эргүү өтмө катар жуурулушуп, анын поэзиясынын өзгөчөлүгүн аныктайт. Ал эргүү кайдан, кандайча келет? – деген суроого жооп берүүгө туура келсе, анын жообу да ырларында кашкая көрүнөт, ал эргүүнү Ата Журттан, мекенге болгон сүйүүдөн алат. Туулган жердин “очогу” – акындын “калеминин өчпөгөн от тамызгысы”. Дал ошол от тамызгы-жылуулук акынды төгүлтүп-чачылта, алоолонгон жалындуу дем менен эргитет. Демек, мекен, мекенчилдик темасы Кожогелдинин ырларынын өзөктүү башаты.

Мекенге болгон сүйүүдөн алган ошол оттуу дүрмөт Кожогелдинин жан-дүйнөсүн “ааламды тепчиген Останкиного” айлантып, көзүнө туулган жердин “калдайган карыялары тоолорду жакындатып келаткандай” (“Карыялар каякта, карыялар”) элес көргөзүп, кулагына тоо койнуна “Суур-Эне жасаган сахнадагы чөндөлөйдүн оюнунан” (“Чөндөлөйлөр”) Бетховендин кайрыгын угузат. Автордук ички сезимдин эргүү күчү анын ырларынын көркөмдүк табиятынан эле байкалбастан, чыгармаларынын композициялык структурасынын, колдонгон көркөм сөз каражаттарынан, ырга койгон темасынан да даана байкалып, акындын стилдик өзгөчөлүгүнө айланат. Эргүүдөн токтона албай калган акында ыр нөшөрү төгүлүп, башка калемгерлерде кезиге бербеген чиркешме ырлар жаралат:

Ээлене албай жүргөн белем кыйлага,
эргиттиң сен! Эргиш сенде – жыргал-аа!
Колду серпип ырларымды окусам –
колум кирип-чыгат колот-жылгаңа!

Кожогелдинин “Эхе-хе-хе-ей, Ата-Журт!” аталып, 14 бөлүктөн турган чиркешме ырынан алынган жогорудагы үзүндүдөн көрүнүп тургандай, туулган жердин анын “атасына окшоп өпкөн” карыялары, кокту-колот жылгасы, ак мөңгүлүү шаңкайган тоолору, жылкы жандуу тоолук элдин күргүштөгөн шаңдуу жашоо тиричилиги көз алдыга тартылат. Артына бирин учкаштырып, алдына бир баласын өңөргөн тоолук келиндин келбети тарткан жайлоодогу “улуу сүрөт” сүйүүгө сүйүүнү “чиркештирет”; турмуш-тиричиликтин ысык демине ширелген ушул фондо ат туягынан чыккан “чаңды өрткө айланткан” “Атчан кызга” болгон жеке сүйүүсү ай-талааны акынга “таалай” көрсөтүп, “жүрөгүнө баскан мөөрдөн”  руханий эркиндиктин чалкыган мейкиндиги көрүнөт:

Мөлтүр элең, мөлтүр элең, мөлтүр-мөл!
Мөөр басылчу жүрөккө атчан көркүңдөн!
Таскактатып кеткениңде – чаң эмес,
таалай келчү талаа толгон өртүңдөн!

Эргүүнүн күчү акынга турмуш көрүнүшүн, сулуулукту, табиятты, окуяны даана, ачык көрүүгө шарт түзөт. Мындай учурда  ал образды жаратуунун көркөм  ыкмаларынын бири кайталоону кош-коштоп колдонуудан коркпойт. Натыйжада, кайталоо акындын стилдик өзгөчөлүгү катары автордук идеяны да өзүндөгү өрттүү эргүүдөй  күчөтөт:

Баш-Боордошум, Баш-Жоокер, Баш-Аксакал,
башты ийип биз турабыз катар, катар!
Ойлор миң-сан, окшотуп турам сени
окко… окко… өлүмдү, ажалды атаар!

Үзүндү алынган автордун “Чанаккалдеги баш” аттуу ыры 1915-жылы Түркиянын Чанаккале аралында болгон Биринчи дүйнөлүк согушта эбегейсиз баатырдык менен Мекенин коргогон түрк жоокеринин кесилген башына арналган. Душмандын колунда кетип, бир кылым ашуун[3] убакыттан кийин мекенине кайрылып келген адамдын башы аркылуу ал мекенге болгон жоокердин патриотизмине жүрөк толкутуу акындын эргүү  сезимин ойготуп, “баш” деген сөздү метонимия катары бир сапта үч жолу кайталайт.  Кайталоо, биринчиден, каармандын ким экенин аныктаса (боордош, жоокер, аксакал), экинчиден, “миң сан ойдун ичинен аны өлүмгө каршы турган “окко” салыштырып кайталоосу (адатта Мидин айткандай “жан деп учкан, кан деп учкан коргошун”, ыр саптарында, тескерисинче, өлүмгө, ажалга каршы турган) баштын ээсинин кайталангыс образын түзүүнүн ыкмасы боло алган. Кайталоолор Кожогелдинин ээ-жаа бербей, толкуп-ташыган ой-сезиминин көркөм жалпылоосу:

Биздики экен, билсең, ошол жыл дагы,
биздики экен кинолору, ырлары.
Экөөбүздүн сүйүүбүздүн табынан
эрте ачылып тураар эле гүл дагы.

Акындагы эргүүнүн күчү сүйгөн адамды гана эмес, өзү жашаган бүтүндөй мезгилдин бир үзүмүн (ошол жыл), экөө бирге бирге күбө болгон искусствонун айрым түрлөрүн (кино, ыр), жаратылыштын эң назик перзенти ошол мезгилдин гүлүн “менчиктөөгө” шарт түзгөн. Албетте, бул көркөм жалпылоо, ошол эле учурда адамдын жаштык курагы, сүйүү сезими тартуулаган бактылуу көз ирмемдер акындын туулган жериндеги булак суусундай таза, карыларынын ак батасындай кең пейил, тоо кызынын ажарындай жаркын.

Кожегелди Култегиндин поэзиясында сүйүү, арзуу лирикасынын өз бийиктиги бар. Акын бул темага келгенде айкөл, кең пейил, мээримдүү, аяр, керек учурда алсыз. Анткени акындагы эргүүнүн күчү сезим боёкторун берүү үчүн авторго контрасттык салыштырууларды, жандандырууну марттык менен колдонууга шарт түзөт. Бир “жанга” болгон өзүндөгү жеке аялуу сезими бүтүндөй жашоо орбитасынын жалпы масштабын чапчуу менен чектелбей, планетардык мааниге көтөрүлүп кетет:

Экөөбүздү көрүп жанашкан,
ээрчип мына бардык тараптар,
сенден мурда мага көз артат
сендей жанды коштоп бараткан!

Калса колум сага артылып –
кайып болот баары бар туруп,
андай кезде Жердин өзү да (астын сызган – К.Ү)
алы-ыс кетет бизди калтырып…

Жогорудагы “Азаада бой, айымкыз” аталган арзуу ыры үч бөлүктөн турса да, ой бийиктиги “сенден мурда мага көз артат, сендей жанды коштоп бараткан” саптарында өзгөчө берилет. Анткени ыр сыртынан лирикалык каарман жеке бактысына чалкыгандай көрүнгөнү менен анын контексинде асылзаада аялдын баркын көтөрүү, ага баш ийүү бар. Ошол эле учурда сезим толкунунда (транска кирген учурда) турган көз ирмем аны “асмандын жетинчи кабатында” тургандай  туюмга жеткирип, Жер планетасын унуттурат.

Акындын арзуу лирикасы нукуралыгы, чынчылдыгы менен өзгөчөлүү. Ал арзыган адамына болгон берилгендикти далилдөө үчүн жан-дүйнөсүнүн түп-санаасын (подсознание) ачык айтуудан ийменбейт. Анын Алыкулдай ырларына калп айта албаган чынчылдыгы ушунда.

Жүрөгүмө жүткүнөм да… өкчөлөм…
жүзарчымдай жүдөп, оңуп кеткен өң.
Сен алыста, сен алыста болгонго
селкилерди жанымдагы жек көрөм[4].

Эргүүдөн калемине от алган,  күргүштөп аккан дайрадай толкуп-ташып турган Кожогелди улуу махабат алдында кээде − баатыр, кээде − “коркок”. Буга анын “Сүрөтүң алдым почтодон” ыры далил:

Кантет колум – конвертти ачып атып,
калтыроодо ача албай шашы качып.
Алайкунун карагай-арчаларын
аркы-терки жыкчу эле качыратып!

Кандай бакыт! Бакыт бул бүлүнбөгөн! –
Катар туруп кашкайган сүйүүм менен,
9-15 өлчөмдө сүрөтүңө
тоо сыңары телмирем – түбүндө мен!

Адатта элдик эпостордугу каармандарды сүрөттөөнүн көркүн аччу гипербола Кожогелдинин эркин чабыттаган кыялынан кубат алып, кадимки реалдуу поэзияда эстетикалык кунарын жоготпостон, тескерисинче, сүйүүнүн күчүн даңазалоодо мыкты кызмат аткара алган. 9-15 см өлчөмүндөгү сүрөттү залкар тоо катары сезүү – махабат алдындагы алсыздык эмес, айкөлдүк катары аны коён жүрөк көрсөтпөй, тескерисинче, махабат темасын дагы бир тереңдикке сүрөйт.

Албетте, эргүү сезиминде, эмоциянын күчтүү толкунунда, чыгармачылыктын транс абалында кээде  акын ашыкча салыштыруу, гиберболага жол берген учурлар да кездешпей койбойт. Анткени менен акындын ырлары эненин ийген сүтүндөй берешен жана кең пейил.

[1] Эргүү ырынан.

[2] Караңыз: Мосвкадан Алайкуга кат.

[3] Мумияланып катырылган баш 87 жыл бою бөтөн элде колдон-колго өтүп сакталып, 2002-жылы илимий экзпертиза аны “түрктүн башы” деген бүтүм чыгаргандан кийин Түркияга расмий түрдө кайтарылып берилет. Түрк жоокеринин башы 2003-жылы 18-мартта мамлекеттик расмий жөрөлгө менен Чанаккале шейиттери жаткан аймакка коюлат.

[4] “Сен алыста” ырынан.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.